Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

ЖККУнун Сочидеги жыйынында
ар тараптуу маселелер каралды
Кечээ, 23-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Сочи шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясына катышты.

Алгач Сочидеги "Родина" санаториясында ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду. Анда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясат, коргоо жана коопсуздук кеңештеринин жетекчилери Жамааттык коопсуздук кеңешинин күн тартибин карашып, тажик-ооган чек арасын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушту, ошондой эле Орусия тарабынан сунушталган Сириядагы абал боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсүнүн долбоорун талкуулашты.
Мындан тышкары, ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын доклады угулуп, ал Уюмдагы иштин абалы, 2013-жылы Кыргызстандын төрагалыгы астында жасалган жумуштар тууралуу маалымат берди. ЖККУнун төрагалыгы 2014-жылы Орусияга өткөрүлөт. Ошондуктан, орусиялык тарап ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын сунушташты.
Ошондой эле ЖККУнун күн тартибине ылайык, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыгына байланыштуу 2020-жылга карата Планын ишке ашыруу, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын контртеррордук көйгөй боюнча Билдирүүсүнүн долбоору, Уюмга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөр предметинин Мамлекеттер аралык борборун жабдуунун долбоору, ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу жана 2014-жылга аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын маселеси жана башка ушундай сыяктуу маселелер каралды.

Даярдаган
Динар Турдугулова




Өкмөт эч ким менен соодалашпайт
20-сентябрда Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" жана "Республика" фракцияларынын жыйындарына катышып, Кыргыз Өкмөтү менен "Centerra Gold Inc" компаниясынын жетекчилигинин ортосунда "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча 6 ай бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча айтып берди.


Өкмөт башчысы "Кумтөр" долбоору боюнча жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын депутаттарга кеңири түшүндүрүүгө аракет жасады. Анын пикиринде 67% акцияны кайтаруу жөнүндө айтып жатышкандар көтөрүлүп жаткан маселенин маңызын түшүнүшпөйт. Сүйлөшүүлөрдө 2003-жылы "Кумтөр" канадалык компаниянын менчигине өтүп, Канадада катталганы жана ал аз келгенсип, ошол кездеги жетекчилик иммунитеттен, башкача айтканда, өзүнүн бардык укуктарынан бир тараптуу баш тартканы да кыйынчылыкты пайда кылганын айтты. Андыктан, бүгүн "Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр кыргыз элине пайда алып келген жок деп жазып, айтып жатышкан популисттер бул маселеде компетентсиздигин гана көрсөтүп жатышат,-деп билдирди Жантөрө Сатыбалдиев.
Ал айрым саясатчылар бул маселенин каралып баштагандан бери жасалган иштерди сындап, шайлоочулар алдында өздөрүнө упай алуу аракетин кыла башташканын же болбосо, Кумтөр маселесин пайдаланып, өздөрүнүн кызыкчылыгына ылайык маселени чечип алууну каалашканын белгилеп, "Кумтөр ишинде эч ким менен соодалашпай турганын билдирди.




Көңүл бурулбаса да, ийгилик бар
21-сентябрда Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев июлдун аяк ченинде Монголияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана алардын машыктыруучуларын кабыл алып, баалуу сыйлыктарды тапшырды.


Улан-Батордо өткөн мелдеште Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ратбек Мамбетовдун жетекчилигинде Кыргызстандын курама командасы 3 алтын жана 7 коло медалга ээ болушуп жеңиштүү кайткан.
Өкмөт башчысы жаш спортсмендерди жеңиши менен куттуктап, спортко жетишерлик колдоо болбой жатканына карабастан спортчуларыбыз жакшы ийгиликтерди жаратып жатканын белгилеп, бул үчүн ыраазылыгын билдирди. Ошондой эле жакында Өкмөт башчысы борборубуздагы спорт комплекстеринин абалы менен жеринде таанышканын, массалык жана профессионалдык спорт менен машыгууга шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Даярдаган
Бегим Турдалиева




Кубанычтуу шаң менен
Тил майрамында сезимдер сергиди
Кечээ 23-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада Мамлекеттик тил күнүнүн 24 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Кечени КРнын мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов ачып, алгачкы сөздү КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Ильич Нарымбаевге берди. Ал жыйынга келген элди тил майрамы менен кызуу куттуктап, КРнын Президенти А.Атамбаевдин куттуктоо катын окуп берди.
Андан кийин КРнын Өкмөтүнүн аппарат башчысынын орун басары К.Бактыгулов сөз сүйлөп, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлерине мактоо баракчаларын тапшырды.
Ошондой эле ЖКнын депутаттары М.Г.Мадаминов, Ж.К.Исаев, коомдук ишмер Т.Ишемкуловдор чыгып куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаш акындар Зайырбек Ажыматов, Умар Усубалиевдер тил жөнүндө ырларын окушуп, элдин шатырата кол чабууларына арзыды. Андан соң "Кыргызстан" улуттук энциклопедиясынын 4-томунун бет ачаары болуп, окумуштуу Үсөн Асанов кеңири баяндама жасады.
Салтанаттуу жыйындын аягында Курмангазы Азыкбаев шаңшыган музыкасы менен элдин көңүлүн көтөрүп, сезимдерин сергитти.

Карбалас Бакиров








Пикир:






??.??