Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Экинчи "Темир айымдын" үчүнчү мөөнөтү башталат
Өткөн жылдын декабрь айында мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Германияга барганда федералдык канцлер Ангела Меркель Кыргызстандын бардык жакшы саамалыктарын колдоого алып, Европалык шериктештиктин алкагында жардам көрсөтүүлөрүн убада кылганы эсибизде. Президент А.Атамбаев өткөн аптада Ангела Меркель айткан Еврошериктештикке да расмий сапар менен барып, ал жердеги сүйлөшүүлөр ойлогондон да жемиштүү аяктаганына ыраазы болуп кайтты.

Ал эми Германияда ушул жекшембиде кезектеги парламенттик шайлоолор өтүп, Ангела Меркель жетектеген ХДС/ХСС партиясы шайлоочулардын 41,5% добушун топтоп, жеңишке жетишти. Ошентип, Ангела айымдын партиясы үчүнчү мөөнөт катары менен парламентти, өзү болсо Өкмөттү башкарууга мүмкүнчүлүк алды.
Германия тарыхындагы сегизинчи канцлер Ангела Меркель келерки жылы 60 жашка чыгат. Ал 1954-жылы Гамбург шаарында Хорст жана Герлинда Каснерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Өзүнөн башка Маркус деген иниси жана Ирена аттуу сиңдиси бар. Мектепте пионерлердин, андан соң жаштар уюмунун катарында болду.
Лейпцигдеги Карл Маркс атындагы университеттин физика факультетинен билим алды. Студент кезинде, 1974-жылы алгачкы күйөөсү Ульрих Меркель менен таанышып, үч жылдан соң үйлөнүшкөн.
5 жылдан кийин ажырашып кетишкен. "Баары эле баш кошуп жатышкандыктан "биз дагы үйлөнүп алганбыз. Жаңылган экенмин" деп эскерет алгачкы үй-бүлөлүк турмушу жөнүндө Ангела Меркель. 1998-жылы ал кесиби химик Иохим Зауэрге экинчи ирет турмушка чыкты. Бирок, азыркыга чейин ортолорунда бала-чака жок. 32 жашында докторлук даражасын коргогон Ангела Меркель саясатка Берлин дубалы урап, эки Германия бириккенден кийин аралашты. Адегенде басма сөз жана маалымат министринин кеңешчиси болуп иштеди. 1991-1994-жылдары канцлер Гельмут Колдун өкмөтүндө Аялдар жана жаштар иши боюнча министрлигин жетектеди. 1994-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Ангела Меркель айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп дайындалып, 1998-жылга чейин иштеди.
2000-жылдын апрель айында ХДС партиясынын федералдык курултайында төрайымдыкка шайланды. Бирок, Ангела Меркель 2002-жылдагы парламенттик шайлоодо мөөрөйдү социал-демократтарга алдырып, Өкмөт тизгини Герхард Шредердин колуна тийди.
2005-жылы Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, 51 жашында Германиянын тарыхындагы эң жаш жана алгачкы аял канцлер болуп калды. Өзүнө чейинки канцлер Герхард Шредерди Орусия Президенти Владимир Путинге өтө жакындыгы үчүн көп ирет сындаган Ангела Меркель тышкы саясатта дайыма америкалык багытты колдоп келет. 14 жашында орус тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү катары Москвага келип кеткен. Англис тилинде да жакшы сүйлөйт. Ал эми Владимир Путин менен тилмечсиз эле немисче сүйлөшөт.
Айрым учурларда "тевтондук Маргарет Тэтчер" деп атап жүрүшкөн Ангела Меркель 2005-жылдан бери дүйнөдөгү таасирлүү саясатчылардын катарында. Экс-президентибиз Роза Отунбаеванын тушунда Кыргызстанга келээри тууралуу маалымат тараган. Ангела Меркель ак илбирстерди коргоо боюнча 2012-жылы жергебизде өткөн Бүткүл дүйнөлүк форумга катышууга ниетин билдирген экен, бирок, келген эмес...
Кечээ, Президент Алмазбек Атамбаев ХДС партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу Ангела Меркелге куттуктоо катын жөнөткөндүгүн Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов маалымдады.

Атай Алтымышев




ӨКМӨТ ЖЕКЕ СЕКТОРДУ КОЛДОЙТ
БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫНЫН ӨСҮШҮ 7,9 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗӨТ
- "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда экономиканын өсүшү 5,5 пайызга жетет;
- 2017-жылга чейинки мезгилде экономиканын өсүшүн жыл сайын 7 пайызга жеткирүү каралган.
Акыркы жылдарда экономиканын өнүгүүсүндө жеке сектордун үлүшү өсүүдө
- жеке сектордун үлүшү ички дүң продукциянын 75 пайызын түзөт.
Кыргыз Өкмөтү жеке секторду колдойт жана алардын ийгиликтүү иштеши үчүн шарт түзөт
- Лицензиялоонун саны эки эсеге азайды;
- Учурда 300гө жетпеген лицензиялар калды.
Текшерүүчү органдардын саны эки эсеге кыскарды
- Алардын саны 21ден 12ге кыскарды.
Былтыр текшерүүлөрдүн саны 25 миңден 13 миңге кыскарды.
Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүү убактысы эки эсеге кыскарды:
- Юридикалык жактар үчүн 30 күндөн 15 күнгө;
- жарандар үчүн 5 күнгө кыскарды.

2013-ЖЫЛДЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН ЛИЦЕНЗИЯЛАР МЕНЕН УРУКСАТ КАГАЗДАРЫНЫН САНЫН ЧЕКТЕГЕН ЖАңЫ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНАТ









Пикир:






??.??