Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Жантөрө Сатыбалдиев, КР Премьер-министри:
"Кумтөрдү Кыргызстандын мыйзамына ылайык иштетели деп жатабыз"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Коомдук биринчи каналга Кумтөр маселеси боюнча интервью берген. Бүгүн ошол маектешүүгө окурмандардын көңүлүн бурабыз.

- Учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан тема "Кумтөр" маселеси болууда. Жакында коомдук угуу да болду. Жетишилген Меморандумдун алкагында жаңы орток ишкана уюшулат жана Кыргызстандын үлүшү 50 пайыз көлөмдө болот. Эмне үчүн 50 пайыз болду, кантип жетишилди? Ушуга токтоло кетсеңиз.
- Тарыхка кайрылсам, "Кумтөр" маселеси Кыргызстанды саясий өңүттө кармап келген элементтердин бири болду. Өкмөттүн комиссиясы түзүлгөндө 20 жылдык басып өткөн жолубузга кылчайып, эмнеден катачылык кетти деген суроонун айланасында ой жүгүрттүм. "Кумтөрдүн" эсебинен легендарлуу парламент тарады. 10 себептин бири болуп Акаевдин Өкмөтү кетти, андан кийин 2010-жылдагы элдин кооптонуусунун ондон бир себеби да ушул маселенин айланасында болду. Ошондуктан, жүргүзүлгөн иштер ачык, калыс, акыйкат болсун деген ниетте Кеңеш түздүк. Анын курамына тиешелүү министрликтердин, агенттиктердин өкүлдөрү кирди. Андан сырткары жумушчу топ түзүлдү.
Биздин иштеги кыйынчылык, эки парламенттик депутаттык комиссия иштеди. Алар бир жактуу оппонентсиз иш алып барды. Өз көз караштарын элге кандай ойлосо жеткирип турду. Учурда коомчулукта "Кумтөр" боюнча жабык маселе жок.
- Балким, атайын жоготушкандыр...
- Бул багытта укук коргоо органдары баа берсин. А биз болсо бардыгын казып чыгып, эмне себептен Кыргызстандын үлүшү 33 пайыз, ал эми 2003-жылы 15 пайыз болгондугу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн негиздери жок, тиешелүү көз карандысыз эксперттердин баасы жок экендигин көрдүк. Мунун негизинде биздин сүйлөшүүлөр өтө оор кырдаалда өттү. Февраль айында башталган сүйлөшүүлөрдөн тарта эки жак өз көз карашын билдирип жатты. Өкмөттүн алдындагы үч маселенин тегерегинде, башкача айтканда "Кумтөрдү" мамлекеттин көзөмөлүнө алуу, андан түшкөн пайданын көбүн республикалык бюджетке түшүүсүн камсыздоо жана экологиялык проблемалар жаатында иштедик. Биринчи жолугушуудан тарта биздин билдирүүбүз "Кумтөргө" көзөмөлдүк кылабыз деген ниет эле. Андан башка жол жок. Бирок экинчи тараптын билдирүүсүндө экономикалык, каржы негиздерин берүүбүздү суранышты. "Учурдагы Кыргызстандын пайдасына чечилген 33 пайызыңар бар, ашып кетсе 36 пайыз болот", деген пикирде болушту алгач. Акырында, сүйлөшүүлөрдүн негизинде, сентябрь айынын башында 50 пайызга токтодук. Себеби, биз койгон үч маселе негизинен чечилди. Дагы кайталап кетейин, бул Кыргызстан "Кумтөрдү" толук көзөмөлгө ала алат, бюджетке дээрлик көп акча түшөт, экологиялык маселелер чечилет дегендик. Ошого жетишкенибизде биз 50х50 пайызга макул болдук.
- Көзөмөл дегенибизде, башкаруу, Директорлор кеңешинде кандай өзгөрүүлөр болот?
- Биринчиден, Директорлор кенеши 50х50 пайыздан түзүлөт жана анын төрагасы Кыргызстандын жараны болот. Экинчиден, аткаруу бийлигинде орун басардын бири, "Кыргызалтын" ААК тараптан болот, биз айтып жаткан тоо иштери боюнча. Ошондой эле жылына эл аралык аудит чакырганга мүмкүнчүлүк алабыз. Мурда "Centerra Gold Inc." компаниясында эң ири түзүүчү болсок да, андайга жете алган эмеспиз. Себеби, Директорлор кеңеши 11 кишиден турат, анын үчөө гана кыргызстандык болгон жана үч добуш көзөмөлдүк кылууга мүмкүнчүлүк бербейт эле. Бир мисал келтирейин, 2011-жылы 100 млн. пайда түшкөн "Кумтөрдөн". Кыргызстан анын 33 гана пайызын алды дивиденд эсебинен. Тактап айтканда, учурда биз 12 млн. гана алып келе жатабыз. Буюрса, Жогорку Кеңештен колдоо тапсак, 2014-жылы пессимисттик көз карашта айткан күндө Кыргызстан 65 млн. долларга кирешени көп алат, ал тургай 100 миллионго чейин жетет деген болжолдоолор бар. Ал эми 10 жылдын тегерегинде биз сөзсүз түрдө 100 миллиондон ашык алып, алтын корун иштетүүдөн республиканын бюджетине 1 миллиард 248 млн. доллар акча түшөт. Эгерде натыйжалуу иштетсек, андан да көп түшөт.
- Айрым саясатчылардын пикиринде 50 аз, Кыргызстандын үлүшү кеминде 67 пайыз, же андан да көп болуш керек эле деп жатышат. Ушул мүмкүн беле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында?
- Серепчилер айтмакчы, мен деле 105 пайызды каалап турам. Бирок тарыхый, түзүлгөн экономикалык, каржы, юридикалык кырдаалдар ага жол берген жок. Бул маселе сүйлөшүү жолу менен гана чечилди. Биз да өзүбүздүн талаптарды койдук, көзөмөлдөө пакетин 52 пайыз дедик. Эсиңизде болсо керек, алгач 15 эле пайыз сатылган деп жүргөн. Албетте, аларда да тиешелүү документтер бар да. Алдыма алып келип таштады, сиздер 17,33 пайызды саткансыңар деп. Ошол үчүн айтаар элем, бүгүнкү жетишилгендер компромистүү вариант. Кайталап кетсем, 2003-2009-жылдардагы коррупциялык элементтер боюнча маселе ачык калды, прокуратура ишин токтоткон жок. Бул органдар коррупциянын бар экендигин далилдей алса, анда Кыргызстандын пайдасына өтөөр эле.
- Айрым саясатчылардын пикиринде чет өлкөлүк компаниялардын Кыргызстанда иштөөсүн токтотуп, жергиликтүүлөрдүн иш алып баруусу туура болмок, бул маселеге кандай карайсыз?
- Бүгүн Кумтөр "Centerra" менчиги, биз аны кайра Кыргызстандын мыйзамы менен иштетели деп аракет кылып жатабыз. Албетте кемчиликтер бар. Мен дагы 105 пайызга көтөргүм келет.
Сиздин кийинки сурооңузду утурлай алдын ала айта кетейин, "Эмне үчүн "Кумтөр" улутташкан жок",- деп айтып жатышпайбы бир топ адамдар. Улутташтырсак, мен бир күндө Кыргызстандын баатыры болуп чыга келмекмин. А Кыргызстандын экономикасы эртең эмне болот деп ойлогон киши барбы? Учурда "Кумтөрдүн" өзүндө 3 миңге жакын Кыргызстандын жарандары иштейт. Алардын тагдыры эмне болот, ошончо кишинин үй-бүлөсүн ким ойлоп жатат? Бүгүн Кыргызстанда орточо айлык 10,5 миң сом болсо, алардыкы бир топ эле жогору. Андан сырткары, ал жерде субподрядчик болуп 708 компания иштейт. Аларда жок эле дегенде 100дөн ашык адам эмгектенет. Алар эмне болот? Ойлогон киши барбы? Макул, алардын тагдырын ойлобой жабалы, улутташтыралы, кетирген чыгымдарды берүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү барбы? Реалдуу да болушубуз керек да.
- 2003-жылы "Кумтөр" келишими кайра түзүлгөндө, 16 миң гектар жер берилген деп айтылат. Бул маселе кандай чечилүүдө?
- 2009-жылы ошол 16 миң гектар жер кошумча берилип, анан 33 пайызга жеткен. Өкмөттүн токтому менен былтыр кайра кайтарылып алынган ал жер. Бул маселе башка өңүттө каралууну талап кылган маселе.
- Алгач, "Камеко" кенди жаңы иштете баштаганда кен байлыктын кору 416 тонна, кийин 700 тонна деп, учурда 1 миңден ашык тонна кору бар деп айтылат. Кенди чалгындоо иштери кандайча ишке ашууда?
- Биргелешкен ишкананын иш алып баруусунун натыйжасында биз толук маалымат бере алабыз. Себеби Советтер Союзу учурундагы маалымат боюнча 712 тонна кен байлыктын кору бар деп айтылат. Эсиңизде болсо, салык салуу 13+1+4 деген формула менен иштеген. Тактап айтсак, 13 пайызы -республикалык бюджетке түшкөн, 1 пайыз- Ысык-Көл өнүгүү фондуна, ал эми 4 пайызы- ошол чалгындоо иштерине кеткен. Аны "Centerra" өзү билген мурда. Азыр биргелешкен ишкана аркылуу 4 пайызына көз карандысыз аудитти өткөрөбүз, эгерде салыктар кетпесе, алар мамлекетке төлөш керек. Ошондо чалгындоо иштерин жүргүзүү менен биздин кен байлыктын канча кору бар экендигин так айта алабыз. Учурда 2026-жылдарга чейин дагы 240 тонна алтындын кору бар деген болжолдоолор бар.
- "Улутташтырыш керек" деген адамдар өзгөчө экология маселесин көтөргөндөр болуп жатат. Мисалы, 1998-жылы цианиддин төгүлүшү, кийин мөңгүлөрдүн ээришине байланыштуу маселелер көтөрүлүүдө. Жаңы келишим боюнча кандай көзөмөлдүк жүргүзөсүздөр бул багытта?
- Биринчиден, экология маселеси орчундуу көтөрүлгөн. Бул багытта жергиликтүү адистер иштешти, ага да алымсынбай, биз дүйнөдө бирден-бир экологиялык маселелер менен иштеген "Омег" компаниясын жалдадык. Алар өздөрүнүн тыянагын чыгарышты, ушул жумада акыркы тыянагы боюнча отчет беришет. Алдын ала маалыматтар боюнча экологиялык катастрофа жок. Бирок айтылып жүргөн Петров көлү, жылып жаткан көчкү, суунун пайдаланышы боюнча биздин жергиликтүү адистердин тыянагын тастыкташты.
Анткен менен, алардын сунушу менен "Кумтөрдүн" өзүндө жана Нарында экологиялык посттор коюлат. Себеби, аларды изилдемейинче айтуу туура эмес болот.
"Centerra" өзү билдиргендей, "Омег" компаниясынын сунуштарын эске алуу менен буга чейин кетирилген кемчиликтер болсо алар төлөшөт. Биргелешкен компания тарабынан кетирилген кемчиликтер болсо, биргелешип төлөнөт.
Экология маселеси туурасында кеп салганда, мен жакында эле Айдаркен сымап комбинатында болдум. Сымап-алтынга салыштырмалуу өтө оор өндүрүш, зыяндуулугу да жогору. Комбинат шаардын ортосунда жайгашкан, 560 адам эмгектенет. Ал жердин тургундары менен сүйлөштүм, алардын айтымында: "Ата-бабабыздан бери жашап келебиз. Коопсуздук эрежелерин сактаса эле иш жүргүзүүгө болот",- деп билдирүүдө алар. Ага караганда алтын өндүрүшү бир топ жеңил. Мисалы, Терек-Сай деген жерде кен чыгуучу жай бар. Айылдын ортосунда, 10 миң киши жашайт. Иштеп эле жатат. Кийинки убактарда экология маселесин саясатчылар саясатка айландырып жатат. Табигат аномалиялары учуроодо деп айткандар боюнча, андай маалыматтар кичинекей Кыргызстанда жерге жатпайт эле да. Мына сиздердин канал объективдүү информация берип жатасыздар, көрсөтөт элеңиздер да. Саясатчылардын ушундай кадамга барышы мени өкүндүрөт. Же болбосо бул жакындап калган парламенттик шайлоого саясатчынын упай топтоосу деп түшүнөм.
- Чындап эле, "Кумтөр" маселеси саясатташып кеткендей. Себеби, мурдагы депутаттар да, азыркы чакырылыштын депутаттары да бул маселени саясатташтырып жибергендей. Салык төлөөнү, кантип иштөө керек экендигин үйрөткөн ишкананын канчалык мааниси бар?
- Өкмөт башчысы катары, экономикага түздөн-түз жооп берген адам катары айтаарым, кокусунан "Кумтөр" токтоп калса, Кыргызстанга кандай экономикалык зыян алып келерин эсептеп чыгуу жөнүндө Каржы министрлигине тапшырма бердим. Былтыр эле "Кумтөрдүн" иштебей калуусунан республиканын экономикасынын өнүгүшү 6 пайызга түшүп кетти. Албетте, эмне себептен иштебей калганын изилдешибиз керек. Быйыл сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Кумтөрдүн" үзгүлтүксүз иштөөсүнүн негизинде 8 айдын жыйынтыгы менен, ички дүң продукция 8 пайызга өстү. Мында "Кумтөрдүн" үлүшү чоң. Өнөр жайы ишканаларын алсак, 12 пайыз, ички бардык өндүрүш боюнча 5-6 пайыз түзөт. Каржылык түшүү боюнча республикалык бюджетке 7 пайыз, мамлекеттик бюджетке 6 пайыз түшөт. Бул чоң жоготуу. Абсолюттук суммага келе турган болсок, бул-7-7,5 миллиард сом республикалык бюджетке түшпөй калды дегендик.
- Былтыр өндүрүш кичине эле токтоп калганда мүчүлүштүктөр болду. Эгерде улутташтырабыз дешсе, же денонсация кылабыз десе канча убакытка токтоп калышы мүмкүн жана чыгымдар канча болушу мүмкүн?
- Серепчилердин айтуусунда 1 жылдан 5 жылга чейин токтоп калышы мүмкүн. Айрым саясатчылар бул компания кетсе эле, башка инвесторлор келет дешет. Бирок, жөнөкөйлөтүп айтканда, сиз бир квартира алсаңыз, аны оңдоп-түзөп, анан жашайсыз, туурабы? Ошол сыңары, жаңы инвестор да ошол жерди анализдейт. Буга убакыт кетет. А убакыттын өтүшү менен биздин кен муз алдында калып калышы мүмкүн. Ошондуктан бул өтө оор маселе. Эгерде биз андайга жол бере турган болсок, азыркы Өкмөт жана саясатчылар жоопкерчиликти ойлошубуз керек. Кыргызстандын келечеги эмне болот?..

Нарын Айып







Пикир:






??.??