Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Жемишин берчү келишимдер
Абдимухтар Абилов
Чоң үйдүн жарыгы
Быйылкы жылдын сентябрь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына жасаган иш сапары биринчиден узак мөөнөттүүлүгү (төрт күн!), экинчиден эки өлкөнүн ортосунда мурда болуп көрбөгөндөй ири макулдашуулардын, келишимдердин түзүлүшү менен айырмаланды. Мындай өзгөчөлүк КЭРдин мурдагы төрагалары Цзянмин Цземиндин жана Ху Цзиньтаонун убагында болгон эмес эле. Ырас, алар КЭРге жетекчилик кылып турган учурларда азыркы жүзөгө аша турган макулдашуулар тууралуу оозеки сөз болуп келген. Ал эми КЭРдин азыркы жаңы төрагасы Си Цзиньпин болсо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Кыргызстандын альтернативалык түндүк-түштүк жолун салууну, өлкөбүздүн аймагынан газ түтүгүн алып өтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөргө жетишип отурат. Мындай аракеттери менен Си Цзиньпин КЭРдин толук жүзүн биздин республикага көздөй буруп жатат деп айтсак болчудай жана анда өтө терең маани жатат. Баарыбызга белгилүү болгондой, КЭР Кыргызстанга гана эмес Борбордук Азиянын бардык мамлекеттерине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын өлкө башчысы Си Цзиньпиндин бизге чейин Казакстанга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга жасап келген иш сапарларынан байкоого болот.
Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана өлкөбүздүн түндүк-түштүк жолунун курулушу биздин өлкө үчүн өтө пайдалуу жана бул курулуштарды жүзөгө ашырууга жана каржылоого КЭРдин макул болуп тургандыгы кубанарлык.
Анткени, дүйнөлүк масштабдагы бул ири курулуштар республикабыз үчүн каржылык булак болуп берүү менен өлкөнүн экономикасынын жогорулашына мүмкүнчүлүк берет, эң башкысы, элибиздин жашоо шартынын оңолуусуна өбөлгө түзөт. Мына азыркы учурда Бишкек-Торугарт жолу курулуп бүтүүдө. Эгерде бул жол толук бүтүп калса, КЭР менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү кескин жогорулайт. Мындан сырткары биз эки-үч жылдан бери Боом капчыгайындагы жол курулушунун жүрүшүнө күбө болуп келдик. Азыр эми эски жол менен жаңы жолду салыштырып болбойт. Айырмасы асман менен жердей. Азыркы учурдагы Боом капчыгайындагы мелмилдеген тептегиз эки тараптуу жолду басып өткөн казакстандык туристтер кийинки жылдары кантип Ысык-Көлдү көздөй агылбасын. Эгерде кийинки жайкы сезон убагында Ысык-Көлүбүздө эс алуучулар ашып-ташып турса, мында кытайлыктардын салган жолунун салымы жок деп кантип айта аласың?
Тилекке каршы, "Эл оозунда элек жок" деп айтылган кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн ири долбоорлор тууралуу ар кандай сөздөр жүрүп келет. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун айрым "билерман" эксперттер "кытайдын жылма экспансиясын тездетип, кыргыздарды маданий геноцидге дуушар кылат"-деп айтып чыгышкан. Мындай пикирлерге Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кошулбастыгын төмөндөгүчө билдирген: "Бул эксперттер калп эксперттер. Бирөөнүн акчасын актап жатат. Бул Кыргызстан туюкта калсын, дайыма бирөөлөргө көз каранды болсун, эч качан бутуна туралбасын деген кеп да. Темир жол Кыргызстан үчүн керек, а бир топ өлкөлөр үчүн кереги жоктур. Биз өнүккөн мамлекет болуш үчүн туюктан чыгышыбыз керек, ал үчүн темир жол салышыбыз керек. Анткени, Кытайдын артында океан бар".
Албетте, бул ири долбоорлордо кошунабыздын кызыкчылыктары жок эмес. Азыркы учурда Кытай дүң продукция чыгаруу жагынан дүйнөдөгү эң ири державалардан болуп эсептелет. Ошондуктан ал өзүнүн рыноктук аймагын улам кеңейтип турууга ар дайым кызыкдар.
Бул боюнча КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин жакында Бишкек шаарында болуп өткөн ШКУнун саммитинде "Биз Улуу Жибек Жолунун жетишкендиктерин кайрадан жаңыртууга милдеттүүбүз. Андыктан, экономикалык зона түзүлүшү керек. Муну менен Балтикадан тартып, Инди океанына чейинки коридор ачылат"-деп, өз оюн ачык айкын билдирди. Көрүнүп тургандай, Кытай жетекчисинин ою кайда жатат. Ошондуктан, бул ири масштабдуу стратегиялык максатта экспансия дегендин жыты да сезилбейт. Албетте, калкы 1,5 миллиардга жеткен Кытай сыяктуу өлкөнүн жанында туруп бүшүркөбөй да коё албайсың.
Бирок Кыргызстан орус эли гегомондук кылган СССР мамлекетинин курамында 70 жылдан ашуун жашап көрбөдү беле. Бул мезгил ичинде кыргыз мамлекети экономикалык, маданий-социалдык жактан түптөлүп, тарыхый зор жетишкендиктерге ээ болду. Ырас, орус тилинин үстөмдүгү болуп келди. Ошондой болсо да менимче биз СССР мамлекетинин курамында жүргөндө утулганыбыздан утканыбыз көп болгондугун моюнга алышыбыз керек. Эң башкысы, улуттук колоритти сактап калдык.
Кытай Элдик Республикасы улут маселесине абдан аяр, тыкыр мамиле жасаган өлкө деп айтсак болот. Айталы, Кытайда жашаган уйгур, казак, кыргыз, дунган сыяктуу улуттардын улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо менен жашоосуна, өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Башкасын айтпай эле коёлу, буга ал жакта жашаган өзүбүздүн кыргыз улутташтарыбыздын кыргыз элинин тарыхын, үрп-адаттарын, музыкалык маданиятын толук сактоо менен жашап жаткандыгы күбө. Жада калса, алар бизден озунуп "Манас" эпосун дүйнөлүк руханий байлык катары ЮНЕСКОдон каттатып алышпадыбы.
Бул жерде элибиздин кытайлашып кетебизби деген кооптонуусуна да түшүнүү керек. Себеби, азыркы учурда кыргыз кыздарынын кытай жигиттерине турмушка чыгып жаткан учурлары көбөйгөн. Ошондуктан "Кызга кырк үйдөн тыюу" дегендей кыздар арасында үй-бүлөдө болобу же коомчулукта болобу түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп туруу зарыл. Албетте, курулуш ж.б. долбоорлордо иштөөгө кытай жарандары көп келишет. Алардын так саны алынып, өлкөдө жүрүү мөөнөтү так сакталып, көзөмөлгө алынууга тийиш. Эрежелерди бузгандар үчүн депортациялык иштер катуу жүргүзүлүшү керек. Бул жагынан алганда Малайзия мамлекетинин тажрыйбасын пайдалануу зарыл. Алар Кытай миграциясынын балансын сактап туруу үчүн мыйзамдык базаны бекемдеп алышкан.
Акылман акын Расул Гамзатовдун "Элиң кичине болсо, чоң элден дос күт"-деп айтканы бар. Анын сыңарындай Россия, Кытай, Түркия, Казакстан сыяктуу ири өлкөлөр менен тыгыз байланышып, кызматташып келе жатканыбыздын пайдасы көп эле тийүүдө. "Чоң үйдүн жарыгы кичине үйгө тийбей койбойт" дегендей, өнүккөн Кытайдын да шарапаты бизге жакшы эле тийүүдө деп айтсак болот. Жакында эле Кыргызстандын аймагынан да өтө турган чогуу пайдаланылуучу Түркмөнстанды, Өзбекстанды, Тажикстанды, Кыргызстанды жана Кытайды байланыштырып турган газтранспорттук магистралды куруу боюнча келишимге кол коюлган. Бул газ түтүк магистралы Кыргызстан үчүн каржылык булак болору айдан ачык болууда. Себеби, келишим боюнча жылына миллиондогон доллардык акылар Кыргызстанга түшүп тура турган болду. Асмандан издегенибиз жерден табылгандай эле болду. Мунун өзү биздин өлкөнүн каржылык абалын жакшыртат, элибиздин жашоосун оңдоого өбөлгө түзөт. Буга чейин 20 жылдан бери "Кумтөр" алтын ишканасынын көзүн карап келдик. Же ал жарытпады. Эми жаңы түзүлгөн келишимден кийин анын үзүрүн көрөбүз деген үмүт бар.
Дагы бир эске сала кетчү иш, бул бүгүнкү күндө өтө зор мааниге ээ болгон ири биргелешкен инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат. Булардын катарына "Датка" подстанциясынын, ошондой эле Кыргызстандын негизги аймактарын туташтыра турган Электр өткөргүчтөрүнүн чубалгыларын куруу кирет.
Көрүнүп тургандай, эгерде жогоруда айтылып өткөн ири инвестициялык жана курулуш долбоорлору жүзөгө аша турган болсо, көп жылдардан бери дымып жаткан Кыргызстандын экономикасы көтөрүлүп, жергебиз гүлдөгөн өлкөгө айланат го деген илгери үмүттү жаратууда.






Пикир:






??.??