Жаңы конуштардын абалы жакшырат
3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Ала-Тоо" конушундагы № 82 орто мектептин салтанаттуу жыйынына катышты. Мамлекет башчысы балдарды Билим күнү менен куттуктап, бул мектептин салтанаттуу жыйынына кокусунан келбегенин айтты.

"Эсиңиздерде бар чыгаар, өткөн жылы мен мектепке келгем. Каржылоо кармалгандыктан бир жыл ичинде имаратты куруп бүтө албай калдык. Мен сиздер менен жолугуп, курулуштун кечеңдешинин себептерин түшүндүрүүнү туура көрдүм. Буйруса, келерки окуу жылына убадабызды аткарабыз. Боордош Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев агабызга рахмат, мектептин курулушуна каражат бөлүп берди",- деди Алмазбек Атамбаев. Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевге келерки окуу жылына чейин "Ала-Тоо" конушундагы 1200 орундуу жаңы мектептин имаратынын курулушун толук аяктоо боюнча тапшырма берди. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кийинки окуу жылдын башталышына чейин конуштагы "Ала-Тоо" көчөсүнүн ремонт иштерин бүтүрүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы мектептин жамаатына интерактивдик доска жана 100 миң сомго китептерди белек кылды. Салтанаттуу линейка бүткөндөн кийин Алмазбек Атамбаев "Ала-Тоо" конушунун тургундары менен жолугуп, алардын өтүнүчтөрүн, пикирлерин угуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.




1 Млрд. доллардан ашык долбоорлор ишке киргизилди
4-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азия Өнүктүрүү Банкынын аткаруучу директору Мишелин Окуэн жетектеген Директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкы менен мындан аркы кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды. Президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кызматташуу 1994-жылдан бери уланып келе жатканын, бул аралыкта 1млрд. доллардан ашык суммага биргелешкен долбоорлор ишке ашырылганын билдирди. Сөз кезегинде аталган Банктын аткаруучу директору Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашыруусу жөнүндө пикирин бөлүштү.
Салика Сариева