Жетекчинин бир күнү

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Темирлан Биримкулов:
"Бардык күчүбүз элдин бакубат жашоосуна арналат"
Аламүдүн районуна Темирлан Биримкулов аким болуп келгени жаңы дем, жаңылыктар, жарк эткен саамалыктар жанданды. Ток этери алтындай убактысы текке кетпеди. Тиги же бул толгон токой көйгөйлөрдү чечүүгө, алдыдагы албан максат, пландарды иш жүзүнө ашырууга зор тажрыйба, уюштуруучулук талантын жумшады. Мээнет, аракет эгерим талаада калбайт турбайбы. Өткөн "Чычкан аке суу берчи!" деген кургакчыл, оор жылды жаанчыл жылдай жыйынтыкташты. Экономикалык-социалдык негизги көрсөткүчтөр ич жылытат.
А быйылкы жылды кандай башташты?
Ачуу чындыкты айтканда азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуудан өткөн максат болбос. А техникасыз мол түшүм алуу өң тургай, түшкө кирбес. Техникалардын талаачылык иштерине даярдыгын көрүү максатында кечээ жакында үч айыл өкмөтүндө көргөзмө семинар өткөрдү. Бул күн кылымга тете күн болбосо да, жылга тете күн болду.

Каркырадай тизилген техникалар
Пригородный айыл өкмөтүнүн кырманына келдик. Каркырадай тизилип, ар түрдүү маркадагы техникалар турду. Семинарга келгендер ынтаасын коюп, ар бир темир тулпардын тарых, таржымалынан кабар алышты.
Техника, техника демекчи. Бу пригородныйлык баба-дыйкан-механизаторлор качанкы, эң бержагы токсонунчу жылдарда колдоруна тийген техникаларын көздүн карегиндей сакташып, тетиктик бөлүктөрдүн, кымбаттыгына карашпай жүргүзүп тургандары эрдик эмей эмне.
Бу, семинардын бир жакшы жери. Баба дыйкан-механизаторлор аким жана райондун башка жетекчилери менен бет маңдай көрүшүшүп, көйгөйлөрүн да ортого салып жатышты.
Маевка айыл өкмөтүндөгү техникалардын парады Пригородный айыл өкмөтүнөн кем калбады. Мындагы бирден бир артыкчылык Волик Анатолий Анатольевич жетектеген "Май" айыл чарба кооперативи бар. Текниканы чемичкедей чаккан Анатолий Анатольевичтин жетеги менен СЗ-Т 3,6 маркадагы буудай арпа себүүчү сеялканы кайрадан реконструкциялашып, беде, пиязды да сепкенге ылайыкташкан. Ал эми "ОВТ-2000" маркадагы өсүмдүктөрдү түрдүү зыяндуу чөп-чар, курт-кумурскадан арылтуучу, дарыларды себүүчү техниканын дары өткөрүүчү темир трубаларын дат баспаган пластикалык трубалар менен алмаштырып чыгышкан. Буга 2 куб.метр дары сыят.
Атаганат, "менчиктештирүү реформасы" бардык эле жерде сыдыргыга салгандай өтпөдү. Ошондуктан, ал реформа башаламандыкка жол берди. Бирок, Ленин айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу, Борис Абрамович Орёлдун эрдиги менен "Ветка" айыл чарба кооперативи чыңдалууда . Союз учурундагы трактор-машиналар паркы, ремонттоочу базасы бүлүнбөдү. "Ветканын" техникалары табында. 60ка чукул техникалары даяр! Бир сөз менен айтканда механизаторлордун татыктуу турмушун сүрөттөөгө сөз жетпес…
- Мындай көргөзмө семинарды ар бир айыл өкмөтүндө практикалоого бардык мүмкүнчүлүктү жумшайбыз, - деди Темирлан Биримкулович. - Техника, сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу майлардан ж.б. бардык зарыл камкордуктарды бүгүнтөн баштабасак эртең кеч болуп калат. Колдо бар техникаларды сарамжалдык менен пайдаланууга тийишпиз.
- Темирлан Биримкулович, жаңы техникалар менен толуктоого неге болбойт?! Ата мекендик биргелешкен заводдордо тракторлор чыгып жатканы ыраспы? - деп суроо узаттым
- Албетте ырас. "АвтомашРадиатор" жоопкерчилиги чектелген коомдун чыгарган техникаларынынын, тизмеси колубузга капкачан тийген. Тилекке каршы, бүгүнкү баасына баба-дыйкандардын чама-чаркы жетер эмес. Мисалы: (АЗ-8526) прицептүү трактор самосвалы 2ПТС-6 моделинде баасы 422 000 сом. Калган техникалар деле кымбат. Кыскасы алгыла деп дыйкандарды үгүттөп жатабыз. Алгандын бермеги бар демекчи, ар бири терең ойлонуулары керек. Заман оңолсо, баба-дыйкан, фермерлерибиз буттарынан турушса, айыл чарба кооперативдик чарбаларды акырындык менен чыңдасак, албетте жаңы техникаларды алууга кудуретибиз жетет. Кредит, ссуда алуу механизмдерин бара-бара баралыбызга жеткенде колдонсок болот. А, бүгүн шартыбызга карап, эски, колдо бар техникаларга таянгандан артыгы жок.
Акимдин бул сөзүнө таң бербесек болбойт. Колдо ырас эле буюрганы турат. Техникалардын 85-90%ы даяр. Ремонттук иштер улантылууда.
Өнөр жай ишканалары көбөйдү
- Биздин райондо агрардык реформа кандай дурус жолго коюлса, ошондой эле өнөр жай ишканалары, айрыкча шаарга жакын, канатташ болгондугубуздан чакан жана орто бизнес күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Биз мына ушул багытты дагы-дагы чыңдай берүүгө милдеттүүбүз, - деди аким.
Өнөр жай ишканалары 2008-жылы 1991,2 млн. сомдук продукция чыгарды. Башкача айтканда, 2007-жылга салыштырмалуу 55,4 млн. сомго көп чыгарышты.
Алдыңкы өнөр жай ишканаларынан "ОРМЗ" АКсы 134%, "Риха" ЖЧКсы 328%, "Азаттык" АКсы 134%, "Бекпр" ЖЧКсы 180%, "Аламүдүн энерго" АКсы-143% жана башка өндүрүш ишканалары пландарын аткарышты.
Аким агынан жарылып айтмакчы, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү өзгөчө жолго коюлду. 2007-жылы болгону 57 объект ачылса, 2008-жылы 65 жаңы объекттер кулач жайды. 504, 2 млн. сомдук продукция өндүрүштү. 2007-жылга салыштырганда 80,0 млн. сомго көп өндүрүштү. Эң кубанычтуусу 500дөн ашык жумушсуздар ишке алынып, үй-бүлөлөрүн багып жатат.
Курулуш да кеңейди. 2008-жылы 585,6 млн. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлдү.
2008-жылы 2007-жылга салыштырганда 262,4 млн. сомго көп өздөштүрүлүп, 2007-жылдын деңгээлине карата алсак 181,1%ды түздү. 2008-жылы 25 888,6 чарчы метр турак жай курулду.
2008-жылы инвестиция тартуу да оң жолго коюлган. 920,1 миң доллар көлөмүндө каржы тартылды. 2007-жылы 782,6 миң доллар гана тартылган. Инвестиция тартуу 117,5%га аткарылган.
…Жана башка бардык тармактар боюнча фактыларды келтире берсек, сөз түгөнбөс. Бир сөз менен айтканда, өнөр жай ишканалары, соода борборлору, түйүндөрү көп ачылса, ошол жерде иштегендердин маянасы да, маанайы да көтөрүлөт. Мисалы, тышкы соода айлантуу 2008-жылы 50,4 млн. АКШ долларын түздү. 2007-жылга салыштырганда 2,3 млн. АКШ доллары көп болду.
Салыкчылардын салымы
Салык жыйноо боюнча жакында эле жаңы мыйзам кабыл алынды. Турмуш бир калыпта өнүкпөйт, бирде толот, кээде бөксөрөт. Салык мыйзам-вазыйпасы да ошондой окшобойбу? Аламүдүндүк салыкчылардын негизги аракеттеринен майнап чыкпай койгон жок. Учурда жаңы Салык мыйзамын жетекке алышып, үстүндө иштешүүдө.
Аким Темирлан Биримкуловичтин иш стилиндеги өзгөчөлүк, салыгын жашыргандарга жеринен келишкен эмес. Ошондон уламбы күндөн күнгө салык салуу базалары чыңдалууда.
2008-жылы мамлекеттик салык жыйноо планын 115,3%га аткардык. Факты жүзүндө 572,9 млн. сом жыйналды. 2007-жылга салыштырмалуу 122,3 млн. сомго ашык чогулду.
Республикалык бюджет 98,1%га аткарылды же 2007-жылга салыштырганда 53,7 млн. сомго көп түштү.
Жергиликтүү бюджет, мындан райондук бюджет 116,%га аткарылды. Же 2007-жылга караганда 3,5 млн. сомго көп чогулду.
Айылдык бюджет (айыл өкмөтү) 115%га аткарылды. 143,5 млн. сом чогулду. 2007-жылга карата 43,1 млн. сомго көп жыйналган.
Демек, жалпы жонунан райондун финансылык абалын кандай нугунан алба жакшы жагынан жанданган.
Сергек жашоого - спорт себеп
Албетте эл мүдөөсүн, үмүтүн аткарууга аким көп күч жумшады. Социалдык маселелер чыңдалды. Айталык аз убакыт ичинде 4506 киши түрдүү иш менен камсыз болгон. Бул кубаттоого алуучу алгылыктуу бийиктик. Билим берүү, медицина багытында жылыштар арбын. Райондо 35 мектеп билим берүүдө. Бардык ремонт иштери өз убагында жүргүзүлгөн. Өзгөчө жаш мугалимдерге камкордук жакшы жолго коюлган. Райондо 19 бала бакча иштейт. Мунун 14ү айыл өкмөттөрүндө жайгашкан.
Медициналык тейлөө да башка райондорго салыштырмалуу алдыда.
Райондо спортко айрыкча көңүл бөлүнгөн. Учурда КРнын Эмгек сиңирген үч тренери эмгектенет. Айталык, Аламүдүн районунун спорт айдыңынан машыккан, такшалган Татьяна Ефименко Пекиндеги олимпиадада бийиктикке секирүү боюнча дараметин көрсөттү. Ал эми Алексей Голиенко Азия чемпионатында оор атлетика боюнча күмүш медалга татыктуу болду. Ушундай эле ийгиликтерге түрдүү эл аралык ареналарда спортсмендер Алексей Ялома, Азиз Даутов, Асылбек Түлөков жана башкалар жетишишти. Көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө спорттук комплекстер иштейт. Анда жаш спортсмендерди тарбиялашып жатышат.
Азык-түлүк арбын болот
Каркырадай тизилген, тапталып, оңдолуп даярдык сабында турган техникалардын үзүрүн көрүү убакыты чукулдады.
- Быйыл баамымда жыл түшүмү жакшы болот. Техникалардын, баба-дыйкан-механизатор, фермерлердин маанайын кыдырып көрүп, техника жагынан көңүлүм тынгансыды. Азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, фермерлер, баба-дыйкандарды сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу май, тетиктик бөлүктөр менен өз маалында камсыз кыла алсак, эл алдында жүзүм жарык болот. Бул багытта өзүбүздүн райондун резервдерин да карап, ишти тездетүүнү колго алдык. Кайсыл гана фермер, баба-дыйкандар менен жолукпайын колдоо көрсөтүүнү суранышууда.
Аким ойго тунжурай түштү, сөзүн үздү. Бирок, кантип үрөн, ж.б. муктаждыктарга зарыл элдин үмүтү үзүлөт.
- Жаз жарыш, күз күрөш, - дейт. Мен үчүн азыр жазгы талаачылык иштерин уюшкандыкта өткөрүп алуудан артык максат болбос. 2008-жылы 30 айыл чарба кооперативи түзүлдү. Бул сан бизге чек эмес, дагы көбөйтөбүз. Жазгы талаачылык иштерге катуу талап койдук. Азыр 200 тонна дизелдик күйүүчү-майлоочу майлардын литрин 12 сомдон дыйкандарга таратып жатабыз. Мындай камкордук дагы уланат.
А менин көз алдыма каркырадай тизилген техникалардын парады келе калды. Аким айтмакчы, жаз эрте келет шекилди.
2008-жылы 2875,2 млн. сомдук айыл чарба продукциялары чыгарылган же өсүү темпи 103,5%ды түзгөн. Быйыл айдоо аянтын 36 405 гектарга жеткирүүнү көздөшүүдө. Мындан 34938 гектарына себилет. Мисалы 17560 гектарына жүгөрү, 15500 гектарына кылкандуу дан эгиндери себилмекчи. Экинчи нан деп эсептелинген картошка 1200 гектарга жетет жана башка бардык өсүмдүктүн түрлөрүн себүү пландалган.
Азыркы алдын ала даярдыктары тыкан. Түшүмүн күздө көрөбүз.
- Буюрса, азык-түлүк жылдагыдан мол болот. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин соңку кайрылуусунда эл, улут биримдиги ташка тамга баскандай айтылды. Биримдик, стабилдүүлүк менен гана утурумдук кыйынчылыктарды жеңебиз!-деп Темирлан Биримкулович сөзүн аяктады.
Акимдин сөзү калетсиз. Аламүдүн районунун жалпы эл-журту 2009-жылды мыкты көрсөткүчтөр менен аяктаарына ишенебиз.