Камкордук

Германиядан Нурага гуманитардык жардам
Үстүбүздөгү жылдын 29-январь күнү Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Бакиев Маратбек Салиевич Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына гуманитардык жардамды тапшырды.

Бул жардамды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Маратбек Бакиев Алай районунда жер титирөөдөн жапа чеккен аймактын калкы үчүн ошол күндөн тартып максаттуу түрдө гуманитардык жардамдар чогултула баштаганын айтты. Ошондой эле элчи Германиядан бул жардамды жеткирүүгө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилиги, Германиядагы "Товарищь" кайрымдуулук фонду көмөк көрсөткөнүн баса белгиледи.
Элчилик тапшырган гуманитардык жардам 222 592 евро, башкача айтканда 11 млн. 494 650 сомду түзөт. Атайын жардам медициналык, балдар жана окуу мекемелерине арналган.
Тапшырылган гуманитардык жардамда ооруканалар үчүн жаңы медициналык шаймандар, чоңдор жана балдар үчүн жылуу кийим-кечектер, жылуу одеялдар, компьютерлер, таңуу материалдары, медициналык, хирургиялык шаймандар жана майыптардын коляскалары бар.
Маратбек Бакиев тапшырылган бул жардамдардын максаттуу таркатылышын айтып, эл-журттун оорубай, чың ден соолукта болушун тилек кылды.
Жардамды тапшыруу аземинде Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов жаратылыш кырсыгына кабылышкан нуралыктар, аларга бүгүнкү күндө түзүлгөн шарттар, өзгөчө ден соолуктары үчүн көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу кеңири айтып берди.
Андан кийин Алай аймактык ооруканасынын башкы врачы Болотбек Омошев, врачтар И.Кенжеев, Т.Жумабаев, медицина тармагында 40 жыл иштеп ардактуу эс алууга чыккан ардагер, ажы А.Рахмановдор сөз сүйлө-шүп, өзү алыста жүрсө да эл-журтум деп мындай чоң жардамды өзү алып келген Маратбек Бакиевге ракмат айтып, ыраазычылык билдиришти.
Жибек Жороева,
Алай райондук
"Алай таңы" газетасынын редактору.




Постановление Правительства Кыргызской Республики
Об утверждении Положения о порядке проведения
конкурса социальных программ (проектов)


В соответствии со статьями 9 и 19 Закона Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе" Правительство Кыргызской Республики постановляет :
1. Утвердить прилагаемое Положение о порядке проведения конкурса социальных программ (проектов) (далее - Положение).
2. Министерству труда и социального развития Кыргызской Республики разработать и утвердить образцы документов, указанные в Положении.
3. Министерствам, государственным комитетам, административным ведомствам, иным органам исполнительной власти, местным государственным администрациям и органам местного самоуправления принять к руководству настоящее Положение.
4. Признать утратившими силу:
- постановление Правительства Кыргызской Республики от 22 декабря 2004 года № 948 "О развитии государственного социального заказа и формировании механизма его внедрения";
- постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 мая 2007 года № 172 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 22 декабря 2004 года № 948 "О развитии государственного социального заказа и формировании механизма его внедрения".
5. Настоящее постановление вступает в силу со дня официального опубликования.
6. Контроль за выполнением настоящего постановления возложить на отдел социального развития Аппарата Правительства Кыргызской Республики.

Премьер-министр И.Чудинов
г.Бишкек, Дом Правительства,
24 января 2009 года, № 41.





Национальный совет по делам правосудия
Кыргызской Республики
Объявляет конкурс на замещение вакантных должностей:
- судьи межрайонного суда г. Бишкек;
- судьи Токмокского городского суда Чуйской области.
Заявление претендента на вакантную должность судьи местного суда в адрес Национального совета представляется в Судебный департамент.
К заявлению прилагаются:
1) копия паспорта, свидетельствующая о гражданстве и возрасте претендента;
2) заверенная копия диплома о высшем юридическом образовании;
3) заверенные копии трудовой книжки, иных документов, подтверждающих наличие у претендента стажа работы по юридической профессии;
4) медицинское заключение о состоя-нии здоровья, выданное в течение одного года перед участием в конкурсе;
5) документ, подтверждающий наличие дополнительного требования, предъявляемого к претенденту, предусмотренный частью 2 статьи 17 конституционного Закона.
К заявлению могут быть приложены иные документы (отзывы, рекомендации), характеризующие личность претендента.
Документы действующих судей Кыргызской Республики должны содержать:
1) личное дело судьи;
2) данные за время работы на судейской должности, отражающие количество и качество рассмотренных дел;
3) данные о наградах, поощрениях и взысканиях;
4) частные определения, вынесенные в отношении судьи.
Прием документов на вакантные должности судей местных судов начинается с момента публикации настоящего объявления и до 12 февраля 2009 года.
Заявления и документы необходимо подать в установленные сроки в сектор Судебного департамента Кыргызской Республики по обеспечению деятельности Национального совета по делам правосудия и Совета судей по адресу: г. Бишкек,
ул. Ибраимова, 64, ком., 57.
Телефоны для справок:
(0312) 48-61-13.





lЧыгаандар
Хиллари Родэм Клинтон
Хиллари менен Билл Клинтондун бирге турмуш курганына 35 жылдан ашык убакыт болду. Бүгүнкү элдин урмат-сыйына бөлөнгөн профессионалдуу карьераларынын алгачкы чыйырын бирге салышкан. Алардын жакын достору булар бири-бирин толуктап турушат. Хилларинин колдоосусуз Билл Клинтон президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерлигин эч коймок да эмес дешет. 1992-жылы шайлоо учурунда бир жолу Клинтон: "Эгерде мени президент кылып шайлашса бир кездеги Франклин Делан Рузвельт менен Элеонора Рузвельттей жолдошум экөө-бүздүн да ортобузда өлчөөсүз өнөктөштүк өкүм сүрөт",-деп айтат. Хиллари Сиз жолдошуңуздун вице-президенти болгуңуз келбейби деп сурашканда "Мени дүйнөдөгү аза күтүү аземине катышуу көп деле кызыктырбайт",- деп тамаша сөз менен жооп берет да, бирок көптөгөн мазмундуу проблемаларды чечүүгө салым кошууга даярмын дейт. Кийинчерээк ал Американын теле көрсөтүүсү тарабынан элге тараган Ак үйдөгү кызматкерлерине өзүн "Биринчи леди" эмес, "Президенттин өнөктөшү" деп айткан эместигин төгүндөгөн.
Клинтон өзүнүн командасын сунуштаганда Хиллари өлкөнүн Башкы прокурорунун кызматын ээлейт деп сөз кылышкан, себеби ал ошол мезгилдеги өлкөдөгү эң мыкты юристтерден эле. Тилекке каршы бу кептин эч негизи жок эле. Себеби, мыйзамда мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, мамлекеттик жогорку кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
Хиллари Родэм 1947-жылы 26-октябрда Чикагодо төрөлгөн. Анын ата-энесинин түпкү теги -Англиядан жана Уэльсден. Энеси Дороти Чикагодо сатуучу болуп иштеген Хьюго Родэмге турмушка чыкканга чейин эле билимдүү болгон. Үч баланын энеси Дороти мурдагыдай иштебей, балдары менен үйдө күн кечирет.
Хиллари төрт жашка чыкканда анын ата-энеси О'Хара аэропортунан алыс эмес Парк-Ридж шаарчасына көчүп келишет. Хиллари өспүрүм чагында эле өзүн республикачыл, ошол кездеги белгилүү консерватор, сенатор Берри Голдвотердин жактоочусу катары эсептеген. Мектепте жогорку класстын окуучусу катары ал жергиликтүү пасторго Чикагодогу "Түндүк жак" деп аталган кварталдардагы латын америкалыктарга жана кара түстөгү балдарга жардам көрсөтүүсүнө активдүү көмөктөшөт. Ал дилинде келечекте астронавт болсом деп тилейт. Бу ак тилегин ишке ашыруу үчүн улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча башкармалыкка барат. Тилекке каршы ал жердегилер бу адистикке аялдарды албай тургандыгын айтышат.
Ата-энеси ага ар дайым: "Сен утушка жетишесиң, тилекке каршы кайрадан уттуруп коюшуң мүмкүн, бирок сен аны эч качан жүрөгүңө жакын албагын. Кийинки күнү тур да, кайрадан күрөшкүн", -деп кайраттандырышат.
1965-жылы Веллесли -колледж деген аялдардын жогорку окуу жайына кирет. Студенттик өзүн-өзү башкаруунун төрайымы катары ал Вьетнамдагы согушка каршы биринчи демонстрация уюштурат. Жакырчылык менен күрөшүү боюнча дипломдук иш жазат. 1968-жылы ал Вьетнам согушуна каршы күрөшүүчү сенатор Юджин Маккартинин шайлоо өнөктүгүн жетектейт.
1969-жылы ага окуу жайдын эң мыкты бүтүрүүчүсү катары доклад даярдоо тапшырылат. Өз сөзүндө Никсондун администрациясы жүргүзүп жаткан саясатты катуу сынга алганы ошол жерде катышып отурган журналисттерди катуу ойлонтуп, анын сүйлөгөн сөзүн, сүрөтү менен "Лайф" журналына толук чыгарышат.
Йель университетинде юриспруденцияны окуган Хиллари демократиялык партиянын жактоочусу болот. Ал "Ейл Лоу" журналынын редактору болуп иштейт, бош убактысынын көбүн түндүн бир оокумуна чейин китепканадан өткөрөт. Аны окуткан профессорлор өтө интеллигент, акылдуу, келечектүү студент катары эскеришет.
1970-жылы ал адаттагысындай китепканада эле, бир маалда өзүнөн көзүн албай отурган студентти көрөт. Анан өтө чыдамы кетип: "Эй, сен мени тиктегениңди токтотпосоң, мен тескери карап отуруп алам. Же экөөбүздүн таанышканыбыз оңбу? Менин атым Хиллари Родэм",-дейт. Анын бу сөзү андан көзүн албай отурган студентти эсинен тандырганбы, айтор, өзүнүн атын унутуп койгондой болот. Ал Билл Клинтон эле.
1972-жылы студент кездеринде эле алар Техаска Жордан Мак -Гавенанын шайлоо өнөктүгүн жетектөөгө келишет. Бул иш аларды ого бетер жакындаштырат.
Эки жылдан кийин юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү Вашингтонго келет. Ал өкүлдөр палатасынын юридикалык комиссиясында иштейт. Комиссия президент Ричард Никсонго карата күнөөлөө актысын даярдашат. Бу комиссияга ал атуулдук укук боюнча эң мыкты адис судья Жон Дордун жолдомосу менен кошулат.
1974-жылы Хиллари Арканзаска келет. Алгач ал Арканзас университетинде укук боюнча сабак берет. Кийинчерээк "Роуз Лоу Фирм" аттуу юридикалык фирмага иштөөгө өтөт.
1975-жылы 11-октябрда Хиллари Биллге турмушка чыгат. Алардын үйлөнүү үлпөтүндө 100гө жакын меймандар болушат. Эки жаш үйлөнүү саякатын Мексиканын Акапулькосунда өткөрүшүп, Арканзастын борбору Литл-Рокко көчүп келишет.
1980-жылы Хиллари өзү айткандай "гениалдуу кыз" төрөйт. Ага Чельза деп ат коюшат. Бирок, Хиллариге юристтик карьерасын улантууга Арканзастын биринчи айымы болуусу да, кыздуу болушу да эч жолтоо кыла албайт. Юрист катары ал көптөгөн ийгиликтерге жетишет. 1988-жылы "Нациюнал Лоу журналга" чыккан АКШдагы эң мыкты юристтеринин тизмесине кирет. Ал үй-бүлөлүк укук жана кыймылсыз мүлк боюнча мыкты адис.
Анын коомдук иши да биринчи кезекте балдарга камкордук көрүүгө арналган. Бул жагдайда ал көбүнесе чет өлкөлөрдүн иш-тажрыйбасына таянат. Ушул максатта 1990-жылы Францияга барып келет. Анын жыйынтыгы боюнча "Нью-Йорк Таймска" көлөмдүү макала жарыялайт. Арканзас штатында билим берүү системасынын деңгээлин жогорулатуу боюнча көп эмгектенет. Мектептерде балдарды окутуу боюнча сунушу алгылыктуу натыйжаларды берет.
Барбара Буш өзүнүн "Биринчи мугалимдер" деген китебинде Хиллари Клинтондун мектепке чейинки балдарга билим берүүгө кошкон салымын жогору баалап, аны Ак үйгө ушул жагдайда пикир алышууга чакырат.
Хиллари ишинин көптүгүнө карабай кызы Чельза менен тыгыз байланышта болот. Бир жакка чыкканда ага телефон аркылуу үй тапшырмаларын аткарууга көмөктөшөт. Эс алууларын алар ар дайым бирге өткөрүшөт.
Атасы президенттик шайлоодо жеңгенде Чельза 8-класста эле. Шайлоо учурунда ата-эне аны чоң ата, чоң энесине жиберишет. Мындан бир нече жыл мурда Хилларинин ата-энеси кызына, анын үй-бүлөсүнө жакын болуу үчүн Чикагодон Литл-Рокко көчүп келишет.
Хиллари Клинтон финансы жагдайынан да эч кимге көз каранды эмес. 1990-жылы анын жылдык кирешеси 190 000 доллар, 1993-жылы 250 000 доллар, жолдошунун губернатордук кирешеси -35 000 долларды түзгөн. Үй-бүлөнүн каражаты анын көзөмөлүндө. Хиллари жолдошуна караганда өтө уюштургуч, чечкиндүү, таамай, так айтат.
1992-жылы ноябрда Клинтондорду Ак үйгө чакырышат. Өзүнүн алмаштыруучусун Барбара Буш өтө жылуу кабыл алып, резиденция менен толук тааныштырып, көптөгөн керектүү кеңештерди айтат. Алардын бири журналисттерге байланыштуу болот. "Алардан сасык тумоодой качкын",- дейт Барбара Буш. "Бул жагдайда менин бир аз тажрыйбам бар", - деп жооп кайтарат ага Хиллари Клинтон.
Журналисттер менен жолугушуусунда өзүн алмаштыруучу жөнүндө Барбара Буш төмөнкүлөрдү айтат. "Ал өтө керемет, чынында эле эң мыкты адам. Сиздер да мага кандай мамиле жасасаңар, ага да ошондой мамиледе болооруңарга мен толук ишенем. Биринчи ката кетиргенин чыдап күткүлө. Сиздер менин ката кетирүүмдү күтпөдүңөр беле. Ага да бир аз эс алууга мүмкүнчүлүк бергиле" дейт.
Кызматка киришээр алдында Клинтондор "Тайм" журналына интервью беришкенде, "Таймдын" репортеру Билл Клинтондон "Кеннеди президенттикке шайланганда ал өзүнүн бөлмөсүнө зарыл маселени чечүү үчүн кимди биринчи чакырсам деп ойлонсо керек. Ал өзүнүн бир тууганы Роберт Кеннедини чакырат. А сиз кимди тандайт элеңиз? "Хилларини" деп кыска, так жооп берет президент.
Хиллари басма сөзгө берген алгачкы интервьюсунда жолдошунун Ак үйдөгү президенттик учурунда коомчулук үчүн эшик ар дайым ачык болоорун баса белгилейт. Анын чечими менен Ак үйдүн бардык жайларында тамеки тартууга тыюу салынат. Себеби Клинтондор эч качан тамеки тартышпаган. Ошондой эле ал Ак үйдөгү Буштун учурунда көп колдонгон Француз кухнясын жөнөкөй америкалыктардыкына алмаштырат. Алар көбүнесе оокатты кухнядан ичүүнү өтө жакшы көрүшөт. Клинтондор бул салттарын Ак үйгө киргизгенде андагылар бир топ шаштысы кетет. Бир жолу Клинтондун кызы Чельза өзүн жаман сезип, жумуртка сураганда энеси кызы каалагандай даярдоого киришкенде, кухнядагылар бир аз каршылык көрсөткөнүнө карабай Хиллари өздөрү, кызы каалагандай жумуртка бышырып, кичинекей кухняда чогуу оокаттанышат.
Ал жолдошунун жеке тапшырмасы менен чет өлкөлөргө, тагыраак айтканда 1995-жылы Түштүк Африканын жаңы президенти Мандела ишке киришкенде, Копенгагенде өткөн БУУнун сессиясына АКШнын атынан барган.
Хиллари Клинтон АКШнын тарыхында өтө таасирдүү инсан экендигинде эч күмөн жок. Ал мамлекеттик иште, үй-бүлөдө өзүнүн ордун так билет, мыкты юрист, мыкты саясатчы.
Биринчи айым, сенатор, президенттикке талапкер Хиллари Клинтон АКШдагы көрүнүктүү улуттук лидерлерден, ошондой эле ал аялдардын гана эмес, жалпы элдин укугун коргоочу.
Б.Имамадиев,
"Эркин Тоо".