КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙРЫМ МЫйЗАМ
АКТЫЛАРЫНА (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ШАЙЛОО
ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИНЕ,
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ
РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИНЕ) ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА
ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Участкалык шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрү шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өздөрүнүн негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат.";
4-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Округдук, райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн курамынын ичинен төраганы жана катчыны шайлашат.".
5. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 121-берене менен толукталсын:
"121 -берене. Областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жана алардын ыйгарым укуктары
Областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары:
1) областтын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө бөлөк мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышына контролдукту ишке ашырат жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) төмөн турган шайлоо комиссияларынын иш-аракетине багыт берет, шайлоону өткөрүү үчүн бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын алардын арасында бөлүштүрөт, бул каражаттардын максаттуу пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашырат;
3) тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат;
4) бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүн катыштыруу жана ушул Кодекстин Өзгөчөлүү бөлүгүндө аныкталган жоболорду эске алуу менен, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасын иштеп чыгат жана бекитет, шайлоо округдарынын чегин жана шайлоо комиссияларынын жайгашкан ордун көрсөтүү менен, шайлоо округдарынын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;
5) райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларын түзөт;
6) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуштарга катышууга укуктуу;
7) төмөн турган шайлоо комиссияларынын иш-аракети үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүүнү контролдойт;
8) тиешелүү аймактарда шайлоо өткөрүү үчүн пайдаланылуучу атайын фонддорду түзөт;
9) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган формага ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоону камсыз кылат жана алар менен тиешелүү шайлоо комиссияларын жабдыйт;
10) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угат;
11) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын белгилейт жана натыйжасын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында белгиленген мөөнөттө жарыялайт;
12) жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттарга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү шайлангандыгы тууралуу күбөлүк берет;
13) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди архивге же жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;
14) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү менен байланышкан маселелерди карайт;
15) төмөн турган шайлоо комиссияларынын чечимине жана аракетине карата арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим чыгарат;
16) жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз ыйгарым укуктарын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткаруу менен сыйышпаган ыйгарым укуктар менен айкалыштырган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же жоюу жөнүндө токтом кабыл алат.
Областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары мындай токтомду кабыл алууга чейин 48 саат мурда тиешелүү адамга анын ээлеп турган кызмат орундарынын сыйышпастыгы тууралуу жана анын ээлеп турган кызмат орундарынын бирөөсүнөн кетүүсү жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына маалымдоого милдеттүүлүгү тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү;
17) ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.".
6. 13-беренеде:
5-пунктча алып салынсын;
6 - 23-пунктчалар тийиштүү түрдө 5 - 22-пунктчалар деп эсептелсин;
15-пунктчада "Борбордук шайлоо комиссиясына" деген сөздөр "тиешелүү областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18-пунктчада "жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет" деген сөздөр алып салынсын.
7. 16-беренеде:
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Областтык, Бишкек жана Ош шаардык, райондук, шаардык, участкалык шайлоо комис- сияларынын шайлоо өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулган төрагаларына жана катчыларына төмөнкүдөй сый акы төлөнөт:
- областтык, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жана катчыларына - мыйзамда аныкталган эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө;
- райондук, шардык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жана катчыларына -мыйзамда аныкталган эсептик көрсөткүчтүн жыйырма эсе өлчөмүндө;
- участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына - шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына жараша шайлоо дайындалган күнгө карата эсептик көрсөткүчтүн төмөндөгүдөй өлчөмүндө:
1) 500 шайлоочуга чейин - он эсе өлчөмүндө;
2) 500дөн 1000 шайлоочуга чейин - он беш эсе өлчөмүндө;
3) 1000ден 2000 шайлоочуга чейин - жыйырма эсе өлчөмүндө;
4) 2000ден 2500 шайлоочуга чейин - жыйырма беш эсе өлчөмүндө.";
5-пунктта "негизги ишинен бошотулбаган" деген сөздөр алып салынсын.
8. 17-берененин 6-пункту "шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде добуш берүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 19-берененин 6-пунктунун мамлекеттик тилдеги баяндалышынын биринчи сүйлөмүндө "чечим кабыл алууга укуктуу" деген сөздөр "ишин баштоого укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 23-беренеде:
2-пункттагы биринчи сүйлөмдө ", шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар жана так эместиктер жөнүндө шайлоо комиссияларына жазуу жүзүндө добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми шайлоочулардын негизги тизмесиндеги каталыктар же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнү" деген сөздөр алып салынсын.
5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"5. Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жараны, шайлоочулардын кошумча тизмесине анын шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилбей калгандыгы жөнүндө, шайлоочулардын негизги тизмесиндеги ар кандай каталыктар же так эместиктер жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына берген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызынын (паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен) негизинде жана ошол шайлоо участкасынын аймагында жашагандыгы жөнүндө каттоо белгиси (катталуусу) бар паспортун көрсөткөндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен киргизилет. Добуш берүү күнү тизмеден чыгуу күбөлүгү менен добуш берүүчү жарандар, шайлоочулардын кошумча тизмесине тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн негизинде киргизилет. Жаранды шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизүү жөнүндө жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тарабынан, участкалык шайлоо комиссиянын мөөрүн коюу менен күбөлөндүрүлөт, ошондой эле шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар кеминде эки мүчөсүнүн, ал эми шайлоо комиссиясынын кеңеш берүү добуш укугу бар мүчөлөрү болбой калган учурда талапкердин, саясый партиялардын башка өкүлдөрүнүн же байкоочулардын колтамгасы менен ырасталат".





ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О ВНЕСЕНИИ ИЗМЕНЕНИЙ И ДОПОЛНЕНИЙ В НЕКОТОРЫЕ ЗАКОНОДАТЕЛЬНЫЕ АКТЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
(КОДЕКС КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ О ВЫБОРАХ В
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ, КОДЕКС
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ОБ АДМИНИСТРАТИВНОЙ ОТВЕТСТВЕННОСТИ)
абзац пятый пункта 3 изложить в следующей редакции:
"Члены участковых избирательных комиссий с правом решающего голоса на период подготовки и проведения выборов временно освобождаются от исполнения обязанностей по основной работе.";
пункт 4 дополнить абзацем первым следующего содержания:
"Окружные, районные, городские и участковые избирательные комиссии из своего состава избирают председателя и секретаря комиссии.".
5. Кодекс дополнить статьей 12 следующего содержания:
"Статья 12. Областные, Бишкекская, Ошская городские избирательные комиссии и их полномочия
Областные, Бишкекская, Ошская городские избирательные комиссии:
1) осуществляют на территории области, городов Бишкек и Ош контроль за исполнением положений настоящего Кодекса и иного законодательства о выборах в Кыргызской Республике и обеспечивают их единообразное применение;
2) направляют деятельность нижестоящих избирательных комиссий, распределяют среди них государственные денежные средства, выделенные для проведения выборов, осуществляют контроль за целевым использованием этих средств;
3) организуют проведение выборов на соответствующей территории;
4) разрабатывают и утверждают схему избирательных округов по выборам депутатов местных кенешей с участием представителей местных органов власти и с учетом положений, установленных Особенной частью настоящего Кодекса, публикуют списки избирательных округов с указанием границ и места нахождения избирательных комиссий в средствах массовой информации;
5) формируют районные, городские (окружные) избирательные комиссии;
6) вправе присутствовать на собраниях по выдвижению кандидатов в депутаты местных кенешей;
7) контролируют создание необходимых материально-технических условий для деятельности нижестоящих избирательных комиссий;
8) образуют специальные фонды, используемые для проведения выборов на соответст- вующих территориях;
9) обеспечивают изготовление избирательных бюллетеней по выборам депутатов местных кенешей в соответствии с установленной Центральной избирательной комиссией формой и снабжают ими соответствующие избирательные комиссии;
10) заслушивают сообщения нижестоящих избирательных комиссий, руководителей предприятий, учреждений, организаций по вопросам, связанным с подготовкой и проведением выборов;
11) устанавливают итоги и определяют результаты выборов депутатов местных кенешей и публикуют их в средствах массовой информации в установленные сроки;
12) выдают избранным депутатам местных кенешей удостоверения об избрании установленного Центральной избирательной комиссией образца;
13) обеспечивают передачу документов, связанных с подготовкой и проведением выборов, в архив или вышестоящую избирательную комиссию;
14) рассматривают вопросы, связанные с проведением переголосования депутатов местных кенешей;
15) рассматривают заявления и жалобы на решения и действия нижестоящих избирательных комиссий, выносят по ним решения;
16) принимают постановления о досрочном прекращении или лишении полномочий депутатов местных кенешей в случае совмещения ими полномочий, не совместимых с исполнением полномочий депутата местного кенеша, а также в иных случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.
Областные, Бишкекская, Ошская городские избирательные комиссии за 48 часов до принятия данного постановления обязаны письменно уведомить соответствующие лица о несовместимости занимаемых ими должностей и об их обязанности проинформировать соответствующую избирательную комиссию об уходе с одной из занимаемых должностей;
17) осуществляют другие полномочия в соответствии с настоящим Кодексом, законодательством о выборах Кыргызской Республики.".
6. В статье 13:
подпункт 5 исключить;
подпункты 6-23 считать соответственно подпунктами 5-22;
в подпункте 15 слова "Центральную избирательную комиссию" заменить словами "соответствующую областную, Бишкекскую, Ошскую городскую избирательную комиссию";
в подпункте 18 слова "и выдает им удостоверения установленного образца" исключить.
7. В статье 16:
пункт 4 дополнить абзацами следующего содержания:
"Членам областных, Бишкекской и Ошской городских, районных, городских, участковых избирательных комиссий, временно освобожденным от исполнения обязанностей по основной работе на период проведения выборов, выплачивается вознаграждение:
- секретарю областных, Бишкекской и Ошской городских избирательных комиссий - в тридцатикратном размере от установленного законодательством расчетного показателя;
- председателю и секретарю районной, городской избирательных комиссий - в двадцатикратном размере от установленного законодательством расчетного показателя;
- председателю и секретарю участковой избирательной комиссии - в зависимости от количества избирателей на избирательном участке:
1) до 500 избирателей - в десятикратном;
2) от 500 до 1000 избирателей - в пятнадцатикратном;
3) от 1000 до 2000 избирателей - в двадцатикратном;
4) от 2000 до 2500 избирателей - в двадцатипятикратном размере расчетного показателя, установленного на день назначения выборов.";
в пункте 5 слова ", не освобожденным от основной работы," исключить.
8. Пункт 6 статьи 17 после слов "на заседаниях избирательных комиссий" дополнить словами ", в том числе в день голосования,".
9. В пункте 6 статьи 19, изложенной на государственном языке, слова "чечим кабыл алууга укуктуу" заменить словами "ишин баштоого укуктуу".
10. В статье 23:
в предложении первом пункта 2 слова "не позднее дня, предшествующего дню голосования, а о любой ошибке или неточности в основном списке избирателей и в день голосования" исключить;
пункт 5 изложить в следующей редакции:
"5. Гражданин Кыргызской Республики, обладающий активным избирательным правом, включается решением соответствующей участковой избирательной комиссии в дополнительный список избирателей на основании обоснованного письменного заявления (с указанием паспортных данных) о невключении его в основной список избирателей, о любой ошибке или неточности в основном списке избирателей, поданного в участковую избирательную комиссию, и при предъявлении паспорта с регистрационной отметкой (пропиской) о проживании на территории данного избирательного участка. Граждане, голосующие по открепительным удостоверениям в день голосования, включаются в дополнительный список избирателей на основании открепительного удостоверения. Запись о включении гражданина в дополнительный список избирателей заверяется председателем и секретарем участковой избирательной комиссии и печатью участковой избирательной комиссии, а также подписями не менее двух членов избирательной комиссии с совещательным голосом, при отсутствии членов избирательной комиссии с совещательным голосом - другими представителями кандидата, политической партии или наблюдателями.".
11. В статье 27:
пункт 1 дополнить абзацами третьим-шестым следующего содержания:
"-протокол выдвижения либо заявление о самовыдвижении;
- форма сведений о кандидате с указанием биографических данных;
- копия паспорта;