Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Жанышбек Кочкоров
Ак терек көрсөң кыйбай жүр...
Жанышбек Кочкоров обончу, аткаруучу жана музыкант катарында кыргыз маданиятына чоң эмгек сиңирип, элге кеңири таанымал болгон адамдардын бири. Ал "Сагындырба", "Караймын дайым жолуңду", "Жеңеме", "Келет дедим", "Өмүр дайра", "Алыс калды жаштыгым", "Кыргыз элим", "Күлкүлүү күнүм жаштыгым" сыяктуу элүүдөн ашык обондордун автору жана алардын мукам үндүү аткаруучусу. Автордун ырчылык сапардагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги туура бааланып, Президентибиз К.С.Бакиевдин Жарлыгы менен жакында ага "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам берилди. Жанышбектин кутман наамын куттуктоо менен бирге "Эркин Тоонун" ак өргөөсүнө чакырып, өз чыгармачылыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, сөз маегине тарткан элек. Ошол маегибизди бүгүн окурмандарга сунуш эттик.

- Жаныш мырза, мындан эки ай мурун көп жылдардан берки кыргыз маданиятына сиңирген олуттуу эмгегиңиз кеч да болсо бааланып, "Республиканын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам алдыңыз, кут болсун!
- Ракмат!
- Сиз кайсы жерде төрөлгөнсүз?.. Алгачкы чыгармачылык чыйырыңыз качан башталды эле?
- Мен 1954-жылы азыркы Аксы районундагы Малгалды айылында төрөлгөм. Ошол жердеги "Ленинчил жаш" орто мектебинде окуп жүргөн мезгилимде эле өздүк көркөм чыгармачылыгына активдүү катышып, комуз менен "Жалжалым" деген ырды аткарчумун. Тагайбек Кулушев деген агай аккардеон тартып, бизди ырдатаар эле. Ал агайымдын көзү өтүп кетти.
- Сиздин уругуңузда таланттуу кишилер бар беле, комузду кимден үйрөнгөнсүз?
- Мен комузду таятамдан үйрөнгөм. Таянем күчтүү жамакчы аял болгон. Мен ошолордун колунда жүрүп чоңойгом. Таянемдин артынан калбай ээрчип алчумун. Кандай адам, бригадир болбосункара сөздүн ордуна ыр менен кайрылып, "түш балам", - деп кайрылып аттан түшүрүп алчу, чай берчү. Мага ошол кишилерден жуккан болсо керек. Ал адамдын баскан турганынын бардыгы жамакталган сөздөр болоор эле. Таятам отуруп алып комуз чертчү. Мен балалык кылып, ал кишилерден көп нерсени албай калыптырмын. Таятам чертип жатканда комуздун башын тиктеп отурчумун да, коюп койгондо ала коюп чертип жүрүп үйрөнгөм. 6-классымда "Жалжалымды", 7-классымда "Алтын шакекти" ырдай баштадым. 7-класста окуп жатканымда райондун борбору Кербенге өздүк көркөм чыгармачылыгынын кароосуна барып катышып, биринчи даражадагы дипломду алууга татыдым. Ал дипломум азыр да сакталып жүрөт.
- Чыгармачылыгыңыздагы эң алгачкы ийгилик же сыйлык алуу ошол болгон экен да?
- Ооба, ошол кароонун жыйынтыгы боюнча өтүүчү чоң концерткемени ошол кездеги райондук маданият үйүнүн көркөм жетекчиси, авлетимдик Ырысбек Тасмаев деген комузчу, ырчы, манасчы талантымды өзгөчө баалап, "сен сөзсүз катышкын!"-деп катыштырды. Ал кишинин таланттарынын бардыгынан да төкмөлүк жагы курч болчу. Жашында эле каза болуп кетти. Өзү да балбан адам эле. Бул кишинин көп кырдуу талантын эч ким жазбай жүрөт, сиз сөзсүз жазып кетиңиз. Мен ошолордон таалим алган адаммын.
- Сиздин атайын музыкалык билимиңиз барбы?
- 8-классты бүтүргөн соң Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын эл аспаптары боюнча дирижёрлук кесипти алып чыктым. Окуу жайда аккардеон классы деген бар. Ал жерде Сексенбай Аймамбетов деген күчтүү аккардеончу киши бар эле, ошону билесизби?
- Билем.
- Мен мына ошонун колунан бүттүм.
- Сиз ошол Аймамбетовдун 1939-жылы өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында Москвада аккордеон менен кыргыз обон-күүлөрүн попури кылып ойноп, көрүүчүлөрдү тамшандырганын уккансызбы?..
- Жок. Уккан эмесмин.
- Мына менден угасыз, ал ошондой уникалдуу киши болгон. Сиз өтө залкар музыканттын окуучусу экенсиз.
- Мени башка орус агайларга бөлгөндө барбай, ошол кишини гана тандап, ошого баргамын, андан таалим алганыма сыймыктанам.
- Ошол киши аккордеонду кимден үйрөндү экен, биле алдыңыз беле?
- Ошону сурагандан балалык кылып иймендим эле. Ал киши көп сүйлөчү да эмес. Аккордеонду чындыгын айтканда ошол убакта Кыргызстанда андай ойногон эч ким болгон эмес. Менмин деген орус музыканттарын да отургузуп коёор эле.
- Андан мурун да, азыр да Аймамбетовдой ойногон киши жок. Кыргызда теңдешсиз үч гана аккордеончу болгон. Алардын анабашы ошол Сексенбай, экинчиси өзгөндүк Мамат Оморов, үчүнчүсү Рыспай Абдыкадыров болгон. Рыспай аке Мамат Оморовдун окуучусу, андан үлгү алган. Рыспай аке классикалык вариацияларды ойногондо өзүңүз айтмакчы орустар оозун ачып отуруп калышчу. Муну менден башка да замандаштары да тастыктап бере алат.
- Мунуңузга толук кошулам. Сексенбай агай мени "көп аракеттенгин, сенден күчтүү музыкант чыгат"-дечү. Мен Ленинграддагы Маданият институтуна өтүп алып, акчам жоктугунан бара албай калгамын. Менин ордума Кеңеш деген кегетилик бала кеткен. Токмоктон духовой оркестрде ойноону да үйрөнүп чыктым. Окуу жайды аяктагандан кийин Кочкор-Атада бир аз иштеген соң советтик армияга кызмат өтөп келип, энергетиктердин шаары Кара-Көлдөгү маданият үйүнө көркөм жетекчи болуп орношуп, ортодон эки жыл директор болдум да, кайрадан көркөм жетекчи болуп отуз жылдан ашуун убакыт ушул кезге чейин эмгектенип келе жатам. Мени кара- көлдүктөрдүн баары худрук дешет.
- Ырчылык, обончулук же аткаруучулук өнөргө качан оодуңуз?
- Мен бул сурооңузга жооп берерден мурун жаштарга айтчу бир насаатым бар… билим деген билим да… аскердик кызматта мен 2 жыл бою 6 полктон турган дивизиянын эң чоң духовой оркестринде ойноп жүрдүм. Эгер Токмоктогу окуу жайды бүтпөсөм, нотаны үйрөнүп, сабатымды ачпасам, кайдан жүрүп ошончолук чоң оркестрде ойномок белем. Ошондуктан, азыркы жаштар сөзсүз билим алып, бир же бир нече кесиптин ээси болуп чыккыла, ал силердин келечектеги наныңар дээр элем.
ххх
- Аскердик кызматымды ийгиликтүү өтөп, Кара-Көлдөгү маданият үйүндө иштеп жатып,"Кара-Көлүм" деген обонумду алгачкы жолу чыгардым. Ошол жердеги "Эдельвейс" деген ансамблге салып ырдап чыктым. Аны кара-көлдүктөр азыр дагы билишет, ырдап жүрүшөт. ал радио, теледе жазылган эмес. Оркестрдеги музыканын, ырдын баары орусча, бир эле менин ушул ырым кыргызча. Мен барып ырдайм, элдин баары бийге түшөт. 1978-жылы Искусство институтунда окуп жүргөн Асанкалый Керимбаев маданият үйүнө практикага менин алдыма барды. Анткени мен көркөм жетекчи, директорум орус. Мен кыйынмын деп барат. Бирок, орус директор аны сахнага чыгарбайт. Ал ошол кезде "Кара-Көлдүн кыздары" деген ырды чыгарып, башы кичине көрүнүп баштаган учур эле. Орус директрго:-Алла Демидовна, он певец, вы что, дайте ему один номер, он практикант,-деп атып араң чыгаргамын сахнага. Себеби, ал убакта орустар басымдуулук кылчу. Кыргыздарды жаман көрчү. Мен да чыгып бир эле номер аткарып койчумун. Кээде ыраматылык Асанкалый аке мени көп чыгарбайсыңар деп капа болуп да жүрдү. Ошол жерде үч кыргыз бала иштечүбүз. Ал мезгилде Асанкалый Керимбаев аккордеонду жакшы тарта алчу эмес экен, техникасы начар эле. Вариация дегенди ошол үч музыкант, биз үйрөттүк.
- Эң алгачкы чыгарган обондоруңуз кайсылар жана кимдер тарабынан тасмага жазылып, эфирге чыгарылган?
- Менин эң алгачкы обонум "Кара-Көлүм", ал эфирде жок. Андан кийинки "Сагындырба", сөзү маркум акын Тургунбай Эргешовдуку, "Эгерде болсо чын сүйүү" Калыбек Медетбековдуку. Андан кийинки "Караймын дайым жолуңду" жана "Жеңеме" деген өзүмдүн сөзүмө жазылган ырларды Ош радиосуна режиссёрлор Сатыбалды Турапов менен Мейманбек Касымов тарабынан тасмага 1987-жылы жазылды. Жогорудагы төрт ырымды радионун режиссёрлоруна ырдап бердим да, "Жеңеме" деген ырды жаздырбайм дедим.
Оролуп колуң мойнума,
Жатасың менин койнумда.
Ойгонуп кетсем түш экен жеңе,
Ошол түш мени сойду да- деп кантип ырдайм, илхом келип калган бир учурда жазылып калган ыр да дедим. Бирок, обону элге жакын эле. Мен ал обонду
Ак терек көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңа келсем сыйлай жүр.
Айлыңан алыс мен кетсем жеңе,
Артыман ушак кылбай жүр- деген сыяктуу эле башка тексттер менен ар түрдүү кылып ырдап жүргөмүн да. Мейманбек Касымов ошондо -Жаныш, бул ырыңды радиодон бербейбиз. Жөн эле өзүбүз үчүн жазып коёлу. Берки үч ырыңды баланча күнү, түкүнчө саатта эфирден чыгарабыз, угуп ал,- деп жолго салышты. Белгиленген күнү радиону тыңшап отурсам дал ошол "Жеңеме" деген ырым биринчи болуп ырдалып жатты. Ээ, иш чатак болду го!- дедим. Көрсө, Сатыбалды Турапов менен Мейманбек Касымовдор жакшы ыр өчүп кетпесин деп мени алдап жазып алышып, эфирден берип жиберишкен турбайбы. Ыр эфирден берилген күндүн эртеси эле көчөдөгү жаш балдар:
Шар аккан сууну бойлосок,
Суу чачышып ойносок- деп ырдап атышпайбы…
- Ал балдар бул ырдын автору сиз экениңизди билбей эле ырдап жатыштыбы?
- Кайдан билсин, билбейт да. Андан кийин Ошто Нурак Абдыракманов баш болгон, Шахра Талиповасыяктуу бир топ кыйын ырчылар чогулган конкурста өзүмдүн ырларым менен кошо Асанкалый Керимбаевдин ыры деп "Кара-Көлдүн кыздарын" ырдап чыктым жана эфирге жаздырдым. "Караймын дайым жолуңду" аттуу ырымды Шахра Талипова жактырып калып, ушул кезге чейин ырдап келе жатат.
- Сиздин ырларыңыздын бир нечесин Шахра Талипова майын чыгара ырдап, атак-даңкыңыздын өйдөлөшүнө чоң салымын коштубу деп ойлойм. Ошол аркылуу да биз сизди көп тааныдык да. Шахра да сиздин ырларыңызды ырдап чыкпаса ушул учурдагы чоң даражасына жетет беле, жетпейт беле?.. Ушуга пикириңиз кандай?
- Менин алгачкы чыгарган ырымды ырдап чыккан Шахра Талипова болгон. Ал ошол учурдагы Токтогул райондук драма театрында иштечү эле. 1989-жылы өткөн Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинде "Караймын дайым жолуңду" деген өзүмдүн сөзүмө чыгарган ырымды ырдап чыккан.
- Ал ырды сиз үйрөттүңүз беле?
- Жок. Өзү эле ырды жактырып, үйрөнүп алыптыр.
- Ошого чейин Шахра белгилүү боло элек беле?
- Белгилүү эле болуп калган, бирок ошол ырдан кийин да рейтинги ого бетер көтөрүлдү.
- Ага чейин кимдердин ырын ырдап жүрчү эле?
- Ага дейре Табылды Актановдун "Ойлодуң бекен" деген ырын ырдачу. Андан кийин "Караймын дайым жолуңду" менен Жумамүдүн Шералиевдин ырларын ырдап жүрүп көтөрүлүп кетти, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алды. Ал наам алгандан кийин да эки жыл чогуу иштешип калдык.
- Шахра кайсы ырларыңызды ырдап жүрөт?
- "Эгер болсо чын сүйүү", "Караймын дайым жолуңду", "Кыялдануу" деген үч ырымды ырдап жүрөт. Акыркы мезгилде Жалал-Абадда иштеп, Арзыбек Бедияровдун ырларын ырдап жүрчү. Азыр кимдердин ырларын аткарып жүргөнү жөнүндө маалыматым жок.

- Устатсыз шакирт болбойт дейт, кимдерди өз устаттарыңыз деп эсептейсиз?
- Мен эң алгач устаттарым деп мени колдон жетелеп, эл алдына, гастролдорго алып чыккан агам Шамшыбек Өтөбаевди жана Рыспай Абдыкадыровду, Түгөлбай Казаковду, окуу практикасын колумдан өтсө дагы Асанкалый Керимбаевдерди эсептейм.
- Өз окуучуларыңыз деп кимдерди айтасыз?
- Эшим Каныбеков, Сагымбай Турсунбаев,Үрүсаалы Этеев, Мирбек Чылпаков, Казыбай деген бала жана Гүлзада Сартмырзаевалар менин тарбиялаган таланттуу окуучуларым болот. Мен алар менен сыймыктанам.
- Жаңы жылдагы иш-пландарыңыз кандай?
- Жалал-Абад областынын губернаторунун чакыруусу менен январь айынын аягында Жалал-Абад шаарынын тургундарына буюрса концерт тартуулаганы турамын. Андан кийин Кара-Көл шаарында да өтөт.
- Жанышбек мырза, маанилүү маегиңизге чоң ыракмат, жаңы жылда жаңы ийгиликтер болсун!
- Мени атайын ардактап, мейманга чакырган "Эркин Тоо" газетасынын жамаатына да ошол ийгиликтерди ыроолойм, жаңы жылыңыздыр кут болсун! Ушул эле каалоомду газета аркылуу Кыргызстандын бардык элине да каалап кетмекчимин!

Маекти алып барган
Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".