email • архив • редакция  Башбарак   


USAID буудайдан жардам берет
2009-жылы USAID Кыргызстанга 5 миңден ашык тонна сапаттуу буудай үрөнүн алууга көмөктөшөт. Жалпысынан уюм биздин республикага буга чейин 275 тонна күздүк буудайды алып келүүгө 300 миң АКШ долларын бөлгөн. Аталган үрөн Россиянын Краснодарск институтунан алынып келинген.
USAIDдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ар жылы буудайдын тартыштыгы 400 миң тоннаны түзөт. Буга башкы себеп катары сапаты төмөн үрөн эсептелет. Россиядан алынып келинген 275 тонна үрөндүн көп бөлүгү Кыргызстандын түндүгүнө бөлүнгөн. Ошондой эле 40 тоннасы республикадагы үрөнчүлүк чарбаларына андан ары көбөйтүү үчүн берилген.

Өткөн жылдын мыкты фильми- "Белгисиз маршрут"
Маданият жана маалымат министрлиги "Белгисиз маршрут" фильмин 2008-жылдын мыкты фильми деп атаган. Кино таануучулардан, маданият өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу фильмди мыкты деп таап, анын актуалдуулугун, бүгүнкү күндөгү социалдык, саясый көйгөйлөрдү ачык-айкын көрсөткөндүгүн баса белгилешкен.
Мындан тышкары "Белгисиз маршруттун" режиссеру Темир Бирназаровдун буга чейин уюштурулган эл аралык кинофестивалдардагы сыйлыктары да эске алынган.
Кинорежиссерго сыйлыкты тапшыруу аземи жакынкы күндөрү жарыяланат.




  Майда - маани

Курулуш отряддары Нурага барат
2008-жылы студенттерден куралган Кыргызстандын курулуш отряддарында 2,5 миңге жакын студент эмгектенген. Бул тууралуу маалыматты республикалык жаштар биржасынан билдирди. Маалыматка ылайык 100гө жакын отряддар түзүлгөн. Бул отряддар каникул учурунда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айылдарда, "Камбарата-2" ГЭСинин курулушунда эмгектенишкен. 2009-жылы студенттер жер титирөөдөн жабыркаган Нура айылын калыбына келтирүү иштерине тартылат.

Ысык-Көлдөгү жер титирөө
25-январда Ысык-Көл областынын аймагында эртең мененки саат 7:47де 5 баллдык жер титирөө болгон. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөөнүн борбору Кытайдын аймагында болуп, Каракол шаарынан 240 километр, ал эми Бишкектен 530 километр алыстыкта 2-3 балл болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча курмандыктар жана кыйроолор жок.

Ниязовго сыйынуу жоюлууда
Түркмөнстанда өлкөнүн биринчи президенти С. Ниязов жана анын туугандары жөнүндөгү эскерүүлөргө тыюу салынууда.
Сапармурат Ниязов бийликте турган мезгилде калк конуштары, көчөлөр, коомдук уюмдар, ишканалар жана маданият мекемелери анын же анын туугандарынын ысымдары менен аталган. Түркмөнстандын иштеп жаткан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Ниязовго сыйынууну жоюу саясатын жүргүзүүдө.

Европанын шаштысын шамал алды
24-январда Европаны каптаган эң катуу шамалдын кесепетинен кеминде 24 адам каза болгон. Жекшембиде Италияда төрт адам табигаттын бөөдө кырсыгынын курмандыгы болду. Мурдараак Францияда сегиз жана Испанияда 12 адам набыт болгон. Аймактагы эң катуу бороон 1999-жылдан берки өтө кыйратуучу шамал болду, ушул убакта табигаттын бөөдө кырсыгынан 88 адам өлгөн болчу.

Чемпиондор аныкталды
Кожомкул атындагы спорт сарайында 23-24-январда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынын күчтүү балбандары катышты. Мелдеште 55 кг чейинки салмакта Арсен Эралиев жеңишке жетишсе, 66 кг чейинки салмакта Султан Муктаров, 84 кг чейинки салмакта Азат Бейшебеков чемпион болду. Кадеттердин арасында Мурат Рамонов алтын медалды жеңип алды. Ошондой эле Атай Койчулуков, Магамед Мутаев, Азат Эркинбаев өз салмактарында жеңишке жетишти.