Барак Обама убададан ишке өттү…
Өткөн жылдын ноябрь айында АКШнын президенти болуп шайланган ындыкара Барак Обаманын расмий түрдө бийликке келиши ­ инаугурациясы 2008­жылдын 20­январында болуп өттү. Америкадагы инаугурация шаан­шөкөтү эң кооз, эң шаңдуу саясый шаан­шөкөттөрдөн болуп эсептелет. Ошондуктан бул дүйнөлүк маанидеги саясый окуянын жүрүшүн сыналгыдан көрүп отуруп бир топ таасирленүүгө туура келди.
АКШнын 44­президентинин инаугурациясына адамдар ушунчалык көп келген экен Вашингтондун Капитолий дөңсөөсүнө жайгашкан Капитолийдин айланасында бут коерго жер жок эле. Алар президенттин ант берүү аземинин ачылышын толкундануу менен күтүп атканы жүздөрүнөн көрүнүп турду. Андагы америкалыктардын жүргөн­турганынан эле алардын Американын канчалык эркин экендиги көрүнүп тургансыйт. Ошончо адамдардын арасынан телекөрүүчүлөргө бүт дүйнөгө таанымал адамдар ­АКШнын мурдагы президенттери Джеймс Картерди, Жорж Буштун ­ улуусун жана Билл Клинтонду улам­улам көрсөтүп жатты. Мурдагы президенттерден Картер менен Буштун улуусу улгая түшкөнүнө карабастан жүздөрүндө кубаныч, көңүлдөрү ачык.
Алар Капитолийдин коридорлору менен аярлай басышып, анын батыш астанасына чыгышып, аянттагы кылкылдап турган адамдарга кол булгалап учурашышты. Маалыматтарга караганда инаугурацияны көргөнгө 2 миллионго жакын адам келген экен. Аянттагы жардана күтүп турган эл "Обама, Обама" дешип, утуру кыйкырып жатышты. Бул кыйкырыктар үмүт кыйкырыгындай туюлат. Ошентип Капитолий дөңсөөсүндөгү Конгресстин имаратынын батыш астанасына адегенде вице­президент Джозеф Байден, андан соң АКШнын 44­президенти Барак Обама келди. Кыскача музыкалык тыныгуудан кийин Д.Байден ант берди. Андан кийин музыкалык чыгарма аткарылды. Ант берүүнүн алдында Барак Обаманын жүзүнөн эч кандай кысынуунун, тартынуунун жышааны байкалган жок. Өзүн ушунчалык эркин кармап турду. Ал 1861­жылы Авраам Линкольн пайдаланган Бибилияга колун коюп: "Мен, Барак Хусейн Обама Кошмо Штаттарынын президентинин милдетин ак ниет менен аткарганга, күчүмдүн келишинче Кошмо Штаттарынын Конституциясын сактаганга, коргогонго жана колдонгонго салтанаттуу ант берем", ­ деп ант берди.
АКШнын президентинин антынын тексти 1783­жылы түзүлгөн. Ошол бойдон бир да жолу өзгөрүүгө дуушар болгон эмес. Бул антты биринчи жолу 1739­жылы 30­апрелде президент Жорж Вашингтон берген. Барак Обама ант бергенден кийин элге инаугурациялык сөз менен кайрылды. Анын сөзү 18 мүнөткө созулду. Ал АКШнын олуттуу кыйынчылыктарга туш келгендигин, ал көйгөйлөрдү аз убакыттын ичинде жеңил чечүүгө болбой тургандыгын, бирок Америка алардын баарын жеңип чыга тургандыгын айтты. Барак Обама АКШ олуттуу көйгөйлөргө кептелип турганын мындайча айтты: "Биз кризисте экендигибизди жакшы түшүнөбүз. Өлкө жек көрүүчүлөр менен зомбулуктун алыстагы түйүнүнө каршы согушта. Экономика алсырады. Бул бир жагынан айрымдардын ач көздүгү менен жоопкерсиздигинен, бирок ошондой эле биздин оор тандоолорду жасоодон жапырт баш тартканыбыздан жана өлкөнү жаңы мезгилге даярдай албаганыбыздан болду. Көп кишилер үй-жайын, жумушун, бизнесин жоготту. Биздин саламаттыкты сактообуз өтө эле кымбат жана ар бир күн энергияны колдонуудагы биздин ыкмалар душмандарыбызды чыңдап, планетага коркунуч туудурганы боюнча жаңы далилдерди алып келүүдө". Барак Обама өзгөчө экономиканын маселелерине токтоосуз киришээрин айтып өттү: "Биздин мүмкүнчүлүктөр мурдагыдай эле эбегейсиз. Бирок, бир эле жерди таптоого жол бере албайбыз. Биз тар чөйрөнүн эле кызыкчылыктарын коргоп, оор чечимдерди таштап кое албайбыз. Бул учур өтүп кетээри айныксыз. Бүгүнкү күндөн тарта биз жыйналып, силкинип, Американы курууга кайрадан киришүүбүз керек".
Барак Обама АКШны азыркы финансылык кризиске карабастан ал "жер шарындагы эң гүлдөгөн, эң күчтүү өлкө бойдон калат", "биздин жумушчулар кризис башталганга чейинки кубатынан азыр да кем эмес. Биз мурдагыдан мокок болуп калган жокпуз, биздин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрүбүз өткөн жумадагыдан, өткөн айдагыдан, өткөн жылдагыдан өтүмсүз эмес, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бөксөргөн жок", ­ деп айтты. АКШнын жаңы администрациясы жумушчу орундарын жаратуу менен гана чектелбестен келечекте өсүш үчүн пайдубал түзө тургандыгын айтты. Ал "Экономиканын абалы чечкиндүү жана тез аракеттерди талап кылууда. Биз жолдорду жана көпүрөлөрдү, электр өткөргүчтөрдүн тармактарын жана маалымат берүүнүн сандык линияларын курабыз", ­ деди. Ошондой эле Барак Обама илимге өзүнүн татыктуу ордун кайрып берүүнү, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана анын АКШнын тургундарына жеткиликтүү болушун камсыз кылууга убада берди. Ал энергиянын альтернативдүү булактарын активдүү пайдалануу керектигин да айтты. Б.Обама шамал жана күн энергетикасын автомобилдер менен өндүрүшкө пайдалануу жолдорун табуу керектигин белгиледи. Ал билим берүү системасына токтолуп, аны азыркы дүйнөгө шайкеш келгендей модернизациялоо зарылдыгын айтып, "Биз мунун баарын жасай алабыз жана биз муну жасайбыз", ­ деди. Барак Обама ант бергендеги сөзүнүн тышкы саясат менен коопсуздук маселелерине арналган бөлүмүндө АКШ Иракты анын элине пландуу жана жоопкерчилик менен өткөрүп берерин, Ооганстанда кыйынчылык менен жетишилген тынчтыкты чыңдаарын, эски достор, мурдагы душмандар менен өзөктүк куралдын жана глобалдык жылуулуктун коркунучун азайтуунун үстүнөн талыкпай иштээрин белгиледи. Ал эми өз максатына террор менен жетүүгө аракеттенгендер АКШны сындыра албасын, алар жеңилээрин эскертти. Мусулман дүйнөсүнө кайрылып, Обама буларга токтолду: "Мусулман дүйнөсүнө биз өз ара кыйынчылыктардын жана урматтоонун негизинде алдыга жылуунун жаңы жолдорун издейбиз. Ал эми жаңжалдын уругун сээп же өз коомдорунун илдети үчүн Батышты күнөөлөп жаткан дүйнө лидерлерине, силердин эл силерге бузганыңар эмес, курганыңар үчүн баа берет деп айтабыз. Бийликке коррупциянын, алдоонун, башка ойлонгондордун добушун өчүрүү менен жармашкандарга билип койгула, силер тарыхтын тескери тарабындасыңар деп айтабыз. Бирок, эгер силер муштумуңарды жазсаңар, биз кол сунууга даярбыз",­деди. Барак Обама ант бергендеги сөзү учурунда белгилегендей, АКШ жакыр өлкөлөр менен алардын тургундарынын "ичкен суусу таза болуусу" үчүн бирге иштешет. Ал эми өзү сыяктуу салыштырмалуу оокаттуу жашаган өлкөлөргө АКШ "Мындан ары биздин чек аралардын сыртындагы азаптарга көңүл кош боло албайбыз, кесепеттерин ойлонбой туруп, дүйнөлүк ресурстарын да пайдалана албайбыз, дүйнө өзгөрдү, аны менен кошо биз да өзгөрүшүбүз керек", ­ деп айтты.
Барак Обама мурдагы президент Жорж Бушту тикелей сындоого албаса да, аны курч сындан куру калтырган жок. Мында сөз терроризм менен күрөшүү боюнча мурдагы администрация жүргүзгөн кампаниянын алкагындагы жарандык укуктардын чектелгендиги тууралуу болду. Ал өлкөнү мурдагы калыбына келтирүүдө америкалыктар үчүн аябагандай зор эмгек, керек болсо курмандык талап кылынаарын айтты. "Биз америкалыктардын өлкөнүн алдында, бүткүл дүйнөнүн алдында өзүнө жоопкерчиликти ала турган, өзүнүн милдеттерин аткара турган жаңы эрага кирип баратабыз", ­ деди. Өзүнүн кайрылуусунун аягында Барак Обама расалык маселеге да токтоло кетти. Мындан 60 жыл мурда анын атасын ресторанда иштөөгө кызматка албаса, бүгүнкү күндө анын уулу президент болуп отурат. Бул өлкөдө чыныгы демократиянын болгондугунун жана адамдардын аң­сезиминин өскөндүгүнүн натыйжасы экендигин айтты. Бирок ал элдин эсинде өлкөнүн тарыхында биринчи афро­америкалык президент болгондугу менен эмес, администрацияда жетишилген ийгиликтери менен калуусун каалайт. Анын инаугурациялык сөзү 18 мүнөткө созулгандыгын, ал акыркы он жылдыктардагы инаугурациясы эң кыска кайрылуу болгондугун да белгилеп кетүү керек.
Экс­президент Буш Обаманын инаугурациялык сөзү аяктагандан кийин тез арада Вашингтондон чыгып кетти. Бул салт катары ХХ кылымдын башынан бери сакталып келүүдө. Бушту Обама Конгресстин түштүк порталынан узатты. Мурдагы президент журналисттерге "Эми Лора эмнени айтса ошону жасайм", ­ деп тамашалады. Буштун президенттик пенсиясы жылына 200 миң доллар болмокчу. Президент болуп турганда жылына 400 миң АКШ доллар эмгек акысын алчу экен. Президенттик инаугурацияга Пентагон башчысы Роберт Гейтс катышкан жок. Себеби, эгерде терактын же табигый кырсыктын айынан АКШнын 44­президенти Барак Обама курман боло турган болсо, өлкөнү башкарууну Р.Гейтс колго алмак. Бул тууралуу алдын ала чечим кабыл алынып, Роберт Гейтс иш­чара өтчү жерден алысыраак, таптакыр башка жерде жүрмөк болгон.
Барак Обама шейшембиде ант бергенден бир нече сааттан кийин эле "Гуантанамодо" жаткандардын иштерин 120 күнгө кармай турууга буйруду. Аскерий прокуратура алардын ишин кайра карап чыгат. Муну көпчүлүк "Гуантанамону" жабуу аракети деп аташты. Азыркы тапта "Гуантанамодо" 248 адам кармалып турат жана алардын 21ине айып тагылат деп күтүлүүдө. Бул адамдардын ичинде бешөөсү 11­сентябрдагы терракт үчүн айыпталышууда. Эгерде алар күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасына тартылышат. АКШнын жаңы ишке киришкен президенти Барак Обама бул түрмөнү мүмкүн болушунча эртерээк жаап салууну каалайт. Анткени адам укуктары орой бузулган жазалоо системасы катары бул түрмө дайыма Кошмо Штаттардын бул жааттагы көрсөткүчүнө терс таасир этип, укук коргоочулардын сынына кабылып келет. Бирок азырынча анда кармалган бир канча жүз адамдын тагдыры чечилмейинче бул маселе да артка жыла бергидей. Обама өзүнө артылган үмүттөрдү актай алаар бекен деген ой туулат. АКШнын расмий ишке киришип жаткан президенти Барак Обама өз мекенинде да, дүйнөдө да атагы таш жарып турган чак. Албетте анын популярдуулугу бир күндүк эмес, бирок мунун көпкө созулаары да суроо. Себеби, АКШнын ички жана тышкы саясаттагы ролу жана таасири канча кең болсо, кыйынчылыктар да ошончолук оор болуп турган учур.
Даярдаган А.АБИЛОВ,
"Эркин Тоо".