Байгазиевдин жаңы эки китеби жөнүндө
Жакында, 2008-жылдын аягында сынчы, адабиятчы филология илимдеринин доктору, коомдук ишмер Советбек Байгазиевдин эки китеби жарык көрдү. Алар: "Цивилизация жана Ата Журт тагдыры", "Чыңгызга карышкырдан кат" деп аталат. Элге, окурманга аттын кашкасындай таанымал окумуштуунун чыгармалары калың журттун катмарына эбак эле сиңип кеткени баарыбызга маалым. Ошондуктан китептерди апендинин кызындай мактай бербей, окурмандарга айтылган ойлор, идеялар жөнүндө кыска, жөнөкөй багыт берип коюуну туура таптык.


Улуу жазуучубуз тирүү кезинде жаралган окумуштуу­публицист Советбек Байгазиевдин бул китеби жапайы бөрүнүн Чыңгыз Айтматовго кайрылган каты түрүндө, көнүмүштөн тыш көркөм форма менен жазылган. Китепте техникалык цивилизация менен табияттын кагылышуусу, ал кагылышуудан келип чыккан айбанаттар дүйнөсүндөгү трагедиялуу кырдаалдар жана кайгылуу драмалар чагылдырылат. Улуу Хан­Тенгри тоосунун боорунда өткөн айбанаттар жыйынында адам баласы жөнүндөгү маселе кабыргасынан коюлуп, чоң талкуу жүрөт. Окурман карама­каршылыктуу ойлорго кабылып, толгонууга аргасыз болот. Көркөм аллегория ыкмасы авторго цивилизация­адам­табият мамилелериндеги көйгөйлүү жана олуттуу проблемаларды күтүүсүз, жаңыча өңүттөн коюуга жана аларды адептик­ыймандык, философиялык планда кыйла кызыктуу, кеңири чабытта чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Китепте өмүр, өлүм, жашоонун маңызы, адам баласынын жарык дүйнөдөгү миссиясы, цивилизация жана адамзат тагдыры жөнүндөгү чоң маселелер курч мүнөздө козголуп, табиятка, жан­жаныбарларга карата болгон мамиледе улуу гуманист Асан Кайгынын жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун руханий салттарында кайра жаралуунун зарылдыгы тастыкталат.
Китеп дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналып, жалпы окурмандарга багышталат.
Бул китепте Советбек Байгазиевдин негизинен эгемендүүлүк жылдарында жазылып, окурмандардын арасында резонанс жаратып, кызыгууну туудурган, коомчулуктун жакшы баа­пикирлерине татыктуу болгон публицистикалык макалалары, эмгектери, чыгармалары топтолгон. Китептин тематикасы ар түрдүү, камтыган маселелери кеңири. Эмгекте кыргыздын руханий дөөлөттөрү, адеп­ахлагы, менталитети, эне тил жана коомдогу таалим­тарбия көйгөйлөрү, инсандын калыптануусу, салт жана инновация, көчмөн калктын, табияттын цивилизация менен кагылышуусунан улам келип чыккан турмуштук драмалуу жагдайлар, глобалдашуунун шарттарында улутту сактоо, демократиянын жаралуу азаптары, агартуунун, билим берүүнүн оң­солу, күңгөй­тескейи, улуу Манастын рухий­идеялык нарктары жана улуттук идеология, эркин ойлом жана догма, маңкуртчулук жана патриоттуулук, бир сөз менен айтканда, кыргыз коомунун тарыхый көчүнүн өткөнү, бүгүнкүсү жана эртеңкиси жөнүндөгү ж.б. олуттуу, актуалдуу проблемалар козголот, чечмеленет жана сунуштар айтылат. Китеп таалим­тарбия иштери үчүн баалуу.
Автордун публицистикалык эмгектери фактылык далилдүүлүккө, кеңири теориялык­интеллектуалдык даярдыкка, маданий­тарыхый кругозорго, Ата Журттун тагдыры үчүн күйүп­жанган атуулдук сезимге жана бай көркөм тилге негизделгендиги менен өзгөчөлөнөт.
Китеп жалпы окурмандарга жана журналистика, филология, педагогика факультеттерине арналат.
К.БАКИРОВ.




2008-жылдын мыкты спортчулары аныкталды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынтыгы чыгып, жылдын мыкты спортчулары аныкталды.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
Кияз Курманкулов (бел кур күрөшүнүн эркин түрү боюнча), Азамат Эркинбаев, Курал Ордобаев, Асылбек Бөдөшов (бел кур күрөшүнүн грек­рим түрү боюнча), Арапбай уулу Түгөлбай (самбо), Мирлан Кудайбергенов (тогуз коргоол), Кыяз Сейталиев (ордо), Ален Офойо (кикбоксинг), Валентина Шевченко (тай бокс) мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардан Аран Акопян (грек­рим күрөшү).

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча:
Мында жылдын мыкты 10 спортчусунун катарына грек­рим күрөшүнүн алты өкүлү кирди. Алар: Бээжин олимпиадасынын каармандары Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштаган Калыбек Жолчубеков, Арсен Эралиев, Алексей Ялома, Данияр Көбөновдор бар. Булардан сырткары Улан Молдодосов (оор атлетика), Базар Базаргуриев (эркин күрөш), Евгений Ваккер (велоспорт) жана Татьяна Ефименко (жеңил атлетика) бар.
Өткөн жылдын мыкты машыктыруучуларынын катарына Майрамбек Ахметов, Раатбек Мамбетов, Петр Ялома, Амеркул Молдобаев, Анарбек Усенканов, грек­рим күрөшүнөн улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов жана Үсөн Майназаров менен Игорь Паклин кирди.




  Бокс

"Бриллиант бала"
Профессионалдык бокста Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн жердешибиз Алмазбек Раимкулов өзүнүн кезектеги беттешүүсүн 7­февралда мексикалык Антонио Демарко менен өткөрөт. 18­февралда 32 жашка толо турган Раимкулов 8 жылдан бери профессионалдык бокстун меккеси аталган алыскы Американын Лас­Вегасында жашап келет. Бүгүнкү күнгө карата 27 беттешүү өткөрсө, анын 15ин нокаут менен уткан. Бир ирет тең чыгып, болгону бир жолу жеңилүү ызасын тарткан. 61,2 кг салмакта Түндүк Американын чемпиону болуп эсептелет. Алмазбек 7­февралда NABOнун (Түндүк Америкалык бокс уюму) чемпиондугун коргоосу тийиш. Эгерде жеңишке жетишсе WBO (бүткүл дүйнөлүк бокс уюму) версиясы боюнча өз салмагында чемпиондукка талапкер болуп калат. Америкада "Кид Даймонд" же "бриллиант бала" аталган А.Раимкулов 2005­жылы чемпиондук курга талапкерлердин бири болгон, бирок ошол жылы октябрь айында Нейт Кэмпбеллден жеңилип калып жолу болгон эмес. Ошол 12­октябрдагы жеңилүүдөн соң ал 2006­жылы апрель, июль айларында эки беттешүү өткөрүп, экөөндө тең уткан. Андан соң сентябрь айында мексикалык Хайро Рамирез менен беттешүүдө утуп, Түндүк Американын чемпиону болгон. Анын атаандашы Антонио Демарко 23 жашта, 2004­жылы профессионалдык бокста дебют жасаган. Беттешүүлөрдө 19 ирет жеңишке жетишсе, анын 13үн нокаут менен уткан. Алмаз сыяктуу эле болгону бир гана жолу жеңилүүгө дуушар болгон. Демек, 7­февралда АКШнын Анахайм шаарындагы 12 раундга эсептелген кармашуу өтө курч мүнөздө өтөт десек болот.




  Футбол

жеңишке тете тең чыгуу
Москвада футболдон Шериктештиктин Кубогу үчүн жарым финалга чыккан командалар аныкталып, оюндар улантылууда. Кыргызстандын чемпиону "Дордой­Динамо" быйыл да өз тобунан чыга албады. 17­январда "Дордой" Азербайжандын "Интер" клубу менен 0:0 эсебинде тең чыкса, 18­январда Латвиянын чемпиону "Вентспилс" клубуна 0:1 эсебинде утулуп калды. 20­январдагы чечүүчү оюнда Финляндиянын "Интер" командасы менен 3:3 эсебинде тең чыкты. Биздин чемпион ойногон "Д" тобунан Азербайжандын жана Латвиянын чемпиондору 1­2­орундарды ээлешип чейрек финалда оюндарын улантышты. 21­январдагы чейрек финалда "Интер" (Азербайжан) Тажикстандын "Регар­Тадаз" клубун 2:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Эми алар мында беларустарды 4:1 менен уткан Казакстандын "Актобе" клубу менен бүгүн ойнойт. Утканы финалга чыгат. Жарым финалдагы 2­жупту Өзбекстандын "Пахтакор" жана Молдованын "Шериф" командалары түзүштү. Чейрек финалда бул эки команда тең атаандаштары менен тең чыгышып пенальти тебүүдө гана жеңишип, жарым финалга чыгышты. "Шериф" Латвиянын "Вентспилс" клубу менен негизги убакытта 0:0 эсебинде тең чыкса, пенальти тебүүдө 5:4 менен утту. "Пахтакор" болсо Литванын "Экранас" командасы менен 1:1 эсебинде тең чыгуу катталган соң пенальтилердин эсеби боюнча 4:2 болду. Бүгүнкү жарым финалда уткан командалар 25­январь күнү финалда беттешишет.
Шериктештиктин Кубогунда 1993­жылдан бери Кыргызстандын кайсы клубу чемпион катары катышса да бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу жеңишке жетише элек. Болгону бир канча жолу тең чыгуулар катталган. Быйыл деле ошол көрүнүш кайталанды.
Быйылкы турнир жөнүндө сөз кылсак "Дордой" атаандаштарын ута албаса да татыктуу оюн көрсөттү десек болот. Бакудан келген "Интер" күчтүү команда экендигин оюндардын жүрүшүндө көрдүк. Латвиянын чемпиону менен болгон оюнда болсо негизги убакыт аяктап, кошумча берилген убакытта гана латыштар айып тобун тебишип, жеңип кетишти. Финндер менен болгон оюндун эсеби эле беттешүү кандай мүнөздө өткөнүнөн кабар берип турат.




ФИФАнын рейтингинде ким канчанчы?
ФИФА (эл аралык футбол федерациясы) футболдон 2008­жылдын жыйынтыгы боюнча улуттук курама командалардын рейтингин жарыялады. Бул уюмдун тизмесинде дүйнөнүн 207 улуттук курама командалары катталган. Жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жылы Европа чемпиондугун жеңип алган Испания тизме башында турат. Экинчи сапта Германия турса кийинки орундарда Голландия жана Италия менен Бразилия. Алдыңкы он сапта Аргентина, Хорватия, Англия, Россия, Түркия курамалары бар. Бизге тааныш КМШ өлкөлөрүнүн командалары төмөнкү орундар боюнча жайгашты:
16­орунда Украина
50­Литва
69­Өзбекстан
70­Латвия
81­Беларусь
97­Молдова
108­Грузия
112­Армения
118­Эстония
133­Казакстан
134­Азербайжан
146­Тажикстан
149­Түркмөнстан
159­Кыргызстан .

Даярдаган А.ЖУНУСОВ, "Эркин Тоо".











??.??