Батышка кулак кагыш

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
Дүйнөлүк экономикалык кризиске тарыхый көз караш
Азыр дүйнөлүк экономикалык кризис улам күч алып, бүткүл дүйнөлүк чоң түйшүктү жаратууда.
Өзгөчө экономикалык жактан эбегейсиз күчкө ээ деген Америка, Франция, Италия, Германия өңдүү мамлекеттер бүгүн күтүүсүз келген бул "Экономикалык бороондон" кантип аман калуунун так жолун табалбай шайлары ооп турган учуру.
Бүткүл дүйнө кризистин чыгышына Американы гана күнөөлөөдө. Ипотекалык кредит саясатын туура эмес жүргүзүүдөн алгач банктык кризис башталып, ал улам күчөп бүгүнкү күндө өндүрүштүн жана сооданын бардык тармагын камтый баштады деген аналитикалык жыйынтыктар негиз кылынууда.
Туура, бүгүнкү түзүлгөн жагдайга караганда чын эле ушундай. Ал эми маселеге терең маани берип ой жүгүртсөк "оорунун" себеби өтө тереңде жатат.
Мамлекеттик, улуттар аралык экономикалык олуттуу окуялар болгондо ага тарыхый жагдайды эске алып изилдеп, терең аналитика жүргүзүп, баа берүү көз карашы толук калыптана элек көрүнүш.
Ошондуктан биз сөз кылган кризиске тарыхый көз карашта баа берүү жокко эсе десек да болот. Биз маселени ушул өңүттө туруп караганга аракет кылсакпы деп турабыз.
Алыс барбай эле акыркы 300 жылдыкты алалы. Дүйнө кандай өнүктү жана дүйнөлүк капитал кай багытка агып турду?
Бул жылдар Батыштын, Американын, Европанын кел-кели келген жылдар болду. Америка, Европа өлкөлөрү тездик менен өнүгүп өстү. Техногендик жетишкендиктердин, илимий ачылыштардын, дээрлик 80-90 пайызы Батыш өлкөлөрүнө тийиштүү болуп турду. Ал түгүл маданий искусстволук өсүшкө, модага да Батыш бийлик жүргүзүп алды. Өзгөчө акыркы жүз жылдыкта Батыш көптөгөн тармактар боюнча монополиялык күчкө ээ болуп, дүйнөнү былк эттирбей басып алышты. Бир эле мисал Американын долларынын дүйнөлүк ээлигин айтсак жетиштүү.
Минтип гегомондук бийликке ээ болуу көз карандылыкта калган мамлекеттердин бүт байлык капиталы Батышка агышына шарт түздү. СССР империясынын кулашы бул процессти ого бетер күчөттү.
Батыш эбегейсиз байыды. Бүткүл дүйнөдөгү адам баласынын маңдай тери менен тапкан байлык Америка өңдүү өлкөлөрдүн казынасына чогулуп батпай ашып-ташып кетти.
Сырттан кирген байлык бул мамлекеттердеги өндүрүлгөн продукциялардын өндүрүү наркына таасирин тийгизе баштады. Бул өлкөлөрдө жашаган адамдардын жашоо турмуштары кескин жогорулап ар бир өндүргөн товарга болгон жеке талаптары жогорулай берди. Ошентип товардык сапат да жогорулады. Техногендик жетишкендик өскөн сайын жогорку сапаттагы товарларды өндүрүү көбөйдү. Мындай жогорку сапаттагы наркы кымбат товарларга бул өлкөлөрдүн рыноктору толуп кетти. Сапаттуу товарлардын урунуу убактысы да узак болот. Маселен жогорку сапаттагы автомашиналар менен компьютерлер өңдүү өндүрүлгөн товарлардын саны бул өлкөдөгү жашаган адамдардын керектөө талабынан алда канча көп болуп кетти. Алар ойлошту бүткүл дүйнөлүк рынокту багынтабыз деп. Тилекке каршы, маселен Азия мамлекеттеринде жашаган адамдар европалык же америкалык жогорку сапатта наркы кымбат өндүрүлгөн мыкты товарларын алууга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Баалары өтө кымбаттык кылат. Дүйнөлүк глобализация учурунда товарда чек ара болбойт. Ал эми товарды эң көп керектөөчүлөр Азия алкагында жайгашкан. Элинин саны, товарды урунуу талабы да жогору. Товар урунуу дегенибиз. Европада бир машинаны он жыл айдаса деле жап жаңы боюнча жүрө берет. Ал эми Азия чөлкөмүндө беш жыл айдалган машинанын ишпалдасы чыгат. Себеби, жолдор, техникалык кызмат көрсөтүүлөр начар. Кышы жайы дебей төрт мезгилде бирдей урунулат. ж.б.у.с. Мындай фатыларды келтирсек өтө көп. Демек, Азия дүйнөдөгү товарды эң көп керектөөчү катмар экенин эске алуу менен алардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылып, товар чыгарууну Батыш эсине албады. Муну жалгыз гана Кытай мамлекети эске алып, бүгүнкү күндө экономикасы өнүгүү үстүндө. Дүйнөлүк экономикалык кризистен жабыр тарткандарга да кошулбай четте турууда.
Дүйнөлүк капиталдын, байлыктын бир чөлкөмгө чогулушу ченемсиз байуу дайым эле түбөлүк жыргалчылыкка жеткире берген эмес.
Тарыхты эстегилечи. Адил (Аталла), андан кийин Чыңгыз хан, Тимурхан учурунда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн басып алып эбегейсиз байлыктарды Чыгышка ташыган. Кайда ал байлыктар? Мезгил шамалына учуп кетти. Ошол байлыктарды ташуунун борбору болгон Монголия, Кыргызстан бүгүнкү күндө эң кедей мамлекеттерден.
Чыңгыз хан басып алган жерлериндеги бүт байлыкты, баалуу буюмдарды Чыгышка жөнөттүрө берген. Монголия, Азия аймагына эбегейсиз байлык жыйналып, акча каражаты өзүнүн кунун жоготкон. Жибекти жерге төшөп, алтынды катардагы идиш катары уруна башташкан. Ошол эле маалда дүйнөнүн башка жеринде бир тиштем токочко жетпеген ачарчылыктан адамдар кырылып жаткан эле.
Ошончо байлык Монголияны, Азияны сактап калдыбы? Жок. Тескерисинче, талкалап жок кылды. Тамтыракайын чыгарды. 500 жылга жетпеген аралыкта бир кезде дүйнөнүн жарымын ээлеп турган элдер өздөрү аз жерден улут катары жок болуп кете жаздап, араң-араң аман калып эми баш көтөрүп келатышат.
Тарыхый процесстердин өнүгүшү бүгүн Американы арадан 100-200 жыл өтпөй итке минген кедей болуп отуруп калуу багытына сүйрөп баратат. Канчалык тыбырашып түрлүү тармактарга миллиарддарды бөлүшсө да процесс топтогон жок. Бүгүнкү аракеттерин уланта беришсе токтобойт дагы. Арадан 50 жыл өтпөй Американын тарпы тышына чыгып, болуп көрбөгөндөй кризиске учурайт. Мамлекет катары да жок болушу мүмкүн.
Азиядагы мамлекеттер таптакыр жок болуп кетпей кайра бутуна турушуна алардын түпкүлүктүү тарыхый улуттук шарты себеп болду. Америкада түптүү улут жок. Ушул коркунучтуу. Чачырап кетиши мүмкүн. Анын үстүнө америкалыктар үчүн жакшы жашоо барынан кымбат. Турган жерин таштап, башка мамлекетке көчүп кете бериштин эч кыйынчылыгы жок.
Мындай сормо саздан чыгуунун жолу барбы? Бар. Кайрадан тарыхка кайрылып бир кездеги ата-бабалар кетирген каталыктарды кайталабай оңдош керек. Ал кандай жол, бул жөнүндө өзүнчө сөз болсун.




Кыргыз КВНи Сочиде
Россиянын шайырлар клубунун (КВН) 47 жылдык тарыхында быйыл КИВИН-2009 эл аралык фестивалынын 20 -юбилейи өтүп жатат. Ага Кыргызстандын шайыр балдары да катышаарын "КВН Кыргызстана" бириккен коомунун президенти Евгений Акопян билдирген эле. Кыргызстандын КВН курама командасы Сочиде өтө турган фестивалга 13-январда жөнөп кетишти. Курама команда Кыргызстанга ушул айдын 27синде кайра кайтып келишет.
Буга чейин Россияда өткөн эл аралык КВН оюндарына Кыргызстандын курама командалары 2002-жылдан бери катышышып, ийгиликтерге жетишип келишкен. Бул сапар да мекенге ийгиликтер менен кайтабыз го деген үмүттөбүз дейт курама команданын мүчөсү Эрмек Нурбаев. Сочиге жөнөп кеткен курама команданын 7 мүчөсүнө атайын кийимдер тигилип, сахнада айтылуучу тамашалардын баары даярдалган. Болгону демөөрчүлөрүбүз аз болду дешет оюнчулар.
Сочиге барып оюнга катышып келүү биздин өлкөнүн кадырын алда канча көтөрөт. Эгер курама командабыз лигага илинип калышса, андан өткөн ийгилик жок. Кыргыз шайыр балдары 2002-жылдан бери Евгений Акопяндын жетекчилиги астында бир топ эле ийгиликтерге жетише алышкан. Курама команданын Сочиге кандай даярдыктар менен кетип жатканын билүү максатында шайыр балдар сочиге жөнөп жаткан учурда "КВН Кыргызстана" биргелешкен коомунун президенти Е.Акопянга бир нече суроо менен кайрылдык эле.
- Евгений, биринчиден сиздердин фестивалга баратканыңар менен куттуктап кетели. Анткени мындай эл аралык фестивалга катышуу чоң сыймык. Сочи шаарына барып фестивалга катышып келүү үчүн каражатты кайдан алдыңар?
- Каражаттын көпчүлүк бөлүгү "Азия Универсал Банк", "Шер" жана "Нестле", авиакомпания "Кыргызстан" көтөрдү. Калганы балдардын өздөрүнөн чыкты.
- Ал жакта канча убакыт турасыңар?
- Алгач Москвага учуп андан ары Сочиге сапар тартабыз. Оюндун шартына ылайык КВН 3 турдан турат. 1-турга 500дөн ашык командалар катышышат. 2-турга мыкты деп табылган 80 команда гана чыгат. 3-турда гала концерт болот. Азыр биз бул турдан мындай өтөбүз деп айта албайм. Бирок, үмүт чоң. Анткени тамашаларыбыз жакшы. Оюн канча күнгө созулса, буюрса ошончо күн туруп кайтабыз.
- Сыр болбосо айтсаңыз кандай тематикадагы тамашалар бар?
- Негизгиси биз өзүбүздүн өлкө тууралуу тамашалайбыз. Себеби, шарт ошондой. Мисалы, казактардын курама командасы дайыма казактар жөнүндөгү тамашаларды айтышат эмеспи. Аларга ошондой шарт коюлган. Орустар өздөрүнүкүн айтыша беришет. Биз болсо биринчи кезекте өзүбүздү таанытышыбыз керек да.
- Команданын мүчөлөрүнүн маанайлары кандай?
- Кыргыз КВНинин тарыхында төрт жолку чемпиондор бар арабызда. Буюрса, Кыргызстанды уятка калтырбайбыз го.
- Кайрадан каражат жөнүндө. Кыргызстандын атынан кетип жатсаңыздар жок дегенде депутаттар жардам көрсөтүшкөн жокпу?
- Бир жолу бир депутатка кайрылсам шайыр эмессиңерби көчөдө элди күлдүрүп шапкеңерди коюп койсоңор эл акча берет деп койгон. Ошондон кийин кайрылган жокмун.
- Менин оюмча Россиянын КВН оюндарына катышуу бул чоң жетишкендик болсо керек. Анткени, азыр Казакстандын шайырлары чоң ийгиликтерге жетишишти.
- Туура азыр алар гүлдөп жатышат. Бизде каражат маселеси чечилбей, кээ бир мыкты балдарыбыз казактардын курама командасына да кошулуп ойноп жатышпайбы.
- Алар көп акча сунушташабы?
- Албетте. Ошон үчүн кетип калышат. Ал жактан эл аралык аренага чыгууга да жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Мыкты КВНчилерибиз Россияга кетип калышты. Алардын кээ бирлери азыр СТС сыяктуу телеканалдарда комедия жазып, программаларды даярдашып жүрүшөт.
Мен балдарыбыздын ошондой ийгиликтерге жетишкенине сүйүнөм. Алар кыргызстандык экендиктерин унутушпайт.
- Сочиге алып бара турган тамашалардын арасында биздин бийлик жөнүндө чымчыкейлер орун алганбы? Мисалы, президентибизди туураган?
- Жок. Анткени аларды тууроо үчүн жок дегенде жакында болуп өткөн окуя болушу керек. А бизде баары жай турмушта өтүп жатат. Негизги тамашабыз "Кыргызстанда каржылык кризис жок" деген ураандын астында болот. Биз россиялыктарга кризис эмне дегенди билбейбиз деп тамашалайбыз. Андан сырткары каада-салттарыбыздагы айрым күлкүлүү учурларды тартуулайбыз. Өзүңүздөр теледен көрөсүздөр го.
- Команданын курамында кыздар жок экен. Эмне себептен?
- Кыргызстандын ичиндеги командалардын ичинде кыздар көп. Бирок, курамада жок. Сочиге кетип жаткан программада кыздарга тиешелүү тамашаларыбыз аз. Алар сүйлөбөйт. Ошондуктан ал жактагы курама командалардын кыздарын ойноп берчи деп суранып, сүйлөтпөй ойнотуп, оюнга кээде аралаштырып коебуз. Командалар арасында мындай учурлар көп болот. Роль аткарбаган кызга каражат коротуп Сочиге алып бара албайбыз да.
- Евгений, сапарыңар байсалдуу болсун. Аман барып келгиле. Кыргызстандын желегин бийигирээк көтөргүлө.
- Желекти дайыма бийик көтөрөбүз. Улутум башка болсо да андай жерде чыныгы кыргыз жигити боло калам. Балдар ойношуп жатышса сыймыктанып, желекти бийигирээк желбиретип коем дайыма. Жакшы оюн көрсөтсөң сүрөөчүлөр жалпы көрөрмандардын арасынан эле табылат. Кошулуп сүрөп калышат. Бул оюндарда да ошондой болот деп ишенем.

Маектешкен
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркин Тоо".