Төрөбай Кулатов менен
Ысакбек Мониев -
кыргыз элинин туңгуч генералы
Ошентип, Үрүмчү өкмөтү менен кыргыз аскер башчынын өз ара мамилеси кайрадан жөнгө түшүп, Ысакбек Кашкар шаарында жайгашкан 3 полкту курамына алган бригадага командачылык кылып, бүтүн Кашкар­Хотен аймагына аскерий көзөмөлдөөнү колуна алат. Мурдагыдай эле ага орус аскер кеңешчилери жардамдашып, кыргызстандык офицерлер да кызматташып турат. Арийне, Ысакбектин Кашкардагы экинчи кызматы деле сыдыргыга салгандай жолдуу болгон жок. Тагдыры кыл учунда, кырчылдашкан тымызын тиреш ичинде жүрдү. Башынан эчен курдай өтө драмалуу, ал тургай трагедиялуу окуялар өттү. Дал ошол Кашкарда турган чагында 1938­жылы 12­июлда бригада ичинде кутум уюштурулуп, жалаң кыргыздардан түзүлгөн 35­атчандар полкунун 23 офицери бүт бойдон кыргынга кабылган үрөй учар окуя болуп өткөн…
Бул учур бүтүндөй Кытай ичинде гоминьдан жана коммунисттик партиянын (гусаньдан) ортосунда бийлик үчүн күрөш күчөп, а Чыгыш Түркстанда англо-америкалыктар менен советтик атайын кызматтардын тымызын кармашы жүргөн оомал-төкмөл мезгил болчу. Мындай шартта ар кандай күтүүсүздүк күтүлүү эле.
Жыйырма үч офицер бир түндө жайраган алааматтан көп өтпөй, 1940-жылдын башында Үрүмчүдөгү өкмөт Кашкардагы 35-кыргыз атчандар полкун, анын ичинде советтик офицерлерди да бүт таркатат. А Ысакбекти бригада командирлигинен алып, агартуу, маданият тармагы боюнча иш жүргүзгөн казак-кыргыз жана монгол агартуу уюшмасы делген мекемеге башчы кылып, Кулжа шаарына жөнөтөт.
40-жылдарга келип, Үрүмчүдөгү жергиликтүү өкмөт биротоло гоминьдандык таасирге оогондуктан, Советтер Союзу менен мамилеси салкындай баштаган. 35-полкту таркатып, Ысакбек - люйжаңды кызматтан четтетүүгө негизги себеп ошол болчу. Ошентип, аскер башчыга бир паста агартуучулук милдет тагылды. Бирок бул иш Ысакбекке жат, чоочун эмес болчу. Ал адеп баш көтөрүп чыккандан баштап, ал тургай Кашкарда аскер башында турган, Улуучатка аким болгон кезинде деле агартуучулук ж.б. коомдук ишмердүүлүктү кошо алып жүргөн. Кыргыздар башка элдер сыңары илим-билимге жетсе, маданиятка ээ болсо дегенде эки көзү төрт болгон эмес беле башынан?! Ошондуктан ал адегенде өзүнүн кызматтык милдети болгон казак, кыргыз, монголдордун агартуу тармагын жолго салууга чын ыкласын коюп, жан үрөп иштейт. Айтпаса да айгине эмеспи, көңүлүнүн так борборунда өзүнүн улуту турат. Бирин-серин кызматкер же эмигрант кыргыздардын үй-бүлөлөрү гана болбосо, Кулжа негизинен казактар, анан уйгурлар турак кылган шаар. Ысакбек ошол бир ууч кыргыздын башын кошуп, жаштарын үндөп, адабий-драмалык ийримдерди уюштуруп, шаар аралатып оюн койдурат. Абдыкадыр Токторовдун сөзү менен айтканда "Кулжанын асманында да кыргыз аваны менен комуз күүсү жаңыра баштайт". Ал эми Кызылсууда мектептерди ачуу, балдарды окууга тартуу жанданат. Бул кезде казак, уйгурдун улуттук буржуазиясы калыптанып калган болчу. Улуттук буржуазия катмарынын өзөгү негизинен Кулжа шаарында орун алган. Ошол себептүү улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү да Кулжага топтолуп, бул шаар улуттук боштондук үчүн күрөшкөн жашыруун төңкөрүшчүл уюмдардын очогуна айланат. Казак, уйгур интеллигенциясынын алдыңкы, боштондук идеясына берилген өкүлдөрү менен жакын байланыш түзүүсүнө шарт түзүп, биресе, Ысакбектин Кулжада иштеп калышы анын башоту менен төңкөрүшчүл ишмердүүлүккө киришине да түрткү болот. Агартуучулук кызматын ийгиликтүү аткаруу менен бирге эле Ысакбек жашыруун төңкөрүштүк ишмердүүлүк жүргүзүп, улуттук боштондук үчүн куралдуу көтөрүлүшкө даярдана баштайт.
Акырында баары бир Ысакбектин революциялык ишмердүүлүгү да, артынан түшкөн куугун да биротоло ачыкка чыгып, Кулжада жашоого таптакыр мүмкүн болбой калат. Ошентип Ысакбек 1943-жылдын жазында Советтер Союзуна качып өтөт.
А.Дубанаевдин айтымына караганда, качуу чарасы алдын ала тыкыр даярдалыптыр. Алардын үй-бүлөсү атайын совет-кытай чегарасына жакын жайлоого көчүп чыгышат. Бир күнү Ысакбек шаардан жайлоого барып, анан жайлоодон жардамчысы Акматты, үч жашар уулу Абдыкайымды алып, атчан кайра кайтат. Алар Кулжадан СССР чегарасына кетчү жолго жетип токтоп, аттарды бош кое беришет. А аларды жолдо жүк ташуучу машине күтүп туруптур. Көрсө, атайын Ысакбекти качыруу үчүн СССРдин Кулжадагы консулу кызматтан бошотулуп, анын үй-мүлкү машинеге жүктөлүп көчүрүлгөн экен. Үч жолоочуну анан жүк астындагы жыгач сандыктарга салып, сыртынан кулпу салышат да, Казакстанды көздөй зуу коюшат. Бул качууну өз башынан өткөргөн А.Дубанаев кийин мындайча эскерген: "Адегенде генерал үч жашар Абдыкайымды "азыр машинеге түшөбүз. Чоң атаңа барабыз. Сен такыр ыйлоочу болбогун", ­ деп алдап-соолап көндүрдү. Чын эле анан сандыкка салынган бала Союздун чегине өтүп келип, өзүбүз ачканча "чым" этип үн чыгарган жок. Жаш баланын мындай эркине абдан таң калдым. ...Сандыкта тумчугуп жүрүп келатабыз. Бир маалда машине токтоп, "чаңк-чуңк" эткен кытайча дооштор чыга баштады. Кытайдын чегарасына жеттик го деп ойлодум. Чын эле машиненин үстүнө эки-үч аскер топурап чыгып, жүктөрдү ары-бери оодарып, текшере башташкандай болду. Кудай жалгап, биз жаткан сандыктарга катылышкан жок. Анан аерден жөнөп көп өтпөй эле машине дагы токтоду. Союздун чегарасына жеткен окшойбуз, орусча сүйлөгөн адамдардын кобур-собурун ажыраттым. Ошентип, коркунуч артта калып, Союздун чегине кирип келиппиз".
Качкындар совет-кытай чегарасынан туура эле Алматы шаарына келишет. Аларды Казак ССРинин жетекчилери тосуп алышат. Ал жерде бир аптадай тыныккандан кийин Ташкенден Өзбек ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Усман Юсупов баш болгон расмий адамдар барып, Ысакбек менен жолугушушат. Андагы маек, сүйлөшүүлөргө күбө болгон А.Дубанаевдин айтуусуна караганда, эки республиканын жетекчилери тең Ысакбекке негизинен "бизге иштеп бериңиз" дегендей сунуш, өтүнүч менен кайрылышып, аны ынандырууга далалат кылышат. Бирок, учурунда генералдын адъютанты алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн жете түшүнө бербей, тек гана болжоп билген. Ал "бизге иштеңиздин" жөн-жайы мындай. Бу кезде расмий Москва Чыгыш Түркстанда төңкөрүш уюштуруп, Чан Кайшинин гоминьданына сокку уруп, регионду өз алдынчалыкка чыгарып, бөлүп алуу боюнча жашыруун планын биротоло бекемдеп, аныктап койгон болчу. Мындай үлкөн операцияны жүзөгө ашыруу үчүн Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан атайын аскер отряддары түзүлүп, Чыгыш Түркстанга жашыруун жөнөтүлмөк да, анан алар ал жерде көтөрүлүш отун жагып, көтөрүлгөн жергиликтүү элге көмөк көрсөтмөк. Сыягы, Кремлдеги саясый бюро операцияны жүргүзүүнү Мамлекеттик коопсуздук эл комиссариатынын (НКГБ) мойнуна жүктөп эле тим болбой, союздук үч республиканын жетекчилигине да катуу дайындап, жоопкерчилик тагып, кадимкидей "соцмелдеш" уюштурган сыяктанат. Ал эми буга чейин эле мыкты аскер башчы катары бүтүндөй Чыгыш Түркстан чөлкөмүнө таанымал, анан калса элдик адам катары да аты алыска кеткен Ысакбектин кайсы бир отрядга башчылык кылышынын өзү эле ал отряддын жарым жеңишине тете болчу. Казак, өзбек жетекчилери ошон үчүн ага үзүлүп түшүп, өздөрүнө чакырган.
Бирок, Ысакбек алардын сунушун четке кагып, "мен Кыргызстан үчүн иштейм" дегенинен жанбайт. Ошентип анан кыргыз жетекчилери - Кыргыз ССР КП БКнын биринчи катчысы А.В.Вагов, Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Т.Кулатов Алматыга барып, аны Фрунзеге алып келишет. Төрөбай Кулатовдун байбичеси, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан 80 жаштагы (китеп 2006-жылы чыккан - А.Ч.) Салима Ташыбекованын бул учурга тийиштүү эскерүүсүн кыстара кетели:
- Согуш учурунда өкмөт адамдары түнкү саат 2-Зтөргө чейин иштешчү. 1943-жылдын жазы болуш керек. Мен уктап калган экенмин. Түн бир оокумда үйдө кобур-собур чыгып калды. Турсам, залда Төрөбай абышкам менен аскер кийимчен бир киши сүйлөшүп отурушуптур. А кишинин жанында 3-4 жаштардагы кичинекей бала да бар экен. Чай койдум. Абышкам анан: "Генерал Ысакбек Мониев деген ушул киши болот", ­ деп тааныштырды. "А бул баланын апасы кайда?" ­ десем: "Аны сурабай эле кой, кийин билесиң", ­ деп койду. Көрсө, ал Ысакбек аксакалдын Абдыкайым деген уулу экен. Апасы Кытайда калып, Ысакбек баласын алып качып келиптир. Кийин аялы Турганбүбү да Бишкекке келди. Катташып жүрдүк, ­ деп эскерет С.Ташыбекова.
Мындан айгине болгондой, генерал Ысакбек Төрөбай Кулатов менен иш боюнча эле эмес, жеке адамдык мамиледе да ысык болуп, өмүрү өткөнчө катташып турган.
Дегеле ошол келишинде Кыргызстан жетекчилиги генералды өтө жылуу тосуп алат. Борбор шаардын четинде жайгашкан өкмөттүк дачада сый тамак уюштурулуп, ошол учурдагы кыргыздын "мен" деген өнөрпоздору Ысакбектин урматына концерт беришет. Шаардын чок ортосунан (азыркы Байтик Баатыр көчөсүндөгү Биринчи май райсоту жайгашкан жер) жер там берип, күлүк ат тартуу кылышат (жээрде кашка ал атты карап, бакканга өзүнчө адам дайындалып, ага өкмөт айлык төлөп турган. Ысакбек Бишкекке келген сайын атын сылап-сыйпап, анча-мынча минип калчу экен).
Ысакбек андан соң сентябрь айында СССР борбору Москвага сапар тартат. Бул Ысакбектин Москвага алгачкы сапарыбы же мурда да барып жүргөнбү бизге караңгы. Андан кийинки жылы да СССР борборунда болуп кайтканы бар. Анын бул сапарларынын аки-чүкүсү боюнча кенен-кесир маалымат жок. Эл арасында тек гана "Сталинге жолугуп, сүйлөшүп келген" деген аңыз кеп айтылып калган. Ал эми анын СССР империясынын анабашы Иосиф Сталинге жолугуп келгендигин төмөндөгү фактылар кыйла бекемдейт. Ысакбектин аялы Турганбүбү Фрунзеге келгенден кийин аны менен жакын курбу болуп жүргөн аял, кыргыздардан алгачкы акушер-гинеколог, медицина илиминин кандидаты, азыр Бишкек шаарында жашап жаткан 82 жаштагы (китеп мындан эки жыл мурда чыккан - А.Ч.) Жумаш Мамытованын мындайча эскергени бар:
- 1949-жылдын апрелинде Ысакбек Фрунзеге келди. Жолугуп, үй-бүлөбүз менен чогуу болдук. Ошондо: "Согуш убагында Кремлге барып, Сталиндин кабыл алуусунда болгон элем. Тито менен "Метрополь" мейманканасында бир жатып, эртели-кеч аңгемелешип жүргөнбүз. Ошондо эле анын Советтер Союзуна карата ою анча жакшы эмес экендигин байкаган элем", ­ деп бир айтканы эсимде. ("Агым" гезити, 2002-жыл, 8-январь).
Ысакбек мында Югославиянын элдик баатыры, кийин президенти болгон маршал Иосип Броз Тито жөнүндө кеп кылып атат. Чындыгында эле Тито да согуш учурунда Москвага келип, Сталинге жолуккан. "100 знаменитых политиков" деген китепте (В.Мирошников, Д. Мирошникова, Харьков ш. "Фолио" басм., 2004-ж.) ал мындайча баяндалат: "Известно, что Сталин был озабочен судьбой Тито. Когда опасность миновала, он в качестве дара Президиума Верховного Совета СССР передал югославскому герою золотую саблю. А вскоре состоялась первая встреча югославского и советского лидеров. 19 сентября Тито тайно на советском самолете был переброшен в Москву. Результатом стало выделение югославом танковой бригады, двух авиационных дивизий и другого вооружения. Однако почти сразу после освобождения 20 декабря 1944 г. у Тито со Сталиным произошла "отдельными инцидентами и неправильными поступками некоторых офицеров и солдат Красной Армии в Югославии".
(Уландысы бар)
Даярдаган
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо"












??.??