"Чыгышэлектр" акционердик коомунун башкы директору Мухамеджанов Рыскул Камалович менен маек
Электр энергиясын үнөмдөө зарыл
­ Рыскул Камалович, сиз жетектеп жаткан "Чыгышэлектр" акционердик коому, элди электр энергиясы менен камсыздоо багытында кандай иштерди аткарып жатасыздар?
­ Биздин жамаат бүгүнкү күндө Ысык­Көл жана Нарын облусунун аймагын электр энергиясы менен тейлейбиз. "Чыгышэлектр" акционердик коомунун карамагында 14 райондук электр ишканалары бар. Баарыбызга маалым болгондой быйылкы жыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгонуна байланыштуу, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы келип чыкты. Кыргыз Өкмөтүнүн № 416 токтомунун негизинде ар бир районго, мекеме­ишканаларга белгиленген лимитти сактап, электр энергиясы берилип жатат. Өткөн жылдын октябрь айынан 1­январга чейин 18,5 млн. кВт/саат электр энергиясын үнөмдөөгө жетиштик. Эл дагы туура түшүнүп, электр энергиясын үнөмдөөгө аракет кылып жатышат. Жаңы жылдык майрамда электр жарыгын үзгүлтүксүз берип турдук. Ал эми азыр белгиленген график боюнча электр жарыгы өчүрүлүп, лимит сактоого чоң маани берилүүдө. Мен ойлойм, кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.
­ Азыр бардык мекеме­ишканалар 2008­жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатат, сиздердин ишкана үчүн өткөн жыл кандай болду?
­ 2008­жыл биздин "Чыгышэлектр" акционердик коому үчүн ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Анткени, пайдаланган электр энергиясынын акысын жыйноонун көлөмү көбөйүп, 2007­жылга салыштырганда 80 млн. сом ашыкча жыйналды. Тагыраак айтканда 681 млн. сом акчаны чогултууга жетиштик. Ал эми электр энергиясын жоготуулардын көлөмүн азайтуу боюнча да бир топ иштер аткарылды. Мисалы, мурдагы жылы электр энергиясын жоготуу 36,4%ды түзгөн болсо, 2008­жылы 32,7%га түшүрдүк. Быйылкы жылы мындан да төмөн түшүрүүгө иштиктүү чаралар көрүлүп жатат. Ошону менен бирдикте дебитордук карыздарды өндүрүү жаатында натыйжалуу иштер болду. Анткени, 2007­жылга салыштырганда 2008­жылы дебитордук карыздардын көлөмүн эки эсеге кыскартууга жетиштик. Учурда дебитордук карыздар 46 млн. сомду түзөт. Негизинен карыздар бюджеттик мекеме­ишканаларга тийиштүү. Өткөн жылы коммерциялык, техникалык жоготуулардын көлөмүн азайтуу боюнча атайын иш­ пландарды иштеп чыгып, анын натыйжасында жакшы көрсөткүчтөр жаралды.
­ Быйылкы кыш мезгилине даярдыктар кандай болду, ушул багытта аткарылган иштерге дагы токтоло кетсеңиз?
­ Өткөн жылы кышка карата даярдыктарды тээ жай мезгилинде эле баштап, жаңы подстанцияларды, электр линияларды курдук. Нарын аймагында бир чоң объектини куруп, пайдаланууга бердик. Швейцариялык программа боюнча 280 млн. сомдук грантты утуп алып, энергетика тармагы боюнча көптөгөн жумуштар аткарылды. Өзүбүздүн каражаттан 14 млн. сомдук подстанция куруп бүткөрүп, 35 кВт. линия 3 чакырым аралыкка тартылды. Ошондой эле беш чакырым аралыкка кабелдик линия орноттук. Быйылкы жылы дагы жаңы электр линияларын орнотуу белгиленген, азыр ушул багытта адистер эмгектенүүдө.
­ Электр энергиясын мыйзамсыз уурдоого бөгөт коюу максатында кандай аракеттер көрүлүүдө?
­ Электр энергиясын уурдоого каршы өткөн жылы ар тараптуу иш­чараларды карап, 15 млн. сомдук каражат бөлүп, электр эсептегичтерди алмаштырып, жаңы үлгүдөгү эсептегичтерди үйлөрдүн короосуна орнотууга жетиштик. Мисалы, Каракол шаары боюнча 10 миң жаңы үлгүдөгү эсептегичтер орнотулду. Андан сырткары Тоң, Ак­Суу райондору боюнча толугу менен жаңы электр эсептегичтери менен камсыз болушту. Мындай аракетибиз өз жемишин берип, пайдаланган электр энергиясынын акысын чогултуу бир кыйла көбөйдү. Эгерде фактыларга кайрыла турган болсок Тоң району боюнча пайдаланган электр энергиясынын акысын чогултуу 114 пайызга жогорулады. Ал эми Ак­Суу районунда болсо 104 пайызга, Каракол шаарыныкы болсо 101 пайызга көбөйдү. Ошондуктан эсептегичтерди алмаштыруу оң натыйжаны бергендиктен, быйыл Түп, Ысык­Көл, Жети­Өгүз райондорунун аймагына толугу менен жаңы үлгүдөгү электр эсептегичтерин орнотуу белгиленген. Андан сырткары энергетика тармагын өнүктүрүү максатында инвестиция алууну пландаштырып жатабыз. Анткени, электр линияларын жаңыртуу керек. Азыр рынок шартында өзүбүз дагы ар тараптуу изденип, кызмат көрсөтүүнүн бир нече түрүн көрсөтүп жатабыз. Мындай аракетибиздин натыйжасында "Өткөн жылы 6,5 млн. сомдук жумуш аткарып, киреше таптык. Тапкан кирешебизге 10 жеңил автоунааларды сатып алып, техникага муктаж болгон райондук электр тармактар ишканаларына бөлүп бердик. Ошондой эле байланыш тармагы боюнча дагы бир топ иштер аткарылды. Каракол, Ак­Суу, Түп, Жети­Өгүз тармактар ишканаларынын имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүп бердик. Быйылкы жылы калган райондордогу электр тармактар ишканаларын сапаттуу ремонттон чыгарып, кызматкерлердин өндүрүмдүү иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп бергенге аракеттенип жатабыз. Үстүбүздөгү жылы электр энергиясын жоготууну 28 пайызга чейин төмөндөтүү милдети коюлган, азыр ушул багытта дагы жигердүү аракеттер болуп жатат.
­ Бүгүнкү күндө "Чыгышэлектр" акционердик коому тейлеген аймакка суткасына канча электр энергиясы керектелүүдө?
­ Бизде белгиленген лимит бар, ошонун чегинде электр энергиясын элге берип жатабыз. Азыр кыш мезгили болгондуктан электр энергиясын пайдалануучулар арбын экени талашсыз. Бир суткасына 3 млн. 208 миң кВт/саат электр энергиясын пайдаланууда. Бизге облустун губернатору Исаев Кыдыкбек Шайдинович көп жардам берип жатат. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү менен электр энергиясын туура пайдалануу боюнча тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз. Айыл өкмөттөрүнүн кызыкчылыгын жаратып, эгерде бир дагы электр энергиясын уурдоо катталбаса, пайдаланган электр жарыгы үчүн акылар толук жайналса, 100 миң сомго чейин акча каражатын берүү каралып, колдоолор көрсөтүлүүдө.
­ Трансформаторлорду оңдоодо запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилип жатат?
­ Азыркы рынок шартында запастык бөлүктөрдүн баасы да улам жогорулап жатат. Өткөн жылы трансформаторлорго майларды запастык тетиктерди сатып алууга өзгөчө көңүл буруп, арбын каражат бөлдүк. Кыш мезгилинен кыйналбай чыгууга зарыл болгон запастык бөлүктөр, электр зымдары, майлар жетиштүү деңгээлде камдалган. Нарын облусунун аймагындагы трансформаторлорго 50 тонна май, ал эми Көл өрөөнүнө 30 тонна майды даярдап койгонбуз. Ошондой эле трансформаторлорду өзүбүздүн ишкананын базасында оңдоочу цех уюштуруп, ошол жерден оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мурдагыдай Бишкекке алып барып оңдоо түйшүгүнөн арылдык. Өткөн жылы эле өз күчүбүз менен 89 трансформаторду сапаттуу ремонттоого жетиштик. Ошону менен бирдикте бир топ каражатты үнөмдөөгө мүмкүн болду.
­ Эми сиздердин ишкананын карамагында жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып жаткан жамааттар, алдыңкы кызматкерлер тууралуу дагы айта кетсеңиз?
­ Биздин тармакта көп жылдан бери иштеп, жакшы ийгиликтерди камсыз кылган алдыңкы адистер, жамааттар арбын. Мисалы, Тоң, Ак­Суу, Каракол, Ак­Талаа райондук электр тармактар ишканалары бардык тармактар боюнча көрсөткүчтөрү жогору болуп жатат.
­ Рыскул Камалович, куруп берген маегиңизге чоң ракмат.

Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".