Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директору Жеңишбек Чынаев:
"Тарых музейи-улут сыймыгы"
- Оң көрсөңүз, сөздү мен баштап берейин. Ырым болсун, жакшысынан баштайын. Кыргыз мамлекеттик тарых музейине алгачкы ийгиликтердин, түзүүчүлүк кадамдын, келечектүү иштердин шарапаты, жышааны баш бакты.
АКШнын мамлекеттик департаментинин алдындагы маданият мурастарын сактоо боюнча Элчинин фондусунун колдоосу менен "Кыргызстандын абалкы алтындарын" ачык көргөзүү фондусун ачтык. Бул эми кыргыз көчмөндөрүнүн маданиятына кызыккандарга жана улутубуздун тарыхын ыйык туткандарга арналган чоң окуя болду. Бүгүнкү күнү баалуу металлдардан жасалган 400гө жакын буюмдар тарых музейинде сакталууда. Алардын катарында эрте темир дооруна таандык сейрек учуроочу көрүстөндөрдөн табылган сак, гунн, түрк дооруна мүнөздүү болгон жана буддалык маданияттын искусство үлгүлөрү бар. Алар менен катар музейде күмүш буюмдар, Караханийлер доорунун (Х-ХII к.к.) алтын динарларынын үлгүлөрү турат. Коллекциялар көптөн бери көрүүчүлөргө көргөзүлгөн эмес экен.
Белгилеп кетейин, бул зор окуя тарых музейинин окумуштуу катчысы Алымова Аиданын ушул маселеге арналган атайын долбоорунун негизинде көз жарды. "Кыргызстандын абалкы алтындарын" ачык көргөзүү фондусунун коллекцияларын көрүшкөн алыс, жакындан келишкен чет элдиктер, туристтер жана кыргызстандыктар ыраазы экендиктерин жашырышпады. Кыскасын айтканда, ачылган алтын көргөзмө Кыргыз мамлекеттик тарых музейин жаңы бийиктикке көтөрүп, эмгектен жаралган кадыр-барк алып келди.
Элдин батасын алдык. Музей жамааты үчүн ушул жаңылык-музей ренессансы катары кабылданды.
Дагы бир маанилүү маселени журтубузга сүйүнчүлөп кетсем, ашыктык болбос. 2008-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды түзүү" деген №31 токтомунун негизинде музейде капиталдык ремонт башталган. Өкмөттүн токтому боюнча негизги иштер үч багытта: капиталдык ремонт, имараттын ичин кайра реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды түзүү боюнча жүргүзүлмөк жана бул жумуштар 3 жылга (2008-2010-ж.ж) пландаштырылган. Алдыдагы чоң максаттарды турмушка ашыруу үчүн бизге адистер тарабынан түзүлгөн сметанын негизинде 39 млн.320 миң сом талап кылынат. Бул сумманын 18 млн.170 миңи капиталдык ремонтко түздөн-түз сарпталат. Кечирээк болсо дагы өткөн жыл үчүн акчанын өтө тартыштыгынан улам З млн. сом гана акча каражаты бөлүнүп, ага тендер өткөрүлүп, ушу тапта эң зарыл оңдоо-түздөө иштери кызуу улантылып, эмгек кызыды. Кудай кааласа, 24 жылдан бери жасалбаган ремонт иштери ыкчам жүрүп атат, образдуу айтканда "муз жарылды".
Тарых музейин өздөрүнүн альма-матери катары сезген биздин кызматкерлер, илимий жана маданий чөйрө, музейди сыйлаган элдин кеңири катмарынын кубанычы койнуна батпай турган кез. Тилегенибиз башталган жакшы иш этегине тоскоолдуксуз чыгып кетсе дейбиз.
- Ыракмат, сүйүнө турган кабарлардан турбайбы, ийгилик илгерилей берсин. Жакшы нерсе жалгыз келбейт дешет. Америкада, Италияда, Францияда, Россияда, ал түгүл Казакстанда музей байлыгын маданияттын өзөгү катары эсептешип, мамлекеттин саясатында жалпы маданият тармагынан өзгөчөлөп артыкчылыкты музей ишине беришет экен. Музей кыймылы менен туризмди бирге карашып, өнүгүү шартына, келечегине кылдат мамилв жасап, үзгүлтүксүз колдоо көрсөтөт.
- Суроонун төркүнүнө түшүндүм. Өз мамлекетинин жаралыш тарыхына, салт-санаасына, маданиятына, билим берүүсүнө, саламаттыгына кызыкпаган бийлик болбойт. Тарых музейи- мамлекеттин жүзү, намысы жана өзүн чагылдырган күзгүсү, элибиздин улуттук сыймыгы, руханий казынасы. Тарыхы жок эл болмок беле.Чынын айтпасам сөздүн касиети кетет. Көп жылдардан бери республикадагы бардык музейлерди айтпайын, өлкөбүздөгү бирден-бир баш музей, 80 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын тарыхын "жонуна" көтөрүп келген, 100 миңден ашык реликвиялык, раритеттик маанидеги, башка жерден кездешпеген, не деген эл көрө элек экспонаттарды сактап келген, Борбордук Азия гана эмес, эски Союзга аттын кашкасындай таанымал элиталык музейге зарыл деңгээлде көңүл бурулбай калганы чын. "Ооруган адамдын абалын сураса, жеңилдейт" дегендей тарых музейинин ишин, кечээгисин, бүгүнкүсүн, келечегин, эмгек жамаатынын жашоо-тиричилигин сурагандар азайып кеткен же унутулган.
- Жеңишбек Чынаевич, капиталдык ремонттун алгачкы кадамы жасалып жатыптыр. Ар бир жумуш кээде канчалык жүгүрсөк да сааты чыкканда башталат. Мындай зор мааниси бар, көп каражат талап кылган, тагдыры ташты жарган ири жумуштардын демилгечиси, данакери, мындайча айтканда ак жолтою болот да. Анын үстүнө узак жылдар бою капиталдык ремонт эмес, кезектеги ремонт жасалбаса, көңүл бөлүнбөй келсе…
- Албетте, Өкмөттүн токтомунун чыгышы да маанилүү маселе, иш башы дегендей. Кыргыз айтат: "баланын туулганына эмес, турганына сүйүн"-деп. Токтомдордун аткарылбай жаткандары канча? Кандай болгон күндө да министрибиз Султан Акимовичтин мен жогоруда айткандай "муз жаргыч" болгонун эч кимибиз тана албайбыз. Оркестрдеги биринчи скрипач өзү болду, ракмат ага! Бирок ушул маселеде "топ бузар", дайыма тажатма жымжырттыкты биринчи бузган, пленардык жыйындарда ар бир сөзү мээңди көзөп өткөн, белгилүү депутат, "ак жолчу", сенаторлор өздөрү айткандай арамдык менен кемчиликке кыргыйдай тийген Жунусов Ибрагим Кожоназаровичтин таасири өзгөчө.
Өткөндө маданият кызматкерлеринин майрамында чыгып сүйлөп: "маданият кызматкерлери үчүн турганым-турган, алардын адилет таламдарын талашканым-талашкан!"-деп шар айтып, баарыбызды кызуу куттуктап, олтургандардын батасын алды. Башында эскерткен 3 млн. сомдун бөлүнүшүнө, 2009-жылдын бюджетинен капиталдык ремонтту үзгүлтүксүз улантууга каражаттын каралышына да Эл өкүлү, маданияттын аки-чүкүсүн ийне-жибине чейин жакшы билген Жунусов Ибрагим Кожоназаровичтин жасап жаткан иши баарыбызга дайын, көкүрөктө турат. Кубанганым - өткөндө министрибиз Султан Акимовичтин кабыл алуусунда болгонумда "2009-жылга 15 миллион сомдон кем каражат бөлүнбөйт, бул маселеге улам-улам кайрыла бербей, Өкмөттүн токтомун сый-урмат менен аткарып, бир жылда капиталдык ремонтту ийгиликтүү бүткөрөбүз, анан жаңы экспозицияга киришебиз"-деди. Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Ибрагим Кожоназарович менен Султан Акимовичтин, депутат менен министрдин бүгүнкү камкордугу, биргелешкен аракети маданияттагы тандемдей таасир калтырды.
- Күттүрбөй жаз да келер, анын сыңарындай капиталдык ремонт, ички имараттын реконструкциясы жана жаңы экспозиция түзүү маселеси аманчылык болсо, бүтөр жагына өтүптүр. Менин билишимче, музейди жаңы бийиктикке, эл аралык музей стандартына көтөрүү максаты анда иштешкен илимий жана инженердик-техникалык кызматкерлердин дараметине, музейдеги ар кандай деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилигине көз каранды болот эмеспи.
- "Бардыгын коюп, Манасты айт"-дегендей, кадр маселеси каягынан карабагын өйдө турат, бул талашка түшчү жагдай эмес. Туңгуч музейдин биринчи директору жана анын этнография бөлүгүн негиздеген белгилүү окумуштуу-этнограф С.М.Абрамзондон баштап, анын пайдубалын түптөшкөн, элге эмгеги сиңген, таанымал окумуштуу тарыхчылар, музей патриархтары С.Керимбеков, К.Үсөнбаев, К.Антипина, В.Галицкийлер болушкан. Аны көпчүлүк эл билет. Ошондой эле музей ишине үзгүлтүксүз эмгектерин жумшашып, азыр да жаштардан кем калышпай, маңдай терлерин төгүшүп, кызмат кылып келатышкан биздин корифейлер: Т.Ибрагимова, Б. Абасканова, Н.Притеева, А.Исаева сыяктуу урмат-сыйга татыктуу ардагерлер, А.Исралиева, С.Сансызбаева, А.Алымовага окшогон музей ишин мыкты билген азаматтарыбыз "Устундун оор башын" көтөрүшүп, музейдин атын чыгарып жатышат.Музейде азыр келечеги бар жаштарыбыз да жок эмес. Алар дагы жандуу иштөөнүн жагымдуулугун сезип калышты. Менин көздөгөн максатым, аларды санап жатканым - мына ушулар Кыргыз мамлекеттик тарых музейин өз учурунда Борбордук Азиядагы эң мыкты музейлердин катарына кошушкан. Айтмакчы, күтүрөгөн СССР бар эле ал убакта. Демек, музейдин кадрдык дарамети дайыма жогору болуп келген. А бүгүнчү? Бүгүн маселе өтө көп, чечилбеген маселелер "куржун толо". Мен айтчу проблемаларды чечүү-музей кызматкерлеринин, анын жетекчилигинин компетенциясына кирбейт. Өлкөбүздө бир да жогорку окуу жайы музей адистерин даярдабайт. Бизде азыр "кадрдык ачкачылык" өкүм сүрүп турган кез.Тарыхчылар иштесе жол ачык, бирок алар да келишпейт. Математигин, биологун, геологун да жумушка алат элек, музейди каалап турса, тилекке каршы, каалоочулар табылбады. Башкы себеби - кечээ келген жаш илимий адистин айлыгы менен 30-35 жыл иштеген тажрыйбалуу профессионалдын маянасы бирдей деңгээлде, ал 1,8 миң сомду түзөт. Инженердик- техникалык кызматкерлердин айлыгы 1,1 миң сом. Ал эми бүгүнкү бир адамдын керектөө корзинасы 3423 сом болуп жатпайбы. Салыштырыңыз, анан калыстыгыңызды айтарсыз. Ошол 1,8 миң сомго адис эртең менен саат 9.00гө келип, кечки саат 6га чейин иштөөгө милдеттүү, антпесе эмгек тартиби бузулат, КЗоТто ошондой. Ал эми Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн шыпыргычы айына 6 миң сом айлык алат. Эртең менен келет, шыпырат, заматта кетет. Кудайды карасак боло? Ушундай да мамиле болобу музейге?
Музей кадрлары республика боюнча кайра даярдалбайт, андай мүмкүнчүлүк жок. Мугалимдер, врачтар, финансисттер, жергиликтүү өзүн-өзү башкарган адистер 3-5 жылда бир ирет кайрадан билимдерин көтөрүүгө милдеттүү, антпесе мезгилдин талабынан артта калышат, адистигин жоготуп алуу коркунучу пайда болот.Музейдеги жаш кадрларды турак-жай менен камсыз кылуу бузула элек дың сыяктуу. Сөз кылуунун өзү ыңгайсыз. Мугалимдерге, врачтарга, мамлекеттик кызматчыларга, милицияда иштегендерге, журналисттерге турак-жай маселесин чечип берүүгө толук колдоо көргөзүлүп, аткарылып да жатат. Музей кызматкерлерине болбойт, аны ойлонгон, маселе койгон, ыйлап- сыктаган киши жок. Азыркы мезгилде, рыноктук шартта социалдык менталитетти караңыз - айлана-тегерегиң, жүрөгүң, кыймылың, кызматың, оокатың, кадыр-баркың акчага айланганда, акча менен эсептелгенде жеке кызыкчылыгыңдан музейдин кызыкчылыгын өйдө кой, патриот бололу, эл үчүн иштеп коелу деген ураандар бери алганда жылмаюуну пайда кылат экен. Ошондой эле орун басарлардын, бөлүм башчылардын ишмердигинде айлыктын, материалдык-техникалык базанын өтө начардыгынанбы, музейге маани берилбей калганданбы, айтор эргүү, чыгармачылык дух байкалбайт. Мезгил күндө өзгөрүп барат, музей баягыдай эле эски ордунда, эски стереотиптер, эски ыкмалар.
Бирок, толгон-токой проблемалардын казанында кайноо менен музейдин ишин бир кадам да артка кетирбей, тырмышып, бар- жокту билдирбей, өжөрлүк менен алга жылып жатабыз. Кызматкерлерде оптимисттик дем, ишеним бар, себеби министр Султан Акимович айлыкты көбөйтүү тууралуу маселеге өзү демилге көтөрүп, иштин жүрүшүнө өзү баш-көз болуп, жетектеп жатат. Мээнетибиз жанып калар. Дагы бир жолу эскерте кетчү жагдай, Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кызматкерлеринин айлыгынын өлчөмү- Кыргыз Республикасынын бардык мекемелеринин ичинен эң эле азы, эң эле төмөнкүсү. Сөздү түз айтсак, боор ооруй турган жагдай. Муну жогору жактагылар бардыгы аксиома катары билип калышты.
Мен бир топ "чачылып-жыйналгандан", кейип-кепчигенден кийин ушундай бүтүмгө келдим. Мындан ары: "Музей начарлап кетти", "Оңбой калдык", "Жардам бербей жатышат", "Бизди унутуп коюшту", "Кокуй эле кокуй" деп пессимисттик дайрага чөгө бербей, алдыга амбициялык пландарды, программаларды түзүү аркылуу гана Маданият жана маалымат министрлиги, Жогорку Кеңеш, Өкмөт менен зарыл маселелерди чечүүгө болоруна көзүм жетти. Ал жакта деле кыргыз маданияты өнүксө экен деген эл башчылар бар экенин сезем. Болгону чарчадым, чаалыктым дебей бара беришим керек. Муну жетекчинин азабы, шору деп кабылдадым.
- Сизди түшүнүп турам, Жецишбек Чынаевич! Абал өтө оор, аянычтуу экен. Ага карабастан музей кызматкерлери айлык аз, жашоо начар, көңүл чөгүңкү дебестен, өзүңүз айткандай кыйынчылыкка моюн сунбай, "арабаны тартьт" жатышы азаматтык .
- Эми минордук нотадан чыгып, азыноолак жасаган иштерибиз туурасында айта кетейин Исралиева Анаркүл Ыбыкеевна жетектеген илимий- экспозициялык бөлүм кыска мөөнөттүн ичинде эле өлкөбүзгө кадыр-баркы чоң, белгилүү инсандар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Т.Кулатовго, И.Ахунбаевге, А.Масалиевге жана 1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө арналган убактылуу көргөзмөлөрдү уюштуруп берди. Анаркүл Ыбыкеевна баштаган илимий кызматкерлер Кызыл-Кыяда, Лейлекте жаңы экспозицияларды түзүшүп, Президенттин, Маданият жана маалымат министринин алкышына татыктуу болушту. Ушу тапта экспозициялык топ белгилүү жазуучу, теңдешсиз талант, планетардык деңгээлдеги гигант инсан Чыңгыз Айтматовдун юбилейлик көргөзмөсүн түзүүнүн үстүндө кызуу иштеп жатат. Исралиева Талас областынын Кара-Буура районундагы Ч.Айтматовдун киндик каны тамган кичи мекенинде - Шекерде музей экспозициясын жасоону аяктап калды. Республикалык деңгээлде музей иштери, балдар музейлерин түзүү, аларды өнүктүрүү боюнча Россиянын Самара шаарынан өзүбүз чакырган белгилүү музей адиси Л.М.Савченко менен бирге пайдалуу семинар өткөрүлдү. Албетте, музейдин окумуштуу катчысы Алымова Аида Кадыровнанын демилгелүү аракетин айта кетүү жөндүү. Илимий иштерге талап жанданды. Эмгек жана аткаруу тартибинде бир топ жылыштар болуп жатат. Иш өндүрүшүнө, документтерге болгон мамиле, нормативдик актыларга, инструкцияларга, жоболорго өзгөчө маани берүү жакшырды. Кызматкерлер менен инструкциялык окуулар пландаштырылды. Жоопкерчилик сапатына көнүктүрүү иши жолго коюла баштады. Эскертейин, айрым бөлүм башчыларда, белдүү илимий кызматкерлерде бир топ демилгелүү иштер, музейге болгон аяр мамиле жандана түштү. Кайсы гана мекеме болбосун, биринчи иретте ишти системага салуу керек, ансыз ийгилик жаралбайт. Өз казанында кайнай бербей, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн музей иштери менен байланышты чыңдоо максатында биздин окумуштуу катчыбыз Москвага, Сеулга, Душанбеге барып келди. Албетте, бул багыттагы иштердин кайтарымы болоруна ишеничибиз чоң.
- Жеңишбек Чынаевич, сөзүбүздүн этегинде алдыдагы аткара турган негизги маселелер туурасында эл-журтту кабардар кылсак.
- Биринчи маселе - капиталдык ремонтту аягына чыгаруу, ал үчүн 2009-жылдын бюджетинен 16 миллион сомду Жогорку Кеңештин жана министрликтин жардамы менен бөлүштүрүүгө жетишүү. Менин милдетим- тынбай кыймылда болуу, тынчтыкты бузуу, эшик жыртуу, өтүнүү. Кыргызстандын тарыхын толук чагылдырган жаңы экспозицияны түзүү максатын камтыган концепцияда проблемалар көп болгондуктан, алардын үстүндө жумушчу топ менен иштөө. Музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү багытындагы бардык варианттарды эске алуу менен маданият жана маалымат министринин көзөмөлү аркылуу аракеттенүү, жыйынтык чыгаруу. 2009-жыл үчүн музейди башкаруунун жаңы структурасын эмгек жамаатынын активдүү катышуусу менен, алардын сунуштарынын негизинде талкуулап, ийкемдүү структураны түзүп, бекитип алуу.

Т.Темиров, "Эркин Тоо".