КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ
ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2008-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган


1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде аныкталган адамдын дин тутуу эркиндигинин укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле диний иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча маселелерди жөнгө салууга, диний уюмдардын укуктук абалын, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын белгилөөгө багытталган.
2. Ушул Мыйзам дин боюнча коомдук комитеттерди түзүү жолу менен дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте коомдук тартипти, диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргонуу камсыз кылуу үчүн дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын иш-аракети жөнүндө мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат. Мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жол берилбейт.
2. Диний абалды турукташтыруу, диний экстремисттик баш аламандыкты четтетүү, мамлекеттик (улуттук) коопсуздукту камсыз кылуу максатында диний окутуу боюнча кошумча укуктук актыларды белгилөөгө жол берилет.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
кудайга табынуу - иштелип чыккан ырым-жырым жана диний окуунун талаптары боюнча дин кызматкерлери тарабынан жасалуучу табынуу каадаларынын жана иш-аракетинин жыйындысы;
дин тутуу - салттуу табынуу тажрыйбасы бар кайсы бир динге таандык диний окуу;
диний табынуу -дин кызматкерлеринин жана динге ишенгендердин өзгөчө ырым-жырымы, иш-аракети менен туюнтулуучу ар кандай диндеги милдеттүү элементтеринин бири;
табынуу мүлкү - диний ырым-жырымдарды, каадаларды жана аземдерди жасоого зарыл предметтер, башка материалдык объектилер (имараттар, мечиттер жана чиркөө буюмдары ж.б.);
миссия - өзүнүн диний ишенимин жайылтуу максатында өлкөгө келген чет өлкөнүн диний уюму же диний уюмдардын өкүлдөрү;
миссионерлик иш-аракет - өзүнүн диний ишенимин жайылтууга багытталган иш-аракет;
зыярат кылуу - динге ишенгендердин диндин маанилүү ыйык жерлерине барышы;
прозелитизм - башка дин окууларын туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө умтулуусу;
дин - дүйнөгө көз караш жана дүйнө тааным, ошондой эле табияттан тышкаркы күчтөргө ишенүүгө негизделген тиешелүү жүрүм-турум жана өзгөчө иш-аракет (табынуу);
диний иш-аракет - динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш-аракет, диндерди жайылтуу, диний таалим-тарбия, кудайга табынуу иштерин, дуба кылуу жыйындарын өткөрүү, үгүт-насыят окуу, дин адистерин, дин кызматкерлерин окутуу, миссионерчилик, ошондой эле диний уюмдун табынуу ишин уюштуруучулук жана материалдык жактан камсыз кылууга багытталган дагы башка иш (диний адабиятты басып чыгаруу жана жайылтуу, табынуу буюмдарын жасоо жана жайылтуу, диний кызматчылар жана дин кызматкерлери үчүн тиешелүү кийим-кечек чыгаруу, дагы башка иш-аракеттер);
диний ырым-жырымдар - диний түшүнүктөр камтылган диний окуу менен белгиленген иш-аракет жыйындысы;
диний каадалар жана аземдер - ырым-жырым иш-аракеттерин жасоонун диний окууда белгиленген тартиби;
дин тутуу эркиндиги - адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу;
дин кызматкери - тиешелүү диний уюм (бирикме) тарабынан диниятчылык, имамдык, пасторлук, үгүттөөчүлүк кызматын кылууга ыйгарым укук берилген адам;
секта - негизги диний окуунун кайсы бир конфессиясынан бөлүнүп чыккан, аны менен макулдукка келбеген, коомдун кызыкчылыктарына кайдыгер караган жана каршы турган диний агым (жамаатчылык);
диний символ - белгилүү бир динге таандык атрибут же буюм түрүндөгү таанытуу белгиси.
4-берене. Дин тутуу эркиндигине укуктуулук
1. Кыргыз Республикасында ар кимге дин тутуу жана атеисттик ынаным эркиндигине кепилдик берилет.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн динге жана диний же болбосо атеисттик ынанымдарына карабастан жарандык, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында мыйзам алдында тең. Расмий документтерде жарандын динге карата мамилесин көрсөтүүгө жол берилбейт.
3. Жаран өзүнүн динге, дин тутуу же тутпоого, кудайга табынууга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга, динди окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат.
4. Жарандардын алардын динге карата мамилесине жараша укуктарын чектөө жана кандайдыр бир артыкчылыктарды белгилөө, ошого тете эле касташуу жана жек көрүүчүлүктү ойготуу же алардын динге карата мамилесине байланыштуу сезим-туюмун атайлап мазактоо, тигил же бул дин тарабынан урматталуучу табынуу объектилерин маскаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
5. Жашы жетелектерди диний уюмдарга тартууга жол берилбейт.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкө жарандары жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар эле дин тутуу эркиндигинин укугунан пайдаланышат жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
7. Башка адамдардын эркиндигин жана укугун, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу максатында Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарына чектөө коюуга жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктин жана укуктун маңызы козголбошу керек.
8. Диний уюмдардын иш-аракети адамдардын укугун жана кадыр-баркын кемсинтпеши, социалдык жана гендердик дискриминацияны пропагандалабашы керек.
9. Диний уюмдар, миссиялар жана алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салган иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
10. Өздөрүнүн диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча эч ким мыйзамдарда белгиленген жарандык милдеттерди аткаруудан четтөөгө укугу жок. Диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча бир милдетти башкасына алмаштырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
5-берене. Мамлекет жана дин
1. Мамлекеттин дин тутуу чөйрөсүндөгү саясаты төмөндөгүдөй принциптерде курулат:
- Кыргыз Республикасы - диний уюмдардын жана динге табынуу кызматкерлеринин мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине кийлигишүүсүнө жол бербеген лайык мамлекет;
- эч кандай дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес;
- диний уюмдардын диний окуусу жарандар үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эмес;
- бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында тең;
- мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси руханий, маданий, мамлекеттик жана улуттук салттардын калыптанышына таасир этишин эсепке алуу менен мыйзам аркылуу жөнгө салынат.
2. Мамлекет дин туткан жана аны тутпаган жарандардын ортосунда, ар кандай диндерди туткан диний уюмдардын ортосунда өз ара сабырдуу жана бирин-бири сыйлаган мамилелер орношуна көмөк көрсөтөт, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда диний радикализмге жана экстремизмге, мамилелерди кагылыштырууга жана курчутууга, диний касташууну тутантууга багытталган иш-аракетине жол бербейт.
3. Диний уюмдардын жана диний табынуу кызматчыларынан мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кандайдыр бир басым жасаган, Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарын бузган ар кандай аракети мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
4. Бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого (прозелитизм) багытталган иш-аракетке, ошондой эле ушул багыттагы ар кандай мыйзамсыз миссионердик ишти жүргүзүүгө тыюу салынат. Ушул эреженин бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
5. Эгерде ал мыйзамдарга каршы келбесе, мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишпейт, бир динди же дин тутууну башкалардан кайсы бир жагынан артыкчылыктуу же чек коюлган деп белгилөөгө жол бербейт, диний уюмдардын ишин жана атеизмди пропагандалоо боюнча ишти каржылабайт.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өткөн учурда дин адамы катары табынуу кызматчыларынын иши ушул мөөнөткө токтотулат.
7. Кудайга табына турган жерлерде чогулуш, митинг, шайлоо алдындагы үгүттөө, саясый мүнөздөгү дагы башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт.
6-берене. Билим берүү жана дин
1. Ар кандай түрдөгү жана деңгээлдеги билим алуу адамдарга алардын динге карата мамилесине карабастан берилет.
2. Диний окуу жайларын кошпогондо, билим берүү мекемелеринде диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар балдарга жана чоң кишилерге диний билим берүү үчүн уставдарына ылайык өзүнүн менчик каражаттарынан финансылануучу өздөрүнүн менчик имарат-жайларын пайдалануу менен диний окуу жайларын түзүүгө жана күтүүгө акылуу.
4. Диний уюмдар дин кызматкерлерин жана аларга зарыл диний кызматчыларды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте диний окуу жайларды ачууга акылуу.
5. Жогорку жана орто диний окуу жайларда окуу үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жалпы орто билим алган жарандар кабыл алынат.
6. Диний окуу жайларда дин сабактарын окуткан адамдардын тиешелүү документтер менен күбөлөндүрүлгөн атайын диний (духовный) билими болууга жана өз ишин өздөрү турган диний уюмду башкаруучу тиешелүү органдын макулдугу боюнча ишке ашырууга тийиш.
7. Диний сабактарды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жеке тартипте берүүгө тыюу салынат.
8. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, жалпы билим берүү мүнөзүндөгү дин таанытуучу сабактарды мамлекеттик окуу жайлардын программасына киргизсе болот.
9. Диний билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан окуу жайлардын бардык укуктарынан жана милдеттеринен пайдаланышат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен диний уюмдардын өз ара мамилеси
1. Динге ишенген аскер кызматчылары менен мамлекеттик органдардын өз ара мамилеси "Жалпыга бирдей аскердик милдеттер жөнүндө" жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Аскер кызматчылары өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын динге карата тигил же бул мамилени пропагандалоо үчүн пайдаланууга укуксуз.
2-ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ДИНИЙ УЮМДАРДЫ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮН ДИНИЙ УЮМДАРЫНЫН МИССИЯЛАРЫН ТҮЗҮҮ
8-берене. Диний уюмдар
1. Кыргыз Республикасында диний уюмдар деп биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, каадаларды жана аземдерди өткөрүү, диндик агартуу жана өзүлөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмелери (диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, табынуу үйлөрү, монастырлар ж.б.) таанылат.
2. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу салынат.
Каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт.
4. Тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн алардын борбордук бирдиктүү башкаруу органдары - диний башкармасы, союздары, конференциялары ж.б. (мындан ары - борбордук башкаруу органдары) түзүлсө болот.
Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн тиешелүү конфессиялардын диний уюмдары тарабынан эсепке алуу каттоосунан өткөн уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б. ) тарабынан түзүлөт.
Жетектөөчү борборлору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жайгашкан диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген учурларда гана өз ишинде жогору турган борборлордун уставын жетекчиликке ала алышат.
5. Бирдиктүү дин туткан ондон кем эмес диний жамаат болсо, мында жок дегенде булардын бирөө Кыргыз Республикасынын аймагында кеминде он беш жылдан кем эмес өзүнүн иш-аракетин жүргүзсө диний бирикме түзүлөт.
6. Чет өлкөлүк диний уюмунун миссиясы деп, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жетекчөөчү борборлору же жетекчилигинин курамында чет өлкө жарандары бар уюм аталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсепке алуу каттоосунан өтпөгөн миссиялардын иштешине жол берилбейт.
Миссиялар өздүк түзүмүнө ылайык, өзүнүн уставына (жобосуна) жараша өз кызматчыларын тандап алат, дайындайт жана алмаштырат.
9-берене. Диний уюмдун уставы жана миссиялардын жобосу
1. Диний уюм же миссия уставына (жобосуна) ылайык иштейт жана Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.
Борбордук башкаруу органдары бар диний уюмдардын, миссиялардын уставдары (жоболору) жогору турган башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш.
2. Диний уюмдардын, миссиялардын уставында (жобосунда) төмөндөгүлөр камтылышы керек:
- диний уюмдун, миссиянын аталышы, жайгашкан жери, түрү жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан аймак;
- кайсы динди тутканы, предмети жана максаттары, ишинин милдеттери жана негизги формалары;
- диний уюмду жана миссияны түзгөн Уюштуруу кеңешинин жана анын мүчөлөрүнүн уставдык укуктары жана жоопкерчиликтери;
- уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- ачуунун жана ишти токтотуунун тартиби;
- уюштуруу түзүмү, анын башкаруу органдары, аларды түзүүнүн тартиби, анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
- диний уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби;
- уюмдун финансы каражаттарын жана башка мүлкүн топтоочу булактар;
- иши токтотулган учурда мүлккө ээлик кылуунун тартиби.
3. Диний уюмдун, миссиянын уставында (жобосунда) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана күчүндө турган мыйзамдарына карама-каршы келген нормалар камтылышы мүмкүн эмес.
10-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдарды жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоого алуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эсептик каттоого алуу (кайра каттоого алуу) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат.
2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат:
- эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин;
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын;
- чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, курултайлардын ж.б.) протоколу;
- динге ишенүүнүн негиздери тууралуу жана ага шайкеш келүүчү тажрыйба, анын ичинде диндин келип чыгыш тарыхы тууралуу, анын ишинин формалары жана методдору жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө мамилеси жөнүндө, ушул динди жактоочулардын ден соолугуна жасалуучу мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктар жана милдеттерге байланыштуу уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр тууралуу маалыматтар;
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат;
- тиешелүү аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (өзүнүн имарат-жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имарат-жайды акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.).
3. Диний уюмдарды, ошондой эле миссияларды эсепке алуу каттоосу арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен зарыл документтерин тиркөө жана алардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш келишин текшерүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды суратып алууга жана тиешелүү органдардын корутундусун алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюмдаштыруу документтерин дин таануучу экспертизага жиберүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айга узартылат.
Диний уюмдун уставына толуктоолор жана өзгөртүүлөр диний уюмду эсепке алуу каттоосунун тартибинде жана мөөнөтүндө кайра эсепке алуу каттоосунан өткөрүлүүгө тийиш.
Диний уюмдардын дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсепке алуу каттоосунан баш тартышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
4. Эсептик каттоого алуунун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет жана диний уюм эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат.
5. Диний уюмдарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте юстиция органдары тарабынан ишке ашырылат.
11-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын (өкүлчүлүктөрүн) эсептик каттоого алуу
1. Миссия эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн чет өлкөлүк диний уюм тарабынан ыйгарым укук берилген адам дин иштери боюнча мамлекеттик органдарга арыз берет.
Арызга миссияны каттоо жөнүндө төрт нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) төмөндөгүдөй уюштуруу документтери тиркелет:
1) Миссиянын жобосунда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- миссиянын негизги максаттары жана милдеттери;
- жайгашкан жери жана анын ишинин болжонгон аймактык чек аралары;
- башкаруунун түзүмү жана жетекчиликтин ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
- каржылоо булактары жана мүлктүк мамилелери;
- миссияны жабуу тартиби;
2) миссиянын кызматчылары жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жарандыгы, туруктуу жашаган жеринин дареги жана Кыргыз Республикасындагы жашаган дареги, билими, мурда иштеген жери);
3) мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык түрдө ырасталган котормосу менен чет өлкө борборунун уставынын көчүрмөсү;
4) диний борбор өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык түрдө ырасталган реестрдин көчүрмөсүн же башка документти;
5) чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы жайгашкан жерди ырастаган документ;
6) миссиянын өкүлүнө (ишенимдүү адамына) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүп берилген ишеним кат.
Арызга ошондой эле диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси тиркелет.
2. Чет өлкөлүк диний борбор тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдардын миссияларынын жетекчилери Кыргыз Республикасында болуунун мөөнөтүн көрсөтүү менен, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосун бериши керек.
3. Миссиянын жобосунун ченемдери чет өлкөлүк диний уюмдун уставына шайкеш келиши, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеши жана жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун жетекчисинин колу, мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Жободо миссияны кайра уюштуруу же жоюу учурунда миссиянын архитектуралык, маданий жана тарыхый баалуулук болуп саналган менчиги Кыргыз Республикасынын аймагында калууга тийиштиги көрсөтүлүшү керек.
4. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган бир айдын ичинде эсептик каттоого алуу жөнүндө арызын, миссиянын уюштуруу документтерин карайт, андан кийин тиешелүү чечим кабыл алат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тапшырылган документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө жана тиешелүү мамлекеттик органдар же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюштуруу документтерин диний иликтөө экспертизасына жиберүүгө укугу бар. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
5. Эгерде эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана тиркелген документтер ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен берилсе, анда дин иштери боюнча мамлекеттик орган аларды карабастан туруп арыз ээсине кайтарат, бул жагдай ушул эле маселе боюнча бардык зарыл талаптарды сактоо менен маселеге кайра кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
6. Оң багыттагы чечим кабыл алынса, белгиленген үлгүдөгү эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилет.
Миссия эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилген датадан тартып диний ишти жүзөгө ашырууга укук алат.
7. Эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк бир жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Мөөнөт өткөндөн кийин миссия ушул беренеде белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик органда кайра эсептик каттоодон өтөт. Миссия дин иштери боюнча мамлекеттик органга ар жыл сайын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабар берип турууга милдеттүү.
8. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган, эгерде миссиянын ишинин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туулса, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери бир нече ирет бузулган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу диний таануу эксперттик тобунун корутундусунун негизинде миссиянын ишин токтото туруу жөнүндө чечим чыгарууга укугу бар.
9. Миссиянын ыйгарым укуктуу адамдары өздөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
10. Миссияны эсептик каттоого алуудан (кайра каттоодон) төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- эгерде Кыргыз Республикасында миссияны ачуу жөнүндө өтүнүч жасаган жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун максаттары жана иши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келсе;
- эгерде тапшырылган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, же ишенимсиз маалыматтарды камтыса;
- эгерде анын иши мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымат берилет.
11. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсептик каттоого алуусунан, миссиянын ишин токтото туруудан баш тартуу жөнүндө чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
12. Миссия юридикалык жак деп эсептелбейт.
12-берене. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алуу
1. Дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран (мындан ары - миссионер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алуудан өтөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында миссионердик иш-аракетти чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу бар, катталган диний уюмдун атынан келген миссионер жүргүзүүгө укуктуу болот.
Миссионер Кыргыз Республикасынын аймагында үч жылдан ашпаган мөөнөттө болууга укуктуу.
3. Миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органга эсептик каттоого алуудан өтүш үчүн арыз берет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) анкета;
2) кирүү-чыгуу визалары жол-жоболоштурулган паспорттун көчүрмөсү;
3) миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү көрсөтүлгөн, мамлекеттик же расмий тилге котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосу;
4) Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси.
4. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган бир айдын ичинде чет өлкөлүк жаранды (миссионерди) эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды карап, тиешелүү чечим чыгарат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган тапшырылган документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө, тиешелүү мамлекеттик органдар же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюштуруу документтерин дин таануу экспертизасына жиберүүгө укугу бар. Бул учурда арызды кароо дагы бир айлык мөөнөткө узарылат.
5. Каттоонун жыйынтыктары боюнча миссионерге бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү күбөлүк берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин миссионер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин иштери боюнча мамлекеттик органда кайра эсептик каттоого алуудан өтөт.
6. Эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсепке алуу каттоосунан баш тартылышы мүмкүн.
Эсепке алуу каттоосунан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул тууралуу арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабар берилет.
Бул чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
7. Миссионерлерге күбөлүктөр берилип жаткан учурда Кыргыз Республикасында болуунун тартиби, анын ичинде каттоонун тартиби түшүндүрүлөт, ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык визаларды узартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасында болуунун тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.
8. Миссионерлерге визаларды ачуу дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Тиешелүү мамлекеттик органдын уруксатысыз миссионердин эмгек же жеке ишкердик менен алектенишине жол берилбейт.
13-берене. Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу
1. Диний окуу жайлар дин иштери боюнча мамлекеттик органда милдеттүү түрдө эсептик каттоого алынууга жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсептик каттоодон өтпөй туруп диний окутууга тыюу салынат.
2. Диний окуу жайларды эсептик катоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет:
- диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы;
- уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими);
- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;
- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралуу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;
- уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү;
- тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалым кат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат;
- финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо;
- окутуучулардын сапаттык курамы.
3. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин диний окуу жайына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
14-берене. Алар мыйзамдарды бузган учурда диний уюмду, миссияны, диний окуу жайды жоюу жана алардын иш-аракетине тыюу салуу
Диний уюмдар төмөнкү тартипте жоюлат:
- алардын түзүүчүлөрүнүн же диний уюмдун уставы буга ыйгарым укук берген органдын чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ченемдери бир нече ирет бузулганда же диний уюм тарабынан өзүнүн уставдык максаттарына каршы келген иш-аракеттер дайыма жүргүзгөн учурларда соттун чечими боюнча.
2. Сот тартибинде диний уюмду жоюу, диний уюмдун, миссиянын иш-аракетине тыюу салуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти бузуу, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүш негиздерин күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттер;
- куралданган топторду түзүү;
- согушту пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук же диний араздашууларга көкүтүү, адамзатты жектөөгө чакыруу;
- үй-бүлөнү бузууга мажбурлоо жана мунун натыйжасында үй-бүлөнүн бузулушу;
- адамдын керт башына, жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине асылуу;
- жарандардын адеп-ахлагына, саламаттыгына мыйзамда каралган залалдарды келтирүү, анын ичинде алардын диний иш-аракетине байланышта баңги жана психотроптук каражаттарды, гипнозду колдонуу менен залал келтирүү, жосунсуз жана башка укукка каршы аракеттерди жасоо;
- өзүн өзү өлтүрүүгө же болбосо өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда турган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүдөн диний жүйө менен баш тартууга үгүттөө;
- милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу;
- диний уюмдун мүчөлөрүн жана диний уюмдун жолун жолдоочуларды жана башка адамдарды өздөрүнө таандык мүлктөрдү диний уюмдун пайдасына ажыратып берүүгө мажбурлоо;
- жарандын өмүрүн, ден соолугун, мүлкүн зыянга учуратабыз деп коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруунун чыныгы кооптуулугу болсо же күч колдонуу, башка укукка каршы аракеттер аркылуу анын диний уюмдан чыгуусуна тоскоолдук кылуу;
- жарандарды мыйзамдарда белгиленген жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы аракеттерди жасоого үгүттөө.
3. Диний уюмдарды эсептик каттоого алууну жүзөгө ашыруучу дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана прокуратура органдары диний уюмду жоюу же болбосо диний уюмдун иш-аракетине тыюу салуу жөнүндө сунушту сотко киргизүүгө укуктуу.
4. Жоюлуучу диний уюдун юридикалык жак катары укукка жарамдуулугу токтотулат, ал эми көрсөтүлгөн диний уюмдун мүлкү анын уставына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
5. Диний уюмду сот тартибинде жоюунун негиздери жана тартиби миссиянын жана диний окуу жайдын иш-аракетине тыюу салууга карата да колдонулат.
3-ГЛАВА. ДИНИЙ УЮМДАРДЫН, МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН МҮЛКТҮК АБАЛЫ
15-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын менчиги
1. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын менчигинде имараттар, курулуштар, табынуу буюмдары, өндүрүштүк, социалдык жана кайрымдуулук арналыштагы объектилер, акчалай каражаттар жана алардын иш-аракетин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктөр болушу мүмкүн.
2. Диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар өз каражаттарынын, жарандар, коомдук уюмдар кайыр салым катары берген (мураска калтырган) каражаттардын эсебинен алынган же түзүлгөн мүлктөргө карата, ошого тете жана мыйзамда каралган башка негиздер боюнча алынган мүлктөргө карата да менчик укугуна ээ болушат.
3. Диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар финансылык жана башка кайыр салымдарын берүү өтүнүчү менен кайрылууга жана аларды алууга укуктуу.
16-берене. Юридикалык жана жеке жактардын менчигинде болгон мүлктөрдү пайдалануу
1. Диний уюмдар, миссиялар, диний окуу жайлар аларга юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдик башталышта берген имараттарды жана мүлктөрдү өз муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу.
2. Табынуу имараттарына жана мүлктөрүнө ээлик кылууга жана аларды пайдаланууга тиешеси бар маселелер боюнча талаштар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, сот тартибинде чечилет.
3. Диний ишенимдерге жараша калыптанган көрүстөндөрдү пайдалануу эрежелерин жана көрүстөн жыйымдары жөнүндө жоболорду таануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоболору менен жөнгө салынат.
17-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын өндүрүштүк-чарбалык иш-аракети
1. Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, ошондой эле кайрымдуулук жайларын (баш калка жайлар, интернаттар, ооруканалар) жана башка ишканаларды уюштурууга укуктуу.
2. Диний уюмдар өздөрүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш-аракеттерди жүргүзүү укугуна ээ болот.
3. Диний уюмдардын өндүрүштүк иш-аракеттен алган пайдасына жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынат.
4. Түшкөн финансылык каражаттар, кайыр салымдар, гуманитардык жардамдар жана башка мүлктөр диний уюмдун, миссиянын бухгалтериялык документтеринде милдеттүү тартипте эсепке алынат.
5. Диний уюмдардын жана миссиялардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Диний уюмдардын, миссиялардын жана диний окуу жайлардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугуна контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
18-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын кайрымдуулук жана маданий-агартуучулук иш-аракеттери
1. Диний уюмдардын, миссиялардын кайрымдуулук иш-аракеттери турмуш-тиричилик шарты оор адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө, карылар, алсыздар, эмгекке жарамсыздар д.у.с. үчүн камкордук көрүүгө багытталышы керек.
2. Кайрымдуулук иш-аракети диний ишенимдерди жана диний окууларды жайылтууга көмөк көрсөтпөөгө тийиш.
3. Мамлекет диний уюмдардын жана миссиялардын кайрымдуулук иш-аракеттерине, ошондой эле алардын коомдук мааниге ээ маданий-агартуу программаларын жана иш-чараларын жүзөгө ашыруусуна көмөк жана колдоо көрсөтүшү мүмкүн.
19-берене. Өз иш-аракетин токтоткон диний уюмдардын жана миссиялардын мүлктөрүн тескөө
1. Диний уюмдар жана миссиялар өз иш-аракетин токтоткондон кийин аларга юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланууга берилген мүлктөр мурдагы ээсине же анын укук мураскерине кайтарылып берилет.
2. Диний уюмдардын жана миссиялардын иш-аракети токтотулганда алардын менчигинде болгон мүлктөрдү тескөө алардын уставына (жобосуна) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Диний уюмдарга жана миссияларга таандык болгон табынуучулук арналыштагы мүлктөргө карата карыз берүүчүнүн дооматтары боюнча өндүрүп берүү иши жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
4. Укук мураскерлери жок болгондо мүлк мамлекеттин менчигине өтөт.
4-ГЛАВА. ДИНИЙ УЮМДАРДЫН, МИССИЯЛАРДЫН ЖАНА ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ
20-берене. Диний уюмдардын иштеринин укуктук негизи
Диний уюмдар, миссиялар жана диний окуу жайлар өз иштеринде өздөрүнүн уставдарын жетекчиликке алууга тийиш жана Конституцияны, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
21-берене. Диний каадалар, ырым-жырымдар, аземдер
1. Кудайга табынуулар, диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер табынуу имараттарында, курулуштарында жана аларга таандык аймактарда, зыярат жайларында, көрүстөндөрдө өткөрүлөт.
Диний сыйынууларды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний уюмдар буга жарактуу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле бул же тигил дин үчүн ыйык деп эсептелген зыярат жайларына камкордук кылууга жана аларды пайдаланууга укуктуу.
2. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер аларда турган жарандардын өтүнүчү боюнча жана администрация бул максат үчүн атайын бөлүп берген жайда өткөрүлөт. Бул мекемелерде турган адамдар тыюу салынбаган диний адабияттарды жана табынуу буюмдарын эгерде бул алардын ден соолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана пайдаланышы мүмкүн.
Бул мекемелердин администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашып дин кызматчыларын чакырууга көмөк көрсөтөт, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди өткөрүүнүн убагын жана башка шарттарын аныктоого катышат.
3. Атайын арналбаган жайларда кудайга сыйынууларды, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди, ошондой эле башка массалык иш-чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Диний уюмдар дин тутунгандардан мажбурлап акчалай жыйым чогултууга жана алардан алым алууга, ошондой эле аларга карата адамдын ар-намысына жана аброюна шек келтирген чараларды көрүүгө укуксуз.
5. Мусулмандар үчүн мусулманчылыктын байыркы каадасына - сүннөткө отургузууга жана мусулманчылык адаты боюнча мечитте, үй-бүлөдө нике кыюуга, ошондой эле христиандар үчүн крещениеге, жарандык каттоого алуу менен чиркөөдө нике кыюуга жол берилет.
22-берене. Диний адабияттар жана диний арналыштагы буюмдар
1. Диний уюмдар диний адабияттарды, башка басма, аудио-видео материалдарды, ошондой эле диний арналыштагы башка буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана жайылтууга укуктуу.
2. Конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудио-видео материалдарды алып келүүгө, даярдоого жана жайылтууга тыюу салынат.
3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу.
Диний адабияттар китепкана фондуларына түшкөн учурда мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
4. Диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өздөрүнүн толук аталыштарын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
5. Диний уюмдар чыгарган адабияттарда, башка басма, аудио-видео материалдарда алардын толук аталышын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн камтыган маркировка болушу керек.
6. Диний адабияттарды, диний мазмундагы аудио-видео жана башка материалдарды жайылтуу иши диний уюмдарга менчик укугунда таандык болгон, ошондой эле белгиленген тартипте ушул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүп берген жайларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
Диний мүнөздөгү адабияттарды, басма, аудио-видео материалдарды коомдук жайларда (көчөлөрдө, сейил бактарда) жайылтууга, квартираларды, балдар мекемелерин, мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдырып таркатууга тыюу салынат.
7. Жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
8. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудио-видео продукцияларды жана башка материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
23-берене. Диний уюмдардын, миссиялардын эл аралык байланыштары
1. Диний уюмдар, миссиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыярат кылуу же башка диний иш-чараларга катышуу максаттарында, диний билим алуу үчүн эл аралык байланыштарды жана карым-катыштарды түзүүгө жана алып барууга, ошондой эле бул максаттарда чет өлкөлүк жарандарды чакырууга укуктуу.
2. Диний уюмдар, миссиялар дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашып чет өлкөлүк жарандарды ушул уюмдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кесипкөйлүк, анын ичинде үгүтчүлүк диний иш-аракетин жүргүзүү максатында чакыруу укугуна ээ.
24-берене. Диний уюмдардагы жана миссиялардагы эмгектик укук мамилелери
1. Диний уюмдарда жана миссияларда, ошондой эле алар түзгөн ишканаларда, мекемелерде жана кайрымдуулук жайларында эмгек келишими боюнча иштеген жарандарга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын күчү жайылтылат.
2. Жарандардын, анын ичинде дин кызматкерлеринин диний уюмдагы, миссиядагы жумуштан алган кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негизде салык салынат.
25-берене. Диний уюмдарда, миссияларда иштеген жарандарды социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу
1. Диний уюмдар, алардын мекемелери жана ишканалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жүзөгө ашырат.
2. Диний уюмдарда жана миссияларда иштеген бардык жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негизде пенсия дайындалат.
5-ГЛАВА. МЫЙЗАМДЫН ЧЕНЕМДЕРИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУ УКУКТУК КАМСЫЗДОО
26-берене. Диний уюмдун иш-аракетине контроль жүргүзүү
1. Диний уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
2. Диний уюм өз иш-аракети жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарына жана салык органдарына, дин иштери боюнча мамлекеттик органга жана анын аймактык органдарына, прокуратура органдарына, уюмдун уюштуруучуларына жана башка адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана диний уюмдун уставына (жобосуна) ылайык берет.
3. Диний уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле диний уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы жөнүндөгү маалыматтар, анын чыгымдары, кызматкерлеринин саны жана курамы, алардын эмгек акысы, диний уюмдун иш-аркетинде жарандардын акы төлөнбөгөн эмгегин пайдалануу жөнүндөгү маалыматтар коммерциялык купуя сырдын предмети болуп эсептелиши мүмкүн эмес.
4. Диний уюм мамлекеттик статистика органдарына жана салык органдарына, дин иштери боюнча мамлекеттик органга, прокуратура органдарына өзүнүн иш-аракети жөнүндө, жетекчи органдарынын персоналдык курамы жөнүндө, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө жана бөлөк мүлктөрдү пайдалануу тууралуу, анын ичинде эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан алынган мүлктөрдү пайдалануу жөнүндө отчеттор камтылган документтерди берүүгө милдеттүү. Аталган документтердин формалары жана аларды берүүнүн мөөнөттөрү дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
5. Прокуратура чет өлкөлүк диний уюмдардын диний уюмдары, миссиялары (өкүлчүлүктөрү) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
6. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, салык органдары диний уюмдун иш-аракетинин, алардын уставында (жобосунда) каралган максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашырат. Диний уюмга карата прокуратура органдары, дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, салык органдары төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) диний уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөөчү жана финансылык документтерин берүүнү талап кылууга;
2) диний уюмдардын финансылык-чарбалык иш-аракети жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана мамлекеттик көзөмөлдүн жана контролдун башка органдарынан, ошондой эле банк мекемелеринен жана башка финансылык уюмдарынан суроого жана алууга;
3) өз өкүлдөрүн диний уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
4) диний уюмдун, анын ичинде акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү чыгымдоо боюнча иш-аракеттеринин анын уставында (жобосунда) каралган максаттарга ылайык келишин бир жылда бир жолудан көп эмес текшерүүгө;
5) диний уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурда же анын уставында (жобосунда) каралган максаттарга карама-каршы келген аракеттер жасалганда ага карата келтирилген кемчиликтерди көрсөткөн жана аларды четтетүүнүн бир айдан кем эмес мөөнөтүн белгилеген жазуу жүзүндөгү чечим чыгарууга. Диний уюмга чыгарылган эскертүү жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн.
7. Диний уюм ушул беренеде каралган маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө системалуу түрдө бербесе, бул прокуратура органдары, дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары үчүн ушул диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга негиз болуп саналат.
27-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү
1. Диний уюмдар, миссиялар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган же диний уюмдун, миссиянын уставына каршы келген иш-аракеттер жүргүзүлгөн учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган жазуу жүзүндө эскертүү берет, ал үч күндүн ичинде диний уюмдун, миссиянын жетекчи органына жиберилет.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуулар үч айдын ичинде оңдолбосо же жыл ичинде кайра кайталанса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ болот. Мындай учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган сот чечими чыгарылганга чейин диний уюмдун иш-аракетин токтото турууга чечим кабыл алууга укуктуу.
28-берене. Диний уюмдардын иш-аракеттерин токтото туруунун натыйжалары
Диний уюмдун иш-аракети токтото турулган учурда ал диний жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, массалык маалымат каражаттарын жана башка юридикалык жактарды уюштуруучу катары чыгууга, өзүнүн банктык (эсеп-кысаптык) утурумдук эсебинен башка жактардын эсебине, бюджетке, бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фондуларга төлөмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, мурда түзүлгөн жарандык жана эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдү, диний уюмдун, миссиянын аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтурууну кошпогондо, акчалай каражаттарды которууга укуксуз.
29-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке алып келет.
2. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү кызмат адамдары жана Кыргыз Республикасынын жарандары, диний уюмдардын уюштуруучулары жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
6-ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
30-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
3. Диний уюмдардын, миссиялардын уставдары жана башка уюштуруу документтери ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө гана колдонулат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосту, 1991-ж., № 22, 667-ст.);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 16-декабрындагы № 657-ХII "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосту, 1991-ж., № 22, 668-ст.).

Кыргыз Республикасынын
Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 31-декабры, №282.