Кыргыз Республикасынын Жүрөк хирургиясы жана адамдардын органдарын алмаштыруу илим­изилдөө институнунун директору Калдарбек Абдраманов
менен маек
Жүрөк хирургиясы лидерлигин бере элек

Медицина илимдеринин доктору, профессор, жүрөк хирургиясы жана адамдын органдарын алмаштыруу илим­изилдөө институтунун директору Калдарбек Алишерович Абдраманов менен аңгемелешип отуруп, андан жакшы бир адамдык сапатты байкадым. Ал баштоочуларды абдан урмат менен эскерет экен. Мисалы, Иса Ахунбаевди. Чынында Иса Ахунбаевсиз Кыргызстандагы жүрөк хирургиясын элестетүү мүмкүн эмес. Ушунун маанисине Калдарбек Алишеровичтин терең түшүнгөнүнө ичимден ыраазы болдум. Биздин маегибиздин башаты институттун тарыхынан башталды.

Тарых үзүмү
Биздин институтту адамдардын көбү эле биле беришпейт. Албетте, билгендер да бар. Биздин Жүрөк хирургия институту 1959­жылы Орто Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган Иса Ахунбаевдин жетекчилиги менен уюшулган. Ал учурда жүрөккө операция жасоо адамды космоско учургандай эле дүйнөлүк чоң жаңылык болчу эле. Иса Ахунбаевдин жүрөккө жасаган операциясы дүйнөдө ошондой резонанс жараткан. Ошондон бери элүү жыл убакыт өттү. Үстүбүздөгү жылы 19­майда бул элүү жылдык датаны белгилейли, ­ деп жатабыз. Кудай буюрса, эл арадык чоң илимий конференцияны өткөрөбүз. Ушул жарым кылымдык убакыт ичинде кардиохирургия тармагында көп окуялар болуп өттү. Кардиохирургдардын эки мууну алмашты. Биз болсо, Иса Ахунбаевден кийинки үчүнчү муундун өкүлдөрү болуп эсептелебиз. Эгерде Кыргызстандагы кардиохирургиянын 50 жылдык тарыхына кыскача баа бере турган болсом, анын басып өткөн жолу өтө байсалдуу болду деп айтсам болот. Анткени, союздун убагында СССР боюнча 40 жүрөк хирургиясы институттары иштей турган болсо, алардын он алдыңкыларынын бири Кыргызстандын кардиохирургия борбору болуп келген. Чынында СССР мамлекетинин убагында биздин институтту мейли медициналык жабдуулар жагынан болобу, кадрлар жагынан болобу өксүткөн эмес. Тилекке каршы, союз тарагандан кийин 90­жылдардан тартып мурда алган жабдууларыбыздын эскилиги жетип, жаңыланууну талап кыла баштаган. Бирок, бир жагынан медициналык жабдууларыбыз эскирип, иштен чыгып турганы менен экинчи жагынан, бактыга жараша Европадан, Түркиядан, Москвадан билим алып келишкен кардиохирург адистердин жаңы мууну өсүп чыкты. Мына ушундай кайчы жагдай 90­жылдардан баштап мындан үч­төрт жыл мурункуга чейин созулуп келди. Анткени, мамлекетибиздин бул тармакка көңүл бурууга чамасы келбеди. Себеби, өлкөнүн экономикалык абалы ошондой болду. Ошентсе да республиканын жүрөк хирургиясы тармагы мурдагы өзүнүн өнүгүү инерциясы менен өзүнүн лидерлик позициясын жоготкон эмес. Мына эми жабдууларыбыз эскирип, абалы оорлошуп бараткан учурда 2005­жылы мартта революция болду. Жаңы бийлик келди. Өзгөрүүлөр болду. Үч, төрт жылдан бери медицинага, анын ичинде кардиохирургия тармагына бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2­3 эсе көбөйүп, биз аны кадыресе сезе баштадык. Бирок, 15­20 жыл ичиндеги аткарылбай калган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун 2­3 жылдын ичинде эле толуктоого мүмкүн эмес экен. Себеби, кардиохирургия тармагы өтө кымбат баалуу жабдууларды жана керектөө материалдарын талап кылат. Жүрөк операциясы дүйнөдөгү кымбат баалуу операция катары эсептелет. Акыркы 2­3 жыл ичинде колдон келишинче өзүбүздүн каражаттын эсебинен институттун дарылоо­диагностикалык машина паркыбызды жаңылоонун үстүндө иштеп келе жатабыз. Ошондой эле республиканын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн бюджеттик акча каражаты да кыйла көмөк берүүдө. Эң негизгиси биз өзүбүздүн демилгебиз менен жабдууларды жаңылоо үчүн тышкы инвестицияларды, гуманитардык жардамдарды тартуу, чет өлкөлүк илимий коллегаларыбыз менен кызматташуу аркылуу аракеттерди жасап келүүдөбүз. Ал өз натыйжасын берүүдө.
Өткөн жыл жемиштүү жыл
Өткөн жыл биз үчүн абдан жемиштүү болду. 2008­жылы Иса Ахунбаевичтин 100 жылдык мааракесин белгилөө менен бирге биздин институт Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп "Жүрөк хирургиясы жана кан-тамырлар хирургиясы" деген илимий журнал уюштурганга жетиштик. Бул биздин демилгебиз менен уюшулган Орто Азия мамлекеттеринин жүрөк хирургиясы ассоциациясы түзүлгөндөн кийинки илимий иш болуп отурат. Ассоциация журналдын биздин республикада чыгышына жол беришкен болчу. Мына биринчи, экинчи сандары жарыкка чыкты. Дагы бир чоң жетишкендик ­ бул өзүбүздүн кымбат баалуу диагностикалык жабдууларыбызды бир топ жаңыртып алдык. Мисалы, эхокардиограф деген аппарат бар. Ал жүрөктүн ички анатомиясын ангиокардиографиялык аппаратсыз эле 90­95 пайыз тактыкта көрсөтүп, кайсыл жерде кандай тешик бар экенин, кандай клапан иштебей калганын көрсөтүп берет. Ошонун негизинде гана биз операция кыла алабыз. Бул аппарат 100 миң доллардын тегерегинде турган аппарат. Биз, муну институт өзү тапкан акчасы менен сатып алдык. Бул акчаны кайдан таптыңыздар деген суроо да туулушу мүмкүн. Биздин институт жалаң гана республикабыздын жарандарын кароо менен чектелбейт. Бизге жакынкы чет өлкөлөрдөн Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жүрөгүнө операция жасатуу үчүн көп кишилер кайрылышат. Алардан түшкөн акча каражаттарын чогултуп, жаңы жабдуу алууга жетиштик. Өткөн жылдагы дагы бир чоң жаңылыкка токтолуп кетейин. Биз түрк туугандар менен сүйлөшүп, "бизге чоң жардам керек", ­ деп алардан сураганбыз. Анын натыйжасында түрк туугандар 17 миллион сомдук гуманитардык жардам иретиндеги чоң бакыйган ангиокардиографиялык системаны өткөн жылдын аягында берди. Бул аппаратураны алууда Кыргызстандын ханышасы Татьяна Васильевна Бакиеванын кошкон салымы чоң. Себеби, бизге келүүчү жабдуу гуманитардык болгону менен аны бир өлкөдөн экинчи өлкөгө алып өтүү өтө машакаттуу экен. Ушундай кыйынчылыктардан чыгууга Татьяна Васильевнанын салымы чоң болду. Ошентип, бул азыркы замандын алдыңкы жабдуусун институтка алып келип алдык. Анын ачылышына Татьяна Васильевна өзү катышып лентаны ачып берди. Мындай аппаратурага жетишүү биздин институт үчүн чоң жетишкендик болду. Ошол эле учурда акыркы эки жылдын ичинде жүрөккө жасаган операцияларды сапаты жагынан эки эсеге көтөрдүк, ­ деп айтсам болот. Ошол эле учурда операциялардын санын да эки жарым эсеге көбөйттүк. Мындан 6­10 жыл мурда жылына 150­200 операция жасасак, 2008­жылы өткөн жылы 414 жүрөккө операция жасоо болду. Бул биринчиден, биз жамааттын жаңыланып, өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү көтөргөндүктүн белгиси. Экинчиден, аз да болсо бюджеттен акча каралып, анын көлөмү жылдан жылга көбөйүп бараткандыгы да жардам болууда. Өзүңүздөр билесиздер, калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү материалдык жактан жарды болууда. Аларды кымбат баалуу операция менен камсыз кылуу кыйынга турууда. Мисалы, элеттен келген адамдар баласы ооруп турса, анда кайдагы акча болмок эле. Көп болсо анын үйүндө бир ую, 4 сотых жери бар. Ушундай оорулууларга мамлекет колдон келген жардамын берүүдө. Жылдан жылга бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүүдө.
Балдар биздин келечегибиз
Дүйнөлүк статистика боюнча 5 миллион калкы бар өлкөдө 5­6 миң адамга жүрөккө операция жасалышы керек. Бул орточо дүйнөлүк статистика. Эгерде биздин өлкөнүн тоолуу экенин жана жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен балдардын көп төрөлөрүн эске алсак, анда бизде 6­7 миң жүрөккө операция жасалышы керек. Тилекке каршы, азыр биз жылына 400 операция жасаган күндө да муктаждыкта болгону 10­15 пайызга гана камсыз кылып жатабыз. Ал эми жүрөк операциясы менен толук камсыз кылууга биздин кубатыбыз жетпейт. Анын көптөгөн объективдүү себептери бар. Бул абдан чоң маселе. Бул боюнча атайын республикалык масштабда программа иштеп жатабыз. Буюрса, бул программабызды Өкмөт колдоп берет деп жатабыз. Азыркы биздин пациенттерибиз бизге өздөрү келип кайрылгандар болуп эсептелишет. Биз аларды жер­жерлерден таап келген жокпуз. Эгерде райондордогу кардиологдор жакшылап иштеп беришсе, анда бизге келгендердин саны алда канча көбөйүп, алардын саны 3­4 миңге жетмек. Бирок, акча жок болуп жаткандыктан, бул маселени өзүбүз ылдамдаткыбыз келген жок. Эгерде оорулууларды өзүбүзгө чакырып алсак, анда жардам берип, дарылаш керек да. Бул жагын ойлоп, азырынча көп кыймыл­аракет жасабай, өздөрү келген оорулууларды гана кароого аракет жасап жатабыз. Өздөрү келген оорулуулардын баарын карап, операция жасоого мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Алардын үчтөн бир бөлүгүнө гана жардам берүүдөбүз. Мисалы, өткөн жылы бизге 1,5 миң киши жүрөккө операция жасатабыз деп стационарга жатышты. Бирок, ошонун ичинен 417 кишиге гана операция жасаганга мүмкүнчүлүк болду. Анткени биринчиден, оорулуулар операцияга кетүүчү каражаттын аз бөлүгүн болсо да төлөөгө кудуреттери жетпей калат. Экинчиден, диагностикалык жактан текшерип келгенде оору өтүшүп кеткен же адегенде кардиологиялык жактан дарылануу керек болот. Мына ушундай жагдайлар жүрөккө операцияларды аз жасоого себеп болууда. Бизде дагы бир өкүнүчтүү көрүнүш бар. Бул балдарда жүрөктүн тубаса кемтик оорусунун көптүгү. Биздин биринчи милдет ушул балдарга жардам берүү болуп эсептелет. Жүрөктүн тубаса кемтик оорусу менен ооруган балдарды операция жасаган учурда ал балдардын дээрлик бардыгы кийин дени сак адам болуп чыгышат. Беш­он жыл өткөндөн кийин операция болгону деле унутулуп калат.
Жакшы адамдардын жардамы
Албетте, жүрөк операциясы татаал операция. Ал үчүн азыркы мезгилдин талабына жооп берген заманбап жабдуулары керек болот экен. Ал эми биздин институттун жабдуулары болсо жылдан жылга эскилиги жетип, иштен чыгып бара жаткан. Бул биздин эң башкы көйгөйлөрүбүздөн болчу. Мына ушул көйгөйдү чечүү үчүн мен Түркия мамлекетиндеги коллегаларыбызга кайрылган болчумун. Ал жакта жердешибиз, профессор Түркиядагы эң кадырлуу кардиологдун бири Талант Кадыралиев деген кыргыз жигити иштеп жүрөт. Мен ал кишиге жолугуп, жаңы жабдуу алууга жардам берүүсүн суранган элем. Алар эгерде берилген ангиокардиографиялык аппаратураны жерине жакшы жеткиртип, убагында коюлуп иштөөгө киргизилип, ага керектелүүчү материалдар менен убагында камсыздалат, ­ деген кепилдик мамлекет тарабынан берилген болсо макул экендигин айтышты, ошондо биз Кыргызстандын биринчи ледиси Татьяна Васильевна Бакиевага кайрылган элек. Ал дароо эле макул болду. "Колдойм", ­ деди. Жабдууну чет өлкөдөн алып келип, орнотконго чейин башында патронаж катары өзү турду. Анан биз бул жабдуунун ачылышына албетте, Татьяна Васильевнаны чакырдык. Мындай жабдуунун алынып келишин кыргыз медицинасындагы чоң жаңылык катары бааласак болот. Себеби, буга чейин ушул сыяктуу аппаратураны мурда кардиология институтуна 25 миллион сомго сатып алып койгонбуз. Ал эми бизге алынып келинген жабдуу 17 миллион сомго бааланганы менен ал гуманитардык жардам катары акысыз берилди. Чынында биз мамлекетке күч келтирген жокпуз. Муну белгилеп айтып койсо деле орундуу болчудай. Ар бир мекеме өзүнчө аракет жасап иштесе, Кыргызстанда прогресс болбойт беле. "Алма быш, оозума түш" менен алдыга жылалбайбыз. Мамлекеттин да колунан келбей калган иштери болот экен. Мамлекетибиз ири масштабдуу иштерди аткарып жатат. Мисалы, Камбар­Ата ГЭСинин курулушуна мамлекет каражат бөлүүдө. Анан баарыбыз эле "акча бер" - деп отура берсек анда жылыш болобу?
Иса Ахунбаевдин руху
Биздин медиктерде, айрыкча кардиохирургдарда Иса Коноевич Ахунбаевден калган жүрөгүбүздө отубуз бар болсо керек деп ойлоп калам. Иса Коноевичтин колдогон руху бизди ордубузда тургузбайт. Бирдемени издеп таап, аракет кылабыз. Жок, деп отура бербейбиз. Жаңылыктарды таап чыкканга умтулабыз. Бизде иштеген жаштардын баары ошондой. Балким, улуу аксакалыбыздын руху иштегиле деп күч берип турса керек. Болбосо, башкаларды көп эле көрөм, аларды жамандагым келбейт, "мамлекет берген жок" деп отура беришет.
Мен институттун жамаатына абдан ыраазымын. Жамааттын орточо жашы отуз алты. Эң эле улуубуз элүү бешке чыкты. Азыр төрт илимий кызматкерибиз Түркияда адистигин жогорулатып жүрүшөт. Алтоо Москвадагы Бакулев атындагы хирургиялык борбордо стажировкадан өтүп жатышат. Сөзүмдүн аягында өткөн жылдагы чоң окуялардын бири катары Россия мамлекетинин эң башкы кардиохирургу Леонид Анатольевич Бокериянын келип кетишин айтаар элем. Бул киши менин устатым. Анын колунда 1985­95­жылдары он жыл бою иштеп келгем. Бул улуу кардиохирургдун Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине келип, катышып кетишинин өзү чоң жаңылык эле. Аны Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев кабыл алып "Даңк" медалы менен сыйлады. Өткөн жылдагы дагы бир чоң жаңылык катары Иса Ахунбаевдин ысымынын Кыргыз медицина академиясына ыйгарылышын баалар элем. Бул маселе отуз жылдан бери чечилбей келе жаткан болчу. Бул маселенин Президент тарабынан оң жагына чечилишин эң туура деп эсептейм.
Маектешкен А.АБИЛОВ,
"Эркин Тоо".