Дүйнөлүк кризиске карабастан экономикабызда өсүү бар
Үстүбүздөгү жылдын 13-январында "НТС" телеканалынан ар шейшембиде берилүүчү "Көз караш" телекөрсөтүүсү аркылуу өлкөнүн бюджети, Өкмөттүн жаңы жылдагы аткарчу милдеттери, өнөр-жай, айыл чарба, энергетика боюнча көйгөйлөр тууралуу КРнын Премьер-министри Игорь Чудиновдун Кыргызстандын жарандары менен болгон түз байланышы көрсөтүлдү. Түз байланышта жарандар берген орчундуу суроолорго Премьер-министрдин берген жоопторунун айрымдарын гезитибизге жарыялоону ылайык көрдүк.

- Игорь Витальевич, азыркы учурда Кыргызстан кандай абалда турат? Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө финансылык кризис менен күрөшүп жаткан учур. Кыргызстандын Өкмөтү дүйнөлүк кризиске каршы кандай чараларды көрүүдө? Кыргызстандыктар эмнени күтүшү керек, девольвацияныбы же деоманиацияныбы? Өлкө мына ушул терминдерден чочуркап жатышат. Эксперттердин айтуусу боюнча аталган терминдерден коркуунун кажети жок экен. Ошентсе да бул туурасында сиз кандай ойдосуз?
- Кандай болгон күндө да объективдүү болушубуз керек. Биз өзүнчө ээн мейкиндикте жашап жаткан жокпуз. Биздин экономикабыз кичинекей, ошол эле учурда ачык экономика болуу менен Казакстандын, Россиянын, Кытайдын жана Европанын, дегеле бүт дүйнөнүн экономикалары менен тыгыз байланышта. Ошондуктан, биз дүйнөдө болуп жаткан экономикалык көйгөйлөрдү өз жон терибиз менен сезүүдөбүз. Бул боюнча элибизде кабатырлануу бар болгону менен ашкере тынчсыздануу жок. Муну Өкмөт түшүнөт. Биздин экономикалык өнөктөштөрүбүздүн экономикасында болуп жаткан көрүнүштөр Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Биз аны сезип жатабыз. Ошондуктан, бул багытта өкмөт өзүнүн аракетинин беш багытын тандап алды. Биринчиден , Кыргызстандын экономикасына тез таасирин тийгизүүчү көрүнүштөргө өлкөнүн макроэкономикалык жана бюджеттик туруктуулукту сактоо, экинчиден , Кыргызстандын банк системасынын өнүгүшүнүн туруктуу болуусуна шарт түзүү, үчүнчүдөн, Кыргызстандын энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугун сактоо, төртүнчүдөн , Кыргызстандын ички керектөөсүн жана сунуштоосун камсыз кылуу, бешинчиден , эң башкысы өз калкынын аялуу социалдык катмарын колдоо боюнча өкмөт өзүнө алган бардык социалдык милдеттенмелерин аткаруу болуп саналат. Мына ушул Өкмөттүн иш-аракеттеринин беш багыты өзгөчө көзөмөлдө турат. Эгерде "дефолт" деген сөздү ала турган болсок, ал бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн коркунуч туудурбайт. Бизде, Өкмөттө жетиштүү резервдер - Улуттук Банктын валюталык резервинин запасы бар. Бүгүнкү күндө ал 1 миллиард долларды түзөт. Бул бир топ чоң сумма. Мындан сырткары өткөн жылдын аягында Улуттук Банк менен бирдикте калктын жүз миң сомго чейинки бардык акча салымдарын камсыздандырууга алдык. Муну жөнөкөй тил менен айта турган болсок, эгерде сиздин Кыргызстандын кайсы бир банкында салынган жүз миң сом акчаңыз болсо, бул банк кандай гана татаал кырдаалга туш келбесин мамлекет ал жүз миң сом акчаңызды кайтарып берүүгө кепилдик берет. Бүтүндөй алганда банктардын нормалдуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн Улуттук Банк Өкмөт менен бирдикте банктарды рефинансылоо фондун түзүү чечимин кабыл алган. Бул фонддо азырынча 4 миллиард сом акча бар. Бирок, жылдын аягына чейин аны көбөйтөбүз деген ниеттебиз. Бул деген эгерде Кыргызстандын аймагында иштеген банктарга акчаларын жана фонддорун толуктоо үчүн булактар болбой калса, анда Улуттук Банкка кайрылып жүгүртүүдөгү акчаны сактоо үчүн акча алууга болот. Менимче бул ишкерлердин финансылык ресурстарга өз убагында эркин жетишүүсүнө мүмкүндүк берет. Эгерде азык-түлүк маселелерине токтоло турган болсок, өткөн жыл кургакчыл болду. Ошондой эле эсиңиздерде болсо керек өткөн жылдын эрте жазында үшүк алуу болуп, Өкмөт тарабынан күйүүчү майларды, тракторлорду, минералдык жер семирткичтерди сатып алууга дээрлик 1 миллиард 300 миң сом бөлүп берүүгө туура келген. Анын натыйжасында дыйкандарыбыз жакшы түшүм жыйнап беришти. Ооба, бүгүнкү күндө азык-түлүккө болгон баанын анча-мынча жогорулагандыгы бар. Ошого карабастан, Кыргызстандын базарларында азык-түлүктүн таңкыстыгы байкалбайт.
- Эми энергетикалык кризиске тийиштүү болгон маселелерге токтоло кетели. Айрымдар Кыргызстан үчүн дүйнөлүк- финансылык кризиске караганда энергетикалык кризис коркунучтуу деп айтып жатышат. КРнын структурасында жана генерациясында гидроэлектр станциялар басымдуулук кылат. Ал электр энергияны өндүрүп чыгаруунун туруктуулугун камсыз кыла албай жатат. Бизде көмүрдүн запасы көп болуу менен ТЭЦтерди көбүрөөк куруу багыты боюнча КРнын Өкмөтү кандай иштерди аткарууда? Советтик мезгилде Кыргызстан Борбордук Азиянын кочегары деген накыл сөзгө ээ болгон эле. Айрыкча өлкөнүн түштүк жагында ТЭЦ орнотуу үчүн ташкөмүрдүн запасы жетиштүү. Бул боюнча адис катары сиздин пикириңиз…
- Ооба, биз үчүн бүгүнкү күндө энергиянын альтернативдик булактарын алуу абдан маанилүү. Анын ичинде көмүрдөн электр энергиясын алууга болот. Албетте, Кыргызстанда көмүрдүн запасы көп. Тилекке каршы бул көмүрлөрдү өндүрүп алуу өтө татаал жерлерде жайгашкан же алардын энергия берүүсү аз. Эгерде биз түштүк көмүрүн, атап айтканда Таш -Көмүрдүн же ал жерде жылуулук станциясынын курулушу жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү күндө биз Кытай Эл Республикасы менен Таш-Көмүр көмүрү менен иштечү Таш-Көмүр жылуулук станциясын куруу маселесин карап жатабыз. Бирок, бул да Кыргызстандын проблемасын жеңилдетпейт. Анткени, бизде электр энергиясын өндүрүүнүн дисбалансы бар. Биз электр энергиясынын көбүн өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Нарын каскадынан алабыз. Ал электр энергияны республиканын түндүгүнө жеткирүү да оңойго турбайт. Ошондуктан, биз эки маселени чечсек жакшы болмок. Биринчиси, Бишкек шаарындагы ТЭЦтин кубаттуулугун жылына 600 мВтга жеткирип, модернизациялоо. Экинчиси, Миң-Куш жана Каракече көмүр кендеринин базасында, Миң-Куш аймагында жылуулук станциясынын курулушун жүзөгө ашыруу. Муну менен өлкөнүн түндүгүн электр энергиясын камсыз кылууга, электр энергиясынын балансына жетишмекпиз. Тилекке каршы түштүктөн түндүккө электр энергиясын жеткирүү проблема болууда. Жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиялар жетишсиз. Бул дагы биз үчүн өтө кымбатка турган долбоор болуп эсептелет. Республиканын түндүгүн камсыз кылуу үчүн Датка-Кемин линиясынын курулуш долбоору боюнча кореялык бизнесмендер менен иш алып баруудабыз. Бул жерде албетте тариф маселеси чыкпай койбойт. Анткени жылуулук станцияларынан алынган электр энергиясынын тарифи бүгүнкү күндө гидроэлектр станциясынан алынып жаткан электр энергиясынан 4 эсеге жогору. Ошондуктан, биз электр энергиясын өнүктүрүү жөнүндө айта турган болсок, электр энергиясына болгон тарифти чечүү маселесинен эч жакка кете албайбыз. Анын үстүнө биз алда канча кымбат турган жылуулук электр энергиясын өндүрүүгө багыт алып жатабыз.
- Бул жерде экологиялык маселелер да болсо керек?..
- Албетте, бийик тоолордогу ак мөңгүлөргө жакын жайгашкан райондорго көмүр менен иштей турган жылуулук станцияларын курууда бизге эмне кымбат деген суроону туудурбай койбойт. Бул да чоң маселе. Мөңгүлөрдүн эрип кетүү коркунучу пайда болушу мүмкүн. Албетте, мындай станцияларды куруу дароо эле чечиле койчу маселе эмес. Бул иштелип жаткан маселе. Альтернативасыз эч жакка бара албасыбызды түшүнөбүз. Ошондуктан, биз кичи энергетиканы өнүктүрүү жана кичи ГЭСтердин ийгиликтүү долбоорлоруна үмүт артабыз. Анткени, калк жашаган аймактардын проблемалары абдан чоң. Мындай жер-жерлердеги проблемаларды чакан ГЭСтердин курулушу чечип бермек. Ошону менен бирге өлкөнүн электр энергиясын экспортко чыгаруу потенциалын жогорулатмак.
- Чакан ГЭСтер тууралуу айтсаңыз. Өкмөт тарабынан аларга кандай каржылык жардамдар көрүлүүдө?
- Эгерде сиз бюджеттик каражаттар жөнүндө сурап жатсаңыз, ири ГЭСтерге жана жылуулук станцияларын куруу үчүн гана бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Кичи энергетика үчүн КРнын Жогорку Кеңеши жакында энергетикалык булактардын альтернативалык түрлөрү жөнүндөгү мыйзамын кабыл алган. Биз ишкерлердин инвестициялык демилгелерине үмүттөнөбүз. Анткени булар кичи жана орто бизнес үчүн кызыктуу, түшүнүктүү долбоорлор болуп эсептелинет. Биз өлкөнүн бюджетинен чакан ГЭСтер үчүн тикелей инвестицияларды карабайбыз.
- Ысык-Көл облусунда жогорку чыңалуудагы өчүрүп күйгүзүүчү жана релейлик коргоо жабдууларынын эскилиги жеткен, алар 1990-жылдан бери иштөөдө. Жабдуулардын запастык тетиктери жок. Бул Ысык-Көл облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын улуттук электр тармагын тез арада реконструкциялоону жана көп капиталдык каражат жумшоону талап кылат. Реконструкциялоо жана модернизациялоого инвестицияларды тартуу үчүн Өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?
- Бүгүнкү күндө инвестиция өз жемишин бере турган облустарга гана келиши мүмкүн. Биз учурда пайдаланып жаткан 1 киловатт/саат электр энергиясына 70 тыйын төлөйбүз, ал эми ал энергияны өндүрүп алуу үчүн 1 сом 50 тыйын кетүүдө. Мына ушундай абал менен биз кантип инвесторлорду өзүбүзгө тарта алабыз. 50 копейканы берип, 1 рублди кайтаруучу инвесторду кайдан табабыз?! Бул таптакыр реалдуу эмес. Ошондуктан кайрадан эле тариф маселесине кайрылууга туура келет. Бирок, улуттук электр тармактарынын инвестициясы үчүн кредиттер, донорлор бар. Мен муну менен республиканын түштүгүндөгү Айгүл Ташсамат жаңы линиясынын курулушунун кредиттерин айтып жатам. Бирок, мен дагы кайталап айтып кетким келет, биз электр энергияга ал канча турса, ошончо төлөмөйүнчө жаңы линиялардын курулушу жөнүндө сөз болуусу өтө кыйын.
- Улуттук Банк төмөнкүдөй маалыматтарды берди: 2009-жылы эмгек акы - 6-7%га жогорулайт. 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 15%дан жогору болбойт. Газдын баасы 15%дан 65%га чейин көтөрүлөт деп жатат…
- Өткөн жылы бүткүл дүйнөдө экономикалык-финансылык кризистин болгондугуна карабастан Кыргызстандын экономикасы 7,6 %га өстү. Бул олуттуу өсүш. Эмгек акы 36%га жогорулап, өлкө боюнча орточо эмгек акы 5336 сомго жетти. Пенсия бардык кыйынчылыкка карабастан 29%га жогорулады. Өткөн жыл финансылык жыл болбосо да ушундай көрсөткүчкө жеттик. Мындан сырткары мен Улуттук Банктын болжолдоолоруна комментарий бергим келбейт. Бир гана инфляция 15%дан жогору болбойт деген болжолго макулмун. Бирок, эмгек акынын 6%га жогорулай тургандыгы жөнүндөгү маалыматты кайдан алышкандыгын билбейм. Бул реалдуу эмес. Эмгек акы бул жылы мындан алда канча жогору болот. Пенсиянын өзүнө эле 15%дан кем эмес жогорулатууга милдеттенме алып жатабыз.
- Игорь Витальевич, Евр-АзЭСте айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынган салыктан бошотуу боюнча сунушуңуз колдоого ээ болгон эле?..
- Бул боюнча депутаттарга ыраазычылык билдиргим келет. Өткөн жылдын аягында алар Салык кодексине өзгөртүүлөрдү кийирүү жөнүндө мыйзамды кабыл алышты. Ал боюнча спирт жана тамеки өндүргөндөрдү кошпогондо башка айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана айыл чарба машина куруу тармагы кошумча нарк салыгынан, пайдадан алынуучу салыктан бошотулду. Биздин сунушубуздун мааниси жөнөкөй. Кыргызстандын калкынын 75%ы айыл жеринде жашашат. Дыйкандар үчүн кантип өндүрүп алуу, өндүрүш үчүн акчаны кайдан табуу жана өндүрүлүп алынган продукцияны кайда сатуу маанилүү. Тилекке каршы өндүрүлгөн продукциялар Казакстанга, Россияга сатылууда. Биздин максат - ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү менен өлкөдө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ири тармакты жаратуу. Бүгүнкү күндө айыл чарба продукцияларынын 50%ынан кошумча нарк үчүн бир тыйын албай туруп, республиканын аймагынан сырткары чыгаруудабыз. Ошондуктан ишкерлерге, өлкөнүн активдүү адамдары ушул жагдайды пайдаланат го деп ишенем. Үч жыл бою бул тармактан эч кандай салыктын түрү алынбайт.
Даярдагандар
Абдимухтар Абилов,
Динар Турдугулова,
"Эркин Тоо".