Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ КООПСУЗ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО ЖАНА УТИЛДЕШТИРҮҮ ЖӨНҮНДӨ" ЖАЛПЫ ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ
1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү сактоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында:
техникалык жөнгө салуунун объекттерин, аларды идентификациялоо ыкмалары (эрежелери) менен кошо;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу милдеттүү талаптарды, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ушул техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн баалоо формаларын белгилейт.
2. Ушул Техникалык регламенттин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ишке ашырылып жаткан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун, анын ичинде жарылуу коопсуздугу, электрлик жана механикалык коопсуздук боюнча, келип чыгышы мүмкүн болгон машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин баарына жайылтылат. Аталган процесстердин тизмеги ушул Техникалык регламенттин тиркемесинде берилди.
3. Ушул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техникалык регламенттерде белгиленген, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо приборлордун жана жабдуулардын иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жаатында электр-магниттик шайкештикти, биологиялык, өрт, термиялык, химиялык, ядролук жана радиациялык, нурлануу коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды камтыбайт. Бул Техникалык регламент өзүнө башка жалпы техникалык регламенттерде белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын камтыбайт.
Ошондой эле үй чарбаларында колдонулган машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери жана турмуш-тиричилик техникаларын эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери да бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери болуп саналбайт.
4. Ушул Техникалык регламент менен аныкталган машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча талаптар сунуш кылынган процесстердин тизмегине жараша машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону жана утилдештирүүнү ишке ашыруучу бардык адамдар жана укуктук мамилелердин башка катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-берене. Техникалык жөнгө салуунун объектилери жана аларды идентификациялоо тартиби
1. Бул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери (1-статьянын 2-бөлүгүндө аныкталган талаптарды эске алуу менен жана 1-берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объектилерди кошпогондо) төмөнкүлөр болуп саналат:
1) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун ар кандай процесстери;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн ар кандай процесстери.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин идентификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуатациялоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерин идентификациялоо максаттары үчүн эксплуатациялоочу, башка кызыкдар тарап машиналар жана жабдуулар менен төмөнкү иштердин бири аткарыла тургандыгына ынанууга тийиш:
1) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоого киргизилет;
2) машиналар жана жабдуулар арналышы боюнча колдонулат;
3) машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана-же оңдоо (эксплуатациялоодон чыгарылбастан) жүргүзүлөт;
4) машиналар жана жабдуулар эксплуатациялоодон чыгарылат.
3. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин идентификациялоо машиналар жана жабдуулар аткарган иштерди жана эксплуатациялоо документтеринде алдын ала каралган иштер менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстерин идентификациялоо максаттары үчүн эксплуатациялоочу, башка кызыкдар тарап машиналар жана жабдуулар аткарып жаткан иштердин (операциялардын) натыйжасында аларды андан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес экендигине ынанууга тийиш.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Техникалык регламентти колдонуу максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
машиналардын жана жабдуулардын авариясы (мындан ары - авария) - машиналардын жана жабдуулардын аларды эксплуатациялоо процессинде келип чыгуучу бүлүнүшү же бузулушу, контролдонбогон жарылуу жана/же коркунучтуу заттардын сыртка чыгышы;
тосмолоо - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жана кызматчылардын коопсуздукту камсыз кылуучу талаптарды бузгандыгынан же башка себептерден улам чукул жагдайдын (анын ичинде авариялык) келип чыгышы пайда болгондо машиналарды жана жабдууларды чукул жагдайдын (анын ичинде авариялык) коркунуч пайда болгондо иштөөсүнө мүмкүндүк бербөөнү камсыз кылуучу түзүлүш;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү - эксплуатациялоочу тарабынан машиналарды жана жабдууларды арналышы боюнча пайдалануу башталгандыгын тастыктоочу окуя;
жарылуу - жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон экзотермиялык химиялык тез өзгөрүшү;
жарылуу коопсуздугу - машиналардын жана жабдуулардын эксплуатациялоо, утилдештирүү учурундагы жарылуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же пайда болгон учурда анын кызматчыларга жана башка адамдарга коркунуч келтирүүчү жана зыяндуу факторлорунун таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу жана жеке адамдардын, юридикалык жактардын мүлкүн сактоо камсыз кылынган абалы;
жарылуу коркунучу бар чөйрө - жарылуу болушу мүмкүн болгон шарттарда турган химиялык активдүү чөйрө;
зыяндуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин белгилүү бир шарттарда адамга тийгизген таасири кесиптик ооруларды пайда кылуучу, ишке жөндөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу төмөндөтүүчү, соматикалык жана инфекциялык оорулардын жыштыгын жогорулатуучу, тукумдун ден соолугунун бузулушуна алып келүүчү терс таасири менен мүнөздөлгөн фактору;
эмгек шарттарынын гигиеналык нормативдери (ЖЧК, ЖЧД) - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумуштун узактыгы нормативдик убакыттан ашпай иштеген кишинин, ошондой эле өмүрүнүн кийинки бөлүгүндө жана анын төрөлгөн балдарында азыркы заманбап изилдөөлөрдүн натыйжасында табылуучу ооруларды же ден соолугунда болуучу четтөөлөрдү пайда кылбай турган зыяндуу факторлордун деңгээли. Гигиеналык нормативдерди сактоо тийиштүү зыяндуу факторго (факторлорго) карата жогорку сезгичтикке ээ адамдарда ден соолуктун бузулушун болтурбай койбойт;
ЖЧК - жол берилген чектик концентрация;
ЖЧД - жол берилген чектик деңгээл;
коргогуч тосмо - адамды, анын дене бөлүктөрүн, кийимин жана аспаптарды машиналардын жана жабдуулардын коркунуч келтирүүчү бөлүктөрүнө (кыймылдагы, ток бар ж.б. бөлүктөрүнө) жол берилбеген тийип кетүүдөн жана чайналуудан, ошондой эле кызматчыларды машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндуу жана коркунучтуу факторлордон коргой турган техникалык түзүлүш;
коопсуздук белгиси - адамдарга түздөн-түз же мүмкүн болуучу коркунуч тууралуу эскертүүгө арналган, белгилүү аракеттерге тыюу салган, эскерткен же жол берген, ошондой эле объекттер менен каражаттардын жайгашуусу тууралуу маалымат берүү үчүн арналган кабарлоочу жана контрасттуу түстөр, графикалык символдор жана түшүндүрмө жазуулар пайдаланылган, аныкталган геометриялык формадагы түстүү графикалык сүрөттөлүш;
жасоочу - машиналарды, жабдууларды жасап чыгарган юридикалык жак же жеке адам;
нускама - конкреттүү машиналарды жана жабдууларды коопсуз иштетүү боюнча эрежелерди, ыкмаларды жана усулдарды эксплуатанттын кызматчыларынын эсине салуу;
аспап - адамдын булчуң күчүнүн тикелей катышуусу менен материалды иштетүү үчүн же технологиялык бөлөк аракеттерди жасоо үчүн арналган аспап;
машина - бөлүктөрдүн жана түйүндөрдүн өз ара байланышып, конкреттүү колдонуу (иштетүү, кайра иштетүү, жылдыруу же таңгактоо ж.б.) үчүн материалды бириктирилген катары, анын жок дегенде бир бөлүгү же түйүнү тийиштүү иштеткичтин (приводдун), башкаруу чынжырынын, энергия булагынын ж. б. жардамы менен кыймылга келет;
эмгектин чыңалгандыгы - эмгек процессинин кызматчынын негизинен борбордук нерв системасына, сезүү органдарына, эмоциялык жагына күч келтирүүчү мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы;
жабдуу - өз алдынча пайдаланылуучу же машинага орнотулуучу жана негизги жана кошумча (жардамчы) функцияларды аткаруу үчүн, ошондой эле машиналарды технологиялык комплекске бириктирүү үчүн зарыл техникалык түзүлүш;
коркунучтуу зона - мейкиндиктин машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордундагы коркунучтуу факторлордун келип чыгуу ыктымалдыгы жогору жана/же коркунучтуу факторлор бар чектелген чөйрөсү, факторлордун коркунучтуулук мааниси ЖЧД/ЖЧКнын нормасына салыштырмалуу жогорулаган (төмөндөгөн) болот;
коркунучтуу (чукул) жагдай - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо же утилдештирүү процессинде, анын ичинде өзгөчө табигый пайда болушу мүмкүн болгон коркунучтуу жана/же зыяндуу [белгиленген чектик мааниден өйдө (төмөн)] факторлордун жана кырсыктын адамдарга таасир этүүсүнө алып келүүчү жагдай;
коркунучтуу фактор - чөйрөнүн, эмгек процессинин кызматчылардын травма алышына, ден соолугунун кескин төмөндөшүнө, анын ичинде катуу кармаган ооруга, өлүмгө же машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо кырсыктын келип чыгышына себепкер болуучу фактору;
оператор - кызматчылардын ичинде машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жиберилүүчү, тийиштүү кесиптик (квалификациясы, адистиги), анын ичинде аткара турган жумушунун мүнөзүнө ылайык эмгек коопсуздугу боюнча даярдыгы бар адам;
эксплуатанттын кызматчылары (мындан ары - кызматчылар) - эксплуатациялоочу менен эмгектик же жарандык-укуктук карым-катышта турган, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарында же эксплуатациялоо орундарына жакын жерде болуп калышы ыктымал жеке адамдар;
чектик абал - машиналардын жана жабдуулардын ушул машиналар менен жабдууларды нормага ылайык эксплуатациялоо учурунда кырсыктын жол берилген кооптуулугун жогорулатууга алып келүүчү жана кырсыктын келип чыгуу кооптуулугун жол берилген чекте кармоо үчүн атайын чараларды же машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодон четтетүүнү талап кылуучу машиналардын жана жабдуулардын техникалык абалы;
долбоорлоочу - машиналарды, жабдууларды долбоорлогон юридикалык тарап же жеке адам;
кырсыктан коргоо - машиналарды жана жабдууларды токтотуучу түзүлүш, аларды иштөөнүн башка режимдерине которуу, кырсыктын алдын алуу максатында кошумча түзүлүштөрдү иштетүү же болушу мүмкүн болгон кырсыктын кесепеттеринин алдын алуу;
жумуш зонасы - полдун же аянтчанын деңгээлинен 2,5 м бийиктик менен чектелген, кызматчылар дайыма же дайыма эмес (убактылуу) болуучу орундар жайгашкан мейкиндик;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессиндеги жумушчу орун (мындан ары - жумушчу орун) - кызматчылар тарабынан машиналар жана жабдуулар эксплуатациялана турган орун;
ресурс - машинанын, жабдуунун долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабынан натуралай көрсөткүчтөрдө (циклдерде, километрлерде ж. б.) белгиленген эксплуатациялоо башталгандан болжолдонгон чектик абалга өткөнгө чейинки суммалык иштеши;
оңдоо - машиналардын, жабдуулардын оң абалын (ишке жөндөмдүүлүгүн), машиналардын, жабдуулардын же алардын курамдык бөлүктөрүнүн ресурстарын калыбына келтирүү боюнча аркеттердин комплекси;
сигнализация - көзөмөлдөнүүчү параметрлердин белгиленген маанисине жеткенде добуш жана/же жарык аркылуу белги берүүнү камсыз кылуучу түзүлүш;
сигналдык жарык берүү - кызматчылардын жана башка адамдардын көңүлүн түздөн-түз же болушу мүмкүн болгон коркунучка, жабдуулардын, машиналардын, механизмдердин жана/же конструкциялардын элементтерине коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун булагы болушу мүмкүн болгон жумушчу түйүндөрүнө, өрт техникасына, өрткө каршы жана башка коргоо каражаттарына, коопсуздук белгилерине жана кабарлоочу белгилерге бурууга арналыштагы жарык берүү;
сигналдык белгилеме - конструкциялардын, дубалдардын, тосмолордун, жабдуулардын, машиналардын, механизмдердин (же алардын элементтеринин) үстүнкү бетине, ошондой эле тасмаларга, чынжырларга, мамычаларга, түркүктөргө, бөгөттөөчү тоскоолдорго, такталарга жана башкаларга коркунучту билдирүү максатында, ошондой эле көрсөтмө жана маалымат берүү үчүн кабарлоочу жана контрасттуу түстөрдү колдонуу менен түшүрүлгөн түстүү графикалык сүрөттөлүш;
жеке коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, ошондой эле булгануудан сактоо үчүн адамдын денесине же анын бөлүктөрүнө кийилүүчү же киши пайдалануучу каражат;
жамааттык коргонуу каражаты - коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасиринин алдын алууга же азайтууга арналган, машиналар же жабдуулар, технологиялык процесс, эксплуатациялоо оруну [жай (имарат) же башка аймак] менен конструкциялык жана/же функциялык жактан байланышкан каражат;
иштөө мөөнөтү - машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоонун жасоочу жана/же долбоорлоочу тарабынан белгиленген эксплуатациялоо башталгандан болжолдук чектик абалга өткөнгө чейинки убакыттын узактыгы;
техникалык диагноздоо (техникалык текшерүү) - эксплуатант же ал атайын укук берген адам тарабынан эксплуатациялоодогу машиналардын жана жабдуулардын техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар;
техникалык тейлөө - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо, сактоодо жана транспортировкалоодо аларды ишке жарактуу (оң) кармап туруу боюнча операция же операциялардын комплекси;
технологиялык комплекс - бирдиктүү максатка жетүү үчүн бир бүтүн нерсе катары куралган жана бир бүтүн нерсе катары иштөөчү бир нече машинанын жана/же жабдуулардын бирдиги;
технологиялык процесс - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого байланыштуу, аралык же даяр продукция (натыйжа) алуу максатында кызмат көрсөтүү же чийки затты жана материалдарды иштетүү (кайра иштетүү), тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды жыйноо үчүн зарыл аракеттердин ырааттуулугу;
ток бар бөлүк - бейтарап өткөргүч менен кошо алганда чыңалуунун алдында нормадагы режимде иштөөгө арналыштагы өткөргүч же өткөрүүчү бөлүк;
жумуштун оордугу - кызматчылардын таяныч-кыймыл аппаратына жана организминин функциялык системасына (жүрөк-кан тамыр, дем алуу ж.б.) күч келтирүүчү ишмердиктин ушул түрү үчүн артыкчылык берилген эмгек процессинин мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодогу эмгек шарттары (мындан ары - эмгек шарттары) - кызматчылар машиналарды жана жабдууларды иштетүү учурундагы эмгек менен чөйрөнүн оордугунун жана чыңалуусунун жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү - эксплуатациялоодон чыгарылган машиналарды жана жабдууларды долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабынан аныкталган арналышы боюнча колдонууга болбой турган абалга келтирүү максатындагы аракеттерди жүзөгө ашыруу;
эксплуатант - машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн жоопкер юридикалык жак же жеке адам, укуктук мамилелердин башка катышуучусу;
эксплуатациялык документтер - долбоорлоочу, жасоочу, эксплуатант тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жана утилдештирүүгө арналган, жалпы жана атайын Техникалык регламенттердин милдеттүү талаптары эске алынган вербалдык (тексттик), сандык, графиктик маалыматтардын нускама, эреже, сыпаттоо, чийме, схема, технологиялык карталар жана бөлөк документтер түрүндөгү жыйындысы;
машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо - машиналарды жана жабдууларды жасоочу (долбоорлоочу) тарабынан аныкталган, арналышы боюнча пайдалануу, анын ичинде машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүү, машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо (аларды эксплуатациялоодон чыгарбастан) жана машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодон чыгаруу.
2-ГЛАВА. МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО ПРОЦЕССТЕРИНИН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР
4-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнүн шарттары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн төмөнкү шарттары аткарылууга (камсыз болууга) тийиш:
1) кызматчылардын кесиптик даярдыгы боюнча талаптардын (тийиштүү квалификациясы жана адистиги) аткарылышы;
2) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу жана орнотуу боюнча талаптардын аткарылышы;
3) коопсуздук белгилери менен сигналдык белгилемелерди кошо алганда эксплуатациялоо орунун жарыктандыруу боюнча талаптардын аткарылышы;
4) машиналарды жана жабдууларды штаттык эксплуатациялоодо зыяндуу факторлордун кызматчыларга таасир этүүсүнүн мүмкүн болгон деңгээлин аныктоо, ушул Техникалык регламенттин 4 жана 5-беренелерине ылайык эксплуатанттан кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу принциптерин жана ыкмаларын тандашы жана жүзөгө ашырышы;
5) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон кызматчылардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын аткарылышы;
6) машиналарды жана жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо процессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо максатында адам өмүрүнүн, ден соолугунун жана мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстерине катышпаган жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу;
7) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коргоо максатында айлана-чөйрөнү, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соолугун коргоо боюнча жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды аткаруу;
8) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтеринин жана/же эксплуатант тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялык документтердин болушу;
9) аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын атайын Техникалык регламенттерде белгиленген учурларда жана тартипте машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүгө берген уруксатынын болушу.
2. Ушул берененин 5-8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышы машиналар жана жабдуулар белгиленген тартипте дал келүүсүн баалоо жол-жобосунан өткөндүгүн ырастаган документтердин болушу менен тастыкталууга тийиш.
5-берене. Кызматчыларга машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого жол берүүнүн шарттары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоочу адамдардын аткарган жумушунун мүнөзүнө ылайык кесиптик (тиешелүү квалификациясы жана адистиги), анын ичинде эмгек коопсуздугу боюнча да даярдыгы болууга тийиш.
2. Кызматчылдардын квалификациясына коюлуучу талаптар, мезгил-мезгили менен квалификациясын (квалификациясын өзгөрткөнүн) тастыктоонун негизи, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордунда нускамдан өтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Квалификациялык талаптардын мазмуну (курамы) жана квалификацияны ырастоо тартиби мамлекеттер аралык, региондук, улуттук билим берүү стандарттарын эсепке алуу менен түзүлгөн билим берүү программалары менен белгиленет.
3. Түздөн-түз эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды кызматчылардын окуп-үйрөнүшүн жана билимин текшерүүнү уюштуруу (нускам) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Кызматчыларды медициналык күбөлөндүрүү, алардын маал-маалы менен андан өтүп турушун негиздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жайгаштырууга жана аларды эксплуатациялоо орундарын ылайыкташтырууга карата талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруу аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун, анын ичинде техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун коопсуздугун төмөндөгүлөрдү эске алуу менен камсыз кылууга тийиш:
1) машиналарды жана жабдууларды жайгаштыруунун натыйжасында кошумча зыяндуу факторлордун келип чыгышына жол бербөө;
2) кызматчылардын жана башка адамдардын ары-бери коопсуз жүрүүсү жана өтө шашылыш учурларда аларды ылдам эвакуациялоо, ошондой эле жумуш орундарына, мүмкүн болушунча транспорт жүрүүчү жолду кесип өтпөгөн эң кыска жол менен жетүү;
3) чийки заттардын, баштапкы материалдардын жана өндүрүш калдыктарынын башка жүк ташуу агымына жолукпагандай оптималдуу жол менен ташылышы;
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессине байланышкан транспорт каражаттарынын коопсуз эксплуатацияланышы;
5) кызматчыларды коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун терс таасиринен коргоочу каражаттарды жайгаштыруу;
6) машиналарды жана жабдууларды монтаждоодо (демонтаж), техникалык тейлөөдө жана оңдоодо кызматчылардын операцияларды эркин жана коопсуз аткаруусун камсыз кылуучу жумушчу зоналарын (жумушчу орундарын) колдонулуучу аспаптардын, орнотулуучу жердин өлчөмүн, запас жана чечилүүчү тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарууну жана убактылуу жайгаштырууну эске алуу менен уюштуруу;
7) иштелип жаткан тетик сомолорун, баштапкы материалдардын, чала фабрикаттардын, даяр продукциянын, өндүрүш калдыктарынын, кампа жабдууларынын запастарын (орнотулбаган текчелер, технологиялык идиштер) жайгаштыруу үчүн аянттардын жана ушуга окшош көмөкчү зоналардын болушу;
8) стационардык аянтчаларды, тепкичтерди, материалдарды сактоо жана бир орундан экинчи орунга которуу үчүн түзүлүштөрдү, аспаптар үчүн столдорду, электр шкафтарын, өрт инвентарын жана стационардык түзүлүштөрдүн ушуга окшош зоналарын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу;
9) коммуникациялык системаларды, полдун жана аянтчанын деңгээлинен берилген бийиктикте орнотула турган көмөкчү машиналарды жана жабдууларды, пол астындагы алынуучу же ачылуучу тосмолору бар инженердик курулмаларды (коммуникацияларды) жана коммуникациялардын ушуга окшош зоналарын жайгаштыруу үчүн аянтчалардын болушу;
10) роботтор иштеген участкаларда өнөр жай роботторунун жана тейлөөчү кызматчылардын жумушчу зоналарына бөлүштүрүлүшү;
11) күйүүчү-майлоочу материалдар топтолгон жерди жана аларды агызуучу арыктарды тазалоону уюштуруу.
2. Коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон машиналарды жана жабдууларды, ошондой эле коммуникацияларды жайгаштырууда машиналардын, жабдуулардын бирдиктеринин араларындагы, ошондой эле машиналардын, жабдуулардын жана дубалдын, курулмалардын ортосундагы аралык жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына жана жумушчу орундарына баруучу өткөөл - жолдор түз болууга тийиш, аңдар, казылган чуңкурлар болбошу керек. Кышында өткөөлдөр кардан тазаланууга, ал эми муз тоңуп калган учурда кум, шлак же башка сыйгаланбоочу материалдар чачылууга тийиш.
4. Жумуш ордуна өтүү (көтөрүлүү) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген тротуарлар, тепкичтер, көпүрөчөлөр, траптар алдын ала каралууга тийиш.
7-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
1. Бардык категориядагы адамдар, мүлк, ошондой эле айлана-чөйрө үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу эксплуатант тарабынан ушул Техникалык регламенттин 2-4-главаларында белгиленген талаптарды сактоо менен катар, ушул беренеде белгиленген ар түрдүү категориядагы адамдар, мүлктөр, ошондой эле айлана-чөйрө үчүн коопсуздукту камсыз кылуу принциптеринин жыйындысын иш жүзүнө ашыруу менен жетишилүүгө тийиш. Айрым категориядагы адамдар, мүлк үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун ар кандай принцибин иш жүзүнө ашырууда тийиштүү категориядагы адамдар, мүлк үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу камсыз болууга тийиш.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо (ГОСТ 12.0.003 "Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кооптуу жана зыяндуу өндүрүш факторлору. Классификация") кызматчыларды коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун таасиринен коопсуз болушун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен колдонуу, ошондой эле жалпы жана атайын Техникалык регламенттерде белгиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген коркунучтуу факторлордун, зыяндуу факторлордун кызматчыларга таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү камсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу;
2) эксплуатациялоочу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган учурда эксплуатант техникалык чараларды жана кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү;
3) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун машиналардын жана жабдуулардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 2-бөлүгүнүн
1, 2-пункттарында белгиленген принцибин жүзөгө ашыруу менен камсыз кыла албаган учурда эксплуатант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчылардын жеке коргонуу жана/же кызматчылардын иштешинин атайын режимдерин колдонууга милдеттүү;
4) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында белгиленген принциптерин ишке ашырганда камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда эксплуатант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка иш-чараларды аткарууга милдеттүү.
3. Иштин оордугунун жана чыңалгандыгынын таасири болгондо кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) эксплуатанттын эмгектин оордугунун жана чыңалгандыгынын көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол берилген маанилерин сакташы;
2) эксплуатанттын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол берилген маанилердин деңгээлине чейин иштин оордугунун жана чыңалуусунун таасирин азайтуу боюнча иш-чараларды аткарышы.
4. Эксплуатациялоо ордуна жакын жердеги (иштеген, жашаган ж. б.) жана машиналары жана жабдууларды эксплуатациялоого катышпаган адамдардын, эксплуатациялоо ордуна жакын жайгашкан ар кандай мүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт: эгер машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо көрсөтүлгөн адамдар менен мүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттер менен белгиленген милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүгө жол берилбейт.
5. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо ордуна жакын жердеги жана аларды эксплуатациялоо процессине катышпаган жеке адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) машиналарды жана жабдууларды конструкциялык мүнөздөмөлөрү менен колдонуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар менен мүлккө, ошондой эле коркунучтуу факторлордун жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген гигиеналык нормаларга туура келбеген зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнө жол бербөөнү камсыз кылуучу технологиялык процесстерди колдонуу;
2) эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун машиналар менен жабдуулардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнөн, алардын иштөө принциптеринен жана технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген принцибин жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда эксплуатант техникалык чараларды же жамааттык жана жеке коргоо каражаттарын колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.
6. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принципке ылайык жүргүзүлөт: машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундарына башка адамдардын келишин чектөө.
7. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу төмөнкү принципке ылайык жүргүзүлөт: эгер машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы милдеттүү талаптардын бузулушуна алып келсе, анда мындай эксплуатациялоого жол берилбейт.
8-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу жолдору
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды аткарууга адамдын өмүрүн жана ден соолугун, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү, айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн же ден соолугун зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасиринен коргоонун зарыл ыкмаларынын жыйындысын колдонуу аркылуу жетишилет.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде келип чыгуучу коркунучтуу жана зыяндуу факторлордон коргоонун колдонулуучу жолдору жасоочу жана/же долбоорлоочу алдын ала көрсөткөн ыкмаларга кошумча, ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде баяндалган принциптердин негизинде эксплуатант тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул ыкмалардын курамы аларды чогуу колдонуунун натыйжасында ушул жана башка техникалык регламенттер менен белгиленген талаптардын аткарылышы камсыз боло тургандай болуп тандалат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугу төмөнкү жолдордун бири же алардын комбинациясы менен камсыздалат:
1) коопсуз технологиялык процесстерди, анын ичинде машиналардын жана жабдуулардын коопсуз режимде иштеши, коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун келип чыгышы менен байланышкан технологиялык процесстер менен операцияларды мындай факторлор жок же жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген гигиеналык нормалардын чегинде болгон технологиялык процесстер жана операциялар менен алмаштыруу, ошондой эле функцияларды кызматчылардын, машиналардын жана жабдуулардын ортосунда туура бөлүштүрүү;
2) эксплуатациялоо орундарын коопсуздук талаптарына ылайык жарык кылуу, анын ичинде имараттарды жана башка аймактарды жабдуу (машиналарды жана жабдууларды имараттардан жана курулмалардан сырткары эксплуатациялоо үчүн), белгиленген ыкмалар аркылуу машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун коркунучтуу зоналарын көрсөтүү;
3) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизбей турган баштапкы чийки заттарды, материалдарды колдонуу, ал эми бул талапты аткаруу мүмкүн болбогон учурда коркунучтуу чийки зат менен материалды иштетүүдө (кайра иштетүүдө) машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинин коопсуздугун, кызматчыларды коргоону камсыз кылуучу шарттарды сактоо;
4) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун өлчөнүүчү параметрлерин контролдоонун белгиленген ыкмаларын жана каражаттарын колдонуу;
5) кырсыктан коргоочу жана сигналдык түзүлүштөрдү колдонуу;
6) коркунучтуу жана зыяндуу факторлорду локализациялоочу тез таасир этүүчү каражаттарды колдонуу;
7) машиналарды жана жабдууларды жайгаштырууну жана жумушчу орундарын уюштурууну коопсуздуктун талаптарына ылайык жайгаштыруу;
8) кызматчыларга коркунучтуу же зыяндуу таасир тийгизе турган баштапкы материалдар, тетик сомолору, чала фабрикаттар, комплекттөөчү буюмдар (тетиктер, түйүндөр, агрегаттар), даяр продукция жана өндүрүштүн калдыктары менен түздөн-түз контактта болушун машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессин башкаруунун автоматтык системасын колдонуу менен четтетүү;
9) кесиптик тандоо, кызматчыларды окутуу, эмгек коопсуздугун билүүсүн жана көндүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык текшерүү;
10) мүмкүн болгон коркунучтуу же зыяндуу факторлордун мүнөздөрүнө ылайык кызматчыларды коргоонун жеке жана жамааттык каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуу;
11) туюк циклдин калдыксыз технологиясын колдонуу, эгер бул мүмкүн болбосо коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болгон өндүрүш калдыктарын өз убагында утилдештирүү аркылуу; суу менен жабдуунун айланма системасын колдонуу;
12) азыркы илимий-техникалык өнүктүрүү деңгээлинде белгилүү башка мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу.
9-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эксплуатант коркунучтуу (чукул) жагдайлардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт, жасоочу ал документтерди машиналар жана жабдуулар менен чогуу берүүгө милдеттүү.
Эксплуатант машиналар менен жабдууларга эксплуатациялык документтерди сактоого жана ушул документтерде белгиленген талаптарды аткарууга милдеттүү.
Эгер машиналарды, жабдууларды монтаждоодо (жөндөөдө) долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтери толук же жарым-жартылай жок болсо, анда эксплуатант долбоорлоочудан жана/же жасоочудан машиналарды жана жабдууларды монтаждоонун (жөндөөнүн) жана алардын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтерди суроого милдеттүү, документтерди толук алмайынча машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүнү токтотуп турат.
Долбоорлоочунун жана/же жасоочунун ким экендигин билүү мүмкүн болбогон учурда (жок болсо) эксплуатант ошол машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун коопсуздугу үчүн зарыл болгон эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууну камсыз кылууга, же болбосо ошол эксплуатациялык документтери калыбына келтирүүгө милдеттүү.
3. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтерин кызматкерлерге жеткирүүгө, ошондой эле зарыл учурда жалпы жана атайын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарын эске алуу менен машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессин уюштуруу үчүн кошумча эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууга милдеттүү.
4. Эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтерине алардын макулдугусуз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.
5. Эгер эксплуатант долбоорлоочунун жана/же жасоочунун эксплуатациялык документтерин жоготуп койгон болсо, анда ал жетишпеген эксплуатациялык документтерди ылайыктуу мөөнөттө, бирок жоготуу билинген учурдан баштап, алты айдан ашпаган мезгилде, ордуна келтирүүгө чара көрүүгө милдеттүү.
Долбоорлоочу жана/же жасоочу эксплуатациялык документтерсиз эксплуатациялоого жол бербеген учурда эксплуатант машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессин токтотуп турууга милдеттүү.
6. Иштөө мөөнөтү жана ресурсу бүткөндүгү боюнча машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого долбоорлоочу жана/же жасоочу белгилеген шарттарда жол берилет.
7. Эксплуатант төмөнкү учурларда иштөө мөөнөтү аяктай элек жана ресурсу бүтө элек машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону токтотууга милдеттүү:
1) эгер машина, жабдуу иштен чыкса (кырсыктан токтоо);
2) тийиштүү ыйгарым укуктары бар мамлекеттик бийлик органдарынын талабы боюнча - коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыкканда учурда же ошол эксплуатанттын же башка эксплуатанттардын ушундай машиналары, жабдуулары кырсыкка учураганда;
3) тийиштүү машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоону уланта берсе кырсыкка учуратышы мүмкүн болгон коркунучтуу (чукул) жагдайлар (анын ичинде табигый кырсыктар) келип чыкканда.
8. Эгер долбоорлоочу жана/же жасоочу машиналардын жана жабдуулардын тетиктерине, түйүндөрүнө иштөөнүн өзүнчө мөөнөтүн (ресурсун) белгилеген болсо, анда ушул берененин 6, 7-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер аларга да тийиштүү.
9. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялык документтерде белгиленгенден айырмаланган режимде жана шарттарда эксплуатациялоого жол берилбейт.
10. Эгер машиналардын, жабдуулардын конструкциясында, технологиялык процесстер менен кошо, эксплуатациялоо процессинин коопсуздугун камсыз кылуучу башкаруу системасынын болушу каралса, анда башкаруу системасы токтотулган, ажыратылган же бузук мындай машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат.
11. Эгер машиналардын жана жабдуулардын конструкциясында коргоо системасы жана/же сигналдык түзүлүшү кошо курулган болсо, анда коргоо системасы жана/же сигналдык түзүлүшү токтотулган, ажыратылган же бузук мындай машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоого тыюу салынат.
12. Радиоактивдүү нурлануу булагы бар приборлор менен жабдылган машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо аларды тейлөөчү кызматчылар үчүн радиациялык контроль жана анын натыйжаларын каттоо радиациялык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
13. Эгерде бул долбоорлоочу жана/же жасоочу тарабынан, ошондой эле атайын техникалык регламенттерде белгиленген учурда эксплуатант техникалык диагноздоо жүргүзүүгө милдеттүү.
10-берене. Кырсыктан коргоо каражаттарын жана сигналдык түзүлүштөрдү колдонуунун талаптары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо төмөндөгүдөй талаптарга жооп берген кырсыктан коргоо каражаттары колдонулууга тийиш:
1) кырсыктан коргоо каражаттары коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыкканда же кырсык болгондо өз милдетин аткарууга тийиш;
2) кырсыктан коргоо каражаттарынын аракеттери тийиштүү коркунучтуу же зыяндуу фактор жоюлгандан эрте токтолбоого тийиш;
3) кырсыктан коргоо каражаттарынын биринин же анын элементинин иштебей калышы коргоонун башка каражаттарынын аракетин токтотуп койбоого тийиш.
2. Кырсыктан коргоо каражаттарынын жайгаштырылышы эксплуатанттын машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койбоого тийиш;
3. Сигнализация каражаттарынын жана коркунучтуу (чукул) жагдайлардын келип чыкканы тууралуу кабарлоочу башка маалымат каражаттарынын жайгаштырылышы кызматчылардын маалыматты жаңылбай, туура жана ылдам кабыл алышын камсыз кылууга тийиш.
4. Коркунуч тууралуу билдирүүчү сигналдык түзүлүштөр алардын сигналдары машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде коркунуч келтирилген же коркунуч келиши мүмкүн болгон адамдарга жакшы угулгандай жана ажырата алгандай аткарылууга жана жайгаштырылууга тийиш.
5. Добуш сигнализациясы оператордун көрүү каналы маалымат менен толуп калган учурда, ошондой эле чектелген көрүү шартында, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо орундары мейкиндикте көп орун ээлегенде, кызматчылардын ишмердиги монотондуу болгон учурларда колдонулууга тийиш.
6. Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттары эки тараптуу маалымат алмашуу талап кылынган учурда, ошондой эле машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо келип чыккан жагдайдан улам сөз түрүндөгү эмес кодду (сигналды) айрып билүү кыйын болуп калганда колдонулууга тийиш.
Сөз менен кабар берүүчү системалардын техникалык каражаттарынын динамикалуу диапазону сапаттуу сөз байланышын камсыз кылууга тийиш. Ызы-чуу таасир эткен шарттарда үндү угузуунун энергиялык деңгээли ызы-чуунун деңгээлинен кеминде 10 дБден ашык болушу зарыл.
11-берене. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу боюнча талаптар
1. Ушул талаптар кызматчыларга коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасиринин алдын алуу же таасирин азайтуу үчүн коргоо каражаттарын колдонууга таандык.
2. Персоналды коргоо каражаттарын аларды колдонуу мүнөзүнө жараша "Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Кызматчыларды коргоо каражаттары. Жалпы талаптар жана классификациясы": 12.4.011 ГОСТко ылайык эки категорияга бөлүнөт:
1) жамааттык коргонуу каражаты;
2) жеке коргонуу каражаты.
3. Кызматчыларды коргоо каражаттарын колдонуу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
жумушчу зонадан коркунучтуу жана/же зыяндуу заттарды жана материалдарды алып кетүү (жамааттык коргонуу каражаты үчүн);
коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасирин (санын) жалпы жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген маанилерге чейин төмөндөтүү;
кызматчыларды кабыл алынган технологияны жана жумуштун шарттарын коштоп жүрүүчү коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнөн коргоо;
кызматчыларды технологиялык процессти бузуудан же кырсыктан келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун таасир тийгизүүсүнөн коргоо;
4. Кызматчылар коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордун мүмкүн болуучу таасир этүүсү эске алынып, жеке коргонуу каражаттары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз болууга тийиш.
5. Кызматчылар жеке коргонуу каражаттарын алганда бул каражаттарды пайдалануунун тартиби тууралуу нускамдан өтүүгө жана ал каражаттарды кароо талаптары менен таанышууга тийиш.
6. Кызматчыны коргой турган төмөнкүдөй каражаттарды колдонууга жол берилет:
1) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун аракетинин алдын алат же төмөндөтөт;
2) коркунучтуу жана зыяндуу факторлордун булагы болуп эсептелбейт;
3) эргономиканын талаптарына жооп берет;
4) техникалык регламенттердин жана эксплуатациялык документтердин талаптарына ылайык арналышы жана иштөө мөөнөтү, аны эксплуатациялоонун жана сактоонун эрежелери көрсөтүлүп маркаланган.
7. Кызматчыларды коргоо каражатынын конкреттүү тибин тандоо тийиштүү процесс жана жумуштун түрү үчүн коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
8. Жеке коргонуу каражаттарын колдонууда жана аларды техникалык тейлөөдө эксплуатант жасоочунун документтеринде белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.
9. Жеке коргонуу каражаттарынын коргоочу, физиологиялык-гигиеналык жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрү боюнча дал келүүсү атайын техникалык регламент менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө бааланууга тийиш.
10. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналар, жабдуулар жана башкаруу элементтери менен конструкциялык жактан коркунучтуу (чукул) жагдай келип чыкканда коргонуу каражатынын автоматтык түрдө иштеши камсыз кылынгыдай болуп бириктирилген болушу керек.
Жамааттык коргонуу каражаттарын машиналарды жана жабдууларды иштетүү жана токтотуу үчүн башкаруу элементи катары колдонууга жол берилет.
11. Кызматчыларды жамааттык коргоо каражаттары машиналарда жана жабдууларда же жумуш ордунда алардын иштешине үзгүлтүксүз контроль жүргүзүү, ошондой эле аларды коопсуз техникалык тейлөө жана оңдоо мүмкүндүгү камсыз болгондой жайгаштырылат.
12. Жумушчу орундардагы жамааттык коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугун контролдоо жамааттык коргонуу каражатын жасоочунун эксплуатациялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
13. Жумушчу орундардагы жеке коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугун контролдоо жамааттык жеке коргонуу каражатын жасоочунун эксплуатациялык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
12-берене. Машиналарды жана жабдууларды башкаруу тутумун эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу талаптар
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону башкаруучу эксплуатациялоо тутумунун процессиндеги (машиналык, адамдык-машиналык) бардык каралган иштөө режимдерде жана эксплуатациялык документтерде каралган бардык тышкы таасирлерде бул башкаруунун коопсуздугу камсыз болушу керек.
Жумуш орундарында башкаруу аракеттеринин керектүү кезеги тууралуу жазуулар, схемалар жана маалыматтын башка каражаттары болушу керек.
2. Башкаруу органдары төмөнкүдөй болгон машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого уруксат берилет:
1) аларды контролдогон персонал үчүн мүмкүндүк алууга жеңил жана эркин айырмалануучу, зарыл учурда жазуулар, символдор жана башка ыкма менен белгиленген;
2) алар эркин жүрбөй тургандай жана аларды ишенимдүү жана бирдей мааниде, анын ичинде персонал жеке коргонуу каражаттарын колдонгон учурда дагы манипуляциялоо камсыз болгондой конструкцияланган жана жайгашкан;
3) жылдыруу, ырааттуулугу жана пайдалануу жыштыгы үчүн талап кылынган күч аракеттерди, ошондой эле функциялардын маанилүүлүгүн эске алуу менен жайгашкан;
4) алардын формасы, өлчөмү жана контакттын үстү оператор тарабынан кармоо (манжалар менен, кол менен) же басуу (манжа, алакан, таман менен) ыкмасына ыңгайлуу болгондой кылып жасалган;
5) функционалдык багыты персоналдын кооптуу зонада болушун талап кылган, башкаруу органдарын кошпогондо, кооптуу зонадан тышкары жайгашкан.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону баштоо, ошондой эле алар токтогондон кийин, токтоо себебине карабай эксплуатацияланышын кайтадан баштоо аракетке келтирүүнү башкаруу органын манипуляциялоо жолу менен гана жүргүзүлөт.
Эгерде токтогондон кийин кайрадан аракетке келтирүү ошол режимде каралган болсо, бул талап автоматтык режимде эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды кайрадан аракетке келтирүүгө тийиштүү эмес
4. Энергия менен камсыздоонун толук же жарым-жартылай токтотулушу жана анын андан ары калыбына келтирилиши, ошондой эле энергия менен камсыздоону башкаруу түйүнүнүн бузулушу кооптуу (чукул) абалдардын түзүлүшүнө алып келбеши керек, анын ичинде:
1) энергия менен камсыздоону калыбына келтирүүдө машиналардын жана жабдуулардын өз алдынча аракетке келишине;
2) токтоого берилген команданын аткарылбашына;
3) машиналардын жана жабдуулардын кыймылдуу бөлүктөрүнүн жана ага бекитилген буюмдардын (мисалы, буюм сомолордун, шаймандардын ж.б.) түшүп калышына жана ыргып кетишине;
4) жеке жана жааматтык коргонуу каражаттарынын натыйжалуулугунун төмөндөшүнө.
13-берене. Эксплуатацияланып жаткан машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо
1. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо процессинде эксплуатант төмөнкүлөрдү белгилеши керек:
1) техникалык диагностоо учурунда машиналардын жана жабдуулардын андан ары коопсуз эксплуатациялоого жарактуулугун;
2) эксплуатацияланып жаткан машиналардын жана жабдуулардын болжолдуу начар абалга жетишин аныктоону (машиналардын жана жабдуулардын калган ресурсу), анын ичинде машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн аныктоону.
2. Машиналарды жана жабдууларды техникалык диагностоо (техникалык текшерүү) эксплуатант тарабынан өзүнө техникалык изилдөөнү, сыноону, күбөлөндүрүүнү жана ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берген башка ыкмаларды камтыган иш-чараларды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
3. Эгер техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнча (техникалык текшерүү) машиналар жана жабдуулар андан ары эксплуатациялоого кооптуу абалда деп табылса, эксплуатант аларды эксплуатациядан алып салышы же андан аркы коопсуз эксплуатацияны камсыз кылган тийиштүү оңдоо иштерин жүргүзүшү керек.
14-берене. Техникалык тейлөөнү уюштуруу жана машиналар менен жабдууларды оңдоо боюнча талаптар
1. Эксплуатант тарабынан машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо уюштурулушу же алар алмаштырылышы керек.
2. Техникалык тейлөөнүн көлөмү машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоонун коопсуздугун кармоо жана ушул техникалык регламентте, атайын техникалык регламенттерде, эксплуатациялык документтерде каралган алмашып туруучу жумуш шарттарынын чегине ылайыктоо муктаждыгы менен аныкталышы керек.
3. Машиналардын жана жабдуулардын айрым түрлөрү үчүн оңдоонун мезгилдүүлүгү жана анын бардык түрлөрү, эгер башкасы атайын техникалык регламентте каралбаса, долбоорлоочунун жана/же даярдоочунун эксплуатациялык документтерине ылайык белгиленет.
4. Долбоорлоочу жана/же даярдоочу тарабынан аныкталган тийиштүү талаптарды эске алуу менен техникалык диагностоонун жыйынтыгы боюнча машиналардын жана жабдуулардын абалына карата оңдоонун мезгилдүүлүгүн өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.
5. Технологиялык комплекске тикелей байланыштуу машиналарды жана жабдууларды оңдоо акыркыларды оңдоо менен бир убакта жүргүзүлөт.
6. Машиналарды жана жабдууларды конструкциялык өзгөртүү техникалык регламенттерге, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык документтерине ылайык белгиленген чекте жүргүзүлөт.
7. Оңдоодон кийин машиналарды, жабдууларды эксплуатацияга берүүдө каралган жумуштардын бардыгынын аткарылышы, атайын техникалык регламентте жана/же даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык документтеринде каралган оңдоонун отчёттук техникалык документтеринин болуусу текшерилиши керек.
8. Оңдоодон кийин машиналарды жана жабдууларды эксплуатацияга берүү атайын техникалык регламенттин, даярдоочунун жана/же долбоорлоочунун эксплуатациялык документтеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарууда коопсуздукту камсыз кылуучу уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралар аткарылышы керек.
15-берене. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигналдык белгилемдерди колдонуу боюнча жалпы талаптар
1. Ушул берененин талаптары машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессиндеги сигналдык жарык берүү, коопсуздук белгилерин жана сигналдык белгилемдерди колдонууга тийиштүү.
Эксплуатациялоочу жерлердеги кооптуу зоналар, машиналардын жана жабдуулардын кооптуу бөлүктөрү ушул берененин талаптарына ылайык сигналдык түстөргө боёлушу керек жана тийиштүү коопсуздук белгиси менен белгилениши керек.
2. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөргө коюлган кошумча талаптарды камтыбайт:
транспорт каражаттарынын жана жол кыймылынын бардык түрлөрүнүн жарык сигнализациялары үчүн колдонулуучу түстөргө;
газдарды жана суюктуктарды сактоо жана ташуу үчүн баллондордун, түтүк өткөргүчтөрдүн, сыйымдуулуктардын түстөрүнө, белгилерине жана маркировкалоочу щитчелерине;
жол белгилерине жана белгилемдерине, темир жолдордун жолдук жана сигналдык белгилерине, транспорттун бардык түрлөрүнүн коопсуз кыймылын камсыз кылуу белгилерине;
кооптуу жүктөрдүн белгилерине жана маркаларына, ташуунун жана сактоонун атайын шарттарын талап кылган жүк бирдиктерине;
өрт белгилерине.
3. Сигналдык жарык берүүлөр, коопсуздук белгилери жана сигналдык белгилер персоналдын жана эксплуатациялоо жүргүзүлүп жаткан жерде турган адамдардын көңүлүн кооптуу абалды болтурбоо максатында алдын алуу, кооптуу абалды кенебегенден улам болуучу нерсе тууралуу билдирүү, белгилүү аракеттерди эскертүү же талап кылуу үчүн коркунучка, ошондой эле керектүү маалыматтарды билдирүү үчүн бурууга колдонулушу керек.
4. Сигналдык жарык берүүлөрдү, коопсуздук белгилерин жана сигналдык белгилерди колдонуу коопсуздук шарттарын камсыздоо боюнча уюштуруучулук жана техникалык иш-чараларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын колдонуу муктаждыгын алмаштырбайт.
5. Эксплуатант ушул Техникалык регламенттин талаптарын эсепке алуу менен төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сигналдык белгилемдердин болушун камсыз кылууга, сигналдык түстөргө боё жана кооптуу зоналарды белгилеген жана коркунучтун түрлөрү, мүмкүн болуучу кооптуу абалдар тууралуу маалымдаган коопсуздук белгилеринин болушун камсыз кылууга;
2) коркунучтун мүнөзүнө жана түрүнө коопсуздук белгилеринин ылайык келишин камсыз кылууга (керек учурда коопсуздук белгилерине түшүндүрмө жазуулардын текстин тандоо);
3) өлчөмдөрдүн, түрлөрдүн жана коопсуздук белгилеринин жана сигналдык белгилемдердин жасалышынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга;
4) коопсуздук белгилеринин жасалышы менен жеке коргонуу каражаттары жайгашкан жерлерди белгилөөгө.
6. Түстү өзгөртүүдө же ал техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбесе эксплуатант боёог, сигналдык белгилемдерди коюуга же белгини алмаштырууга милдеттүү. Белгилер деформация болгон же бузулган учурда дагы алмаштырылат.
7. Атайын техникалык регламенттер менен ушул Техникалык регламентте каралбаган кошумча башка коопсуздук белгилери, графикалык символдор жана коопсуздук белгилериндеги түшүндүрмө жазуулар кошумча орнотулушу мүмкүн.
8. Сигналдык жарыктарды, сигналдык белгилемдерди, коопсуздук белгилерин белгилөөгө жана колдонуу тартибине карата талаптар Р 12.4.026-2001 ГОСТто белгиленген.
3-ГЛАВА. ЖАРЫЛУУ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТАЛАПТАР
16-берене. Жарылуу коопсуздугу боюнча жалпы жоболор
Заттарды (материалдарды), анын ичинде газдарды, бууларды, суюктуктарды, катуу заттарды жана материалдарды, чаңдарды жарылуу коопсуздугу боюнча классификациялоо, анын ичинде категориялар жана топтор боюнча классификациялоо, ошондой эле жарылуу коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн номенклатурасы, заттарды (материалдарды) колдонууда жарылуу коопсуздугунун бул көрсөткүчтөрү, шарттары боюнча талаптар өрт коопсуздугу тармагындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
Машиналардын жана жабдуулардын жарылуу коопсуздугун жана эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча жалпы талаптар "Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын системасы. Жарылуу коопсуздугу. Жалпы талаптар" ГОСТ 12.10.10го ылайык келүүгө тийиш.
17-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын алуунун жалпы талаптары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо процессинде жарылуунун алдын алуу максатында эксплуатант төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:
1) жарылуу коркунучунун санын, классын жана жарылуу коркунучу бар аймактардын өлчөмдөрүн азайтууну камсыздоо;
2) конструкцияларды, машиналарды жана жабдууларды экслуатациялоо жана жайгаштыруу шарттарын тандоо эсебинен аварияларда аймактын жарылуу коркунучунун деңгээлин азайтуу үчүн күйүүчү заттын жана чаңдын атмосферага чыгышын азайтуу;
3) машиналарды жана жабдууларды аларды эксплуатациялоо аймагынын жарылуу коркунучу классына ылайык келген жарылуудан коргоо классында жасалгандарды колдонуу.
18-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын алуу ыкмалары
Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуунун алдын алуу төмөнкүлөрдүн ыктымалдыгын жоюу же азайтуу ыкмалары менен жүргүзүлөт:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн түзүлүшү;
2) жарылууну болтуруучу булактын пайда болушу (ачык жалын, ысык жана чок болгон нерселер, электр разряддар, химиялык реакциялардын жана механикалык таасирлердин жылуулук чыгарышы, уруудан жана сүрүлүүдөн чыккан учкун, уруучу толкундар, электрмагниттик жана башка нурлануулар).
19-берене. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо
1. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо жарылуу коопсуздугу боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө, ошондой эле милдеттүү талаптарды аткарууну көзөмөлдөө максатында киргизилет. Жарылуу коркунучу бар аймак деп коргоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө жарылуу коркунучу же жардыруучу аралашма бар же пайда болушу мүмкүн болгон аймак аталат.
Жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы деп жалындаганда күйбөгөн аралашманын бардык көлөмүнө тараган нормалдуу атмосфералык шарттардагы күйүүчү газдардын же абасы бар буулардын аралашмасы аталат.
Жардыруучу чаң аба аралашмасы (жардыруучу чаңдын булуту) деп жалындаганда күйүү жалындабаган аралашманын баарына тараган нормалдуу атмосфералык шарттардагы чаң же була түрүндөгү жалындоочу заттардын аба менен аралашмасы аталат.
2. Жарылуу коркунучу бар аймактарды жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын жыштыгына жана болуу узактыгына "Жарылуудан корголгон электр жабдуу. 10-бөлүк. Жарылуу коркунучу бар аймактарды классификациялоо": Р 51330.9 (МЭК 60079-10-95) ГОСТко ылайык үч класска бөлүшөт:
1) 0-классындагы аймак: жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы дайыма же узак убакыт бою болгон аймак;
2) 1-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жарылуу коркунучу бар газ аралашмасы болушу мүмкүн болгон аймак;
3) 2-класстагы аймак: эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарында жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын болуу ыктымалдыгы аз, ал эми ал пайда болсо да чанда болгон жана көпкө созулбаган аймак;
3. Жарылуу коркунучу бар аймактар жардыруучу чаң аба аралашмаларынын жыштыгына, болуу узактыгына жана чаң катмарларынын болушуна жараша төмөнкү класстарга бөлүнөт:
1) 20-класстагы аймак: булут түрүндөгү күйүүчү чаң күйүүчү же жалындоочу чаңдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрацияны түзүүгө жарай турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режиминде дайыма же көбүнчө болгон жана/же чаң катмарлары жарылуу үчүн жетиштүү санда топтолушу мүмкүн болгон аймак. Бул анда чаң көбүнчө же узак убакыт бою жардыруучу аралашмаларды пайда кыла турган чаң болгон аймактын ичиндеги кабыкча болушу мүмкүн. Эреже катары бул жабдуунун ичинде болот;
2) 21-класстагы аймак: 20-класстагы аймак катары классификацияланбаган аймак, анда булут түрүндөгү күйүүчү чаң күйүүчү чаңдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрацияны түзүүгө жарай турган санда жабдуунун иштешинин нормалдуу режиминде болушу мүмкүн болгон аймак. Бул аймак чаң топтолууга жакын жерлерди жана аймак чаңдын аба менен аралашмаларында жарылуу үчүн жетиштүү концентрация түзүлүшү мүмкүн болгон иштин нормалдуу режиминде чаң булуттары бар жерлерди камтышы мүмкүн.
3) 22-класстагы аймак: 21-класстагы аймак катары классификацияланбаган аймак, анда күйүүчү чаңдын булуттары чанда пайда болуп аз убакытка гана сакталат же анда күйүүчү чаң катмарларынын топтолушу штаттыктан айырмаланган иштин нормалдуу эмес режиминде болушу мүмкүн, бул абада жалындоого жарай турган чаң аралашмаларынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Эксплуатациялоо шарттарына жараша чаңдын топтолушун же катмарларын жок кылууга кепилдик берилбесе анда аймакты 21-класстагы аймак катары классификациялашат. Бул аймак андан чаң тешик жерлер аркылуу учушу жана топтолушу мүмкүн болгон чаңдан турган жабдуунун жанындагы жерлерди камтышы мүмкүн.
Чаң боюнча классификациялануучу аймак катары булут же катмар түрүндөгү күйүүчү чаң жардыруучу чаң-аба аралашмасынын же күйүүчү чаңдын катмарынын жалындашынын алдын алуу үчүн жабдуунун конструкциясы же пайдалануу тартиби боюнча коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүүнү талап кылган санда болгон же күтүлгөн аймак аталат.
Машиналардын жана жабдуулардын иштешинин нормалдуу режими деп бардык параметрлердин иштөөчү маанилери менен мүнөздөлгөн машиналардын жана жабдуулардын иштешинин режими аталат. Жарылуу коркунучу бар чөйрөнү түзүүгө алып келбеген, аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө жарай турган күйүүчү заттын анча-мынча чыгышы нормалдуу режим катары каралат. Машиналарды жана жабдууларды шашылыш токтотууну же оңдоону талап кылган авариялар нормалдуу режим катары каралбайт.
20-берене. Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоого коюлуучу талаптар
1. Жарылуу коркунучу бар чөйрө болсо эксплуатант ушул Техникалык регламенттин 19-беренесине ылайык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймагынын жарылуу коркунучунун классын аныктоого тийиш. Аймактарды жарылуу коркунучунун белгилүү класстарына киргизүү заттардын категорияларын жана топторун эсепке алуу менен жүргүзүлүшү керек. Жарылуу коркунучу бар чөйрө, анын ичинде аны түзүүчү компоненттердин жетиштүү көлөмү жок болгон учурда эксплуатант жарылуу коркунучу бар аймактардын классын аныктоону жүргүзбөйт, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймактары жарылуу коркунучу жок аймактарга киргизилет. Жарылуу коркунучу жок аймак деп коргоонун атайын чараларын талап кылган көлөмдө жарылуу коркунучу бар аралашма пайда болушу мүмкүн болбогон аймак аталат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо аймактарын жарылуу коркунучу бар белгилүү аймактарга киргизүү документтештирилген болууга тийиш. Документтер төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
1) жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн жана анын компоненттеринин болушу;
2) жарылуу коопсуздугунун талаптарын камсыз кылуу;
3) көрсөткүчтөрдүн жыйындысы, анын ичинде чыгуунун (чыгуу деңгээлинин) мүмкүн болчу жыштыгы жана узактыгы, күйүүчү заттын чыгуу жана топтолуу ылдамдыгы, шамалдоонун ишенимдүүлүгүн жана аймактын жарылуу коркунучунун деңгээлине таасир этүүчү башка факторлор;
4) аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө же жалындоочу чаңды бөлүп чыгаруу булагы болууга жарамдуу күйүүчү заттардын чыгуу булагы боло турган машиналардын жана жабдуулардын ар бир элементин талдоо.
Чыгуу ылдамдыгы (тездиги) деп чыгуу булагынан убакыт бирдигинде чыгарылуучу аба менен кошо жарылуу коркунучу бар аралашманы түзүүгө жарамдуу күйүүчү заттын (газдын, буунун же суюктуктун) саны аталат.
Чыгуу деңгээли деп жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын пайда болуу ыктымалдыгына байланыштуу чыгуу мүнөздөмөсү түшүнүлөт. Чыгуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
туруктуу (үзгүлтүксүз) чыгуу - үзгүлтүксүз же узак убакыт бою чыгуу;
биринчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормалдуу иш режиминде пайда болушу мезгилдүү же кокустуу мүнөздө болгон чыгуу;
экинчи даражадагы чыгуу - машиналардын жана жабдуулардын нормалдуу иш режиминде жок болгон, ал эми пайда болсо да кыска убакытта болгон чыгуу.
Чыгуу булагы деп андан жарылуу коркунучу бар газ аралашмасынын пайда болушу үчүн жетиштүү көлөмдө атмосферага чыгышы мүмкүн болгон машинанын, жабдуулардын элементи аталат.
Жалындоочу чаңды бөлүп чыгаруу булагы деп андан күйүүчү чаң жардыруучу чаң-аба аралашмасы пайда болушу мүмкүн болгондой бөлүп чыгарыла же көтөрүлө турган чекит же орун аталат.
3. Эксплуатант машиналарды жана жабдууларды аймактын жарылуу коркунучунун классына ылайык колдонууну камсыз кылууга.
4-ГЛАВА. МЕХАНИКАЛЫК ЖАНА ЭЛЕКТР КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТАЛАПТАР
21-берене. Коргоочу тосмолорду орнотуу боюнча талаптар
1. Ушул берененин талаптары персоналды машинанын жана жабдуулардын кыймылдуу бөлүктөрү, буюмдар, даярдоолор жана материалдар, иштетилүүчү материалдын учуучу бөлүктөрү жана майлоочу-муздатуучу суюктуктар түзгөн коркунучтан коргоого арналган машиналардын жана жабдуулардын коргоочу тосмолоруна (мындан ары -тосмолорун) колдонууга таралат.
Ушул берене өзүнө аба, суу жана жер транспортунун каражаттарына тосмолорду колдонууга коюлуучу кошумча талаптарды камтыбайт.
2. Тосмолор машиналарды, жабдууларды эксплуатациялоодо жана техникалык тейлөөдө алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тийиш эмес.
3. Тосмолор коркунуч булактары болбоого тийиш.
4. Артка түшүрүлүүчү, бүктөлүп жыйналуучу жана алып салынуучу тосмолор коргоо абалында өз алдынча жылдыруудан кармалууга тийиш. Өйдө көздөй ачылуучу тосмолор ачык абалда кармалып турушу керек.
5. Буга технологиялык мүмкүнчүлүктөр жол берген бардык учурларда текши тосмолор колдонулушу керек.
Тордон жасалган тосмолор форманын туруктуулугун жана белгиленген катуулукту камсыз кылган конструкцияда болууга тийиш.
Перфорацияланган материалдан же тордон даярдалган тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы аралык 1-таблицада келтирилген.
1-таблица
Ийүүнү болтурбоо мүмкүн эмес болгон перфорацияланган материалдан жасалган тосмолор үчүн тосмо жана коркунучтуу элементтин ортосундагы аралык ийүү чондугуна көбөйтүлөт.
6. Тосмонун конструкциясы жана жабышкан жери персоналдын тосулуучу элементтер менен кокусунан тийип кетишин болтурбоого тийиш.
7. Тосмонун бекемдиги персоналдын тосмого таасиринин аракеттери боюнча аныкталуучу басымды, машиналардын жана жабдуулардын бузулган бөлүктөрүн же материалдардын чыгышын эсепке алуу менен орнотулууга тийиш.
8. Тосмонун коргоочу касиети коркунучтуу же зыяндуу факторлордун таасири астында азайбашы керек.
9. Тосмо машиналарды жана жабдууну эксплуатациялоодо аны коргоочу абалдан жылдырууга мүмкүн болбогондой кылып орнотулушу керек. Тосмону жылдыруу мүмкүн болсо, анда мындай жылдыруу тосулуучу элементтерди токтотууга алып келүүгө тийиш.
10. Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган машиналардын жана жабдуулардын элементтерин же атайын макулдашылган элементтерди алууга тоскоол болгон тосмолордун машиналарды жана жабдууларды тосмо коргоочу абалда турганда гана иштөөсүн камсыз кылган автоматтык блокировкасы болууга тийиш.
11. Блокировка түзүлүштөрү машиналардын жана жабдуулардын элементтерин же жумушчу циклин автоматтык түрдө күйгүзүү үчүн колдонулбашы керек.
12. Кароочу терезелер тосмонун коргоочу функциясын азайтпоого тийиш.
13. Тосмо анын коргоочу функциясын камсыз кылган абалга карата кыйшаюуну же жылышууну болтурбоочу тактыкта даярдалышы же орнотулушу керек.
Тосмону (тосмолорду) колдонууну эсепке алуу менен персонал үчүн коопсуздук аймактары жумуштарды отурган жана турган абалда аткарууда жумушчу орундарын жабдууга коюлуучу милдеттүү талаптарга ылайык адамдын мотордук талаасынын аймактарына ылайык келүүгө тийиш.
14. Тосмонун формасы, өлчөмдөрү жана катуулугу машиналардын жана жабдуулардын тосулуучу бөлүктөрүнө карата анын орун алышы тосулуучу бөлүктөрдүн жана мүмкүн болчу чыгаруулардын (мисалы, аспаптын, иштетилүүчү тетиктердин) персоналга таасир этишин болтурбоого тийиш.
15. Мындай конструкциялардын тосмолорун эксплуатациялоого жол берилет:
1) тосмонун персоналды коргоону камсыз кылган абалдан өз алдынча жылуусун мүмкүн кылбаган;
2) персоналды аспаптын жардамы менен гана коргоону камсыз кылган абалдан тосмонун жылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат же тосмолор өзүнүн коргоочу функцияларын аткара албаган абалда болсо машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоону токтотушат;
3) персоналдын каралган аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат, зарыл учурларда машиналардын жана жабдуулардын тосулуучу бөлүктөрүнүн ишине байкоо жүргүзүү;
4) кошумча коркунучтуу (штаттык эмес) жагдайларды түзүшпөйт.
16. Бир жумуш мөөнөтүнүн ичинде кол менен бир нече жолу ачуу, алуу, ордун алмаштыруу же орнотуу керек болгон тосмолордун тийиштүү түзүлүштөрү (кармагычтары, скобалары ж.б.) болууга тийиш.
17. Мезгил-мезгили менен кол менен ачылуучу тосмолор ушул Техникалык регламенттин 15-беренесинин талаптарына ылайык ич жагынан белги берүүчү түскө боелууга тийиш. Тосмонун сырткы бетине эскертүүчү белги коюлат же бекитилет.
18. Тосмонун бийиктиги кооптуу элементтин жайгашуу бийиктигине, коргоочу тосмо жана коркунучтуу элемент ортосундагы аралыкка жараша адамдын денесинин бөлүктөрүнүн коркунучтуу элемент менен кокусунан тийишин болтурбагандай кылып тандалат.
22-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы жоболор
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугунун төмөнкү негизги эрежелери сакталууга тийиш:
1) токту жеткирүүчү коркунучтуу бөлүктөр кокусунан тийип кетпөө үчүн ачык болбоого тийиш;
2) ачык жеткирүүчү бөлүктөр нормалдуу шарттарда, ошондой эле бузулуу болгондо коркунучтуу болбошу керек.
Жеткирүүчү бөлүк деп электр тогун жеткире алчу машинанын жана жабдуунун бөлүгү аталат.
2. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугу ушул Техникалык регламенттин, атайын техникалык регламенттердин талаптарына, эксплуатациялык документтерге, ошондой эле электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелерине (ЭТЭ) ылайык камсыз кылынат.
23-берене. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоодо электр коопсуздугун камсыз кылуучу ыкмалар жана коргоо каражаттары
Кокусунан түз тийүүдөн, башкача айтканда адамдардын же жаныбарлардын чыңалуудагы машиналардын жана жабдуулардын ток жеткирүүчү бөлүктөрү менен электр контактынан коргоо үчүн аларды эксплуатациялоодо долбоорчу жана/же чыгаруучу караган каражаттарга кошумча төмөнкү техникалык каражаттар колдонулат:
1) коргоочу тосмолор (убактылуу же стационардык);
2) эскертүүчү сигнализация, коопсуздук белгилери.
Электр коопсуздугун камсыз кылуунун техникалык каражаттары төмөнкүлөрдү эсепке алуу менен колдонулууга тийиш:
1) электр жабдуусунун номиналдык чыңалуусун, токтун түрүн жана жыштыгын;
2) тышкы чөйрөнүн шарттарын;
3) машиналардын жана жабдуулардын аткарылуу түрүн (жылып жүрүүчү, көчүп жүрүүчү);
4) аларда же алардын жанында жумуш жүрө турган ток жеткирүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн жана/же зарылдыгын;
5) чыңалуудагы ток жеткирүүчү бөлүктөргө уруксат берилгенден аз аралыкта жакындоо мүмкүнчүлүгүн.
24-берене. Электр коопсуздугун камсыз кылуу максатында машиналарды жана жабдууларды техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштуруу боюнча талаптар
1. Оңдоо иштерин жүргүзүүдө электр схемалары Техникалык регламенттерге, чыгаруучулардын жана/же долбоорлоочулардын эксплуатациялык документтерине ылайык өзгөртүлөт.
2. Оңдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оңдоо иштери жүргүзүлө турган жерлерде машиналар жана жабдуулар же алардын бөлүктөрү атайын техникалык регламенттерде башка белгиленбесе тосулууга жана атайын тыюу салуучу сигналдык белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
5-ГЛАВА. МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ УТИЛДЕШТИРҮҮ ПРОЦЕССТЕРИНИН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУЧУ ТАЛАПТАР
25-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) коркунучтуу факторлордун пайда болушунун алдын алуучу жана машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү учурунда алардын болушу зыян келтирүү коркунучуна алып келген зыяндуу факторлордун таасирин азайтуучу же жок кылуучу даярдоочу процесстерди сөзсүз түрдө колдонуу;
2) машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинин ушул Техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга шайкештиги.
26-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмалары
1. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү төмөнкү ыкмалар менен жүргүзүлөт:
1) башка арналышы боюнча пайдалануу;
2) жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен;
3) көмүү.
2. Башка арналышы боюнча пайдалануу утилдештирүү ыкмасы болуп саналат, анда машиналар жана жабдуулар долбоорлоодогу жана даярдоодогу максаттарда каралбаган башка максаттарда колдонуу деңгээлинде машиналардын жана жабдуулардын максаттарынын сапаттык өзгөрүшү жүрөт.
3. Машиналарды жана жабдууларды жок кылуу утилдештирүү ыкмасы болуп саналат, анын жыйынтыгында жок кылынуучу машиналардын жана жабдуулардын даярдоочу жана/же долбоорлоочу белгилеген бүтүндөй, ошондой эле анын айрым түзүүчү бөлүктөрүнүн касиеттери жана белгилери сакталбастан машиналар жана жабдуулар жок кылынат.
4. Машиналарды жана жабдууларды кайра иштетүү энергия же/жана чийки зат, же/жана материалдарды алуу менен машиналарды жана жабдууларды жок кылуунун ыкмасы болуп саналат.
5. Машиналардын жана жабдуулардын айрым бөлүктөрүн, түйүндөрүн көмүү, аларды башка максаттарда пайдалануу же жок кылуу, анын ичинде кайра иштетүү жолу менен жок кылуу мүмкүн болбогондо жана/же максатка ылайык келбеген учурда гана колдонулушу мүмкүн.
6. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү ыкмасы ушул Техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды эсепке алуу менен тандалып алынат.
7. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүү процессинде пайда болгон таштандылар жок кылынууга, анын ичинде кайра иштетилүүгө, ошондой эле көмүлүүгө тийиш. Таштандылар айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштүн жана керектөөнүн таштандыларын чыгаруу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыгарылат.
27-берене. Машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн даярдоочу процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар
1. Ушул Техникалык регламентте машиналарды жана жабдууларды утилдештирүүнүн даярдоочу процесстери деп машиналарга жана жабдууларга карата жасалган алардын жыйынтыгында аларды мындан ары эксплуатациялоо мүмкүн эмес болгон аракеттер (операциялар) аталат.
2. Техникалык регламенттерде белгиленген нурлануулардын коопсуздугун камсыз кылуучу талаптарды сактоо үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун) бардык булактарынан өчүрүп коюу керек.
3. Атайын техникалык регламенттерде жарылуу коопсуздугу боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда көрсөтүлгөн заттар (материалдар) бар машиналардын жана жабдуулардын элементтерин (бөлүктөрүн) алып таштоо керек.
4. Атайын техникалык регламенттерде механикалык коопсуздук боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы өз алдынча кыймылдоочу элементтерди (бөлүктөрдү) алып таштоо керек, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун түзгөн (дем алуу органдары аркылуу адамдын организмине кирүүчү) күкүм түрүндөгү заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, ошондой эле машиналардын жана жабдуулардын бардык элементтериндеги (бөлүктөрүндөгү) басымды атмосфералык басымга тең келтирүү зарыл.
5. Атайын техникалык регламенттерде термикалык коопсуздук боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналардын жана жабдуулардын, ошондой эле алардын курамындагы элементтердин (бөлүктөрдүн) температурасын жол берилген деңгээлдерге чейин жеткирүү керек.
6. Атайын техникалык регламенттерде химиялык коопсуздук боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналардын жана жабдуулардын курамындагы зыян келтирүү коркунучун түзгөн жарылуу коркунучу бар бардык химиялык агрессивдүү (активдүү) заттарды (материалдарды) алып таштоо керек, же мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда көрсөтүлгөн заттар (материалдар) бар машиналардын жана жабдуулардын элементтерин (бөлүктөрүн) алып таштоо керек.
7. Ушул Техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде электр коопсуздугу боюнча коюлуучу талаптарды аткаруу үчүн утилдештирүү процесси башталганга чейин машиналарды жана жабдууларды энергиянын (азыктандыруунун) бардык булактарынан өчүрүп коюу керек, ошондой эле алар иштөө жана технология принцибинен улам (алар технологиялык мүмкүн болгон) топтолгон машиналардын жана жабдуулардын элементтеринен (бөлүктөрүнөн) калган чыңалууну (зарядды, статикалык электрди) алып таштоо керек.
6-ГЛАВА. МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО ЖАНА УТИЛДЕШТИРҮҮ ПРОЦЕССТЕРИНИН УШУЛ ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТТЕ БЕЛГИЛЕНГЕН ТАЛАПТАРГА ШАЙКЕШТИГИНЕ БАА БЕРҮҮ
28-берене. Шайкештикке баа берүү жана шайкештикке баа берүү формалары
1. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүү ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуу объектилерине коюлган талаптардын сакталышын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2. Ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуу объектилерине коюлган талаптарды сактоо үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин шайкештигине баа берүүнүн түрлөрү: мамлекеттик контроль жана көзөмөл белгиленген.
29-берене. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү эрежелери жана тартиби
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл ушул Техникалык регламенттин машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине коюлган талаптарынын аткарылышын (сакталышын) текшерүү боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары жүргүзгөн иш-чаралар түрүндө ишке ашырылат.
2. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ыйгарым укукка ылайык аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу бир объектисине бир эле талаптарды мамлекеттик контроль жана көзөмөл боюнча бир эле ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин бирден ашык ыйгарым укуктуу органына белгилөөгө тыюу салынат.
3. Машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылган ушул Техникалык регламент менен белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ушул Техникалык регламентти колдонуу үчүн керектүү изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана ыкмалары, ошондой эле изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелери колдонулат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жагындагы административдик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырышат.
5. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл, эгерде атайын техникалык регламенттерде башкача каралбаса, жеке тиричилик муктаждыктары үчүн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерин ишке ашырууда жүргүзүлбөйт.
30-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Эксплуатант ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарды сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары ушул Техникалык регламенттин талаптарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана ченөөлөрдү өткөрүү үчүн үлгүлөрдү тандоо эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
7-ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖАНА ӨТМӨ ЖОБОЛОР
31-берене. Өтмө жоболор
Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн баштап зыян келтирүү коркунучунун деңгээли ушул Техникалык регламентте эске алынган зыян келтирүү коркунучунун деңгээлинен жогору болгон машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү маселелери боюнча атайын техникалык регламент күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык, ошондой эле жарандардын өмүрүн, ден соолугун, жеке, юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоо, машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана утилдештирүү процессинде келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордон айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо максаттарына ылайык келүүчү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында жана аткаруу бийлик органдарынын нормативдик документтеринде белгиленген талаптарды эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
32-берене. Ушул Техникалык регламенттин күчүнө кириши
1. Ушул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 29-декабры, №280.