(Башталышы өткөн сандарда)
Майра Керим кызы:
Ысык-Көл деген көлүм бар, кыргыз деген элим бар

Төрүндө эл журтумдун отурамын,
Кубанычка боюмду багдырамын.
Төркүндүн төбө жагы кылт эткендей,
Калкым, бери карап көңүл бургун!
Анау турган Касен Саматыров,
Казактын чоң акыны,
Кел ага,
Кудалардын төрүнө чакырамын! ­ деп баягыны элдин арасынан чакырып алдым.
­ Саламдашуу деле калып кетиптир да анда?..
­ Саламдашуу калып кетти, тентектик кылып программаны буздум ал жерден. Баягы киши шарт эле сахнага чыга калды. Өзүнүн эле кадимки кийими менен жүрүптүр, түптүк туугандар конокко чакырган го. Бирок мен анын акын экенин билем да.
­ Ал киши сизди таанычу беле?
­ Тааныйт. Бир боз үйдөн келип, бир боз үйдөн кеттим дегизбейин, экинчи жагынан төркүнүмдү бир көтөрөйүн деген да ой болчу. Сахнага чыккандан кийин ал киши:
Майра сен,
Чындап келсең ­ небересиң.
Сүйлөсөң, акыл айтып жөлөнөсүң.
Алдыңа, Касен бауруңду чакырып алдың,
Канаке, карындасым не бересиң? ­ десе болобу. Мен дагы чакыраарын чакырып алып эчтеке дей албай:
Жүрөм десең,
Чалкып басып жүргүзөйүн.
Илем десең,
Көлдүн кушун илгизейин!..
Кыз жаманы ­ бир чөөгүн чайга жарайт.
Балбай баатыр тою,
Мына болуп жатат.
Тээтиги кош жоргонун бирөөсүн,
Кудаларыңдын атынан такымыңа мингизейин! ­ десем эле, эл кол чаап ордуларынан тура калышты. Ал кунандар кимдики экенин да билбейм. Эл ыраазы болот экен. Ошондо биринчи жолу менин маңдайымдан тура калып эл кол чапты. Элден айланса болот, акындар эл менен элбиз да…
Андан соң Касен ага:
Оо, карындасым,
Бир тай берип, сындап отур.
Эки күн болду келгениме бул тоюңа,
Тамагым бир азыраак кургап отыр, ­ дейт. Анан мен:
Айткан сөзүңдү агажан куп алайын,
Калкымдын нак төрүнөн чыгарайын.
Жүр ана, 72 номерлүү боз үйүмө,
Кыргыздын бозосуна сугарайын! ­ деп коноктоюн жүрүңүз деген ой менен айтышты бүттүк.
ххх
­ 29­30­августтарда Бишкек шаарында Президентибиз өзү кош байге сайып өткөргөн эл аралык айтышка маани бере кетсеңиз?
­ Бул жолку айтыштын өзгөчөлүгү ­ баш байге ­ кош байге болду. Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло деген кыргыздар. Карышкыр да аман, кой да аман. Байге талаш тартышы жок эки элдин акындарынын ортосуна тең бөлүнүп берилди. Мен ал айтышта баш байгени жеңип алдым. Кыргыз, казак ­ энчиси бөлүнбөгөн эгиз элбиз. Ошон үчүн эгиз байге, кош байге коюлдубу деп да ойлойм. Беш көңүл бир атым асмайдан калат. А казак менен кыргыз доско караганда боор, бир тууган болуп атпайбызбы. Бир үйүрдөгү тайдын туягы өзүнө май, тебишеби, өбүшөбү бирок, наркы түпкү пайдубал бар да.
­ Биздин бийлик төкмө акындардын айтышына кош байге койду. Эми казак туугандар да ошондой коёр бекен? Боордош акындар да ошону ойлонуп кетишкенин байкай алдыңызбы?
­ Ойлонуп кетишсе керек, өрдөк жесең ­ каз байла дегенди билбеген казак жок. Иттин уулу Байгара той берсе айтыш өткөрүп жатышат алар. Бизге алардан беш эле акын келди. Кош байгени айтып барса, жомок деп ишенбеген чыгаар тиякта калган казактар. Биздин калыстар тобуна казактар тараптан бир калысты кошуп коюшса, ошол Казакстанга ­ биздин Президентибиз койгон 200000 сомдук баш байгени ошол адам адилеттүүлүк менен айтып бармак. Беркилер деле айтып барат дечи… Башка элдерди карабай, биз марттыгыбызды кыла беришибиз керек. Анткени, биз айкөл Манастын тукумубуз. Беш сом берсек да бөлүп берели.
Курманбек Бакиевдин тушунда кош байге сайылып айтыш болду го. Эгерде Кудай буюруп, калк ордунда, кан тагында турса, элде ынтымак, казанында ырыскы болсо, жылына бир болсо да, бапыраган жакшынакай байге коюп берип атса, кан камкордук көрсөтсө калк өзү эле сүрөп коет. Сырттан тажрыйбалуу акындар келген сайын биздин жаш акындар курчуйт. Кош байге сайгандан биздин казынабыз оркоюп калбайт. Жаштарыбыз өсүп келатат. Арабыздан картайган акындарыбыз кетип жатат, курч сөздөр көкүрөгүндө кошо кетип баратат. Мына акыркы эле күндөрдө Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев агалар арабыздан о дүйнө сапар тартышты.
Менин оюмча айтыш акындарын үч топко бөлүп тарбияласак.
­ Казак төкмө акындарынын арасында өтө эле көп кыз­келиндер жүрөт. Болгондо да алар мыкты айтышууда. Бизде андайлар анча көрүнбөйт. Өзүңүз, кыргыз кыз­келиндеринин колунан жетелеп чыгаргандар жөнүндө да айтсаңыз? Же бизде андайлар жокпу?
­ Мен өзүм да кыздарды жыйнап жүрөм. Баш­аягы алтоо болуп калды. Бирок, алардын төртөө жүрөксүнүп чыга албай жүрөт. Катышамын деп жүргөн оозунда сөзү бар, жүрөгүндө жалы бар, түгү бар кыздарыбыз бар. Жал эркектерде эле болсун, бизге түк эле жетет. Мына атап айтсам Жыпара Кожокеева Ак­Суу районунан, Токтогулдан Айгүл Бердигулова деген кыздар чыкты. Тээ Ош областынын Кара­Суу районунун Эркин деген айылынан Кызжибек Кыргызбаева деген кыз бар. Аны үйүмө апкелип тарбиялап, аманат кылып кайра үйүнө тапшырдым эле. Кудайдын буйругу менен турмушка чыгып кетти. Акындык өнөр аны тынч отургузбайт. Учуру келгенде ал да эл алдына, сахнага чыгаар, далай байгелерди алаар.
Нурзат Орозалиева деген комузчу кызыбыз бар эмеспи, мында ооз жамагы бар. Мунарбек Чөбиевдин Жазгүл деген келинчегинде жамактык өнөр бар. Ысык­Көлдүн Тоң районундагы Большевик айылында мектепте окуган Бактыгүл деген кызды да акындык өнөр жылоолоп турат. Балыкчы шаарынын № 4 мектебинде иштеген Махабат деген кыз бар экен. Чолпон­Атада бир чоң кеченин ачылышында көрүп:
­ Сен эмне сахнага чыкпай жүрөсүң, өз талантыңды камап? ­ деген элем. Андан кийин Барскоондон 8 баланын энеси Алмагүл деген бир эжебиз бар. Азыр Алма­Атанын барахолка базарында кыздарын ырдатып, өзү соода кылып жүрөт. Мени менен автобуста Балыкчыдан бирге отуруп Караколго жеткенге чейин айтышкан.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет эмеспи. Аларды жыйнап чогултканга бир борбор же ордо керек. Мен аларды жыйнап нукка салуу үчүн азыр шартым жок.
­ Сиз ушинтип эле жүрө бересизби же канткен күндө да ошол акындык "чымыны" бар кыз­келиндерди бир жерге топтоштурайын деген ниет­тилектериңиз да барбы?
­ Бар! Менин жарыла албай турган жарамды чукуп атпайсыздарбы. Мен өзүмдү­өзүм тажрыйбалуу акын деңгээлине жете албай жүрүп, эми­эми эл мени төргө чыгарды, эми мага жоопкерчилик баштагыдан да чоң, бир иш баштасам да болот да деген чечимге келип калдым. "Айым айтыш" коомдук фондусун түзсөмбү деп ниеттенип жатам. Ушул коомдук фондуну Тынчтыкбек Акматбаев "мага барыңыз, мен колдоп берем, жеңе", ­ деп калды эле, орто жолдон бу бала кырсыкка учурап калды.
Балким, мындан кийин да менин бул тилегимди колдой тургандар чыгаар. Мүмкүн газетадан ушул макаланы окуп калышса Курманбек Салиевич Бакиев, И.Чудиновдор колдоп чыгышаар…
Үч­төрт жыл болду мен дымып калдым, мени нота билбейт экенсиң! ­ деп музыкалык драм театрдан чыгарып салышты, аттестациядан өткөрбөй. Буга маданият башкармалыгынын начальниги Камбарова Зинагүл Орозалиевнанын тикелей катышы бар болуучу. Ошол киши баш болуп, мени жээкке сүрүп салышты.
­ Анын себеби эмне эле?
­ Туура сүйлөгөн тууганына жакпайт болуш керек, анткени Тойчубек Касымов деген губернатор болуп турган учурда Кумтөр Оперейтинг компаниясынын машинасынан Ысык­Көлдү булгап төгүлгөн цианитти ырдаймын деп балээге калдым. Ошондон баштап үзөңгү буттан тайыды… Мен ал жөнүндө айтайын деген оюмда жок болчу, казактын акыны:
Тамчы дары таамп кетиптир Көлүңүзгө,
Аман­эсен кайтабызбы элибизге, ­ деп мага карап ырдаганда мен ага карап:
Эй, тамчы эмес,
Ысык­Көлгө тонна тамган!
Ал, көпүрө бузулуп,
Кырсык болуп, жолдо тамган.
Бул өзү не көрбөгөн Ысык­Көл,
Көрсө да көп тарыхты, кебелбеген Ысык­Көл.
Көлдөлөң көп сөздөрдү уга бересиң,
Уккан сайын башыңды буга бересиң.
Акаев менен Назарбаев куда болуп,
Ысык­Көлгө чөмүлүп чыгып жатат,
Сен деле бир сүңгүп чык,
Кыргыздын форелиндей туйлап чыга келесиң! ­ ууланбайсың деп ар жагын каным айттым. Ошол учурда элдин жүрөгүн оорутуп турган эң негизги маселе, ушул цианит маселеси болуп турат эле.
Ошондогу чоңдор: "Казактын акыны тамчы десе, жанагы биздин келин тоннаны айтты", ­ деп балээ кылды гой мени. Сыйдаланып жумуштан чыга бердим. Бирок, элден айланайын кай жерде болбосун мага жумуш даяр турду.
­ Каалоо сөздөрүңүз барбы?
­ Калкыбыз аман, каныбыз тагында турса, элибизге ырыс­дөөлөт чалкып турса, бак карап, кыдыр даарып турса Кусейин атабыз айткандай кандын казабынан, каранын дооматынан сактап турса, ушул баштаган жакшы жөрөлгөсүн биздин падышабыз жылдан­жылга күчөтүп, ары көздөй улай берсе, Дастан Сарыгулов баштаган, Садык Шерниязов, Анарбек Усупбаевдер, Садыкбай Турдумамиевдер коштогон, төкмөлүк өнөрдү улантып келген иштерди колдоп берсе, нур үстүнө нур болот эле…
­Куруп берген маегиңизге чоң ракмат! Эл алдында дайыма ырдап жүрө бериңиз?
­ Сиздерге да "Эркин Тоонун" эмгек жамаатына да жакшылыктарды тилеймин!..
Мамат ӨСӨРОВ, "Эркин Тоо".




Премьер-министр Игорь Чудинов ответит на ваши вопросы
В авторской передаче президента Конгресса женщин Кыргызстана Замиры Акбагышевой "Точка зрения", которая состоится во вторник, 13-января в 19 часов 30 минут на телеканале "НТС", на вопросы телезрителей ответит Премьер-министр Игорь Чудинов. Бюджет страны и задачи правительства в Новом году, промышленность, сельское хозяйства, МСБ, энергетика. Вот перечень проблем, которые будут затронуты во время прямого эфира. Повторят передачу в воскресенье 18-января в 16.05. вопросы и предложения можно направить по телефонам: 66-42-13, 66-13-52 и в прямом эфире 44-07-85, а также присылать на электронный адрес: congresswomen@intranet.kg или посетите наш сайт www.infodev.kg; www.cabinetwork.org




Акжардагы үч курулуш
Кара-Буура районунун Акжар айылынын жашоочулары жакындан бери социалдык үч объектинин кызматын көрүшүүдө. Спорттун көптөгөн түрлөрү боюнча машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы курулган спорт комплекси жаштарды күн сайын өзүнө тартууда. Жаңы курулган спорт комплекске айылдаштарын Орусияга чакырып иш орундары менен камсыздоого көп күч аракетин жумшаган, тартыш мезгилде айыл элине аркасын тийгизген, белгилүү спорт чебери маркум Сатаркул уулу Амангелдинин ысымы ыйгарылды. Ошондой эле ФАПтын жана мончонун курулуп, пайдаланууга берилиши райондун борборунан 40 чакырымдай алыс турган айылдын жашоочулары үчүн кыйла сонун иш болду.
Н.Сейдалиев, "Эркин Тоо".




Жунай Мавляновдун 85 жылдык мааракеси белгиленди
Ушул күндөрү Кыргызстандын коомчулугу, жогорку жана атайын окуу жайларында мектеп, китепканаларда Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган илимий конференциялар, китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, көркөм окуулар өткөрүлүүдө.
Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө Бишкек шаарынын Жумабек Ибраимовдун атын алып жүргөн чоң көчөдөгү жазуучунун өзү көп жыл жашап өткөн үйдүн дубал бетине жазуучунун аты жазылган мемориалдык тактайча кагылды. Андан кийин кыргыз улуттук китепканасында илимий конференция болуп, ал жерге келгендер китепканачылар тарабынан көп түйшүктөр менен уюштурулган Ж.Мавляновдун китеп көргөзмөсү менен да тааныша алышты.
***
Ошол эле күнү түштөн кийин А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Бишкек шаарынын коомчулугу жана студенттер өкүлдөрү катышкан залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган өкмөттүк деңгээлдеги салтанат өткөрүлүп, ал салтанатты юбилейди өткөрүү боюнча өкмөттүк уюштуруу комитетинин төрагасы, республиканын Маалымат жана маданият министри Султан Акимович Раев ачып, маанилүү сөз сүйлөдү. Салтанатта жазуучунун калемгер замандаштары: Кыргыз Эл жазуучулары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Асанбек Стамов, Казат Акматов, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар, тууган-уруктары, балдары чыгып сүйлөшүп Жунай акенин жазуучулук өнөрүнө, өзгөчө адамгерчилик бийик сапатына көбүрөөк токтолуп өтүштү, арбагына арнап курандар окулду. Жазуучуга арналган мындай эскерүүлөр өткөн айда өзү туулуп өскөн жана көп жыл иштеген Аксы районунда да болуп өткөн эле.
Ушул мааракелердин өтүшүнө уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары Акун Токтосартов, анын мүчөлөрү Тынчтыкбек Нурманбетов, Сагынаалы Субаналиев, Абдыракман Мавляновдун көп эмгектери жумшалгандыгын белгилеп кеткибиз келет.
Бул чоң иш-чаралардын бардыгы Өкмөт башчыбыз Игорь Чудинов кол койгон 2008-жылдын 5-августундагы №403 буйругунун негизинде ырааттуу түрдө аткарылды.

М. Өсөров,
"Эркин Тоо".












??.??