Миграция паспорт маселесин кыйындатабы?
Сабиров Мавлянбек Нурдинович,
Ош шаардык паспорт жана виза көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги.
- Мавлянбек Нурдинович, Кыргызстандын Кытай менен болгон мамилесинин жылдан жылга өрчүшү кытай жарандарынын биздин мамлекетте ишкердигин жүргүзүүгө чоң жол ачып койду? Легалсыз келгиндер текшерилеби?
- Соода-экономикалык мамиленин жылдан жылга жакшырышы эки мамлекет үчүн деле пайдалуу эмеспи. Бул Кытай бизди басып кетет дегенди туюндурбаш керек. Басып кетпеш үчүн миграция комитети квота берет. Алар квотаны ашыкча бере албайт. 3 айга же 6 айга, бир жылга уруксат берилет. Иши жүрүшүп кетсе, жумушка алынса уруксатын кеңейтип же создуктуруп алуу ошол жарандардын милдети. Эгерде бизнеси банкрот болсо, создуктурбай эле кетип жатышат. Ал эми мыйзамсыз, эч жерде катталбай жашырынып келген кытай жарандары жок деп айтууга болбойт. ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддерде фактылар катталат, чара дароо көрүлөт. Бирок, быйылкы жылы Кытайдан легалсыз келген 157 жаран текшерүү учурунда кармалып, (500дөн 2 миң сомго чейин) 78500 сомдук жазана салынды. Ал эми жалпы 643 чет элдик жарандарга мыйзам бузганына жараша 328800 сомдук жазанга кириптер болду. 2007-жылга салыштырганда ушу жылы Ошко кытай жарандары азыраак келди. 2008-жылы окууга -1, кызматтык -313, жекече - 244, туризм -6 бардыгы болуп 546 адам катталды.
- Коңшулаш Өзбекстандан эң эле көп жарандар келип - кетишет деген сөз бар.
- Эки эл илгертеден бери карым-катнашы калың, бир туугандай жашашкан эмеспи. Акыркы учурдун талабына ылайык коңшулардын да келип-кетүүсү сөзсүз көзөмөлгө алынат. Быйыл Өзбекстандан 1991 адам Ош облусуна анын ичинде Ош шаарына келген. Алардын: кызматтык - 48, жекече - 1513, туризм - 19, окууга -476 адам келишкен. Мурда биздин мамлекетке келиш үчүн туугандары аркылуу виза алышчу. Ташкенттеги Кыргызстандын элчилигинен да визага уруксат алып, бир канча документтерди даярдап, кыскасы убаракерчилиги кыйла чоң эле. Азыр болсо Кыргыз Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №200 токтомунун негизинде Өзбекстандын жарандары 60 күн каттоосуз, визасыз эле жүрө беришет. Эгерде мезгилинен өтүп кетсе, кайрадан виза алууга, катталууга тийиш.
- Мындай жеңилдик чет элдик жарандардын кенебестигине, тоготпостугуна алып келбейби?
- Ар кандай нерсенин эки жагы болот деген төгүн эмес окшойт. Эгерде чет өлкөлөрдөн келген (кандай максатта болбосун) жарандар катталуудан өтүшсө, аларда аз да болсо чет мамлекетте жүрөбүз деген сезим бо- лоор беле? Кудай сактасын, криминалдык аракеттер менен жүргөнүн ким, кайдан билсин? Азыр диний экстремизмдин көрүнүштөрү жайылып баратканын төгүнгө чыгара албайбыз. Коңшу мамлекеттерден келип-кеткендерге чек салынбаганы менен сөзсүз түрдө катталып, кандай максатта жүрүшкөнү ички иштер бөлүмүнө маалым болушу өтө зарыл.
- Алар шаардык ПВКбга эмне маселелер боюнча кайрылышат?
- Чет өлкөлүк жарандар көбүнчө визасын узартуу үчүн, документтерин жоготуп алышса, кокус өз мекенине кайтуу муктаждыгы туулса, ушул сыяктуу маселелерде кайрылат. Ар кандай арыз-каттарга сергек мамиле жасап, кылдат иликтөөдөн кийин гана административдик чара көрүлөт. 500 сомдон 2 миң сомго чейин жазана салынат. Мурда - кийин бизге келип-кетип жүргөндөр үчүн бул анчалык деле кыйынчылык туудурбайт. Ал эми Иран, Непал, Пакистан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан окууга келген студенттер үчүн албетте окуу жылынын 1чи жылында кемчиликтер болот. Кенебестик, билбей калуу ар кандай шылтоолор менен кайрылгандар көп. Мисалы: быйыл Түркмөнстандан 2167 адам келген. Алардан: окууга -1866сы келсе, айрымдары Кыргызстандын элчилигинен туризм боюнча документ тууралап келгендери бар. Кийин алар Бишкекке барып, категориясына өзгөртүү киргизип келишет. Кээ бирлердин каражаты жетишпейт, айрымдары такыр эле мыйзамды билбейт, кээ бирөөсү окууга өтпөй калса, мөөнөтүн создуктуруп жүрө берет. Миграциянын мыйзамы боюнча мөөнөтү бүтөөрү менен кайрылууга тийиш.
- Мавлянбек Нурдинович, Ош шаарында паспорт алууда эч кандай көйгөй жок деп эсептөөгө болобу?
- Чындыгында Ош шаарында паспорт алууда эч кандай көйгөй жок. Жарандын тиешелүү документтери туура, так, ордунда кыскасы талапка эле жооп берсе, бир айга жетип-жетпеген убакытта паспорттор келип жатат. Бир айдын ичинде 3-4 миң адамга берип жатабыз. Ал эми шашкандар тез арада алууну каалагандар үчүн тез документтештирүүчү бөлүм иштейт. Евронун курсу менен 10 күнгө 6700, 4 күндө 1700 сом менен ала алышат.
2007-жылы чет өлкөгө кеткендер 747 адам болсо, быйыл 1167 адам кеткен. КМШ мамлекеттеринен келген 721 атуул каттоодон өткөн. Чет мамлекетке кетүүгө камынган 493 кишиге документ даярдалды. Ал эми биздин шаарга келген чет элдик 5632 жарандан кызмат боюнча -508, жеке ишкер -2031, туризм - 623, окууга -2470 адам каттоодон өткөн.
Бирок, кандайдыр бир себептер менен ММР жТА көпкө чейин кармалган документтер да жок эмес. Кээ биринин ММК жок же саны туура эмес, айрымдарынын сүрөтү начар, жараксыз болгондор. Айрымдар себеби жок эле кечигип 5-6 айдан кийин келген фактылар жок эмес. Телефон чалсак, кеткен дейт, бирок келбеген. Документ тапшырган жарандар "мөөнөтү бүтсө да эмнеге келбейт" деп тынчсызданышат. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында жашы жеткен курактагы 603744 адамды камтыган 172310 кожолук текшерилди. 2141 текшерилген атуулдардын ичинен паспорту жок -1197, жоготкону - 356, жашаган жеринде каттоосу жок - 420, жараксыз - 168 паспорту бар жарандар аныкталды. Ушулардын негизинде административдик 335 протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 174800 сомдук жазана салынды.
Ал эми жарандардан 36785 арыз-анкета кабыл алынды. Анын ичинде 10 паспортко -18909, жалпы жарандык паспортко - 17876 даана, негизинен жарандардын 100 пайызга жакынынын суроо-талабы канааттандырылды.
Айрым бир эле документтердин кармалып калганы болбосо, албай калганы дээрлик боло элек.
- Ажы сапарына баргандардын документин даярдоодо көйгөйлөр болдубу?
- Ажы сапарына барууну каалагандардын документин өз убагында тыкан даярдап, кечиктирбей жөнөттүк. Бизге быйыл ажылык боюнча 249 адамдын арызы берилген. Баарыныкы даярдалып берилген, канчасы барды, канчасы жок, аны биле албадык.
- Паспортко байланышкан дагы кандай ойлоруңуз бар?
- Паспорт - бул биздин мамлекеттин жүзү. Паспортсуз бүгүнкү күндү элестетүүнүн өзү мүмкүн эмес. Социалдык маанисин айтпаганда деле, бир кездерде саясый маселеге айлана жаздаганы эсибизде ошондуктан, сиздердин басылмадан пайдаланып, жарандарга кайрылаар өтүнүчүм бар. Паспортко - таза, сергек, жоопкерчилик менен мамиле жасоого үйрөнсөк. Паспортсуз бир кадам баса албаганыбызды билген соң, бирөөлөргө берип, жоготуп алуудан, чиймелеп, көрүнгөн жерде таштап, кирдеткенден оолак болсок. Канчалык баалуу документти сыйлоого көнсөк, өзүбүздү өзүбүз сыйлаган менен барабар эмеспи.
Р.Исмаилова,
"Эркин Тоо".




  Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт

Хакас карыянын арманы…
Ар кимдин эне тили элинин үрп­адаты, дини­дили, арийне, салт­санаасы менен жанчы келээри илгертен бери маалым! Ал андай эмес дегендер чыкпас! Анткени, өз тилинде сүйлөбөгөн калк ата салтынан ажырап, мүңкүрөп калаары да анык. Ушул азыртан дээрлик кырк жыл мурда В.И.Лениндин туулган күнүнүн жүз жылын белгилөөгө байланыштуу Орто Азия менен Казакстан Республикасынын, Чыгыш Сибирь жана Борбордук телевидение комитетинин саясый көрсөтүү боюнча башкы редакторлорунун Бүткүл союздук зоналдык кеңешмеси Хаказиянын Абакан шаарында өттү. Ага өзүм менен Г.П.Огай, И.Усубакунов үчөөбүз катыштык. Режиссерубуз М.Абдин жердештерине телепрограмма менен бардык. Кеңешменин орто ченинде Абдиндин Абакандагы атасынын үйүндө түгөл болдук. Хакастардын айрым кадырлуу карыялары, арийне ошол жерде отургандары Маленков, Каганович жана башка Совет бийлигинин башчылары менен жолуккандарын айтышып, албетте, көсөмүбүз Ленин, өз эли­журту туурасында да орус тилинде гана сүйлөшүп олтурушту…
Танапис маалы келээри менен жапырт сыртка чыктык. Баятан бери жанымда отурган хаказ карыяга оюмду биротоло тактоо иретинде кайрылдым. Араңыздардагы жалгыз орус кыз­келиниңер бизди, баарыбызды тейлеп жүрдү. Башкаңар мүлдө хакас экениңерди айныбай билдим. Баарыңардын улгайганыңарга карабай такай орусча сүйлөшкөнүңөргө таң калдым. Сөзүмө бир аз муюп, үн катпай селдейе түшкөн карыя жооп кайтаруунун ордуна көзүнөн жаш алып, солкулдай баштаса болобу! Аны көрөөрүм менен чочуп кеттим. Башкалар көрүп­билбесе экен деген ойдо шашкалактап калдым. Бул сөздү кайдан баштадым эле деп, өзүмдү­өзүм ичимен жемелеп, күнөөкөр кишидей сездим. Туура сүйлөбөсөм кечирип кой, кечирим сурайм, ­ деп жалынып­жалбарып жатып, араң сооротсом болобу… Ошондо гана ал сөзгө келди.
­ Хакас делип аталганыбыз болбосо шордуу элбиз, эне тилибизде сүйлөшпөйбүз. Балдарыбыз мектептен баштап орус тилинде окушат. Демек, хакас тилинде китеп эмес, газета да чыкпайт. Тилибизден гана эмес, дилибиз, үрп­ адатыбыздан да четтеп калдык десем жаңылбайм…
Сиздерди жакшы билем. Кызым Ысык­Көлдүн кыргызынын келини, күйөөсү "Көгүлтүр Ысык­Көл" курортунда врач болуп иштейт. Кудабызда болгондо меймандостугунан кымындай да кынтык таба албадык. Өзүңүз айткандай той­үлпөт эмес, жекемежеке деле эне тилиңерде сүйлөшөт экенсиздер, жыргалай! Газета­журнал гана эмес, китептер да өз тилиңерде чыкканын көрдүм. Аябай суктандым. Мына ушундай көрүнүштүн элеси да менин жаш баладай абалга келүүмө себеп болду окшойт. Дагы бир жолу кечирим сурайм. Караңгыны жамынып, арылап басып кеткен жолдошуңуздарга ылаажы болсо айтпай эле коюңуз, өтүнөмүн. Уялып жатам…
Мына ушундан кийин келечек муунубуз эне тилин сөзсүз билиши керек, ансыз өзүн кыргызмын деп кантип айтат деген терең ойго чөмүлдүм. Балдарыма, биринчи кезекте мектепке жаңыдан бара турган неберелериме өз тилин кадимкидей үйрөтөйүн деген ниет пайда болду. Анткени, балдарыбыз бала бакчасынан баштап орус тилин үйрөнүп, мектеп, жогорку окуу жайында да ошол тилде окуп, үйүндө орусча сүйлөп, өз тили ­ экинчи эне тили болуп калды. Кыргыз балдарынын арасында эне тилин чала билгендердин саны көбөйө берди. Өз тилин көз көрүнөө жеригендер да чыкты. Бул эне тилибизди билүүгө бөгөт түзгөндүк эмей эмне?!
Тилибиз качантан баштап аралашмага өткөнүн, орус тили мамлекет тили болгонун улуу муун, биз жакшы билебиз. Аны билбеген кыргыз орто кызматка орношушу кыйынга турчу! Бул узак сөз, өзүнчө чоң баян! Теңир жалгап, союз ыдырап, Кыргызстаным эгемендүү өлкө болуп, эне тилибизди мамлекет тили деп жарыялаганына аябай кубандым. Адегенде аракетибиз бир беткей болуп, ишибиз алга жылды. Биз эмес, башка улуттар да, орустар тилибизди үйрөнүүгө ниетин койгонун өз көзүм менен көрүп, бул жакшынын жышааны деген ойдо калдым. Ошондо эне тилибиз кудай буюрса мамлекет тили катары эл аралык тилдин милдетин аткарып, англис, орус тилинин катарына туруп, теңтайлаш болоор күнүн да көрөөрмүн, ­ деп сыймыктанчумун. Анын бекем орун алышы өзүбүздөн, өзгөчө жогорудан экени талашсыз! Бирок, ишибиз талаптагыдай болбогонуна өкүнөсүң!..
Кийинки жылдарда, айрыкча ушул азыр да тил маселесин чечүүдө бурулуш болбогонун көрүп, билип туруп, аттиңай, деп түркүн ойго чөмүлөсүң! Анткени, кыргыз айылдарда чогулуштар мурдагы көнүмүш өкүмүнө салып, дагы эле орус тилинде өтүп жатат. Тилди чала­була билген кары­жаш дебей орус тилинде сүйлөгөнүнө күйөсүң. Чоң жыйындар да мамлекет тилинде такай өтпөй баратат!.. Ага эч кимди күнөөлөй албайсың… Тыянагы көрүнбөйт.
Баланы тарбиялоо, өз тилин үйрөтүү да биринчи иретте үй­бүлөдөн башталары айдан ачык. Бирок, бул жагынан да аксап жатабыз. Айталы, кыргыз мектебиндеги окуучу сабак убагында гана кыргызча окуйт, сүйлөйт. Ал эми мектептен чыгаары менен, өзгөчө үйүндө такай орус тилинде сүйлөшүшөт. Буга, арийне, эне­атасы да кошумча. Көрүп туруп, айран каласың… Булардын баралына жеткенде жогоркудай жоруктан алыс болуусун каалайбыз. Арийне, Кудай анын бетин көрсөтпөсүн!.. Азыр динге кандай бурулуш жасасак, эне тилибизди да дал ошондой нук менен алып баруу жалпы баарыбыздын ыйык атуулдук милдетибиз, ­ деп айтаар элем! Терең ойлонолучу, замандаштар!
Садыбакас ЕРАЛИЕВ,
согуш, журналистика,
телевидение
ардагери.












??.??