Кулатовго кылым жаш

"Мени бир көрүп сүйүп калган"
Быйыл Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, өмүрүн эли­журтуна ак кызмат кылууга арнаган, кыргыз журтунда аты аңыз кепке, легендага айланган Төрөбай Кулатовдун 100 жылдык юбилейи татыктуу белгиленди. Ал киши жөнүндө айта берсек сөз көп. Маселен, Төрөбай абабыздын: "Өзүнчө республика болуп калганыбызга аябай сүйүнөм. Канча эл биздин деңгээлге жетпей кыйналып жүрүшөт. Багыбыз бар экен. Эми ошол өлкөбүздү ак дилден, чын жүрөгүбүздөн сүйүп, гүлдөтүп кете алаар бекенбиз? Көздүн карегиндей сактай алаар бекенбиз?" ­ дегени эле биз үчүн чоң осуят, улуу насаат болуп жатпайбы…
Жакшы адам жөнүндө эскерсек, ал жаштарга сабак болот. Кыргыз элине белгилүү акын Эгемберди Эрматов агайыбыз мындан 10 жыл мурда Төрөбай Кулатовичтин өмүрлүк жары Салима Ташибекова эжеден көлөмдүү маек­эссе алган экен, ошондон бир эпизод берүүнү ылайык көрдүк.
­ Салима апа, Төрөбай Кулатов менен качан тааныштыңыз эле?
­ 1943-жылдын баш ченинде таанышкам.
­ Кантип?
­ Кантип айтсам экен? Кантип таанышканымды мезгил өткөндөн кийин унутуп баратам. Өзүбүзчө айтканда, кудайдын буйругу болуп калды да. Өзү кээде тамашалап: "Биринчи жолу сени көргөнүмдө сен тамеки тизип отурган экенсиң жеңең менен сарайда. Ошондо көргөм",- деп айтып калчу.
­ А Төрөбай аксакал ошол кезде кайда иштечү?
­ Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болчу. Согуш учуру эле. Бир иш менен командировкага барыптыр.
­ Сиз ошондо канча жашта элеңиз?
­ Мен эми эле он сегизге толгон болчумун.
­ А киши канчада эле?
­ 33 - 34тө болчу. Биздин айырмабыз 15­16 жаштан.
­ Сизге чейин үйлөнгөн жубайы каякта эле?
­ А киши каза болуп кеткен экен. 5­6 жыл бирге жашашыптыр. Бала көрүшпөптүр.
­ Анан сизге каада-салт боюнча куда түшүп бардыбы же өзүнүн чоңдугуна салып эле ээрчитип алып кеттиби?
­ Менимче, бийлигине салып кетти го. Киши жибериптир. Эми анын баарын айткан уят го.
­ Айта бериңиз. Эч кандай уят-сыйыты жок.
­ Бул жерде министр болуп иштеген оштук Юлдашев деген өзбек кишини жибериптир, экөөнүн көңүлү бир болсо керек. Анча-мынча сырдашкан ишенимдүү адамы сыяктанат. "Мен Ноокаттан бир тамекичи кызды жактырып келдим. Барып, аны таап, сүйлөш. Сага жагып, купулуңа толсо, анда иштин бүткөнү",­ деп айтыптыр тиги кишиге.
­ А киши келип эмне деп айтты сизге?
­ Ал мени издептир. Алгач Төрөбайдын айылына барыптыр. Туугандарына айтып, алар аркылуу анан биздин үйүбүзгө келишиптир. Үйүбүзгө эки-үч жолу келишти. Даражасы улук министр өзү баш болуп анын туугандарын ээрчитип улам келише бериши мен үчүн кызык учурады.
­ Сиздин ата-энеңиз бар беле?
­ Атам жашымда эле каза болуп калыптыр, Өзүмдүн чоң агам согушка кетип, дареги билинбей калган экен. Мен, апам жана кичинекей 3 жашар иним болуп турчубуз. Анан жанагы таанышууга келген кишилер апам менен, мени менен сүйлөшүп, ар кандай суроолорду беришип кетишкен.
­ Сиз ошондо калып калдыңызбы?
­ Ооба, мен айылда эле калдым.
­ Анан сизди канча убакыт өткөндөн кийин алып кетишти?
­ Анан дагы арадан бир айдай өтсө керек эле. Согуш маалы. Эл кырылып жатат. Абдан кыйынчылык көп болгон. Ошондой учурда барып кыз тандап жүрүштүн өзү акылга сыйбай турган нерсе.
Ошо бир ай өткөндөн кийин менин абышкамдын абасы бар эле. Ал ошондо колхоздун төрагасы болуп иштеп турган. Селсоветтин төрагасы, дагы бир-эки киши барышпайбы. Апам менен сүйлөшүшөт. "Ушундай иш болуп калды. Кызыңыз Кулатовдун көзүнө түшүп калыптыр. Макулдугуңузду бересизби?" ­ деп сурашат. Апам: "Ии, айланайындар! Эмне кылсам экен?" ­ деп күйпөлөктөп, айласын таппай калыптыр.
Алар апам менен сүйлөшүштү. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин үйгө кайнагам барып: "Ишти бүтүрөлү. Тездетели", ­ деп калды. Апам макул болду. Анан Кызыл-Кыядан мени поездге салышып, апам, кайнагам Жээнбай молдо болуп борборго жөнөдүк. (Ыраматылык Жээнбай молдо абдан жакшы киши болчу. Бул кишини эл урматтаган илими бар молдо адам болгон. Былтыр жүзгө чыгып көз жумду. Абдан акылдуу, зирек киши эле). Ошентип келип калгам.
­ Салима апа, бая айтпадыңызбы, тамеки тизимде биринчи жолу Төрөбайды көрдүм деп. Сиздин ошондо а кишиге көзү түшүп калды да. Сизге эмнеси менен жакты?
­ Кантип айтсам экен? Кандайдыр бир адамдык ысык касиетин байкадым. Анын ошондо чоң экендигин кайдан билейин. Эч нерсе ойдо жок. А кезде аялзаты андай нерсени ойлочу да эмес. Эми азыркылар эки жагын карашып, анан чечимге келип атышат.
­ Кызык, сизди биринчи көргөндө эмне деп айтты эле?
­ Мага а киши: "Сен жеңең менен тамеки тизип жатканда бир жолу көрүп жактырып калгам. Сенин көзүңө көрүнөйүн деп тиякка, биякка бассам да караганың жок. Жерди карап эле тамеки тизе бердиң", ­ деп күлүп айтчу эле.
­ Демек, сизди бир көрүш менен сүйгөн экен да?
­ Ха-ха! Ошондой болгон го, балам. Айылдагы кыздар уялчаак келет эмеспи. Чоң эле кишилер басып жүрсө кантип карасын? Балким, уурданып, эч кимге байкатпай мен дагы ичимен жактырып карасам карап койгондурмун...
­ Салима апа, эки күн поезд менен жүрүп Бишкекке келдиңиздер дейли. Бул жерден сиздерди Төрөбай Кулатович өзү тосуп алдыбы?
­ Биздин качан жөнөшүбүздү айтып тияктан кабар бералбай калыптыр. Келишибизди билет, бирок кайсыл күнү келерибизди билбейт экен. Келсек тосуп алган эч ким жок. Караңгы, кечки саат 8­9 болсо керек эле. Шаарда жаан жаап жатыптыр.
Кайнагам молдо Жээнбай мурда келип­кетип жүргөн экен. Мени алып келгенде үй кай жерде экендигин унутуп калыптыр. "Ала-Тоо" деген жерде болчу эле", ­ дейт. "Ала-Тоого" бардык. Эшиктерди түрткүлөп көрдүк. Эч ким жооп бербейт. Кайрадан Энгельс көчөсүнө бизди ээрчитип жөнөдү. Көрсө, барчу үйүбүз ошол жерде экен. Бардык. Жаан жаап турат. Бир тууган иним бар. Үч жашар. Эми эле басып жүргөн.
Үйгө келип эшикти шыңгыратсак бир милиция чыкты. "Каякка барасыңар?" ­ дейт. Айттык: "Туугандары болобуз", ­ деп. Ошол кезде тебетей кийген, пальточон бирөө чыгып келатыптыр. Келип эле баарыбыз менен көрүштү. Ошо замат эле бир машина келип үйдүн алдына токтоп калды. Чоң машина экен. Андайды мурда көргөн эмес болчумун. Көрсө, а киши жумушка жөнөп жаткан экен. Согуш мезгилинде түнкү саат 2­Зкө чейин иштешчү. Бизди ээрчитип үйгө киргизди. Үйдө бир кемпир бар экен. Бизди ага дайындап, мейман кыл деп коюп кетип калды. Мен анын толук кебете-кешпирин ачык, даана ошондо көрдүм.
­ Жаңы келин болуп биринчи үйгө кирдиңиз дейли. Бөтөн атмосферага туш болдуңуз. Жаңы, бейтааныш дүйнөгө кантип жуурулушуп кеттиңиз?
­ Биринчи күндөр өтө кызык. Албетте, айылдан келгенден кийин адам өзүн башкача сезе баштайт. Жүрүп олтуруп анча-мынча тааныштар пайда болду. Өзүмө окшогон кошуна келин бар эле. Кыдыралы Жээналиев деген Кыргызстан Компартиясынын БКсынын экинчи катчысы бизге кошуна жашачу. Анын да аялы жаңы келген экен. Мурунку аялы менен ажырашып кетиптир. Бир короодо эки эле үй-бүлө болчубуз. Жанагы келин менен тагдырыбыз да окшош экен. Ал келин да мен курактуу эле. Бирибиздикине бирибиз кирип-чыгып, чер жазышып сүйлөшүп калдык. Убакыт тез эле өтүп, Төрөбай экөөбүз биринчи жолу балалуу болдук.
­ Ошондо аябай сүйүнсө керек күйөөңүз?
­ Сүйүнбөй эмне? А киши 34 жашка чыкканда биринчи жолу балалуу болуп жатпайбы. Мен анда 19 жашта элем. Уулубуздун атын Узак койдук. Анан кийин кудай берип, Саадат аттуу кыздуу болдук. Саадат азыр өзү менен өзү, турмушка чыккан. Азыр Өнөр жай министрлигинде кадрлар бөлүмүндө иштеп жүрөт. Үчүнчү уул. Аты Эркин. Ал Москвада. МГУну бүтүп, ошол жерде илим изилдөө институтунда иштеп калды. 1982-жылы илимий кандидаттыгын жактады. Азыр докторлук ишинин үстүнөн иштеп жүрөт. Жакында Японияга алты айлык мөөнөт менен кетти. Ишине байланыштуу болсо керек. Эң кичүүсү кыз. Аты Анара. Кызым да үй-бүлөсү менен Москвада жашайт, бир уул, бир кызы бар. Күйөөсү Африканын бир мамлекетинде элчилик кызматта иштейт. Россиянын элчиси болуп. Азыр ошол жакта жүрүшөт. Мурда күйөө балам Ооганстанда, Иранда иштеген эле.
­ Азыр сиз менен кимдер жашайт?
­ Узактын уулу, неберем менен турам. Мурда Саадаттын кызы мени менен бирге эле. Азыр ал Америкада окуп жүрөт.
­ Уулдарыңыздын арасында абышкаңыздын кыял-жоругун тартканы, кебете-кешпири окшогону, а кишини сизге элестетип турганы барбы?
­ Турмуш ушундай экен, Узактын да, Эркиндин да кандайдыр бир сүйлөгөн сөздөрү, кыймыл-аракеттери, үнү кээде окшошуп кетет. Мен аны алар сүйлөшүп жатканда, тамак жеп атканда байкаймын. Өзүмчө карап калам. Аларга айтпаймын.
­ Салима апа, канчалык жашаса да адам баласы өмүргө тойбойт экен. Көп жыл бою бирге жашаган турмушта эсиңизде калган эң бир кызыктуу учурларды айтып бербейсизби?
­ Мындай турмуштун окуялары өтө көп. Менимче, өмүр бою эле кызыктуу, мамыр-жумур жашап келдик. Бир жолу көңүлүмдү оорутканын, же бир урушканын, же капа кылган күндөрүн эстей албаймын. Мени алаканына салып жүрүп турмуш өткөргөн экен. Мени эстеп күйүп жүрсүн деп ыраматылык ошенткен окшойт.
­ Аксакалдын көзү өткөндөн бери 14 жыл өтүптүр. Бир эстеп көрүңүзчү, сизди башка бирөөлөргө кызганган күндөрү болдубу?
­ Жок, эстей албаймын. Кызганыч үчүн кандайдыр бир себеп болуш керек го. Же бир аял тияк, биякты карап, же болбосо бирөөнүн көзүнчө натуура күлүш керек го. Менин турмушумда а киши тараптан кызганычтын бир да бүдүрү сезилген эмес.
­ Аксакалдын адамгерчилиги, тазалыгы жөнүндө аябай көп жылуу сөздөрдү угуп жүрөм. Сиздин өзүңүздүн оозуңуздан да уксам дедим эле.
­ А кишинин жүрүм-туруму өтө таза эле. Азыр арадан көп жыл өткөндөн кийин кайра-кайра ойлоп, анын тазалыгына тан берем. Бул жөнүндө балдарыма да нечен ирет айттым. Маселен, командировкага барат. Иштеген жеринен акча алат. Кайра келгенде канча чыгаша болду, канча калды, дароо үстөлгө олтуруп эсеп-кысабын чыгарат. Үстөлдүн бир жагына командировкадан калган акчасын коюп: "Сен буга тийбе, бул өкүмөттүкү. Ал эми мына бул өзүбүздүн акчабыз, алып иштете бер". ­ дейт. Өкүмөттүн бир тыйынын да өзүнө калтырбай эсебин берчү. Мен анан ичимен: "Эгер ушундай кишилер өкүмөт башында көбүрөөк болсо кандай жакшы болмок эле", ­ деп ойлоп калчумун. Азыр да таң калам. Жарыктык, ушундай да нысаптуу, ушундай да таза адам болот экен ээ. Азыркы күндөгү адамдардай: "Жей коёюн, иче коёюн! Дүнүйө жыйнайын, баары мага болсун", ­ деген ойдон таптакыр алыс эле. Өзүнө тийиштүү нерсени алып, ошого канагат­сабыр кылып жашачу. Анан мен кээде аялдык кылып: "Үйгө тигиндей-мындай буюм алалы", ­ деп айтсам: "Сага эмне жетишпейт? Баары эле турбайбы. Өкүмөт иштесин деп машине берсе, үй берсе, айлык берсе, сага дагы эмне керек? Мунун баарын иш менен акташ керек", ­ деп айтып калчу.
Таң калыштуусу: "Бирөөнүн акысын жебе, бирөөнүн көңүлүн оорутпагын", ­ деп тарбия-таалим бере турган ата-энеси жашында каза болушуп калышкан. Демек, бул адамдын өзүнөн, дээринен болот окшойт. А киши эч качан өзүм үчүн деп ойлочу эмес. Үйгө бирөө-жарым меймангерчиликке келсе, аны ыраазы кылыш үчүн күйпөлөктөп, тегеренип калчу. Менин оюмча, а киши адамга камкордук кылуу үчүн эле жаралып калгандай. Эмнесин айтайын, сөз жетпейт да. Сөз жетпейт...
­ Бийликте жүргөн мезгилинде колундагы бийликтен кандайча колдонду?
­ Бу киши: "Колумда бийлик бар, мен чоңмун", ­ деп эч качан ойлочу эмес. Жаш балага да, чоң кишиге да бирдей мамиле кылчу. Баарына барабар эле. Бой көтөргөндүгүн, кекирейип-керсейгендигин көргөн жокмун.
Даярдаган А.ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan