Кыргыз Республикасынын айылдык округдарынын жана поселкаларынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айылдык округдардын жана поселкалардын башчыларын шайлоонун тартибинин өзгөргөндүгүнө, ошондой эле айрым айылдык округдардын жана поселкалардын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аятагандыгына же мурда аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47­беренесинин 1­пунктун жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын айылдык округдарынын жана поселкаларынын башчыларын шайлоо (мындан ары ­ шайлоо) тиркемеге ылайык 2009­жылдын 19­январынан 23­январына чейин дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жана облустар менен райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
3. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, айылдык округдардын жана поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары шайлоону даярдоону жана өткөрүүнүн уюштуруу жана материалдык­техникалык маселелерин белгиленген тартипте чечсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008­жылдын 26­декабры.
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2008­жылдын 26­декабры
№ 466 Жарлыгынын тиркемеси
Кыргыз Республикасынын шайлоо өткөрүлө турган айылдык округдарынын жана поселкаларынын тизмеси

№ Облустардын жана райондордун өңүтүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын аталыштары
Баткен облусу
Лейлек району
1 Кулунду айылдык округу
Жалал­Абад облусу
Токтогул району
2 Белалды айылдык округу
3 Толук айылдык округу
Талас облусу
Талас району
4 Долоно айылдык округу
5 Кууганды айылдык округу
Ысык­Көл облусу
Ак­Суу району
6 Ак­Чий айылдык округу
Чүй облусу
Кемин району
7 Орловка поселкасы
Сокулук району
8 Фрунзе айылдык округу
Ысык­Ата району
9 Кең­Булуң айылдык округу
10 Туз айылдык округу




Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусундагы Сокулук райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Панкратов Сергей Сергеевич жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаардык сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Темирбеков Лепес жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош шаардык сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти
К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 26-декабры.





Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 2-пункттун 3-пунктчасына, 83-беренесиндеги 6-пунктка жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич -курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына
Панкратов Сергей Сергеевич -курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына
Темирбеков Лепес -курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Президенти
К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 26-декабры.




К.К.Ташиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
ТАШИЕВ Камчыбек Кыдыршаевичке "генерал­майор" деген жогорку аскердик наам берилсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008­жылдын 29­декабры.




Сыйлык-сыймык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен республиканын телекөрсөтүүсүн жана радиосун өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Замана" студиясынын башкы редактору ЖАМАНБАЕВА Тамара Кусейиновнага "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наам берилди.




Постановление Правительства Кыргызской Республики
"О внесении изменений в Регламент Правительства Кыргызской Республики, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 января 2006 года № 1 "Об утверждении Регламента Правительства Кыргызской Республики"
В целях приведения Регламента Правительства Кыргызской Республики, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 января 2006 года № 1 "Об утверждении Регламента Правительства Кыргызской Республики" в соответствии с постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20 декабря 2007 года № 603 "О методике анализа регулятивного воздействия (АРВ) нормативных правовых актов на деятельность субъектов предпринимательства", Правительство Кыргызской Республики постановляет:
1. Внести в Регламент Правительства Кыргызской Республики, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 января 2006 года № 1 "Об утверждении Регламента Правительства Кыргызской Республики", следующее изменение:
- в абзаце десятом пункта 56 слова "представляет анализ регулятивного воздействия" заменить словами "результатам, проведенного анализа регулятивного воздействия".
2. Настоящее постановление вступает в силу через 15 дней со дня официального опубликования.

Премьер-министр И.Чудинов
г.Бишкек, Дом Правительства, 25 декабря 2008 года, № 714.






Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы АйтибайТАГАЕВ
Жалаң жакшылык жылоологон жыл болсун!
Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан алдыда келе жаткан жакшы жышаан, жаркын маанай Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Жаңы жыл босогосунда туруп, өлкө турмушундагы орчун окуяларга көз салып көрсөк, 2008­жыл Кыргызстан тарыхындагы чоң өзгөрүү, зор сыноо мезгилинен болуп калгандыгын баамдайбыз. Өлкөнүн коомдук, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн тарыхый саамалыктар жарылды.
Эл ичинде Жогорку Кеңеш да бийлик бутагы, өкүлчүлүк органы катары бир жыл аралыгында ири көлөмдөгү иш аткарууга жетишип отурат: анын 79 жыйыны өткөрүлүп, анда 368 мыйзам долбоору каралуу менен, 341 мыйзам кабыл алынган. Ушу тапта КРнын Президенти тарабынан 262 мыйзамга кол коюлду. Бул 2007­жылга караганда 166 мыйзамга көптүк кылат.
Албетте, алардын арасында Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар ченемдик актылар да бар. Айрыкча, жакында эле кабыл алынган үч жылдык республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам тарыхый орчундуу окуялардан болуп калды десек эч жаңылышпайбыз. Анткени, биз баарыбыз байгер өлкө келечегин түптөп жатабыз. Муну эгерим эстен чыгарбоого тийишпиз.
Акыркы жылдары калкыбыздын турмушу бир калыпка түшүп, саясый абал турукташа баштады. Буюрса, кыргыз парламенти да мындан ары өз ишин ишенимдүү илгерилетүү менен, шайлоо маалында берген убадаларынын өтөөсүнө чыгат. Жалпы элибиздин тилеги да дал ошондой экендигин биз жакшы билебиз.
Жаңыдан күн дарегин ача баштаган жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой­максаттарыңыздар ишке ашсын. Кыргызстан келечекте чыныгы демократия жолуна түшүп, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула тургандыгына ишенебиз. Анткени, ачык коомдо заманбап жашап, бактылуу болуу ­ ар жарандын эң баштапкы мүдөөсү. Биздин бардык аракетибиз да мына ошого багытталган.
Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга бардар турмуш, бакубат жашоо, чың ден соолук, иштериңиздерге албан­албан
ийгиликтерди каалайм.





Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев:

Элибиз ток болуп, кырманыбыз данга толсун!
Урматтуу кыргызстандын эли, айыл чарбанын күжүрмөн эмгекчилери, республикабыздын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жамаатынын жана өзүмдүн атымдан кирип келген жаңы 2009-жылыңыздар менен кызуу куттуктаймын!
Мына ошентип республикабыздын айыл чарбасынын дагы бир күрдөөлдүү жылы 2008-жыл өтүп баратат. Бул жылдын табигат-климатикалык шарты айыл чарбасы үчүн эң бир катаал болгонуна карабастан, жер иштетип, жашылча-жемиш, буудай өстүргөн, сүт менен этти өндүргөн катардагы эмгекчилердин, айыл чарба адистеринин, жетекчилеринин, өндүрүшчүлөрүнүн түйшүктүү эмгектеринин натыйжасы менен өтүп бараткан жыл ийгиликтүү аяктап жатат.
Айыл чарбабыздын бардык тармагында жыйынтык жакшы болду, данчылардын, малчылардын, дыйкандардын, кайра иштетүүчүлөрдүн эмгектеринин жыйынтыгын алып карап, Кыргызстандын эли мерчемделген көлөмдөгү азыктар менен камсыз болушуна күмөн жок деп айтсак болот. Мына ушул эмгектердин натыйжасында биз дүйнөлүк кризис шарттарында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун дээрлик камсыздап алдык.
Мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрө турган негизги тармак-айыл чарбасы эмеспи. Өлкө башчыбыз Бакиев Курманбек Салиевичтин бул тармак боюнча койгон максаттуу милдеттерин аткаруу максатында башталып келе жаткан дүйнөлүк азык-түлүк кризисти камылгалуу тосуп алуу боюнча Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан айыл чарбанын, кайра иштетүү өндүрүштүн бардык тармагын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылып жатат жана келечекте максаттуу пландар бар. Мындан тышкары, эл аралык сапаттык стандарттардан кем калышпаган ата мекендик өндүрүштүн азыктарын жакынкы жана алыскы чет элдер менен ар тараптуу келишимдерге келип, кызматташуу боюнча алдыга кадамдар коюлуп жатат.
Урматтуу айыл чарба кызматкерлери, дыйкандар, малчылар 2008-жылдын кургакчылык, аз суулук шарттарында, жаз айларындагы үшүктөрдө жигердүүлүк менен эмгектенип, эл дасторконун толтуруп отурасыздар. Эр эмгегин эл баалайт демекчи эмгегиңердин акыбети кайтып, эл батасы менен келе жаткан 2009-жылыбыз айыл чарбабызга жагымдуу шарттарда болушун каалап кетким келет!
Урматтуу кадырман калк, ата-энелер, ага-эжелер, ини-карындаштар, келе жаткан жаңы жылыбыз тынчтыктын, сак-саламат- тыктын, ийгиликтин жылы болсун!
Мал туягы көбөйсүн, түшүмүбүз мол болсун,
кырманыбыз данга толсун!




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan