Мыйзам чыгаруу иши ийгиликтүү болду
Тагаев Айтибай Султанович 1958-жылы 30-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. 1981-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын
3-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болгон. 2007-жылы декабрда 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке "Ак жол" партиясынан депутат болуп келген. 2008-жылдын 29-майында Жогорку Кеңешке Төрага болуп шайланган. Айтибай Тагаев 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси чинине ээ болгон.

Төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын иштегенине туура бир жыл болду. Парламент бул жылды кандай жыйынтыктады, элге кандай пайда алып келди. Ушул туурасында билүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге кезиккен элек.

- Айтибай Султанович, спикер болуп шайлангандан кийин Сиз депутаттарга кайрылуу жасап, алардын баарын, кандай фракцияга таандык экендигине карабастан бириктирүүгө аракет кылам деп убада кылдыңыз эле. Убадаңызды аткара алдыңызбы?
- Бул маселени кандайдыр убакыт менен чектөөгө болбойт. Принципти гана кармануу керек. Мага ар бир депутат кире алат. Мен кандай болбосун маселени талкуулоого ар дайым даярмын. Менин кабинетимдин эшиги ар дайым менин коллегаларым үчүн ачык, алардын кандайдыр бир фракцияга таандык экендигине, же болбосо айрым бир мыйзам долбоору болобу, өндүрүштүк, уюштуруучулук же чарбалык иштер болобу, алар койгон маселелердин татаалдыгына карабастан ачык-айрым аңгемелешүүгө умтулам. Албетте, ар бир депутаттын каралып жаткан долбоор, же болбосо башка маселелер боюнча өз пикири бар, көп учурларда пикирлер корпоративдик мүнөздө болот жана бүтүндөй бир фракциянын ой-тутумун чагылдырат. Бирок, эреже катарында, акыр аягында келип фракциялар жалпы чечимге келишет. Анткени, менин бардык коллегаларым биринчи кезекте патриоттор эмеспи. Алар ириде эл жөнүндө ойлошот.
- Жогорку Кеңеш коомчулук үчүн бийликтеги үч бутактын ичинен кыйла ачык иштеген орган болуп саналат. Анда 200гө жакын журналисттер аккредиттелген, алар комитеттердин жана фракциялардын дээрлик бардык жыйналыштарына катыша алышат. Бирок Жогорку Кеңешке болгон кызыгуу коомчулук тарабынан төмөн-дөгөндөй туюлбайбы. Сиздин оюңузду билсек.
- Мен Жогорку Кеңешке болгон кызыгуу төмөндөдү дегенге кошула албайм. Бул жерде кеп башкада. Биринчиден, өзүңүз айткандай парламенттин эшиги журналисттер үчүн ачык. Бардык мыйзам долбоорлору комитеттерде, алардан кийин фракцияларда каралат. Комитеттердин, фракциялардын жыйналыштарына эркин эле кирүүгө болот, аларга катышкан журналисттер кайсы долбоорлор колдоого алына тургандыгын, кайсылары колдоого алынбашын алдын ала божомолдоого мүмкүнчүлүгү бар.
Экинчиден, азыркы учурда мыйзам чыгаруу бийлиги жана аткаруу бийлиги бир арабага чегилген унаалардай бирдиктүү иштеп жаткандыгын белгилөө керек. Ушул максатта өткөн жылы конституциялык реформа жүргүзүү талап кылынды. Бүгүнкү күндө бардык күч-аракеттер өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталууда. Биргелешкен иш-аракет өз жемишин бере баштады. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору депутаттардын колдоосуна ээ болуп жатат. Бул болсо экономикалык маселелерди чечүүдө оң таасирин көрсөтүүдө.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин веб-сайты олуттуу түрдө жакшы жагына өзгөртүлдү. Мунун натыйжасында көптөгөн журналисттер жыйналыштарга тикелей катышпай эле, сайттын бөлүктөрүнөн өздөрү кызыккан маалыматтарды, айталы, мыйзам долбоорунун мазмуну, колдонуудагы мыйзамдарга салыштырмалуу өзгөрүүлөр, долбоордун комитеттерде жана фракцияларда каралышы тууралуу маалыматтарды толук ала алышат. Менимче ушул жагдайлар Жогорку Кеңештин жыйналыштарына тикелей катышкан журналисттердин санынын азайышына түрткү болду.
Акырында, азыркы Жогорку Кеңештин иш-аракетинде негизги басым парламенттин өзүнүн тикелей милдетин аткаруусуна - мыйзам долбоорлорун кароого коюлуп жатат. Азыр Жогорку Кеңештин ичинде мурдагыдай саясый интригалар, саясый спектаклдер жокко эсе.
- 2009-жылга республикалык бюджет жана 2010-2011-жылдарга бюджет божомолу боюнча жакында өткөрүлгөн ачык парламенттик угууларда Улуттук банктын экс-төрагасы Улан Сарбанов парламентарийлерге мындай бир: долбоорду экинчи окууда кароодо негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө кайра кайрылып, карап чыгуу керек деген кеңешин айтты. ИДПнын жана инфляциянын өсүшүнүн пландаштырылган параметрлери өтө эле оптимисттик мүнөздө, б. а. реалдуу эмес болуп калыптыр. Бул болсо эч кандай дурус нерсеге алып келбейт экен. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр кайра каралабы?
- Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө У.К.Сарбанов мырза божомолдук көрсөткүчтөрдү ырастоонун жол-жоболоруна, б. а. божомолдор мыйзам менен бекитилиши керек эместигине көңүл бурду, аларды белгилүү бир жылда тактоо менен жактыруу туура болот экен. Бирок, дал ушул жагдай бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунда алдыдагы үч жылга карата көрсөтүлбөдүбү.
Ал эми 2009-жылга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөргө келсек, Финансы минстрлигинин, Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин, Улуттук банктын сунуштары боюнча бул көрсөткүч-төрдүн ар түрдүү варианттары каралды. Талкуунун жүрүшүндө экономикабыздын ал-абалы кеңири талданды, жетишилген параметрлер, ошондой эле өлкөбүздөгү финансылык кырдаал эсепке алынды. Ушулардын жыйынтыктарына таянуу менен, Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети Өкмөттүн сунушуна макул болуп, ИДПнын реалдуу өсүшүн 6 пайыз деп белгилеген бюджет параметрлерин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Финансылык чыңалуу байкалып турган шартты жана болушу ыктымал социалдык-экономикалык жана финансылык татаалдашууларды эсепке алуу менен Улуттук банкка жана Өкмөткө дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасирлерин алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерди жасоонун чараларын аныктоо, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн - инфляциянын, ИДПнын реалдуу өсүшүнүн жана көлөмүнүн көбөйүшүнүн көрсөткүчтөрүн дагы бир ирет кайра карап чыгуу жана келерки жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыктарына жараша "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010 - 2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылуу тапшырылды.
- Депутаттардын чет өлкөгө чыгууларына кеткен чыгымдар мурдагыларга караганда үнөмдөлдү деп угабыз.
- Мен мурдагы парламенттин эл аралык иш-чаралар менен байланышкан чыгымдарына баа бергим келбейт. Азыр Жогорку Кеңеште бардык эл аралык иш-чаралар мурдатан пландаштырылат жана парламенттин бюджетине киргизилет. Ушул жылы Жогорку Кеңештин финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо да, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ири ийгиликтерге жетишти десек болот. Кыргызстанга сегиз расмий парламенттик делегация келип кетти, бул болсо дүйнөлүк коомчулукта биздин өлкөгө болгон кызыгуунун чоң экендигинен кабар берет. Спикер болуп шайланган учурдан бери менин чет өлкөлүк делегациялардын жана дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушууларымдын саны отуздан ашты. Алардын баары Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүлдү. Мындан тышкары, көптөгөн депутаттарыбыз эл аралык конференцияларга жана форумдарга катышып келишти, мында бул сапарлардын көпчүлүгү чакырган тараптын же уюштуруучулардын эсебинен жүзөгө ашырылгандыгын белгилеп кетүү керек.
- Ушул жыл кандай окуялар менен Сизге көбүрөөк таасир калтырды?
- Чындыгына келгенде, Жогорку Кеңеш катышкан бардык эл аралык иш-чаралар маанилүү жана пайдалуу болду деп ойлойм, себеби кеп бул жерде өлкөнүн кадыр-баркы, зарыл эл аралык байланыштарды түзүү, өлкөбүзгө инвестицияларды, гранттарды тартуу, же болбосо кызматташууга кызыкдар болгон расмий адамдардын ортосундагы пикир алмашуу жөнүндө бара жатпайбы. Бирок, алардын ичинен айрымдарын бөлүп көрсөтүп кетким келет. Биринчи кезекте КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын октябрь айында Бишкекте болуп өткөн саммитин атоо керек. Эскерте кете турган нерсе, бул саммит КМШ мейкининде согуштук чыр-чатак чыгып кеткенден кийин түзүлгөн татаал шарттарда болду. Кыйынчылыктуу жагдайларга, КМШнын урашы тууралу божомолдорго карабастан саммит көп жагынан биздин Президентибиздин күч-аракетинин аркасында ийгиликтүү өттү жана КМШны сактоо жана чыңдоо ишине Кыргызстан кошкон маанилүү салым болуп калды.
Экинчи бир окуя - түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлүшү. Жогорку Кеңеш буга жөн гана катышуу менен чектелип калган жок, Ассамблеяны түзүү документтерине карата орчундуу сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизди.
- 2009-жылы өтүүчү Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракесин Сиздер кандай майрамдаганы жатасыздар?
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдык мааракеси - бул чыны менен даңазалуу дата. Депутаттар ар кандай демилгелерди көтөрүп, сунуштарын киргизип, натыйжада атайын токтом кабыл алдык. Анда кандайдыр бир өтө эле шаан-шөкөттүү салтанаттар каралган жок. Ошентсе да, өткөн 70 жыл артка кылчайып карап, келечек пландарды түзүүгө милдеттендирет. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү программасында ата-журтубуздагы парламентаризм тарыхына арналган "тегерек столдорду", конференцияларды, китептерди, журналдарды чыгарууну, телерадио берүүлөрдү өткөрүүнү караштырат. Бирок, өлкөдөгү экономикалык жагдайды, дүйнөлүк финансы кризисин эске алуу менен юбилейлик иш-чараларды өткөрүү кийинкиге калтырылууда.
- Спикер ишиндеги Сиз үчүн эң татаал нерсе эмне?
- Сиз кыязы спикер болуп иштөө кыйынбы деп сурагыңыз келип жатса керек? Ооба, Жогорку Кеңештин Төрагасы болуу оңой эмес, бирок иштесе болот. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Тажрыйбалуу адамдарды жетектеп, ошол эле кезде алар менен тең катар бойдон калуу, жөнөкөй иш эмес. Мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысынын белгилүү бир ыйгарым укуктары бар, бирок алар спикерге каалаганын жасоого укук бербейт - алар өз милдетин аткарууга гана укук берет. Эң башкысы - аткаруу бийлиги менен бирге мамлекеттин кызыкчылыктарындагы жалпы максаттардан тайбай иштөө. Биз Курманбек Салиевич Бакиевдин жетекчилиги астында биргелешип алга кадамдар жасоодобуз. Натыйжалар айкын, ачык көрүнүп турат. Эгерде азыркы чакырылыштын ишин мурдагы чакырылыштын ишине салыштырсак, жыйналыштар аз өткөрүлгөндүгүнө карабай мыйзамдар көп кабыл алынды. Мисалы, 2007-жылы 92 жыйын болуп өтүп, 227 мыйзам долбоору каралса, 2008-жылы 79 гана жыйын болуп, 368 мыйзам долбоору каралган. Андан 2007-жылы 175 мыйзам кабыл алынса, 2008-жылы 341 мыйзам кабыл алынган. Өткөн жылы 544 токтом кабыл алынса, ушул жылы 875 токтом кабыл алынган. Каралган жана кабыл алынган мыйзам долбоорлору Кыргызстан эли үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилей кетүү зарыл. Ошондой болсо да, айрым мыйзамдарды баса белгилей кетким келет.
ЖК депутаттары Жаңы жылдан тартып күчүнө кирүүчү жаңы Салык кодексин кабыл алышты. Салык мыйзамдарында чечилбеген көптөгөн маселелер топтолуп калган эле. Инвестициялар жана кирешелерди ачыкка чыгаруу үчүн салыктык стимулдарды белгилөөгө далалат жасоолор, ошондой эле ар кандай жол-жоболордун жардамы менен "ак тактарды" жана карама-каршылыктарды четтетүү боюнча иш да күтүлгөн натыйжаларга алып келген жок. Жаңы кодексте болсо, бизнестин өнүгүшү үчүн жаңы стимулдарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, салыктык башкарууну өркүндөтүү ж.б. сыяктуу салык системасын өнүк-түрүүнүн бир катар маанилүү багыттары кабыл алынды. Жаңы башкы салык мыйзамында колдонуудагы 16 салык мыйзамы 9 салык мыйзамына чейин кыскартылды. КНС ставкасы 20дан 12%га төмөн-дөтүлдү. Өлкөбүздө диний чөйрөдө пайда болгон тигил же бул маселелерди чечүүдө олуттуу мамиле жасоону жана мамлекеттин тикелей катышуусун талап кылган татаал диний жагдайды эске алуу менен, ЖК "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамдын башкы максаты - адамдын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо. Биз мамлекетибиздин жана айрым жарандардын турмушуна таасир бере турган башка мыйзам долбоорлорун да карадык. Мисалы, "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө", анан да "Кыргыз Республикасындагы минималдуу эмгек акы жөнүндө" Мыйзамдар.
Жогорку Кеңештин мындай кыйла көп эмгекти талап кылган иши менен бирге эле, Жогорку Кеңештин аппаратын жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын кайра уюштуруу боюнча иш кошо жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул түзүмдөрдүн ишин дыкат анализдеп чыккандан кийин, алардын ишин оптималдаштыруу үчүн 20 штаттык бирдик кыскартылып, ал парламенттин бюджетин олуттуу үнөмдөдү.
- Кыргызстан канткенде бай өлкө болот? Анын бактысы эмнеде?
- Бардар жашап, бактылуу өмүр сүрүш үчүн биз талбай эмгектенип, жакшылыкка умтулушубуз керек. Биздин бактыбыз - биримдикте жана ынтымакта. Ошондуктан мен дайыма: "Коомдун проблемаларын жалгыздап чечкенден көрө, чогуу-чаран чечкен кыйла жеңил" деген эрежени карманып келем. Биз бардыгыбыз Кыргыз Республикасынын жалпы эл шайлаган Президенти Курманбек Бакиевдин айланасына чогулуп, алга карай умтулушубуз, бири-бирибизге, коомубузга, өз жергебизге көздүн карегиндей аяр мамиле жасашыбыз керек. Биз, турмушта бири-бирибизди каалап да, каалабай да капага салышыбыз мүмкүн, биз дүйнө салганда да айлана-тегеректегилерди капага салабыз. Биздин өлкөбүздө талаш-тартыштар, түшүнбөстүктөр канчалык көп болсо, биз ошончолук көп уттурабыз, алдыга суурулуп чыгуу ошончолук азаят. Ошондуктан, мындай нерселерден оолак болгон абзел.
Маектешкен
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan