Аалам алкагындагы улуу көч
Убакыт деген учкул куш тура, а­бу дегиче чычкан жылы өтүп, уй жылы да босогобузга кирип келди. Ушундай учурда артыңды карап: "Эмне иштерди жасоого үлгүрдүм, эмнелерди жасай албай калдым", ­ деп ойлоносуң.
2008­жылы уюлгуган бороондой боло, ургаалдуу көрүнүштөргө толо глобалдуу өнүгүп бараткан ааламдын компьютерлештирилген заманбап цивилдүү маалымат алкагында; сахнага чыккан каармандардай көздөн сыдырыла, кулактан жаңырыктап, ооздон­оозго өтө жалпы адамзат дилин дирилдетип, жүрөктөрүн титирете өткөн 2008­жылдагы дүйнөлүк ири окуялардын эң орчундууларына токтололу.
"Жаманчылыкты аманчылык жеңет" деп коет кыргыз эли. Эң негизгиси ­ дүйнө жүзү тынч болуп, 2009­жылга аман­эсен өтүп жатканыбызга шүгүр этишибиз керек. Негизинен, 2008­чычкан жылы өтө глобалдуу эмес, майдалап тынымсыз талыкпай эмгектенгендердин жылы болду. Тарых өзү күбө: Америка, Россия, Европа Союзу сыяктуу ири державалардын пайдасынан, дүйнөлүк кризистен тарткан зыяндары көп болду. Мындан Кытай, Япония сыяктуу Азия континентинин ири өлкөлөрү да четте калган жок. Албетте, жалпыга келген мындай дүйнөлүк "илдеттен" Кыргызстан деле кыйгап өтө албады, бирок өтө эле жабыркаган жокпуз.
Эми дүйнөлүк окуялардын жакшы жактары деле көп болду. Ошонун бири ­ Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында өткөн дүйнөлүк Олимпиада оюндары. Өтө зор салтанат ­ шаң менен өткөн бул майрам чын эле спорт ­ тынчтыктын жана ынтымактуулуктун, биримдиктин символу экенин дагы бир жолу далилдеди. Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу бизден барган спортсмендерден Канат Бегалиев күмүш медалга жетсе, Руслан Түмөнбаев коло медаль тагынып кайтты. Ошол учурда элибиздин кубанычы көккө жетип турду го!
Албетте, ушундай кубанычтуу күндөрдө биздин өлкө да кирген КМШ аймагында согуш оту алоолоно жанганы зор өкүнүчкө жана кайгыга айланды. Грузия чакан эли бар Түштүк Осетияга басып кирди. Бир жумадай айыгышкан согуштар болуп, нечен миңдеген үй­бүлөлөр жакындарынан ажырап, канчалаган адамдар бу жарык дүйнө менен кош айтышты. Көрсө, "бири кем дүйнө" деген ушул экен, сүйүнүч менен муң­зар, тынчтык менен согуш үзөңгүлөш, катарлаш жүрөт турбайбы. Ушул окуянын негизинде Россия менен Грузиянын мамилеси чорт үзүлдү. Грузия КМШнын курамынан чыгып кетти. Ал эми Түштүк Осетия менен Абхазия Россия Федерациясы тарабынан эгемен мамлекеттер деп таанылды. Бирок, бул демилгени Никарагуадан башка дүйнөлүк бир да өлкө колдобогону кызык болду. Ал бир жагынан ар бир мамлекеттин ичинде "автономиялар" бардыгы менен түшүндүрүлсө, экинчиден, көптөгөн өлкөлөр Америка баштаган Батыш менен "мамилелерибизди үзүп албайлык" деген сылык коркунучтардын бир көрүнүшү сыяктанды. Бул "эки дөө тирешсе, ортосунан бейажал чымын өлүптүр" икаясындай "инциденттерден" алыс бололу деген аракет экени деле түшүнүктүү. Эми Америка менен Россиянын дүйнөлүк лидерликти талашып жатканы деле эч кимге жашыруун сыр эмес. Ушул күндө дүйнө эли Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматына 47 жаштагы Барак Обама шайланып, ал эми Россия Федерациясынын Президенти болуп 44 жаштагы Дмитрий Медведевдин иштеп жатканына зор үмүт артып турушат. Экөөнү тең жаш, прогрессивдүү ой жүгүртө билген президенттер деп эсептеп жатышат. Ошондуктан, жакынкы келечекте Ата Мекени жалгыз бир ­ Жер болгон жалпы адамзат тынчтыкта жашап, бороондой каптап келаткан дүйнөлүк кризистен тез чыгып кете алабыз го деген илгери ой­тилектер менен жаңы жылды тосушууда. Ылайым ошондой эле болсун. Түпкүлүгүндө жалпы адам аттуунун талаша турган деле эч нерсеси жок. Жер бир, адам бир. Кудай бизди бул дүйнөгө сыноо үчүн жараткан.
Кыргызстан үчүн 2008­жыл, өлкө башчысы өз билдирүүсүндө белгилеп кеткендей, саясый жактан стабилдүү жыл болгондугуна байланыштуу Өкмөт болгон күч­аракеттеринин бардыгын социалдык­экономикалык өнүгүү маселелерине бурду. Экономиканы кыйла натыйжалуу режимге которуу аркылуу, мамлекеттик башкаруу органдарын күндөлүк иш режиминен келечекти көрө билип иштөөгө багыттоо боюнча чаралар көрүлдү. Ошол эле учурда сапаттуу өнүгүүгө багытталган социалдык саясатты түзүүгө жаңыча мамиле жасалды. Эң негизгиси, дүйнөлүк рынокто түзүлгөн кыйынчылыктарга жана жагымсыз шарттарга, ошондой эле мурунку бийликтен бери келаткан көйгөйлөргө карабастан, бул иш­чаралар өз натыйжасын берди. Быйылкы жыл менен кошуп эсептегенде соңку 3 жылдын ичинде экономиканын орточо жылдык өсүшү 6,2%ды түздү. Быйылкы жылдын ички дүң продукциясы 7,5 пайыздык көрсөткүчтү берди.Саясый туруктуулуктун негизинде ишкердик чөйрөнүн ишмердүүлүгүнө кыйла жагымдуу шарттар жасалды. Муну эл аралык коомчулук да байкады. Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүүдөгү" өлкөбүздүн ыңгайлуулугу боюнча жалпы рейтинги 2007­жылдагы 99­орундан, 2008­ жылы 68­орунга көтөрүлгөндүгү ­ эң жакшы көрсөткүч. Бул жөнөкөй эле берилген баа эмес, эл аралык маанидеги рейтингдик көрсөткүч. Анан дагы, Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча алдыдагы 3 реформатор өлкөнүн катарына кошулду. Натыйжада, ишкердүүлүк жүргүзгөнгө уруксат берүүчү документтердин саны 23 пайызга, текшерүүлөрдүн саны 70%га кыскартылган. Өлкөбүзгө келген инвестициялардын көлөмү жарым миллиард доллардан ашты. Быйыл "Жерүй", "Талды­Булак", алтын кендери ишке киришти. "Кумтөрдө" алтын казып алуу арбыды.
Ошондой эле керектөө бааларынын индекси 2007­жылдын декабрына карата 118,4 пайызды түздү. 2008­жылдын ноябрында керектөө бааларынын индекси 1,5 пайызга өскөн. Баалардын жогорулашы өзгөчө азык­түлүк рыногунда байкалды: 11 айдын ичинде бул тармактагы баалар 25%га көтөрүлгөн. Аны басаңдатуу боюнча Өкмөт дайыма чараларды көрүп келди. Өтүп бараткан жылдын 10 айынын ичинде республикабыздын сырткы соода айлануусу 4628,9 млн. долларды түзгөн (47,7 % өсүш). Ал эми экспорт 45,6 пайызга жогорулап, импорт болсо 51,9 пайыз өсүштү берген.
Акыркы үч жылда Кыргыз Республикасы стабилдүү өсүүнүн үстүндө келе жатат. Эгерде 2004­жылы бюджеттин киреше бөлүгү 18,3 млрд. сомду, ал эми 2006­жылы 24,9 миллиард сомду түзгөн болсо, бул жылдын аягына карата 44 млрд. сомдун тегерегин түздү. Бул 2007­жылга караганда 34,5%га көп дегенди билдирет. Макроэкономикалык көрсөткүч туруктуу сакталды. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун берген маалыматына караганда, ушул жылдын биринчи жарымында инфляция тез темп менен өсүп, бирок экинчи жарым жылда төмөндөгөн.
Ушундай ийгиликтердин натыйжасынды эмгек акылар жана пенсиялар жогорулатылып, экономикалык жана башка олуттуу долбоорлор жүзөгө ашырыла баштады. Калкты жумуш менен камсыздоо мамлекеттик кызмат органдарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 1­декабрга карата былтыркыга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйгөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети өткөн тогуз айда 3536,41 сомду түзгөн, бул былтыркыга салыштырмалуу 1,5 пайызга көп. Орточо айлык акы 5190 сомго жеткен. Эгемен тарыхыбызда биринчи жолу быйыл Камбар­Ата­2 ГЭСинин курулушуна бюджеттен 1 млрд. 300 миллион сом бөлүнүп берилди. Буга дагы жылдын аягына чейин берилген 200 млн. сомду кошумчаласак болот. Мынчалык көлөмдөгү ири каражат мурда бир дагы курулушка жумшалган эмес. Жакында эле Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Владимир Путин Камбар­Ата­1 ГЭСинин курулушуна жана дүйнөлүк кризистин таасиринен бюджетти бекемдөө үчүн (300 млн. доллар) жалпысынан Кыргызстанга 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредит бериле турганын билдирди.
Акыркы кездерде жолдорду оңдоо боюнча да олуттуу жылыштар байкалды. Бул багытта 2006­жылы 408 млн. сом бөлүнгөн болсо, 2008­жылы бул сумма 1 млрд. 480 млн. сомго чейин көбөйдү. Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев баса белгилегендей, Баткен облусу боюнча өлкөбүздүн транспорттук көз карандысыздыгына жетиштик. Быйыл бир миң километрден ашык жолдор ремонттолуп бүттү, 11 ири көпүрөлөр пайдаланууга берилди.
Кыргыз Республикасынын Премьер­министри Игорь Чудиновдун айтымына караганда, 2008­жылы республикалык бюджеттен жаңы мектептерди куруу үчүн 895 млн. сом бөлүнгөн. Маселен, 2006­жылдан берки мезгилде 32 миң окуучуга ылайыкталган 162 жаңы мектеп курулду. Ушул жылы республикабыздын түштүк региондогу титирөөлөргө байланыштуу 10дон ашык планда жок жаңы мектептер салынды.
Өз убагында Нура айылынын тургундары үчүн убактылуу көчмө үйлөр орнотулду. Жаз алды менен айылды толук кайрадан куруу иштери баштала турган болууда. "Кырсык каш­кабактын ортосунда" деген ушул да.
Башка тармактарды карай турган болсок, ушул жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча республикабызда жалпысынан 167,2 млрд. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 107,5%ды түздү. Анын ичинен 109,4 миллиард сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, 2007­жылга салыштырмалуу 100,5%га, өнөр жай продукцияларын өндүрүү 115,2%га аткарылды.
Калкты ун менен камсыз кылуу үчүн быйыл 750­800 миң тонна буудай өндүрүү максаты коюлган болчу. Кыргыз Республикасынын биринчи вице­премьер­ министри Искендербек Айдаралиевдин берген маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 642,2 миң гектар жерге дан эгиндери айдалса, анын 383,9 миң гектарына бууудай эгилген. Орточо ар бир гектардан 21,3 центнерден түшүм алынып, өлкө боюнча дүңүнөн 816 миң тонна буудай жыйналды.Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 42,6 тоннага көп болду.
Албетте, ийгиликтер менен катар кемчиликтер да кетпей койбойт. Булар жөнүндө оппозициялык басылмалар көбүртүп­жабыртып ашыра жазып жатышат. Биз ага токтолуп олтурбадык. Ошентсе да энергетикалык кризис болору тууралуу биз 2008­жылдын март айындагы Өкмөттүн жыйынында билдирилгенде эле жазып чыкканбыз. Анда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кризистик чекке жеткендиги айтылган. Бул жыйында Өкмөт кыйын кырдаалдан кантип чыгуу жолдорун көрсөткөн. Мындай иш бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бирок, ачуу чындыкты айтып коюу керек, электр энергиясын кезектетип өчүрүүлөр өндүрүш тармагынын өсүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Анткен менен башка жагынан алып караганда, Өкмөт мындай жолду тандап албаганда, өндүрүш ишканалары келерки жылы таптакыр токтоп калмак. Даана ошондо энергетикадагы кризис жалпы экономикадагы көрсөткүчтөрдү жокко чыгармак. Учурда кар жакшы жаап жатат. Эмки жылы Токтогул суу сактагычы толуп калгысы бардыр.
Алдыда 2009­жыл кирип келатат. "Үмүтсүз ­ шайтан" деп айтылат. Ошондуктан жаңы жылга карата жакшы үмүт, тилектерди ойлойлу. Ылайым эле уй жылы гөөмүш (сүттүү) болсун, берекеси жайнап турсун. Өлкөбүздө ынтымактуулук, тынчтык өкүм сүрсүн. 2009­жыл тогуздап ийгиликтер келген токчулуктун жылына айлансын. Бул жылы Камбар­Ата ­ 2 ГЭСи, Кызыл­Кыядагы цемент заводу ишке киришет. Демек, Кыргызстандын экономикасы үчүн ийгиликтер келген бурулуш жыл болот, Кудай буюрса.

Азизбек ЧАМАШЕВ,
Жаркынай Эргешбаева
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan