Майра Керим кызы:

"Жамбыл менин өз атам,
Токтогул болот кайнатам…"

1994­жылы да айтыш болду. Айтыш болгонго чейин Нарын облусуна барып, Табылды байкенин Алымсейит, Тынымсейит санжырасынан бери көздөй билген жакшы кишилер менен сырдашып, өзүнө барып, тарыхый санжыралардан бир аз ооз эки чогулттум, ичимде уйкаштык даярдыктарды жүргүзүп, толгонуп жүрдүм. Менин эң жаман көргөнүм ­ жазып жаттаганды жек көрөмүн. Алла Тааланын берген өнөрүн алдагым келбейт.
­ Жазып жаттагандар да болобу?
­ Бул жагалданып айткан сөз эмес, казак акындарында мындайлар бар, мен аны өз көзүм менен көрдүм. А кыргыз төкмө акындарынан андайлар жок. Кагазга караганда Аллага ишениш керек да, Алланын берген өнөрүн Алланын астында алдабаш керек.
­ Бир айтылган нерсе кийин кайталанбай калат да, туурабы?
­ Бир учур болот, ал кайталанып калат. Кеп аны эстеп калганда эмес. Мисалы, менин төлгөө куплеттерим бар, ошону айтышым керек. Себеби, бул кадимки эле ихлас, патиха сүрөөлөрүндөй дилиңде жашап, каныңда кайнап турган саптар. Аларымды айтпасам, мага кандайдыр бир ырдоонун ачылыш шарты келбейт.
­ 1994­жылдагы чоң айтышта кимдер менен айтыштыңыз?
­ Мен жөнүндө сыртыман тамаша сөздөрдү айтып жүргөн Табылды Актанов менен айтышам го деп келген элем. Бирок, ал киши Түркияда жүргөндүгүнө байланыштуу ал айтышка катышпай калыптыр. Жеңишбек Токтобеков деген конгон куштай болгон, кирпикти ирмеп­ирмеп коюп, колунда комуз жок, колдорун тизесине коюп, бармагынын башын ушалап отурган ийиндүү келген көрктүү бир жаш бала экен. Ошол бала менен айтыштым. Ал тим эле бешигимде термеп чоңойткондой баштап:
Жеңе ­
Табылды байкем, алыңызды
Сурай кел деди.
Домбрасынын кулагын бурай кел деди.
Жеңеңин белин кучактап,
Кынай кел, ­ деди.
Былтыр Акжолтой деген эркек бала төрөп алыптырсыз,
Ушунда менин кошумчам жок бекен,
Сурай кел! ­ деди , ­ дейт.
Баягы баланы карап, атаңгөрү, кагып ийсемби? ­ дедим. Бирок, баланын ырдаган саптары мага жагып калды, кишини чымчып койсо эле ачынган адам ачылат да. Бир азга чейин эмне десем деп домбрамды кагып алдым да:
Карачы, бул Кудайдын буйругуна,
Мен ыраазы бүгүн көргөн сыймыгыма.
Табылдыдай тарланды издеп келсем,
Жолугуп калыптырмын туйгунуна.
Айта бер,
Не айтсаң да конуп жатыр,
Айтканыңа жеңең ыраазы болуп жатыр.
Табылды менден бала дооламасын,
Табылдынын балдары көл жакта тосуп жатыр- деп ырдап жибердим.
Анан баягы жерден, калыстар тобунда отурган Эстебес Турсуналиев а­ха­ха деп чалкалай күлгөндө, калпагы артты көздөй түшүп кетти.
Айтпас сөздү айтып,
Тил кышып кетти.
Кайдагы балээ эске түшүп кетти.
Ошол сөздүн төркүнү ырас окшойт,
Эстекемин да калпагы түшүп кетти… ­ деп ошол кезди кыпчып кеткен жерим бар. 1994­жылкы кызыктуу айтыш ошол болду…
***
Ошол 1994­95­жылдардагы болгон айтыштардын биринде Назарбек Камчыбеков деген киши менен айтышка түштүм. Бу киши Талас облусунун Бакай­Ата районунун Үрмарал деген жеринен келген жетимишти алкымдаган тору аттай, таза манаттай, кыл­кыбыр жукпаган өзүн таза кармаган, чыкыйган суусар бөрктүү, ушунчалык керемет киши экен. Бу киши ошол эле биз көрүп, угуп жүргөн аксакал акындарыбыздын бири экен, борбордо гана болбой калыптыр. Болбосо, кептери, сөздөрү, ойлорунун тунугун, көз карашынын кененин айтыңыз. Ысак Барпиев сыяктуу айылда жашап калыптыр.
Калыстар тобу мени ошол киши менен айтышууга салды. Ал киши айтышууну өзү баштап, саламдашуу бүткөндөн кийин, үстүмдө кызыл атлас көйнөк эле, мени карап алып Назарбек аксакал:
Кызыл көйнөк кийген о,
Кылактайсың Майраш кыз.
Өзүңдөй болсо сүйгөнүм,
Кырчындай жаш кезимде,
Мен, кызыгын көргөм дүйнөнүн.
Карып калган экен деп,
Капталыман тийбегин!
Раймаалы мен болдум,
Бегимай сулуу сен болгун.
Карачы, бүгүн сахнада о,
Мына,
Кудайдын бизге бергенин.
Көрөңгөң бай келинсиң,
Канаке, эми сүйлөгүн?!. ­ деп мага кезек берди. Бир сөзүндө калет жок. Бул кишиге акын актык кылып жооп айта албай калсаң, бул ­ чоң акаарат. Туура эмес жооп кайтарып алсаң дагы чоң акаарат. Ушундай катуу сынга туш келдим. Эмнеси болсо да экөөбүздү айтышка чыгарган калыстар тобун акырын чымчып ырдадым:
Бирибизге ­ бирибизди ирештирип,
Бирибиз менен бирибизди тирештирип,
Карачы,
Төрдө отурган төбөлдөрдү,
Койгонун,
Кайнатасы менен келинин күрөштүрүп.
Сиз айтсаңыз, мен кантип жай калайын,
Көркөм сөздүн түрлөрүн саймалайын.
Отуздагы жигиттин сөзүн айткан,
От жалындуу оозуңдан айланайын!..
Ким көнбөйдү Кудайдын салганына,
Ким бар жеткен атаке арманына.
Эми сиз эмес,
Мен да өкүнүп отурмун го,
Өзүмдүн кеч төрөлүп калганыма!..
Туш келипмин акындын балбанына,
Мен каршы эмесмин баш байге алганына, ­ деп эле сахнадан келе бердим. Бирок, мага биринчиликти беришиптир. Ракмат! Атага да жакшы орун беришти.
Андан кийин 1995­жылы Манастын 1000 жылдыгында Эрмек Жуматаев деген казак боорум менен айтышып, ал бала мага:
Ак куу болсоң сен сүзгөн,
Көл болайын Майрашым.
Өрдөк болсоң сен жеген,
Жем болайын Майрашым.
Душман келсе касыңа,
Бел болайын Майрашым.
Жездем сокса жаныңда
Мен болайын Майрашым.
Айтчы гана тилегиң,
Мен болайын Майрашым, ­ деп ырдады тим эле обону да бир сонун. Жанга жаккан саптар адамдын акылында калып калат экен. Тим эле ак куу болсом көл болуп, өрдөк болсом жем болуп, душманыма бел болуп жатса, кайсы сөзүнө каяша айтайын!.. Өзүмдүн төркүнүм болсо… Анан, бир гана сөзүнө акырын ирмелешип коёюн дедим… Жездем соксо жаныңда мен болоюн дебеди беле?.. Ошого карата мен:
Эрмек о!
Сен жай калсаңчы, жай калсаңчы!
Мына Манастын тоюнда келдиң
Байге алсаңчы!
Жездеңин сокконун сен не кыласың,
Майра апкеңдин башына,
Бак орноткон жездеңдин,
Багалегинен айлансаңчы!.. ­ дегенимде баягы тууганым таарынып тим эле сурдана түштү, жанында көрүп турасың да. Ичимен каап! ­ деп калдым. Бирок, Алла Таалам оозума салып айттырып атса күнөөлүү эмесмин да. Анда Эрмек иним айтат:
Оп-перим ай,
Мындай сөздү угуп бедим?..
Укканда тегиз чыдап туруп бедим?..
Апке деп сени мактап отурсам деп,
Сен болсоң байыңдын балагына,
Жыгып бердиң, и-ий жыгып бердиң!..
Күйөөңдүн багалегине жыгып койдуң деп атса мен эмне деймин?..
Эрмегим,
Сөз арнасын буруп кеттиң.
Сен дагы капыстан,
Капталымдан уруп кеттиң.
Мен сени,
Жездеңдин багалегине жыгып койсом,
Жездеңдин кулагынан карма да,
Туруп кеткин!
Анда Эрмек айтат:
О апкемдин, кызыл де тарланы (күлүгү) бар,
Канат жездебиздей алганы бар, ­ деп
Бүгүн деген тоюңдамын, эртең кетем.
Апкебай айтып кал төркүнүңө.
Мен аркылуу айтылчу кандай арманың бар? ­ деди.
Эми, ушунча көңүлүм ачылып, жарпым жазылып отурганда эрип кетип эжем эрегишин айтып алат дедиби билбейм, элдин алдында иним кандай арман сурады экен, түшүнбөдүм. Мен бүткүл ак калпак кыргыз элимдин алдында жоолугум ылдый келин болуп отуруп бир тууганыма арман айтмак белем… Кай арманымды айтам… Адамдын арманы түгөнмөк беле… Андан кийин балага:
Аштан ач, көчтөн кийин,
Калганым жок.
Айтып турган сөзүмдүн
Жалганы жок.
Кыргыз элим алаканда алдейледи.
Айтатын төркүн жакка
Арманым жок.
Бирок, мен көңүлүңдү ачсам деймин.
Алдыңдан кучак жайып тоссом деймин.
Эрмек, сенин бар экен го
Бир тал кызың.
Ак жолтойдой уулума,
Кошсок деймин? ­ деп куда болуп алалы деген ойду айтсам, анда Эрмек:
Апкемдин ойларын ай, таза кызык,
Апкем алган гой,
Бүгүн өз оюна, өзү таза кызып.
Казактын кыргызга берген
Бир Майрасы аз болгандай,
Апкетай коймаксыңбы,
Атасы менен баласын,
Бажа кылып, ­ деп мени сөзгө жыкты. Майра айтышпай байгени төркүнүнө берип жиберди дегизбей колумду көтөрүп ордумдан турдум… Сөзгө конок бериш керек… Сөзгө жеңиле билиш керек… Эрегиште эр өлөт… Ал эми, бул акындык өнөр акыл менен калчаган нерсе… Кыргыз эли Манастын байгесин өзү алса уят эмеспи… Ошон үчүн мейман чакырып отурабыз да… Анан, конкурстан тышкары деп эскертип, ордумдан туруп кетип баратып эле:
Эрмек сенин талантыңа баш урганым,
Сени көрүп, кубанчымды жашырбадым.
Ата­бала бажа болсо арманым жок,
Мен кошсом деп жүрөмүн,
Кыргыз менен казактан төрөлгөн асылдарын , ­ деп айтып кеттим. Эрмек ошондо байгеге татыктуу болуп кетти.
***
Өткөн жылдардын биринде Казакстанда дүйнө жүзүнүн казактарынын курултайы болуп, ошого биздин республиканын делегациясынын ичинде мен да бардым. Ошондо Казат Акматов, Жумагул Сааданбеков, Түгөлбай Казаков, Эстебес Турсуналиев деген агалар Саламат Садыкова деген эжелер да барышкан болчу. Ошондо Талды­Коргондон келген Төлөгжан Кумаров деген жаш акын бала мени менен айтышты баштап жатып:
Бармысың бизден кеткен кыз,
Жамбылды баска тепкен кыз?..
Токтогулдун тукумун,
Байым (күйөөм) деп барып өпкөн кыз.
Он миллион казактан,
Бир бай (9 күйөө) таппай кыргыздарга кеткен кыз! ­ деп айтып кеткенде мен:
Ал ырас,
Менин төркүнүмдө жүрүп кеткен,
Түндүгүн төркүн жактын түрүп кеткем.
Өзүң айткан он миллион казактын, шумкарынан,
Кыргыздын бир ылаачыны илип кеткен.
Сайра десең сайратам,
Тилимди кантип байлатам.
Ичиң күйсө ­ туз жала,
Сыртың күйсө домбала.
Жамбыл менин өз атам,
Токтогул болот кайнатам, ­ деп эки элдин ортосуна оюмду эркин жиберүүгө аракет кылдым. Ошол жерде Эсенгул Жакыпбеков деген Ашыраалы Айталиев менен айтышып жүрчү 30 жыл казактын сахнасын ээлеп, бербей жүргөн акын да мени бир жерден каап кетти. Ал өзү апасы орус, атасы казак Узун­Агачтан, жанагы мен айтышкан Эрмектин агалары болуп калат. Азыр казактын эл акыны. Ошол:
Боралдай менен Тайгактын,
Бозасын ичип жай жаттым.
Жалпак бет бизде жоктай ак,
Талтак бут бизде жоктай ак,
Кыргызга барып тийгенде,
Тапканын кара Майраштын, ­ деп менин жолдошумду сүрөттөп ырдап жатпайбы. Андан ары мага карата ырын дагы улап:
Көналмай койсаң осыган,
Аузы боза сасыган.
Аулда кимдер жок дейсиң,
Осынын онына татыган!..
Кайтып бизге келгейсиң,
Эркелеп дагы көргөйсүң, ­ деп төркүн деген көтөрөт кызды, кайра келип айылыңа жаша деген мааниде айтып калды. Мен ошондо:
Ысык­Көл деген көлүм бар,
Кыргыз деген элим бар.
Канат деген эрим бар.
Кайта чапкан жоо жаман,
Кайта келген кыз жаман, ­ деп жооп берип бүтүрдүм.
***
Түп районунун Сары­Булак айылындагы Балбай баатыр атабыздын чоң тоюнда жетекчибиз, эң биринчи Эстекем саламдашып, Уркаш абам Манас айтат, үчүнчү номерге даярданып тургун куттуктоо айтасың! ­ деп эскертти. Элдин арасында кезегимди күтүп турсам, сахнанын быягындагы мамыда эки кунан чыкма байланып туруптур. Мен ал кунандарды же союшка же байге үчүн байлап коюшса керек деп ойлоп койдум. Ар жак, бер жакты тегерете карап эмнени ырдаарымды тактап, даярданып, жаратылыштын шаңын тиктеп турсам, ары жакта Касен Саматыров деген казактын чоң акынын көрүп калып, бул киши кайдан жүрөт болду экен, чоң тойго мейманга чакрылыган экен го деп ойлоп калдым. Ошол учурда сахнага чыга турган кезегим келип калды да, сахнага чыккандан кийин жүрөгүм алып­ учуп, ошол киши менен айтышкым келип, өзүмө беттешип, ырдай турган адам издеп калгансыдым.
Төрүндө эр журтумдун отурамын,
Кубанычка боюмду багдырамын.
Төркүндүн төбө жагы кылт эткендей,
Калкым, бери карап көңүл бургун!
Анау турган Касен Саматыров,
Казактын чоң акыны,
Кел ага,
Кудалардын төрүн чакырамын! ­ деп баягыны элдин арасынан чакырып алдым.
­ Саламдашуу деле калып кетиптир да анда?..
­ Саламдашуу калып кетти, тентектик кылып программаны буздум ал жерден. Баягы киши шарт эле сахнага чыга калды. Өзүнүн эле кадимки кийими менен жүрүптүр, түптүк туугандар конокко чакырган го. Бирок мен анын акын экенин билем да.
­ Ал киши сизди таанычу беле?
­ Тааныйт. Бөлтүрүктүн тоюндагы республикалык (Казакстандагы) айтышта чогуу болгонбуз. Андан тышкары ал кишини биз туу туткан аксакал акын катары көрүп, батасын алып калайын, ошондой эле кыргызга барып мейман болдум… Бир боз үйдөн келип, бир боз үйдөн кеттим дегизбейин, экинчи жагынан төркүнүмдү бир көтөрөйүн деген да ой болчу. Сахнага чыккандан кийин ал киши:
Майра сен,
Чындап келсең ­ небересиң.
Сүйлөсөң, акыл айтып жөлөнөсүң.
Алдыңа, Касен Бауруңду чакырып алдың,
Канаке, карындасым, не бересиң? ­ десе болобу. Мен дагы чакыраарын чакырып алып эчтеке дей албай:
Жүрөм десең,
Чалкып, басып жүргүзөйүн.
Илем десең,
Көлдүн кушун илдирейин!..
Кыз жаманы ­ бир чөөгүн чайга жарайт.
Балбай баатып тою,
Мына болуп жатат.
Тээтиги, кош жоргонун бирөөсүн,
Кудаларыңдын атынан такымыңа мингизейин! ­ десем эле, эл кол чаап ордуларынан тура калышты. Ал кунандар кимдики экенин да билбейм. Эл арыыза болот экен. Ошондо биринчи жолу менин маңдайымдан тура калып эл кол чапты. Элден айланса болот, акындар эл менен элбиз да…
Андан соң Касым ага:
Оо, карындасым,
Бир тай берип, сындап отур.
Экм күн болду келгениме бул тоюңа,
Тамагым бир азыраак кургап отыр, ­ дейт. Анан мен:
Айткан сөзүңдү агажан куп алайын,
Калкымдын нак төрүнөн чыгарайын.
Жүр ана, 72 номерлүү боз үйүмө,
Кыргыздын бозосуна сугарайын! ­ деп коноктоюн жүрүңүз деген ой менен айтышты бүттүк.
­ Балбай баатырдын тоюнан кийинки акындык иш сапарыңыз кандай болду?
­Ошол учурда эки жылча бизде айтыш үзгүлтүккө учурап калды. Садык Шерниязов "Айтыш" коомун курганга чейин бир аз токтоп калдык. Бирок, Дастан Сарыгулов агабыз уюштуруп жүрдү. Анын ортосунда чакыруу менен мен Казакстан жактагы айтыштарга да барып келип жүрдүм. Бир ирет Эстебес Турсуналиев, Болот Шерниязовдор Астанадагы айтышка апарып, биринчи турдан эле Жеңишбек экөөбүз учуп кеттик. Ошондо "Жеңишбек экөөбүзгө жетим арка тийип калды", ­ деп айттым. Бирок, менин жүрөгүм Жеңишбек үчүн ооруп келген. Анда Элмирбек элдин намысын алып келди. Анткени, Элмирбек тилинде мөөрү бар акын. Кудай буюрса ал чоң акын болот. Кыз бала менен да жигит менен да айтышка түштү. Аманжол деген казактын чоң акыны менен айтышты.
­ Казактын азыркы учурдагы белгилүү акындарынын атын да атай кетсеңиз?
­ Мен 1988­жылдан бери казактын акындарын толкун­толкуну менен билемин. Ошол 80­жылдардагы акындардын ичинде ­ Эсенкул Жакыпбеков, Бибиайша Медерова, Асия Беркенова, Айтылган Шаимов, Айтакун Булгаков, андан кийинки муундардын арасында Мэлис Косумбаев, Айнура Турсумбаева, Бегарс Чойбеков, Анара Жапаркулова, өзү накта орус, казак тын төкмө акыны Надежда Ушикова деген Сара, Карлыгач, Күмүс деген адамдын жанын эргитип чыгып келаткан акын кыздар, 72ге чыгып калды Жантайа деген акындар айтышып жүрүшөт. Ушулардын көбүнүн жолун жолдоп, көзүбүз да көкүрөгүбүз да ачыла түштү.
­ Казак элинде төкмө акындарды өстүрүү боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
­ Сөз чындыгына келгенде төкмө акындардын кийинки муунун казактар кыйын өстүрдү. Мектеп­мектеп кылып туруп өстүрүп атат. Элестетип көрсөңүз, мурунку айтканы кампага айланып калган эски акындардан да жаңы акындарды уксаңыз кандай керемет. Жаңы толкун келбедиби… Үстүбүздөгү жылдын 30­августунда мен айтышка түшкөн казактардын үчөө тең жаңы муундун акындары. Мисалы Күмүскан Сарсембаеванын канча жылдан берки күлүктүгүнө мен күбө болдум.
­ Майра Керим кызы, айтыш өнөрүнүн өзгөчөлүгүнө, кыргыз менен казактагы бул жанрдын өнүп­өсүшүн салыштырсаңыз. Биз төкмө акындык өнөрдү өксүтүп алган жокпузбу?.. Казак акындарынын биздин акындардан өйдөрөөк өсүп баратканы байкалгансыңт… Бул алибетте менин жеке гана оюм.
­ Мен акындар айтышына катышып жүргөндө төркүндөрүм жакка да өзүбүзгө да барып жүрдүм. Ошондо он бир муун менен сегиз муундук саптардын айырмасын байкадым. Сиз айткандай токток­токтоп, домбранын добушу менен чозуп, өзүнү ой­пикирин топтоп алып, анан өзүнү кенен оюн айтат. Ал деле эмгек… талаасы кенен казак канча ырдап отуруп алса өзү билет. Биздин кыргызда жарым саат убакыт берет. Аларда болсо 2­3 саат кенен убакыт коет. Ошон үчүн алардан чыныгы акын көп чыгып келе жатат. Бизде эки акындын беттешүүсү үчүн 15­20 мүнөттөн ашык убакыт берилет, бир саат берилгенин мен көрө элекмин. 1992­жылдашы 6 күн бою өткөрүлгөн эркин айтыштай, айтыш али кайталана элек. Ошол айтыш ­ табигый болгон. Даярдыксыз эркин айтышканбыз. Ошол жылдан соң деле 3ү4 жыл бул өнөрдү колдоп турган учур болду, бирок акыркы мезгилдерде солгундап кетти. Ошого карабай Дастан Сарыгулов, ошондой эле Садык Шерниязовдор да кез­кезде айтыш өткөрүп, жоюлуп бараткан өнөрдүн уюткусун сактап калышты. Ушулар уюткусун сактап калган үчүн азыр айтыш жылына эки болбосо да бир ирет өтүп жатат.
Казак акындары менен кыргыз акындарынын ортосунда айтыштар боло калганда биз тараптан койгон байгелерге алымсынбаган таарынычтар болуп жүрдү. Чоң жеп, чоң көнгөн төркүндөрүмүн алымсынбоолорун көрүп турдук да. А бизге баш байгеге 4 миң сом сайып койсо деле ырдап жүрчүбүз. Анткени, бизге байгебизден мурда улуттук өнөрүбүз кымбат болчу. Ошол учурдагы биздин турмуш ахывалыбыздын байгечи ошол болуп турду… Кичи мамлекетибиз, ат башындай алтын коймок белек.
­ Эки элдин ортосундагы айтыш өнөрүн ынтымактуу өткөрүү жана өркүндөтүү үчүн эмне чара көрсөк болот?
­ Эң биринчи ынтымак, бир­бирине деген сый­урмат керек. Бирөөнү табак менен сыйлап алсаң бирөөнү калак менен сыйлайсың. Жергиликтүү жана эл аралык айтыштарды тез­тез өткөрүп турсак айтыш өнөрүбүз да өсүп, достугубуз да чыңалат эле.
­ 29­30­августтарла Бишкек шаарында Президентибиз өзү кош байге сайып өткөргөн эл аралык айтышка маани бере кетсеңиз?
­ Бул жолку айтыштын өзгөчөлүгү ­ баш байге ­ кош байге болду. Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло деген кыргыздар. Карышкыр да аман, кой да аман. Байге талаш тартышы жок эки элдин акындарынын ортосуна тең бөлүнүп берилди. Кыргыз, казак ­ энчиси бөлүнбөгөн эгиз элбиз. Ошон үчүн эгиз байге, кош байге коюлдубу деп да ойлойм. Беш көңүл бир атым асмайдан калат. А казак менен кыргыз доско караганда боор, бир тууган болуп тапайбызбы. Бир үйүрдөгү тайдын туягы өзүнө май, тебишеби, өбүшөбү бирок, наркытүпкү пайдубал бар да.
­ Биздин бийлик төкмө акындардын айтышына кош байге койду. Эми казак туугандар да ошондой коер бекен? боордош акындар да ошону ойлонуп кетишкенин байкай алдыңызбы?
­ Ойлонуп кетишсе керек, өрдөк жесең ­ каз байла дегенди билбеген казак жок. Иттин уулу Байгара той берсе айтыш өткөрүп атышат алар. Бизге алардан беш эле акын келди. Кош байгени айтып барса, жомок деп ишенбеген чыгаар тиякта калган казактар. Биздин калыстар тобуна казактар тараптан бир калысты кошуп коюшса, ошол Казакстанга ­ биздин Президентибиз койгон 200000 сомдук баш байгени ошол адам адилеттүүлүк менен айтып бармак. Беркилер деле айтып барат дечи… Башка элдеди карабай, биз марттыгыбызды кыла беришибиз керек. Анткени, биз айкөл Манастын тукумубуз. Беш сом берсек да бөлүп берели.
Курманбек Бакиевдин тушунда кош байге сайылып айтыш болду го. Эгерде Кудай буюруп, калк ордунда, кан тагында турса, элде ынтымак, казанында ырыскы болсо, жылына бир болсо да, бапыраган жакшынакай байге коюп берип атса, кан камкордук көрсөтсө калк өзү эле сүрөп коет. Сырттан тажрыйбалуу акындар келген сайын биздин жаш акындар курчуйт. Кош байге сайгандан биздин казынабыз оркоюп калбайт. Жаштарыбыз өсүп келатат. Арабыздан каргайтан акындарыбыз кетип жатат, курч сөздөр көкүрөгүндө кошо кетип баратат. Мына акыркы эле күндөрдө Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев агалар арабыздан о дүйнө сапар тартышты.
Менин оюмча айтыш акындарын үч топко бөлүп тарбияласак.
­ Казак төкмө акындарынын арасында өтө эле көп кыз­келиндер жүрөт. Болгондо да алар мыкты айтышууда. Бизде андайлар анча көрүнбөйт. Өзүңүз, кыргыз кыз­келиндеринин колунан жетелеп чыгаргандар жөнүндө да айтсаңыз? Же бизде андайлар жокпу?
­ Мен өзүм да кыздарды жыйнап жүрөм. Баш­аягы алтоо болуп калды. Бирок, алардын төртөө жүрөксүнүп чыга албай жүрөт. Катышамын деп жүргөн оозунда сөзү бар, жүрөгүндө жалы бар, түгү бар кыздарыбыз бар. Жал эркектерде эле болсун, бизге түк эле жетет. Мына атап айтсам Жыпара Кожокеева Ак­Суу районунан, Токтогулдан Айгүл Бердигулова деген кыздар чыкты. Тээ Ош областынын Кара­Суу районунун Эркин деген айылынан Кызжибек Кыргызбаева деген кыз бар. Аны үйүмө апкелип тарбиялап, аманат кылып кайра үйүнө тапшырдым эле. Кудайдын буйругу менен турмушка чыгып кетти. Акындык өнөр аны тынч отургузбайт. Учуру келгенде ал да эл алдына, сахнага чыгаар, далай байгелерди алаар.
Нурзат Орозалиева деген комузчу кызыбыз бар эмеспи, мында ооз жамагы бар. Мунарбек Чөбиевдин Жазгүл деген келинчегинде жамактык өнөр бар. Ысык­Көлдүн Той районундагы Большевик айылында мектепте окуган Бактыгүл деген кызды да акындык өнөр жылоолоп турат. Балыкчы шаарынын № 4 мектебинде иштеген Махабат деген кыз бар экен. Чолпон­Атада бир чоң кеченин ачылышында көрүп:
­ Сен эмне сахнага чыкпай жүрөсүң, өз талантыңды камап? ­ деген элем. Андан кийин Барскоондон юир 8 баланын энечи Алмагүл деген эжебиз бар. Азыр Алма­Атанын бархолка базарында кыздарын ырдатып, өзү соода кылып жүрөт. Мени менен автобуста Балыкчыдан бирге отуруп Караколго жеткенге чейин айтышкан.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет эмеспи. Аларды жыйнап чогултканга бир борбор же ордо керек. Мен аларды жыйнап нукка салуу үчүн азыр шартым жок.
­ Сиз ушинтип эле жүрө берсизби же канткен күндө да ошол акындык "чымыны" бар кыз­келиндерди бир жерге топтоштурайын деген ниет­тилектериңиз да барбы?
­ Бар! Менин жарыла албай турган жарамды чукуп атпайсыздарбы. Мен өзүмдү­өзүм тажрыйбалуу акын деңгээлине жете албай жүрүп, эми­эми эл мени төргө чыгарды, эми мага жоопкерчилик баштагыдан да чоң бир иш баштасам да болот да деген чечимге келип калдым. "Айым айтыш" коомдук фондусун түзсөмбү деп ниеттенип жатам. Ушул коомдук фондуну Тынчтыкбек Акматбаев "мага барыңыз, мен колдоп берем, жеңе", ­ деп калды эле, орто жолдон бу бала кырсыкка учурап калды.
Балким, мындан кийин да менин бул тилегимди колдой тургандар чыгаар. Мүмкүн газетадан ушул макаланы окуп калышса Курманбек Салиевич Бакиев, И.Чудиновдор колдоп чыгышаар…
Үч­төрт жыл болду мен дымып калдым, мени нота билбейт экенсиң! ­ деп музыкалык драмтеатрдан чыгарып салышты, аттестациядан өткөрбөй. Буга маданият башкармалыгынын начальниги Камбарова Зинагүл Орозалиевнанын тикелей катышы бар болуучу. Ошол киши баш болуп, мени жээкке сүрүп салышты.
­ Анын себеби эмне эле?
­ Туура сүйлөгөн тууганына жакпайт болуш керек, анткени Тойчубек Касымов деген губернатор болуп турган учурда Кумтөр Оперейтинг компаниясынын машинасынан Ысык­Көлдү булгап төгүлгөн цинатитти ырдаймын деп балээге калдым. Ошондон баштап үзөңгү буттан тайыды… Мен ал жөнүндө айтайын деген оюмда жок болчу, казактын акыны:
Тамчы дары таамп кетип тир Көлүңүзгө,
Аман­эсен кайтабызбы элибизге, ­ деп мага карап ырдаганда мен ага карап:
Эй, тамчы эмес,
Ысык­Көлгө тонна тамган!
Ал, көпүрө бузулуп,
Кырсык болуп, жолдо тамган.
Бул өзү не көрбөгөн Ысык­Көл,
Көрсө да көп тарыхты, кебелбеген Ысык­Көл.
Көлдөлөң көп сөздөрдү уга бересиң,
Уккан сайын башыңды буга бересиң.
Акаев менен Назараев куда болуп,
Ысык­Көлгө чөмүлүп чыгып жатат,
Сен деле бир сүңгүп чык,
Кыргыздын форелиндей туйлап чыга келесиң! ­ ууланбайсың деп ар жагын каным айттым. Ошол учурда элдин жүрөгүн оорутуп турган эң негизги маселе, ушул цианит маселеси болуп турат эле.
Ошондогу чоңдор: "Казактын акыны тамчы десе, жанагы биздин келин тоннаны айтты", ­ деп балээ кылды гой мени. Сыйдаланып жумуштан чыга бердим. Бирок, элден айланайын кай жерде болбосун мага жумуш даяр турду. Кадырымды милдет кылгым келбеди, кадам менен чыгып баса бердим. Мустапа Мусаевич Кидибаев деген ректор университетке жумшка алды. Акчамды да санаган жок, убактымды да ченеген жок, не кылдың, не койдуң деген жок. Кыскасы менин чыгармачылыгым үчүн эркин шарт түзүп берди. Ошол эле университеттин капталынан акын кыз Жыпар Кожокеева чыкты…
Ошол төрт жылдын ичинде "Кайдасың, Майра?" деп маданият министрлиги издеди деп айта албайм. "Айбанаттар кызыл китепке кирип жатыптыр, кыргызга бир төкмө акын аял келиптир, кыргыз китепке киргизип коелу"! дегендин ордуна, кызыл тизмеде эмес, кара тизмеде жүрдүм.
Жумагул Сааданбеков Ысык­Көлдө губернатор болуп турган учурда көл төгөрөгүндөгү маараке, майрам, тойлор менсиз өтчү эмес. анткени, ал киши төкмөлүк өнөрдү ушунчалык сыйлачу экен. "Сен Ысык­Көлгө төлгө болуп келдиң", ­ деп мени абдан урматтады. Андан башка бийлик адамдары деле урматтап жүрүштү, урматтабады деп айта албайм.
Андан кийин борборго келип, мейманканада Төлөгөн Касымбековдун колунда, канатынын калкасында жашадык, бир кыйналган жокпуз. Ал киши мени эле эмес, мени менен кошо келип жүргөн таланттуу адамдарды да, бала­чакам, келиним менен кошо бакты. Ошол мен кыйналып жүргөн учурда менин духумду, жан дүйнөмдү сындырбай сактап калды. Төлөгөн Касымбеков агайга чоң ракмат!..
Андан тышкары моралдык жактан колдоо берген Султан Макешович Орозбеков, Байма Жапаровна Сутеновалар болду. Аларга да ыраазычылыгымды билгизем.
Мен эми маселени кабыргасынан кое турган жерим: Курманбек Салиевич мени тааныбайт эмес, жакшы тааныйт. Жалал­Абадда иштеп турганда казак, кыргыз төкмөлөргө сый көрсөткөн адам деп мойнума алтын чындыр салып, алтын жалатылган ручка берген киши. Ал киши кара башымды эмес, өнөрүмдү баалап берген. Ал кишинин алдына барсам кой деп айтпайт болуш керек. Анткени, ал киши мамлекеттин кызыкчылыгындагы ишти карап отурат да. Кичине эле ден соолугум жакшы болсо абарайын деп отурамын. Менин максатым "Айым айтыштын" босогосу ачылса экен деп тилеп турам… Август айынын аягындагы Президентибиз акындар үчүн койгон кош байгенин баш байгесин жеңип алдым Алланын буйругу менен. Мен үчүн бул чоң сыймык. Ал мени эл алдында көп нерсеге милдеттендирет. Ошондо маданият министрибиз бул чоң иштин башы болсун! ­ деп мени абдан куттуктады. Ага да чоң ракмат!.. Ошол сыйлык мен ойлогон ойлорумдун ишке ашышынын "Алтын дарбазасы" болуп берсин!
­ Каалоо сөздөрүңүз барбы?
­ Калкыбыз аман, каныбыз тагында турса, элибизге ырыс­дөөлөт чалкып турса, бак карап, кыдыр даарып турса Кусейин атабыз айткандай кандын казабынан, каранын дооматынан сактап турса, ушул баштаган жакшы жөрөлгөсүн биздин падышабыз жылдан­жылга күчөтүп, ары көздөй улай берсе, Дастан Сарыгулов баштаган, Садык Шерниязов, Анарбек Усупбаевдер, Садыкбай Турдумамиевдер коштогон, төкмөлүк өнөрдү улантып келген иштерди колдоп берсе, нур үстүнө нур болот эле…
­Куруп берген маегиңизге чоң ракмат! Эл алдында дайыма ырдап жүрө бериңиз?
­ Сиздерге да "Эркин Тоонун" эмгек жамаатына да жакшылыктарды тилеймин!..
Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan