Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Асыл" дыйкан чарбасынын жетекчиси, Ош шаарындагы № 2 кварталдык комитеттин төрайымы Нурматова Асылкан Төлөнбаевна менен маек
Жер сырын жакшы билген Асылкан
Блиц анкета
Туулган жылы ­ 1958­жыл, 15­март
Баалаган тарыхый инсаны ­
Курманжан Датка
Урматтаган саясатчысы ­ В.Путин
Сүйүктүү жазуучусу ­ Ч.Айтматов,
Т.Касымбеков
Акыны ­ Ж.Мамытов
Жакшы көргөн ырчысы ­ К.Турапов
Хоббиси ­ иштеп, окуу
Жактырган киносу ­ "Ак кеме"
Кубанганы ­ үй­бүлөсүнүн,
бир туугандарынын аманчылыгы
Жактырган мезгили ­ жаз
Самап жеген тамагы ­ беш бармак
Жакшы көргөн макалы ­
"Жети өлчөп бир кес"

Тээ союз мезгилинде эле дыйканчылыктын сырларын терең өздөштүргөн, дархан талаа менен сырдаш болгон дасыккан аялзаттары арбын болгон. Мисалы, Социалисттик Эмгектин Баатырлары Зууракан Кайназарова, Өлмөсхан Атабекова, Салтанат Юсупова жана башка жүздөгөн апаларыбыз, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү жаратышып, дыйканчылык боюнча бүтүндөй өлкөбүз сыймыктана турган ийгиликтерди жаратышканы белгилүү. Республикабыз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, өлкөбүздө жер жана агрардык реформа башталып, анын негизинде элибизге жер үлүш катары бөлүп берилди. Мына ушул реформаны иш жүзүнө ашырууда аялдардын тийгизген таасири чоң болду. Жаңы дыйкан чарбалар түзүлүп, аларды аялдар жетектеп, айыл чарба өсүмдүктөрүнөн арбын түшүм алып, рынок шартындагы кыйынчылыктарына туруштук берип, чарбанын ар тараптан өнүгүүсүнө белсенип киришкен аялдардын эмгегине суктанып, тан бересиң. Мына ошондой асыл энелердин бири, дээринен мээнеткеч, талаа менен сырдаш болгон Асылкан Нурматова менен биз жакында жолугуп, баарлаштык.

­ Асылкан Төлөнбаевна, азыр көпчүлүк адамдар айыл чарба тармагынан киреше табуу кыйын, кеткен каражат өзүн актабайт деп башка ишкердик менен алектенип жатышат. Сиз айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруп жатышыңыздын сыры эмнеде?
­ Чындыгында айыл чарба тармагы көп мээнетти, каражатты талап кылган тармак. Бешене тер төгүп, астейдил аракет кылсаң, жер эне эч качан алдабайт, дыйкандын мээнетин эки эсе кайтарганга аракет кылат. Ошондуктан, тээ илгертен бери ата­бабаларыбыз жер иштетип, дархан талаа менен сырдашып, турмуш­тиричилигин өткөрүп келген. Мен жаш кезимдем ата­ энеме каралашып, талаада болуп, жалкоолуктан арылып, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн сырларын билип, эрезеге жеткем. Андыктан, өлкөбүздө жер жана агрардык реформа башталганда биринчилерден болуп "Асыл" дыйкан чарбасын түзүп, жерди иштетүүнү колго алгам. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү мени жетекчиликке шайлашып, чоң жоопкерчиликти, милдетти жүктөшкөндүктөн, күнү­түнү эл менен бирге дархан талаада болуп, арбын түшүм алууга астейдил аракеттерди көрдүк. Дыйкан чарбага 113 үй­бүлө мүчө болуп киришип, бир кишидей биримдикте иштедик. Жер эне дыйкандардын таң заарынан кеч күүгүмгө чейин талаада болуп, бешене тер төгүп жасаган эмгегин баалап, түшүмдү эң жакшы берип, дыйкан чарбанын ар бир мүчөсүнүн кирешесин көбөйтүүгө, турмуш­тиричилигин оңдоого чоң көмөк берди десем болот. Ынтымак бар жерде ырыскы, береке болот экен, жыл өткөн сайын жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз.
­ Сиз жетектеген дыйкан чарба кайсы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп жатат?
­ Биз негизинен пахта, буудай, күн карама, пияз, жашылча­жемиштерди өстүрөбүз. Өндүрүлгөн азык­түлүктөрдү дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө бөлүп беребиз. Салыкты, пайдаланган суу үчүн, социалдык фондуга болгон төлөмдөрдү өз убагында чегеребиз. Күзүндө жерлерибизди айдап, жазгы өсүмдүктөрдү эгүүгө даярдап коебуз. Зарыл болгон үрөн, жер семирткичтерди, күйүүчү майларды даярдап, базарда өтүмдүү болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө чоң маани беребиз. Кудайга миң мертебе ракмат, дыйкан чарбабыздын көрсөткүчтөрү жылдан жылга жакшырып, мамлекетибиздин казынасына да төккөн каражатыбыздын көлөмү көбөйүп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, биз биригип дыйкан чарба уюштурганыбыз эң туура болгонун турмуш өзү ырастоодо. Анткени, азыр урматтуу Президентибиз К.С.Бакиев айыл чарба кооперативдерин уюштуруу мезгил талабы экенин айтууда. Акыркы жылдары биздин Кара­Суу районунун аймагында дыйкан чарбалар көбөйүп жатат. Анткени, жерди которуштуруп айдап, сууну жана жер семирткичтерди максаттуу пайдаланып, арбын түшүм алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.
­ Өндүрүлгөн азык­түлүктөрдү сатып өткөрүү орчундуу маселелердин бири эмеспи.
­ Ооба, азыркы рынок шартында азык­түлүктү арбын өндүрүү менен бирге сатып өткөрүү да чоң мааниге ээ. Биздин дыйкан чарбада өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаты эң жакшы болгондуктан Ош шаарындагы, Кара­Суудагы базарларга өзүбүз алып барып сатабыз. Эл үчүн базардагы наркка караганда бир аз арзан баада сатканыбызга байланыштуу, биздин продукцияны дүңүнөн алгандар арбын. Көп жылдан бери биздин продукцияны алган мекеме­ишканалар бар. Кыскасы, сатып­өткөрүү жакшы калыпка түшүп, кыйынчылыктар жокко эсе.
­ "Асыл" дыйкан чарбасы азыр Кара­Суу районундагы алдыңкы чарбалардын бири экен, элге кайрымдуулук иштерин да жасап жатасыздарбы?
­ Албетте, элге күйүмдүү, кайрымдуу болушубуз керек. Мен билем, өтө бай ишкерлерди, бирок кайрымдуулук кылбайт. Кудай да бергенге берем деген убадасы бар экен. Биздин чарбанын кирешеси өтө эле көп эмес, бирок биздин мүчөлөрдүн жан дүйнөсү өтө бай деп айтаар элем. Буудай жыйналганда көп балалуу үй­бүлөлөргө, турмуш­шарты начар улгайган адамдарга, майыптарга 50­70 кг.дан буудайды акысыз беребиз. Көңүлдөн чыгарып азык­түлүк продукциясынан дайыма жардам берип турабыз. Мен ойлойм, сооптук иштен бирөөнүн көңүлүн алган кандай керемет нерсе. Кээ бир бай адамдардын ушунчалык көзү тумандап, жан дүйнөсү жарды болуп калганына өкүнөм. Дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес, адам баласы кайрымдуу болушу керек деп ойлойм.
­ Сиз 15 жылдан бери жер иштетип, бир топ тажрыйбага ээ болупсуз. Өлкөбүздө жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформа боюнча элдердин арасында ар кандай ой­пикирлер айтылат. Реформа боюнча сиздин жеке көз карашыңыз кандай?
­ Жер реформасы эң туура жүргүзүлгөн деп айтаар элем. Албетте, бир топ кемчиликтер болду, бирок жыл өткөн сайын реформанын натыйжалары болуп жатат. Эл өкмөттү карап олтурбай жер үлүшүн иштетип, турмуш­тиричилигин оңдоого аракеттенип, жашоого болгон көз караштары өзгөрдү.
­ Асылкан Төлөнбаевна, сиздин дыйканчылык менен алектенгениңизге жолдошуңуздун, балдарыңыздын мамилеси кандай?
­ Албетте, өмүрлүк жолдошум, балдарым колдоп кубаттабаса мындай ийгиликтерге жетишишим кыйын эле. Алар мени ар тараптан колдоп, жардам беришип, менин астейдил аракетиме такай дем берип турушат.
­ Аялзаты дыйкан, ишкер болушу үчүн кандай сапаттарга ээ болушу керек?
­ Эң башкысы жер энеге мээрим төгүп, ак эмгек кылышса жакшы натыйжа болот. Жер эне дайыма мээнет кылган адамдардын акыбетин кайтарып келген. Аялдар дыйкан болушу өтө оор, бирок, мээнетиңдин үзүрүн, акыбетин көргөндө рахатка батасың. Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн арбын түшүм алуу үчүн, алдыңкы технологияларды колдонуп, үрөнгө чоң маани бериш керек. Жер семирткичти, сууну өз убагында берүү зарыл.
­ Эми үй­бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз?
­ Жолдошум Нурматов Абдывахап жогорку билимдүү инженер. Такай энергетика тармагында иштеп келди. Учурда "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун магистралдык газ өткөргүчтөрдүн түштүктөгү башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштейт. Үч кыз, эки уулум бар. Чоң кызым Бактыгүл врач, экинчиси Динара экономист, Мирбек финансист, ал эми Венера да экономист кесибине ээ болуп иштеп жатышат. Кичүү уулум Эламан азыр 9­класста окуп жатат.
Жолдошум экөөбүз балдардын билимдүү болушуна шарт түзүп, ар бир ишти терең өздөштүргөн аракетчил болууга тарбияладык. Кудайга шүгүр, балдарыбыз жалкоо эмес, өз кесиптерин аркалап, үзүрлүү иштеп жүрүшөт.
­ Эже, сиз өзүңүз жашаган Ош шаарындагы "Курманжан Датка" аймагынан № 2 кварталдык комитетинин төрайымдык милдетин да "камчы" салдырбай аткарып жатыпсыз, кантип жетишип жатасыз?
­ Мен жашаган кварталдык комитеттин мүчөлөрү да мага ишеним көрсөтүшүп, төрайым кылып шайлап алышкан. Бул тармакта дагы көйгөйлүү маселелер арбын болгондуктан, чуркап иштөөгө туура келүүдө. Элдин камын көрүп, эринбей иштеп жакшы көрсөткүчтөр жаралууда. Учурда "Курманжан Датка" кварталында тартип, тазалыкка өзгөчө көңүл бурулганына жашоочулар ыраазы. Учурда аталган кварталдагы 18 көп кабаттуу турак-жайда 50 эл башы бар. Мына ушул адамдар менен биргеликте иш алып барылууда. Айрыкча тазалыкка өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык долбоорлордун алкагында "престөө" ыкмасы менен таштандыларды шаардан сыртка ташуу саамалыгын көтөрүп чыгып, учурда квартал тургундары эле эмес, шаар жетекчилеринин да алкоосуна арзып жатабыз. Эл үчүн жасалган эмгек эртеби­кечпи өз акыбетин берерине ишенимим чоң.
­ Асылкан Төлөнбаевна, куруп берген маегиңизге чоң ракмат, дайыма эл камын көрүп иштей беришиңизге тилектешпиз.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan