ИНВЕСТИЦИЯ - ИШКЕРДИКТИН ӨЗӨГҮ

"Ааламга кеткен жол айылдан башталат", - деп айтылгандай бүгүнкү күндөгү айылдын жашоосу барган сайын жакшырып баратат. Айылдагы калктын турмуш-тиричилигин жакшыртуу үчүн Эл аралык уюмдар менен иштөө деңгээли эң алыскы тоолуу аймактардын бири Баткен областындагы Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык округуна карай жол тарттык.

Учурда Көтөрмө айылдык округунда жогорку билимдүү, тажрыйбалуу, иштин көзүн мыкты билген, ар кандай адам менен тил табыша иштей билген жетекчи Махмуд Токторов үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн өзүнүн жасаган эмгеги менен калк кадырлоосуна татыктуу болгон.
Көтөрмө айылдык округу бир канча Эл аралык уюмдар менен иштешип, көптөгөн ийгиликтерге жетишкендиги туурасында сөзүбүздү улантсак.
МерсиКо-Эл аралык уюмдары менен 2006-жылдан бери карай кызматташып келатышат. Көтөрмө айылдык округундагы калктуу пункттарга мал чарбасын өнүктүрүү үчүн малдардын асыл тукумдуулугун арттырууда "Жасалма жол менен уруктандыруу"боюнча иш жүргүзүшүп жатышат. Кадамжай районунун аймагында "Кадамжай-Халмион" долбоору боюнча Көтөрмө айылдык округундагы Кызыл-Булак айылы грант утуп алышып, иш жүргүзүшүүдө. МерсиКо уюму айылдык округдун элине ай сайын семинарлар, тренингдерди өткөрүшүп, айылдык округдагы элдерге мал чарбасын өнүктүрүү, жакшыртуу боюнча "жасалма жол менен уруктандыруу" долбоорунун алкагында иш алып барышты. Бул долбоор боюнча айылдык округдун жетекчиси баш болуп долбоор жазышып, грант утуп алышкан болчу. МерсиКо уюмунун бак чарбачылыгын өркүндөтүү боюнча "Бактарды зыянкечтерден сактоо" долбоорунан да грант утуп алышып, айылдык округдун аймагында да бир топ иштер жүргүзүп жатат.
Жеке ишкер Нурлан Мамаюсупов кичи комбайн жасоо үчүн -29000 сомдук грант, малдын асыл тукумдуулугун аткаруу боюнча-2000 сомдук грант утуп алган. Ал эми бак-дарактарды дарылоого 4500 сомдук аппарат алынды.
Урбан институту менен аткарылган иштерге токтоло кетсек, ЮСАИД каржылаган "Децентрализация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" долбоору боюнча Көтөрмө айылдык округу Урбан институту аркылуу 2007-жылдан бери байланышта болуп келе жатат. 2007-жылы "Муниципалдык менчик укугунун мыйзамдуу негиздери жана объекттердин эсебин жүргүзүү" боюнча семинар өткөрүштү. Ушул эле жылдын март айында "Муниципалдык мүлктү башкаруунун негизги принциптери жөнүндө" семинар, андан кийин "Калктын өз алдынча башкарууга катышуусу боюнча", "Коомдук угуулар жана калктын башка жыйындары боюнча", "Калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маалымат алмашуусу жөнүндө" деген темаларда семинарларды өткөрүштү.
Өткөн жылдын июнь айында Урбан институтунун колдоосу менен бюджеттик угуу өткөрүлдү. Чет элдик инвестицияларды тартуудагы иш тажрыйбалары боюнча көргөзмө чыгарууга 48 000 сомдук грант, бюджеттик угууну өткөрүүнүн жыйынтыгы менен Көтөрмө айылдык округундагы ФАПты ремонттоого 45 000 сомдук грант утуп алышты. Ал эми 2008-жылы болсо "Жерлерди тактап, айылдык округдун эсебине өткөрүп, ижарага берүү менен айылдык округдун кирешесин көбөйтүү" долбоорун өткөрүп республикада биринчи орунга ээ болуп, натыйжада 300 000 сомдук грантты жеңип алышты.
2008-жылдын июль айында долбоор боюнча мыкты тажрыйбаларды алмашуу боюнча мындай темаларды жайылтышты:
Чет элдик инвестицияны тартуу менен көптөгөн көйгөйлөрдү чечишти. Айылдык округда жакырчылыкты жоюу жана кыскартуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында түзүлгөн "Келечек-Нуру" МКАсынын иш аракети. "Бүркүт" маалымат базасын киргизүү муниципалдык кызматкерлердин жумушун жеңилдетти. Жогорудагы тажрыйбаларды башка айылдык округдарга да жайылтуу боюнча республикалык семинар өткөрүштү. Семинарга 60 айылдык округдун башчылары катышышты. Семинар Урбан институту тарабынан каржыланды.
2008-жылдын ноябрь айында "Муниципалдык менчиктерди каттоону жүргүзүү" боюнча республикалык семинар өткөрүлүп, ага 30 айылдык округдун жетекчилери катышышты.
ПРООНдун МЭЧС багытындагы программасынын колдоосу менен аткарылган иштер жөнүндө кыскача маалымат бере кетсек.
2007-жылдын июль айында Көтөрмө айылдык округунда ПРООНдун МЭЧС багытындагы программасы "Табигый кырсыктарды жергиликтүү деңгээлде алдын-алуу" боюнча 3 жолу семинар өткөрүлдү. Семинарга Кескен-Таш, Ак-Кыя айылдарында 15 кишиден турган куткаруу командасы түзүлдү. Куткаруучу командаларга ар бирине 200 000 сомдук шаймандар ПРООН тарабынан кайтарымсыз берилди. 400 000 сомдук шаймандар атайын жайда сакталып турат.
2007-жылда Ак-Кыя участкасына көпүрөнү оңдоо үчүн 240 000 сом ПРООНдон каражат берилди. 2008-жылдын июль айында болсо ПРООНдун жаштар программасынын эсебинен эмгек лагери уюштурулган. 223000 сомдук грант менен Кызыл-Булак-Санатория көпүрөсүнүн курулушу толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
ГТЦ-БАТКЕН долбоору боюнча аткарылган иштер:
2006-жылдын февраль айында ГТЦ-Баткен долбооруна З.Баатырова кредиттик агент болуп кирип, 2006-жылдын апрель айында 55 адамга 440 000 сомдук кичи кредит алууга жетишти. 2007-жылдын апрель айында болсо ГТЦ-Баткен долбоорунун жардамы менен айылдык округдун аймагындагы "Келечек нуру" кичи кредиттик агенттиги түзүлүп, каттоодон өттү. Анын жетекчиси З.Баатырова 2007-жылдын 20-апрелинде 55 адамга 440 000 сомдук кредит алып берген. ГТЦ-Баткен долбоорунан 440 000 сомдук кредит ОФ "Келечек нуру" МКАсына кайтарымсыз калтырылды.
МКАнын жетекчиси З.Баатырова 2007-жылдын 20-августунан 11-сентябрына чейин Баткен, Жалал-Абад областтарында Германиянын Бавария шаарынын өкүлү менен ГТЦ-Баткен долбоорунун каржылоосу менен 6 айылдык округдарга семинар өткөрүштү. ГТЦ-Баткен долбоорунун 100 күндүк сынагына Көтөрмө айылдык округу катышкан. 2007-жылдын декабрь айында ГТЦ-Баткен долбоору "Келечек нуру" МКАсынын базасын түзүү жана өркүндөтүү максатында бир компьютер принтери менен кайтарымсыз берилди. ПРООНдун жакырчылыкты жоюу багытындагы программасы менен аткарылган иштер жөнүндө учкай айта кетсек.
Айыл өкмөтүндө Ак-Суу ассоциациясы менен 17 топ иштешти. ПРООНдун активисти З.Баатырова ПРООНдун колдоосу менен 2008-жылда 5 топко 499000 сомдук кичи кредитти "Айыл Банкынан" алып берди. 2007-жылы ПРООНдун каржылоосу менен өткөрүлгөн тренингдер: Кызыл-Булак айылында 10 адамга 8 күндүк кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча тренинг өткөрүлдү. Ош шаарында штора тигүү боюнча 2 адам, курак жасоо боюнча 2 адам, сүт азыктарын чыгаруу боюнча 2 адам, компьютердик окуу боюнча 2 адам тренингден өтүп келишти.
САМР Ала-Тоо коомдук фондунун колдоосу менен аткарылган иштер:
2006-жылдын июль айында САМР Ала-Тоо коомдук фонду 3 жолу "Табигый кырсыктарды жергиликтүү деңгээлде чечүү боюнча" семинар өткөрдү. Өткөрүлгөн семинардын натыйжасында "Таш арыкты реконструкциялоо" долбоору өткөрүлүп, 142,000 сомдук грант айылдык округ тарабынан алынды.
ДССА коомдук фонду менен аткарылган иштер:
2006-жылдын январь айынан баштап ДССА менен иштөө үчүн 5 ГСП түзүлгөн. ГСПлар 2006-жылы 2 жолу, 2007-жылы 2 жолу "Өзүнө- өзү жардам берүү топторун түзүү, конфликттердин алдын-алуу идеяларын топтоо" боюнча семинарга катышышты.
Айылда ГСПлар менен ДССА администрациясы 2007-жылдын январь айында жолугушту. 5 ГСПнын орто фонду бар.
2007-жылдын 15-16-августунда ДССА коомдук бирикмесинин колдоосу менен ФЕВАК консорциумунун алкагында конфликттердин алдын алуу жана достукту бекемдөө багытында айылдык округда семинар болуп өттү. Семинарга Жалал-Абад, Баткен, Ош областтарынан 95 адам катышты. ДССАнын колдоосу менен октябрь айында 36 карыяга ысык тамак уюштурулуп берилди. Жалпы кеткен каражат 12 000 сомду түздү. 2008-жылда көрктөндүрүүнүн жана жашылдандыруунун үч айлыгынын жүрүшүндө ДССА тарабынан 3000 түп бадам грант түрүндө берилип, ГВП мүчөлөрүнө таркатылды.
АКТЕД Эл аралык уюму боюнча аткарылган иштер: Көтөрмө айылдык округунда 2007-жылдан баштап АКТЕД техникалык кызматташуу жана өнүгүү агенттигинин эл аралык өкмөттүк эмес гуманитардык уюмдун башчысы Паскаль Бернар мырза Кадамжай районунун чет элдик донор уюмдар менен иш жүргүзүп жаткан Көтөрмө айылдык округуна АКТЕДдин мониторинг бөлүмүнүн башчысы Салкынай Саматованы жөнөтүп, Көтөрмө айылдык округунун аймагындагы чет элдик донор уюмдардын жасаган жумуштарын көрүп чыгышып, айылдык округдун башчысына жолугушуп, биргеликте иш жүргүзүүнү сунушташты. Айылдык округдун экономикасын көтөрүү боюнча жакындан кызматташууну билдиришти.
ТАСИСтин аткарган иштери: Көтөрмө айылдык округунун аймагында чет элдик донор уюмдары менен иш жүргүзүп жаткандыгын ТАСИСтин жетекчилиги өзү мониторинг жүргүзүшүп, айылдык округддагы айыл чарба эгиндеринин, бак-дарактардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча семинарларга айыл округунун адистерин чакырышып билим беришип, гранттык долбоорлорго катышууну сунуш кылышты. Көтөрмө айылдык округдун жер адиси ТАСИСтин Тажикстандан бак чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча билим алып келди жана эки адис жашылчалардын сорттуулугун жогорулатуу боюнча окуу семинарларында билим алышты. Помидор кургатуу боюнча эки адам тренингден өтүп, сертификат алып келди.
АБРдин программасы боюнча: Көтөрмө айылдык округунун аймагында айылдын калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоору иштеп жатат. Көтөрмө айылдык округунун айылдарында окуу семинарлар өткөрүлдү. Чандеки айылында "Кайнарбулак" таза суу долбоору ишке киргизилди. Тамаша айылынын жашоочулары "Улукбек" таза суу долбоору боюнча 5% төлөнүүчү акчаны чогултушуп бүтүштү. 2009-жылдан баштап курулуш иштери башталуу алдында турат.
ПРООНдун конфликттердин алдын алуу боюнча да семинарлар өткөрүлдү. Өзбекстандын "Шахимардан" айылы менен Көтөрмө айылдык округунун "Кайрагач-Шалан" айылдары менен сугат сууну пайдалануу боюнча долбоор жазышты. НПОнун салымы менен 30 000 сом, ПРООН тарабынан 151 000 сом долбоор толугу менен иш жүзүнө ашырылды.
Көтөрмө айылдык округдун адистерин Евразия фонду эки жолу семинарга чакырышты. Бул семинарда Евразия Фонду уюму Фергана өрөөнүндө улуттар ортосундагы конфликттердин алдын алуу, достукту бекемдөө жана адам укугун коргоо боюнча окутту. Ошондой эле ар бир айылдагы улуттардын укугун коргоодо семинар, тренингдерди өткөрүү боюнча билдирүү жасашты.
АЛЬЯНС жана ЭВДОКАСИ программалары менен да Машалан участкасындагы Машалан каналын толук тазалоо боюнча 3 млн. 500 сомдук долбоор ишке ашырылуу алдында турат. Алгачкы тактоо, элдин ой-пикирин анкета аркылуу толтуруу иштери да жүргүзүлүп жатат.

Даярдаган
Бурма ЫСАКОВА,
Ош областы.







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan