Майра Керим кызы:

"Жамбыл менин өз атам,
Токтогул болот кайнатам…"
Кыргыз элинин төкмө акындык өнөрүндө илгертеден эле аял затынын аралашып, ал турсун менмин деп айтышта мөөрөй алгандары, жеңип чыккандары тарыхтан бизге белгилүү. Акыркы 50­60 жылдар чамасында бул өнөрдү аркалаган кыз­келиндерибиз жокко эсе болуп турган учурда, биздин элдин төкмө акындарынын ичине казак элинен кыргыз элине келин болуп келген Майра Керим кызы жарк эткен Чолпон жылдыздай болуп келип кошулуп, эчендеген жергиликтүү жана эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды жеңип алып, кыргыз элинин бул касиеттүү өнөрдөгү ордун толуктоо менен аброюн көтөрүп койду.
Мен бул акын келинди Ысык­Көл тараптан түрө кыдырып таппай, акыры Бишкек шаарынан таап, акындык өнөрүнүн өөрчүп­өсүш тарыхы жана айтыш учурундагы кызыктуу кырдаалдар, ойдон кеткис окуялар тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, бир топ суроолорума жооп алып кайткан элем. Бүгүн газета окурмандарыбызга Майранын кызыр даарып, Кудай колдоп, кесип тутуп жүргөн төкмө акындык өнөрүндөгү кээ бир ошол кызыктуу беттешүүлөр туурасында сунуш эттик.
­ Майра, кайсыл жерде туулуп­өстүңүз?
­ Мен өзүм Алматы облусунун Кегети районунун Жылуу­Сай айылында 1962­жылы жаңы жылда төрөлгөмүн. Атам Баймакбаев Керим казактын улуу жүзүнөн болот, энем Ысык­Көлдөгү бугулардын кызы, аты Өмүрканова Айганыш болгон. Бул кишилер дүйнөдөн өтүп кетишти.
Атам өзү төрт аял алып тукум көрбөй турган учурунда, тагдырдын буйругу менен кыргыздын кызына ­ менин апама баш кошуп, 12 балалуу болуптур, мен алардын онунчу перзентимин. Азыр тирүүдөн бешөөбүз калдык. Пенде жаны аманат деп калгандары кайтыш болуп кетти.
­ Сиздин ата­тек же таяке тарабыңызда шыктуу адамдар бар беле?
­ Атам жорго Керим деген атка конуп, дасторкондун бир бурчунан домбра чертип жылып кеткен, өлөң айткан, жамакчы адам болгон. Бирок, жамакчылык жагынан апамдан анда­санда жеңилип калчу экен.
­ Анда сиздин таяке­тага жагыңыз акындык өнөрдөн күчтүүрөөк болгон окшойт. Ушинтип жаза берсек болобу?
­ Жаза бериңиз, анткени "тагасын тарткан ­ нарылайт, жээн тарткан ­ жарыбайт" дейт эмеспи.
­ Сиздин талант "чымыныңыз" кайсы жылдары учуп, козголо баштады?
­ 1975­жылы чымыным (талантым) козголду. Анткени, ошол жылы атам бу дүйнөдөн кайтыш болуп кетип, ошондо бизди эжем өз жерине көчүрүп баратканда муздак кудуктун жанында токтоп, автобустун аялдамасында турганда, атам көзү тирүүсүндө сатып берген домбрасы менен өзүн жоктоп ырдаганымда эжем көз тиет деп жетелеп кетти. Ошондо 7­класста окуйт элем.
Эжемдин айылына көчүп баргандан соң өздүк­көркөм чыгармачылыгына катышчумун, бирок мындай төкмөлүктү аркалап ырдап каламын деп ойлогон эмесмин. 27 жашымда ошол айылдагы Бүбүкан деген кыргыз аялы бар Камчыбек деген жакшы кишилер жалгыз уулун үйлөнтүп жатканда Камчыбек ага:
­ Майраш, аял да болсоң мен сага тойду ачтырамын! ­ деп мага тойду ачтырып ырдатты. Менин акындык алгачкы козголуумдун башаты мына ошол жерден башталды. Ошол тойдо ырдаганымдан кийин мени башка адамдар да өздөрүнүн өткөргөн тойлоруна ырдап берүүмдү өтүнүп, чакыра башташты.
1990­жылы ошол биз жашаган райондун маданият бөлүмүнүн башчысы республикалык төкмө акындардын кароосуна акын­жамакчыларды издей баштаганын угуп калып, жолдошум Канат:
­ Өзүңүздүн карындашыңыз Майраш ырдап жүрбөйбү, ошону жибербейсиңерби, ­ дептир. Ошондо Канат мени алгачкы ирет шыкап, айтышка баруума себепчи болуп шарт түзүп берди. Ал республикалык масштабдагы айтыш Алматы облусунун Кеген районунун Кара­Булак деген жеринде Бөлтүрүк Атырхан уулу деген атабыздын 120 жылдык маараке тоюна арналып өткөрүлдү. Ошол жерге Айтылган Шайымов деген аганын жанына кошуп Крутинский деген райондон мени алып барды.
Ал жерде мен баш байге алганым жок, бирок да баш байге алган Бек Оспанов деген жигит менен айтыштым. Ал өзү ошол Бөлтүрүк Атырхан уулунун небереси болот. Кийинчерээк мени Кыргызстандын Каракол шаарында жашаган абройлуу Аман Айтбаев деген аксакал киши Каркырада Малай баатырдын ашына арналып өткөрүлгөн айтышка Кыргызстандан барган делегация менен кошо алып барганда дагы бир ирет Бек Оспанов менен айтышкан элем.
­ Эң алгач байгелүү орунду качан жеңип алдыңыз?
­ Ошол Казакстандагы республикалык деңгээлде өткөн төкмө акындардын айтышы өткөндөн кийин Байпакбаева Майраш деген биздин ырчы кызыбыз чыкты деп алгач райондук, анан республикалык басма сөздөргө жарыяланып, атым угула баштады. Андан көп өтпөй Алматы облусунун Крутинский районундагы Бозой деген совхоздо райондук акындар айтышы болду. Ошол жерде Тайит акын Капсалаңов, Оспанов деген эки акын менен айтышып, биринчи орунду алдым.
­ Бул Бек Оспановбу же башкабы?
­ Бул башка Оспанов. Андан кийин Балкаш районунун Баканашында өткөн Балтагул Бийгелдиевдин урматына өткөн республикалык айтышта алтын саатка татыктуу болуп, байгелүү орун алдым. Кыргызстанга келгенге чейин мен үч ирет Казакстанда республикалык төкмө акындардын айтышына катыштым.
­ Сиздин айтыш өнөрүн аркалап калышыңыздын бирден­бир себепкери, алгачкы шыкакчысы да, демөөрчүсү да өмүрлүк жолдошуңуз Канат болгон экен. Бул кыргыз жигитине кандайча баш кошуп, өмүр сүрүп калдыңыз?
­ Канат Казакстанда 17 жыл жүрдү, экөөбүз ошол жерде жүрүп тааныштык, тагдырлаш болуп жашадык. Аякта жашасак да Ысык­Көлгө келип жүрдүк. Аңыракайдан баштап, казак талааларынын жыты Канатка сиңип калган. Ошол мен катышкан үч айтышка тең Канат өзү жөнөткөн. Казакстанда жашап жүрүп бир уул, бир кыздуу болуп, үч жыл жашагандан кийин Көлгө, элге кетебиз деген оюн билгизди. Же өз жеримди кыя албайм… Эгер, Кыргызстанга барсам, менин бул домбрамды ким түшүнөт, ырга да катышып калдым, өзүм да ата­энем өлгөндөн кийин колдон-колго өтүп кыйынчылыкта тагдырдын катуу мушу бир топ башыма тийип, атамын төрөбөгөн карындашынын колунда, кара сарыктан каза болгон эжемдин колунда жашап, турмуштун кайнаган ортосунда ар түрдүү нерселерди көрдүм эле деп жүрөксүнүп корктум. Анан Кудай Тааламдын бизге берген башы ушул болду ­ ургаачынын жарыгы кырк чырак дегендей менин бир чырагымды, акындык өнөрүмдүн бир чырагын Канат жакты.
­ Кыргыз жергесине келин болуп келгенден кийинки төкмө акындык өнөрдөгү алгачкы жараткан ийгиликтериңизге токтоло кетсеңиз…
­ Чыныгы чыгармачылыгымдагы кыргыз элимдеги жолумду айтсам: биринчи жолу төкмө акындардын республикалык айтышы 1992­жылы борборубуздагы опера жана балет театрында өттү. Ага 59 акын катышып, 57 эркек, экөө аял болчу. Ал аялдардын бирөө Тоң районунун Карл Маркс айылынан келген Шайлоо Мукашева апа жана экинчиси мен элем. Ошондогу айтыштын таасири мен үчүн аябай чоң болду. Себеби, ал театр ушунчалык улуу сарай экен, ичи толо эл, чоң сахна… Мен башта анчалык улуу сарайда, улуу көп элдин алдында, улуу сахнада мурун ырдап көрбөгөндүктөн, чоң жоопкерчиликти аркалап коркуп турдум. Канчалык коркуп турган менен ар жагынан кандайдыр мээримди күтүп турган элем.
Кыргызча жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Айтышып жатканда уйкаштык таба албай калсам ига­гай, ига­гай деген обондорду ортосуна колдонуп туруп эле кайра уйкаштык сөздөрүмдү таап улап кетчүмүн. Ошондо өзүмдү бир башкача, энемдин кучагына келип кирип кеткендей болуп сезип кеттим. Анткени, эл ушунчалык катуу узакка чейин кол чаап менин айткандарымды кабылдап жатышты. Чоң сахна болгондо чоң бир касиет колдоду го. Алла Таалам берген өнөр да бул. Ошондогу айтыш өмүрүмдө андан кийин андай болуп кайталана элек…
Ал атактуу айтыш 6 күн болду. Ошондо экчелип­экчелип отуруп, эл каалагандай акындарга, суурулуп көзү түшкөн акындарга, качан ушулардын кунарлуу сөзүнө канабыз дегендей куштар болуп турган учурда, күлүк­күлүк акындар чыгып келатып эле мени да кошо жетелей келатты.
­ Ошондо кимдер менен айтыштыңыз эле?
­ Абдылда Нуралиев, Табылды Актанов, Амантай Кутманалиев деген жаш акындар жана Ысак Барпиев аксакалдар менен биринчи жолу жолугуштум да.
­ Акыркысында ким экөөңөр айтыштыңар?
­ Акырында Табылды Актанов менен айтышкамын. Бул киши нукура тегинен бери чоң чыгармачыл, анан улуу­улуу кишилердин тукуму экен да. Дегеле сөздөн жеңилчү түрү жок болчу. Ошондой болсо деле көптү көргөн адам экен:
Эңилсем, сенден эңилдим,
Жеңилсем, сенден жеңилдим.
Дегеле, багын ачсынчы,
Майраштай, сендей келиндин, ­ деп элдин тилегин айтып отуруп эле мени мактынын тууруна (үстүнө, чокусуна ­ М.Ө .) көтөрүп чыкты да. Биринчи бир Кудай, андан кийин Абдылда кайним, Амантай кайним, ошол Табылды кайнагам, Дайырбек Алыбаев деген Ат­Башы районунун Ак­Моюн айылынан чыккан дагы бир кайнагам көтөрүп коюшту. А киши а дегенде тим эле катуу кирип:
­ Сен кайдан келген келинсиң, кай жеңең жоолук салды эле?.. Ким төшөк салды эле? ­ деп тим эле төшөгүмө чейин экчеп сураган да. Анан баягы кишиге эмне дээримди билбей:
Жаман айтсам,
Жүрөктү тешет дедим.
Жакшы сөзгө көңүлүң өсөт дедим.
Мен сиздей кайнагага таң каламын,
Эсептеген келиндин төшөктөрүн, ­ деп эптеп кутулганга аракеттенип ошентсем, "бу жерге кыргыз менен чогуу жүргөндөр келет, кыргыздын тарыхын окуп билгендер келет… калпагынын чекесин түртүп туруп, чекесин колу менен басып туруп, буерине бир нерсени илгендер келет. Сен кыргыздын кыйын келини болсоң, кыргыздын эки генерал кызы бар ошону айтып берчи?" дейт.
Мен ал кезде кыргыздын генерал кыздарын кайдан билем… Залдагы элдин колдоосубу же сөз тапканга колко жок деген сөздүн төркүнүбү, айтор, Кудайым колдоп, баягы кишинин тикелей койгон суроосуна жооп бере албасам да буйтап кеткенге аракеттенип:
Не айтарың агажан,
Билип турумун.
Сөзүңө кулагымды,
Түрүп турумун!
Сага ким жоолук салды?
Сага ким төшөк салды?
Деп сурабагын,
Мен сиз эмес,
Бүткүл кыргыз отуна,
Кирип турмун!
Мурун­соңку билбесем,
Же тарыхың окуп жүрбөсөм.
Табышмак кылып айтасыз,
Жана сиз айткан,
Генерал кыздар менен,
Мен согушка чогуу кирбесем,
Мага сизден ашкан генерал жок,
Акылга салып иргесем, ­ деп өзүн генералга теңеп атып эле айтыштын бир турунан өтүп кеткемин.
Ошол 1992­жылдагы айтышта бир аз чыр­чатак чыгып кеткендей болду. Ошонун ортосунда бул бир жылкынын куну эмес, эки жылкынын куну деп, ошол учурдагы 200 франкты Юруслан Тойчубеков супер байге деп коюп, ага Сапарбек Касмамбетов, Абдылда Нуралиев, Дайырбек Алыбаев, Амантай Кутманалиев, мен, дагы бирөө болуп 6 адам катыштык. Акыркы экөөнөн мен калдым. Ошондо Юруслан Тойчубеков жолдошум Канатты да сахнага чакырды, эл да ошентип суранды. Мен үчүн элдин жүрөгү жылып, байге алышымды тилеп турушту… Баягы, сөзүңдү бирөө сүйлөсө, оозуң кычышып барабы? ­ дейт эмеспи. Мен ошондо аябай атырылып эле, өзүмчө көөдөнүм ачыла түштү. Сахнада айта албай калган сөздөрүдү "кап, минтип айтсам болмок экен" ­ деп ары­ бери басып ойлонуп калдым. Эл колдоп турса, адам өзүнөн­өзү канааттанып, эки колтугуңан дем берилип калат экен… Биринчи Алла Таалам, экинчиси элдин колдоосу, улуу таланттардын чөйрөсү менен кыргыз элинин улуу кишилери ойноп, иштеп өткөн улуу опера театрынын сахнасы мен үчүн абдан ысык көрүнөт. Биринчи менин кыргыз элиндеги акындык тушоом ошол жерден кесилип, ошол жерден бактым ачылган.
Мына ушул 1992­жылдагы 20­май күнкү айтышта акын Абдылда Нуралиев мени менен айтышып жатып:
Жеңеке, бүлдүркөндөң эриниң,
Сени көргөндө эридим.
Жылдызы болуп келипсиң,
Канат деген эриңдин.
Жакшы болду себептер,
Эми, Кудай буюрса,
Канат байкеме, эртерээк,
Эркек бала төрөп бер!.. ­ деп абдан чоң буйрук берген эле. Анда мен:
Жакшыга болот жаным себеп деген,
Макул, сенин айткан буйругуңду элеп көрөм.
Канат агаң күч­кубатта тураар болсо,
Мен сага,
Бир эмес, он баланы төрөп берем, ­ деп Абдылдага берген убадам боюнча 1992­жылы туура 20­майда эркек бала төрөп, төрөт үйүндө жатып калбадымбы… Мен ошентип төрөт үйүндө жатсам, биякта айтыш болуп, Абдылда, Табылды, Амантайлар ырдашыптыр.
1994­жылы да айтыш болду. Айтыш болгонго чейин Нарын облусуна барып, Табылды байкенин Алымсейит, Тынымсейит санжырасынан бери көздөй билген жакшы кишилер мененсырдашып, өзүнө барып, тарыхый санжыралардан бир аз оозеки чогулттум, ичимде уйкаштык даярдыктарды жүргүзүп, толгонуп жүрдүм. Менин эң жаман көргөнүм ­ жазып жаттаганды жек көрөмүн. Алла Тааланын берген өнөрүн алдагым келбейт.
­ Жазып жаттагандар да болобу?
­ Бул жагалданып айткан сөз эмес, казак акындарында мындайлар бар, мен аны өз көзүм менен көрдүм. А кыргыз төкмө акындарынан андайлар жок. Кагазга караганда Аллага ишениш керек да, Алланын берген өнөрүн Алланын астында алдабаш керек да.
­ Бир айтылган нерсе кийин кайталанбай калат да, туурабы?
­ Бир учур болот, ал кайталанып калат. Кеп аны эстеп калганда эмес. Мисалы, менин төлгөө куплеттерим бар, ошону айтышым керек. Себеби, бул кадимки эле ихлас, фатиха сүрөөлөрүндөй дилиңде жашап, каныңда кайнап турган саптар. Аларымды айтпасам, мага кандайдыр бир ырдоонун ачылыш шарты келбейт.
­ 1994­жылдагы чоң айтышта кимдер менен айтыштыңыз?
­ Бар болчумун. Мен жөнүндө сыртыман айтышып жүргөн Табылды Актанов менен айтышам го деп келген элем. Бирок, ал киши Түркияда жүргөндүгүнө байланыштуу ал айтышка катышпай калыптыр. Жеңишбек Токтобеков деген конгон куштай болгон, кирпикти ирмеп­ирмеп коюп, колунда комуз жок, колдорун тизесине коюп, бармагынын башын ушалап отурган ийиндүү келген көрктүү бир жаш бала экен. Ошол бала менен айтыштым. Ал тим эле бешигимде термеп чоңойткондой сенсиреп баштап:
Жеңе ­
Табылды байкем, алыңызды
Сурай кел деди.
Домбрасынын кулагын бурай кел деди.
Жеңеңин белин кучактап,
Кынай кел, ­ деди.
Былтыр Акжолтой деген эркек бала
Төрөп алыптырсыз,
Ушунда менин кошумчам жок бекен,
Сурай кел! ­ деди , ­ дейт.
Баягы баланы карап, атааңгөрү кагып ийсемби? ­ дедим. Бирок, баланын ырдаган саптары мага жагып калды, кишини чымчып койсо эле ачынган адам ачылат да. Бир азга чейин эмне десем деп домбрамды кагып алдым да:
Карачы, бул Кудайдын буйругуна,
Мен ыраазы бүгүн көргөн сыймыгыма.
Табылдыдай тарланды издеп келсем.





















Анан баягы жерден, калыстар тобунда отурган Эстебес Турсуналиев а­ха­ха деп чалкалай күлгөндө, калпагы артты көздөй түшүп кетти.
Айтпас өздү айтып,
Тил кычышып кетти.
Кайдагы балээ эске түшүп кетти.
Ошол сөздүн төркүнү ырас окшойт,
Эстекемин да калпагы түшүп кетти… ­ деп ошол кезди кыпчып кеткен жерим бар. 1994­жылкы кызыктуу айтыш ошол болду…
***
Ошол 1994­95­жылдардагы болгон айтыштардын биринде НАЗАРБЕК КАМЧЫБЕКОВ деген киши менен айтышка түштүм. Бу киши Талас облусунун Бакай­Ата районунун Үрмарал деген жеринен келген жетимишти алкымдаган тору аттай, таза манаттай, кыл­кыбыр жукпаган өзүн таза кармаган, чыкыйган суусар бөрктүү, ушунчалык да керемет киши экен. Бу киши ошол эле биз көрүп, угуп жүргөн аксакал акындарыбыздын бири экен, борбордо гана болбой калыптыр. Болбосо, кептери, сөздөрү, ойлорунун тунугун көз карашынын кененин айтыңыз. Ысак Барпиев сыяктуу айылда жашап калыптыр.
Калыстар тобу мени ошол киши менен атышууга салды. Ал киши айтышууну өзү баштап, аламдашуу бүткөндөн кийин, үстүмдө кызыл атлас көйнөк эле, мени карап алып Назарбек аксакал:
Кызыл көйнөк кийген о,
Кылактайсың Майраш кыз.
Өзүңдөй болсо сүйгөнүм,
Кырчындай жаш кезимде,
Мен, кызыгын көргөм дүйнөнүн.
Карып калган экен деп,
Капталыман тийбегин!
Раймаалы мен болдум,
Бегимай сулуу сен болгун.
Карачы, бүгүн сахнада о,
Мына,
Кудайдын бизге бергенин.
Көрөңгөң бай келинсиң,
Канаке, эми сүйлөгүн?!. ­ деп мага кезек берди. Бир сөзүндө калет жок. Бул кишиге акын актык кылып жооп айта албай калсаң, бул ­ чоң акаарат. Туура эмес жооп кайтарып алсаң дагы чоң акаарат. Ушундай катуу сынга туш келдим. Эмнеси болсо да экөөбүздү айтышка чыгарган калыстар тобун акырын чымчып ырдадым:
Бирибизге ­ бирибизди ирештирип,
Бирибиз менен бирибизди тирештирип,
Карачы,
Төрдө отурган төбөлдөрдү,
Койгонун,
Кайнатасы менен келинин күрөштүрүп.
Сиз айтсаңыз, мен кантип жай калайын,
Көркөм сөдүн түрлөрүн саймалайын.
Отуздагы жигиттин сөзүн айткан,
От жалындуу оозуңдан айланайын!..
Ким көнбөйдү Кудайдын салганына,
Ким бар жеткен атаке арманына.
Эми сиз эмес,
Мен да өкүнүп отурмун го,
Өзүмдүн кеч төрөлүп калганыма!..
Туш келипмин акындын балбанына,
Мен каршы эмесмин баш байге алганына, ­ деп эле сахнадан келе бердим. Бирок, мага биринчиликти беришиптир. Ракмат! Атага да жакшы орун беришти.
Андан кийин 1995­жылы Манастын 1000 жылдыгында Эрмек Жуматаев деген казак боорум менен айтышып, ал бала мага:
Ак куу болсоң сен сүзгөн,
Көд болайын Майрашым.
Өрдөк болсоң сен жеген,
Жем болайын Майрашым.
Душман келсе касыңа,
Бел болайын Майрашым.
Жездем сокса жаныңда
Мен болайын Майрашым.
Айтчы гана тилегиң,
Мен болайын Майрашым, ­ деп ырдады тим эле обону да бир сонун. Жанга жаккан саптар адамдын акылында калып калат экен. Тим эле ак куу болсом көл болуп, өрдөк болсом жем болуп, душманыма бел болуп жатса, кайсы сөзүнө каяша айтайын!.. Өзүмдүн төркүнүм болсо… Анан, бир гана сөзүнө акырын ирмелешип коюн дедим… Жездем соксо жаныңда мен болоюн дебеди беле?.. Ошого карата мен:
Эрмек о!
Сен жай калсаңчы, жай калсаңчы!
Мына Манастын тоюнда келдиң
Байге алсаңчы!
Жездеңин сокконун сен не кыласың,
Майра апкеңдин башына,
Бак орноткон жездеңдин,
Багалегинен айлансаңчы!.. ­ дегенимде баягы тууганым таарынып тим эле сурдана түштү, жанында көрүп турасың да. Ичимен каап! ­ деп калдым. Бирок, Алла Таалам оозума салып айттырып атса күнөөлүү эмесмин да. Анда Эрмек иним айтат:
Мындай сөздү угуп бедим?..
Укканда тегиз чыдап туруп бедим?..
Апке деп сени мактап отурсам деп,
Сен болсоң байыңдын балагына,
Жыгып бердиң, ииий жыгып бердиң!..
Күйөөңдүн багалегине жыгып койдуң деп атса мен эмне деймин?..
Эрмегим,
Сөз аргасын буруп кеттиң.
Сен дагы капыстан,
Капталымдан уруп кеттиң.
Мен сени,
Жездеңдин бегелегине чыгып койсом,
Жездеңдин кулагынан карма да,
Туруп кеткин!
Анда Эрмек айтат:
О апкемдин, кызыл де тарланы (күлүгү) бар,
Канат жездебиздей алганы бар, ­ деп
Бүгүн деген тоюңдамын, эртең кетем.
Апкебай айтып кал төркүнүңө.
Мен аркылуу айтылчу кандай арманың бар? ­ деди.
Эми, ушунча көңүлүм ачылып,рпым жазылып отурганда эрип кетип эжем эрегишин айтып алат дедиби билбейм, элдин алдында иним кандай арман сурады экен, түшүнбөдүм. Мен бүткүл ак калпак кыргыз элимдин алдында жоолугум ылдый келин болуп отуруп бир тууганыма арман айтмак белем… Кай арманымды айтам… Адамдын арманы түгөнмөк беле… Андан кийин балага:
Аштан ач, көчтөн кийин,
Калганым жок.
Айтып турган сөзүмдүн
Жалганы жок.
Кыргыз элим алаканда алдейлейди.
Айтатын төркүн жакка
Арманым жок.
Бирок, мен көңүлүңдү ачсам деймин.
Эрмек, сенин бар экен го
Бир тал кызың.
Акжолтой уулума,
Кошсок деймин? ­ деп куда болуп алалы деген ойду айтсам, анда Эрмек:
Апкемдин ойларын ай, таза кызык,
Апкем алган гой,
Бүгүн өз оюна, өзү таза кызып.
Казактын кыргызга берген
Бир Майрасы аз болгандай,
Апкетай коймаксыңбы,
Атасы менен баласын,
Бажа кылып, ­ деп мени сөзгө жыкты. Майра айтышпай байгени төркүнүнө берип жиберди дегизбей колумду көтөрүп ордумдан турдум… Сөзгө конок бериш керек… Сөзгө жеңиле билиш керек… Эрегиште эр өлөт… Ал эми, бул акындык өнөр акыл менен калчаган нерсе… Кыргыз эли Манастын байгесин өзү алса уят эмеспи… Ошон үчүн мейман чакырып отурабыз да… Анан, конкурстан тышкары деп эскертип, ордумдан туруп кетип баратып эле:
Эрмек сенин талантыңа баш урганым,
Сени көрүп, кубанчымды жашырбадым.
Ата­бала бажа болсо арманым жок,
Мен кошсом деп жүрөмүн,
Кыргыз менен казактан төрөлгөн асылдарын, ­ деп айтып кеттим. Эрмек ошондой байгеге татыктуу болуп кетти.
***
Өткөн жылдардын биринчи Казакстанда дүйнө жүзүнүн казактарынын курултайы болуп, ошого биздин республиканын делегациясынын ичинде мен да бардым. Ошондо Казат Акматов, Жумагул Сааданбеков, Түгөлбай, Казаков, Эстебес Турмуналиев деген агалар Саламат Садыкова деген эжелер да барышкан болчу. Ошондо Талды­Коргондон келген Түгөлжан Кумаров деген жаш акын бала мени менен айтышты баштап жатып:
Бармысың бизден кеткен кыз,
Жамбылды баска тепкен кыз?..
Токтогулдун тукумун,
Байым (күйөөм) деп барып өпкөн кыз.
Он миллион казактан,
Бир бай 9күйөө) таппай кеткен кыз! ­ деп айтып кеткенде мен:
Ал ырас,
Менин төркүнүмдө жүрүп кеткен,
Түндүгүн төркүн жактын түрүп кеткем.
Өзүң айткан он миллион казактан, шумкарынан
Кыргыздын бир ылаачыны илип кеткен.
Сайра десең сайратам,
Тилимди кантип байлатам.
Ичиң күйсө ­ туз жала,
Сыртың күйсө домбала.
Жамбыл менин өз атам,
Токтогул болот кайнатам, ­ деп эки элдин ортосуна оюмду эркин жиберүүгө аракет кылдым. Ошол жерде Эсенгул Жакыпбеков деген Ашыраалы Айталиев менен айтышып жүрчү 30 жыл казактын сахнасын ээлеп, бербей жүргөн акын да мени бир жерден каап кетти. Ал өзү апасы орус, атасы казак Узун­Агачтан, жанагы мен айтышкан Эрмектин агалары болуп калат. Азыр казактын эл акыны. Ошол:
Боралдай менен Тайгактын,
Бозасын ичип жай жаттым.
Жалпак бет бизде жоктай ак,
Талтак бут бизде жоктай ак,
Кыргызга барып тийгенде,
Тапканын кара Майраштын, ­ деп менин жолдошумду сүрөттөп ырдап жатпайбы. Андана ры мага карата ырын дагы улап:
Көналмай койсаң осыган,
Аузы боза сасыган.
Аулда кимдер жок дейсиң,
Осынын онына татыган!..
Кайтып бизге келгейсиң,
Эркелеп дагы көргөйсүң, ­ деп төркүн деген көтөрөт кызды, кайра келип айылыңа жаша деген мааниде айтып калды. Мен ошондо:
Ысык­Көл деген көлүм бар,
Кыргыз деген элим бар.
Канат деген эрим бар.
Кайта чапкан жоо жаман, кайта келген кыз жаман, ­ деп жооп берип бүтүрдүм.
***
Түп районунун Сары­Булак айылындагы Балбай баатып атабыздын чоң тоюнда жетекчибиз, эң биринчи Эстекем саламдашып, Уркаш абам Манас айтат, үчүнчү номерге даярданып тургун куттуктоо айтасың! ­ деп эскертти. Элдин арасында кезегимди күтүп турсам, сахнанын быягындагы мамыда эки кунан чыкма байланып туруптур. Мен ал кунандарды же союшка, же байге үчүн байлап коюшса керек деп ойлоп койдум. Ар жак, бер жакты тегерете карап эмнени ырдаарымды тактап, даярданып, жаратылыштын шаңын тиктеп турсам, ары жакта Касан Саматыров деген казактын чоң акынын көрүп калып, бул киши кайдан жүрөт болду экен, чоң тойго мейманга чакрылыган экен го деп ойлоп калдым. Ошол учурда сахнага чыга турган кезегим келип калды да, сахнага чыккандан кийин жүрөгүм алып­учуп, ошол киши менен айтышкым келип, өзүмө беттешип, ырдай турган адам издеп калгансыдым.
Төрүндө эр журтумдун отурамын,
Кубанычка боюмду багдырамын.
Төркүндүн төбө жагы кылт эткендей,
Калкым, бери карап көңүл бургун!
Анау турган Касен Саматыров,
Казактын чоң акыны,
Кел ага,
Кудалардын төрүн чакырамын! ­ деп баягыны элдин арасынан чакырып алдым.
­ Саламдашуу деле калып кетиптир да анда?..
­ Саламдашуу калып кетти, тентектик кылып программаны буздум ал жерден. Баягы киши шарт эле сахнага чыга калды. Өзүнүн эле кадимки кийими менен жүрүптүр, түптүк туугандар конокко чакырган го. Бирок мен анын акын экенин билем да.
­ Ал киши сизди таанычу беле?
­ Тааныйт. Бөлтүрүктүн тоюндагы республикалык (Казакстандагы) айтышта чогуу болгонбуз. Андан тышкары ал кишини биз туу туткан аксакал акын катары көрүп, батасын алып калайын, ошондой эле кыргызга барып мейман болдум… Бир боз үйдөн келип, бир боз үйдөн кеттим дегизбейин, экинчи жагынан төркүнүмдү бир көтөрөйүн деген да ой болчу. Сахнага чыккандан кийин ал киши:
Майра сен,
Чындап келсең ­ небересиң.
Сүйлөсөң, акыл айтып жөлөнөсүң.
Алдыңа, Касен Бауруңду чакырып алдың,
Канаке, карындасым, не бересиң? ­ десе болобу. Мен дагы чакыраарын чакырып алып эчтеке дей албай:
Жүрөм десең,
Чалкып, басып жүргүзөйүн.
Илем десең,
Көлдүн кушун илдирейин!..
Кыз жаманы ­ бир чөөгүн чайга жарайт.
Балбай баатып тою,
Мына болуп жатат.
Тээтиги, кош жоргонун бирөөсүн,
Кудаларыңдын атынан такымыңа мингизейин! ­ десем эле, эл кол чаап ордуларынан тура калышты. Ал кунандар кимдики экенин да билбейм. Эл арыыза болот экен. Ошондо биринчи жолу менин маңдайымдан тура калып эл кол чапты. Элден айланса болот, акындар эл менен элбиз да…
Андан соң Касым ага:
Оо, карындасым,
Бир тай берип, сындап отур.
Экм күн болду келгениме бул тоюңа,
Тамагым бир азыраак кургап отыр, ­ дейт. Анан мен:
Айткан сөзүңдү агажан куп алайын,
Калкымдын нак төрүнөн чыгарайын.
Жүр ана, 72 номерлүү боз үйүмө,
Кыргыздын бозосуна сугарайын! ­ деп коноктоюн жүрүңүз деген ой менен айтышты бүттүк.
­ Балбай баатырдын тоюнан кийинки акындык иш сапарыңыз кандай болду?
­Ошол учурда эки жылча бизде айтыш үзгүлтүккө учурап калды. Садык Шерниязов "Айтыш" коомун курганга чейин бир аз токтоп калдык. Бирок, Дастан Сарыгулов агабыз уюштуруп жүрдү. Анын ортосунда чакыруу менен мен Казакстан жактагы айтыштарга да барып келип жүрдүм. Бир ирет Эстебес Турсуналиев, Болот Шерниязовдор Астанадагы айтышка апарып, биринчи турдан эле Жеңишбек экөөбүз учуп кеттик. Ошондо "Жеңишбек экөөбүзгө жетим арка тийип калды", ­ деп айттым. Бирок, менин жүрөгүм Жеңишбек үчүн ооруп келген. Анда Элмирбек элдин намысын алып келди. Анткени, Элмирбек тилинде мөөрү бар акын. Кудай буюрса ал чоң акын болот. Кыз бала менен да жигит менен да айтышка түштү. Аманжол деген казактын чоң акыны менен айтышты.
­ Казактын азыркы учурдагы белгилүү акындарынын атын да атай кетсеңиз?
­ Мен 1988­жылдан бери казактын акындарын толкун­толкуну менен билемин. Ошол 80­жылдардагы акындардын ичинде ­ Эсенкул Жакыпбеков, Бибиайша Медерова, Асия Беркенова, Айтылган Шаимов, Айтакун Булгаков, андан кийинки муундардын арасында Мэлис Косумбаев, Айнура Турсумбаева, Бегарс Чойбеков, Анара Жапаркулова, өзү накта орус, казак тын төкмө акыны Надежда Ушикова деген Сара, Карлыгач, Күмүс деген адамдын жанын эргитип чыгып келаткан акын кыздар, 72ге чыгып калды Жантайа деген акындар айтышып жүрүшөт. Ушулардын көбүнүн жолун жолдоп, көзүбүз да көкүрөгүбүз да ачыла түштү.
­ Казак элинде төкмө акындарды өстүрүү боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
­ Сөз чындыгына келгенде төкмө акындардын кийинки муунун казактар кыйын өстүрдү. Мектеп­мектеп кылып туруп өстүрүп атат. Элестетип көрсөңүз, мурунку айтканы кампага айланып калган эски акындардан да жаңы акындарды уксаңыз кандай керемет. Жаңы толкун келбедиби… Үстүбүздөгү жылдын 30­августунда мен айтышка түшкөн казактардын үчөө тең жаңы муундун акындары. Мисалы Күмүскан Сарсембаеванын канча жылдан берки күлүктүгүнө мен күбө болдум.
­ Майра Керим кызы, айтыш өнөрүнүн өзгөчөлүгүнө, кыргыз менен казактагы бул жанрдын өнүп­өсүшүн салыштырсаңыз. Биз төкмө акындык өнөрдү өксүтүп алган жокпузбу?.. Казак акындарынын биздин акындардан өйдөрөөк өсүп баратканы байкалгансыңт… Бул алибетте менин жеке гана оюм.
­ Мен акындар айтышына катышып жүргөндө төркүндөрүм жакка да өзүбүзгө да барып жүрдүм. Ошондо он бир муун менен сегиз муундук саптардын айырмасын байкадым. Сиз айткандай токток­токтоп, домбранын добушу менен чозуп, өзүнү ой­пикирин топтоп алып, анан өзүнү кенен оюн айтат. Ал деле эмгек… талаасы кенен казак канча ырдап отуруп алса өзү билет. Биздин кыргызда жарым саат убакыт берет. Аларда болсо 2­3 саат кенен убакыт коет. Ошон үчүн алардан чыныгы акын көп чыгып келе жатат. Бизде эки акындын беттешүүсү үчүн 15­20 мүнөттөн ашык убакыт берилет, бир саат берилгенин мен көрө элекмин. 1992­жылдашы 6 күн бою өткөрүлгөн эркин айтыштай, айтыш али кайталана элек. Ошол айтыш ­ табигый болгон. Даярдыксыз эркин айтышканбыз. Ошол жылдан соң деле 3ү4 жыл бул өнөрдү колдоп турган учур болду, бирок акыркы мезгилдерде солгундап кетти. Ошого карабай Дастан Сарыгулов, ошондой эле Садык Шерниязовдор да кез­кезде айтыш өткөрүп, жоюлуп бараткан өнөрдүн уюткусун сактап калышты. Ушулар уюткусун сактап калган үчүн азыр айтыш жылына эки болбосо да бир ирет өтүп жатат.
Казак акындары менен кыргыз акындарынын ортосунда айтыштар боло калганда биз тараптан койгон байгелерге алымсынбаган таарынычтар болуп жүрдү. Чоң жеп, чоң көнгөн төркүндөрүмүн алымсынбоолорун көрүп турдук да. А бизге баш байгеге 4 миң сом сайып койсо деле ырдап жүрчүбүз. Анткени, бизге байгебизден мурда улуттук өнөрүбүз кымбат болчу. Ошол учурдагы биздин турмуш ахывалыбыздын байгечи ошол болуп турду… Кичи мамлекетибиз, ат башындай алтын коймок белек.
­ Эки элдин ортосундагы айтыш өнөрүн ынтымактуу өткөрүү жана өркүндөтүү үчүн эмне чара көрсөк болот?
­ Эң биринчи ынтымак, бир­бирине деген сый­урмат керек. Бирөөнү табак менен сыйлап алсаң бирөөнү калак менен сыйлайсың. Жергиликтүү жана эл аралык айтыштарды тез­тез өткөрүп турсак айтыш өнөрүбүз да өсүп, достугубуз да чыңалат эле.
­ 29­30­августтарла Бишкек шаарында Президентибиз өзү кош байге сайып өткөргөн эл аралык айтышка маани бере кетсеңиз?
­ Бул жолку айтыштын өзгөчөлүгү ­ баш байге ­ кош байге болду. Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло деген кыргыздар. Карышкыр да аман, кой да аман. Байге талаш тартышы жок эки элдин акындарынын ортосуна тең бөлүнүп берилди. Кыргыз, казак ­ энчиси бөлүнбөгөн эгиз элбиз. Ошон үчүн эгиз байге, кош байге коюлдубу деп да ойлойм. Беш көңүл бир атым асмайдан калат. А казак менен кыргыз доско караганда боор, бир тууган болуп тапайбызбы. Бир үйүрдөгү тайдын туягы өзүнө май, тебишеби, өбүшөбү бирок, наркытүпкү пайдубал бар да.
­ Биздин бийлик төкмө акындардын айтышына кош байге койду. Эми казак туугандар да ошондой коер бекен? боордош акындар да ошону ойлонуп кетишкенин байкай алдыңызбы?
­ Ойлонуп кетишсе керек, өрдөк жесең ­ каз байла дегенди билбеген казак жок. Иттин уулу Байгара той берсе айтыш өткөрүп атышат алар. Бизге алардан беш эле акын келди. Кош байгени айтып барса, жомок деп ишенбеген чыгаар тиякта калган казактар. Биздин калыстар тобуна казактар тараптан бир калысты кошуп коюшса, ошол Казакстанга ­ биздин Президентибиз койгон 200000 сомдук баш байгени ошол адам адилеттүүлүк менен айтып бармак. Беркилер деле айтып барат дечи… Башка элдеди карабай, биз марттыгыбызды кыла беришибиз керек. Анткени, биз айкөл Манастын тукумубуз. Беш сом берсек да бөлүп берели.
Курманбек Бакиевдин тушунда кош байге сайылып айтыш болду го. Эгерде Кудай буюруп, калк ордунда, кан тагында турса, элде ынтымак, казанында ырыскы болсо, жылына бир болсо да, бапыраган жакшынакай байге коюп берип атса, кан камкордук көрсөтсө калк өзү эле сүрөп коет. Сырттан тажрыйбалуу акындар келген сайын биздин жаш акындар курчуйт. Кош байге сайгандан биздин казынабыз оркоюп калбайт. Жаштарыбыз өсүп келатат. Арабыздан каргайтан акындарыбыз кетип жатат, курч сөздөр көкүрөгүндө кошо кетип баратат. Мына акыркы эле күндөрдө Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев агалар арабыздан о дүйнө сапар тартышты.
Менин оюмча айтыш акындарын үч топко бөлүп тарбияласак.
­ Казак төкмө акындарынын арасында өтө эле көп кыз­келиндер жүрөт. Болгондо да алар мыкты айтышууда. Бизде андайлар анча көрүнбөйт. Өзүңүз, кыргыз кыз­келиндеринин колунан жетелеп чыгаргандар жөнүндө да айтсаңыз? Же бизде андайлар жокпу?
­ Мен өзүм да кыздарды жыйнап жүрөм. Баш­аягы алтоо болуп калды. Бирок, алардын төртөө жүрөксүнүп чыга албай жүрөт. Катышамын деп жүргөн оозунда сөзү бар, жүрөгүндө жалы бар, түгү бар кыздарыбыз бар. Жал эркектерде эле болсун, бизге түк эле жетет. Мына атап айтсам Жыпара Кожокеева Ак­Суу районунан, Токтогулдан Айгүл Бердигулова деген кыздар чыкты. Тээ Ош областынын Кара­Суу районунун Эркин деген айылынан Кызжибек Кыргызбаева деген кыз бар. Аны үйүмө апкелип тарбиялап, аманат кылып кайра үйүнө тапшырдым эле. Кудайдын буйругу менен турмушка чыгып кетти. Акындык өнөр аны тынч отургузбайт. Учуру келгенде ал да эл алдына, сахнага чыгаар, далай байгелерди алаар.
Нурзат Орозалиева деген комузчу кызыбыз бар эмеспи, мында ооз жамагы бар. Мунарбек Чөбиевдин Жазгүл деген келинчегинде жамактык өнөр бар. Ысык­Көлдүн Той районундагы Большевик айылында мектепте окуган Бактыгүл деген кызды да акындык өнөр жылоолоп турат. Балыкчы шаарынын № 4 мектебинде иштеген Махабат деген кыз бар экен. Чолпон­Атада бир чоң кеченин ачылышында көрүп:
­ Сен эмне сахнага чыкпай жүрөсүң, өз талантыңды камап? ­ деген элем. Андан кийин Барскоондон юир 8 баланын энечи Алмагүл деген эжебиз бар. Азыр Алма­Атанын бархолка базарында кыздарын ырдатып, өзү соода кылып жүрөт. Мени менен автобуста Балыкчыдан бирге отуруп Караколго жеткенге чейин айтышкан.
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет эмеспи. Аларды жыйнап чогултканга бир борбор же ордо керек. Мен аларды жыйнап нукка салуу үчүн азыр шартым жок.
­ Сиз ушинтип эле жүрө берсизби же канткен күндө да ошол акындык "чымыны" бар кыз­келиндерди бир жерге топтоштурайын деген ниет­тилектериңиз да барбы?
­ Бар! Менин жарыла албай турган жарамды чукуп атпайсыздарбы. Мен өзүмдү­өзүм тажрыйбалуу акын деңгээлине жете албай жүрүп, эми­эми эл мени төргө чыгарды, эми мага жоопкерчилик баштагыдан да чоң бир иш баштасам да болот да деген чечимге келип калдым. "Айым айтыш" коомдук фондусун түзсөмбү деп ниеттенип жатам. Ушул коомдук фондуну Тынчтыкбек Акматбаев "мага барыңыз, мен колдоп берем, жеңе", ­ деп калды эле, орто жолдон бу бала кырсыкка учурап калды.
Балким, мындан кийин да менин бул тилегимди колдой тургандар чыгаар. Мүмкүн газетадан ушул макаланы окуп калышса Курманбек Салиевич Бакиев, И.Чудиновдор колдоп чыгышаар…
Үч­төрт жыл болду мен дымып калдым, мени нота билбейт экенсиң! ­ деп музыкалык драмтеатрдан чыгарып салышты, аттестациядан өткөрбөй. Буга маданият башкармалыгынын начальниги Камбарова Зинагүл Орозалиевнанын тикелей катышы бар болуучу. Ошол киши баш болуп, мени жээкке сүрүп салышты.
­ Анын себеби эмне эле?
­ Туура сүйлөгөн тууганына жакпайт болуш керек, анткени Тойчубек Касымов деген губернатор болуп турган учурда Кумтөр Оперейтинг компаниясынын машинасынан Ысык­Көлдү булгап төгүлгөн цинатитти ырдаймын деп балээге калдым. Ошондон баштап үзөңгү буттан тайыды… Мен ал жөнүндө айтайын деген оюмда жок болчу, казактын акыны:
Тамчы дары таамп кетип тир Көлүңүзгө,
Аман­эсен кайтабызбы элибизге, ­ деп мага карап ырдаганда мен ага карап:
Эй, тамчы эмес,
Ысык­Көлгө тонна тамган!
Ал, көпүрө бузулуп,
Кырсык болуп, жолдо тамган.
Бул өзү не көрбөгөн Ысык­Көл,
Көрсө да көп тарыхты, кебелбеген Ысык­Көл.
Көлдөлөң көп сөздөрдү уга бересиң,
Уккан сайын башыңды буга бересиң.
Акаев менен Назараев куда болуп,
Ысык­Көлгө чөмүлүп чыгып жатат,
Сен деле бир сүңгүп чык,
Кыргыздын форелиндей туйлап чыга келесиң! ­ ууланбайсың деп ар жагын каным айттым. Ошол учурда элдин жүрөгүн оорутуп турган эң негизги маселе, ушул цианит маселеси болуп турат эле.
Ошондогу чоңдор: "Казактын акыны тамчы десе, жанагы биздин келин тоннаны айтты", ­ деп балээ кылды гой мени. Сыйдаланып жумуштан чыга бердим. Бирок, элден айланайын кай жерде болбосун мага жумуш даяр турду. Кадырымды милдет кылгым келбеди, кадам менен чыгып баса бердим. Мустапа Мусаевич Кидибаев деген ректор университетке жумшка алды. Акчамды да санаган жок, убактымды да ченеген жок, не кылдың, не койдуң деген жок. Кыскасы менин чыгармачылыгым үчүн эркин шарт түзүп берди. Ошол эле университеттин капталынан акын кыз Жыпар Кожокеева чыкты…
Ошол төрт жылдын ичинде "Кайдасың, Майра?" деп маданият министрлиги издеди деп айта албайм. "Айбанаттар кызыл китепке кирип жатыптыр, кыргызга бир төкмө акын аял келиптир, кыргыз китепке киргизип коелу"! дегендин ордуна, кызыл тизмеде эмес, кара тизмеде жүрдүм.
Жумагул Сааданбеков Ысык­Көлдө губернатор болуп турган учурда көл төгөрөгүндөгү маараке, майрам, тойлор менсиз өтчү эмес. анткени, ал киши төкмөлүк өнөрдү ушунчалык сыйлачу экен. "Сен Ысык­Көлгө төлгө болуп келдиң", ­ деп мени абдан урматтады. Андан башка бийлик адамдары деле урматтап жүрүштү, урматтабады деп айта албайм.
Андан кийин борборго келип, мейманканада Төлөгөн Касымбековдун колунда, канатынын калкасында жашадык, бир кыйналган жокпуз. Ал киши мени эле эмес, мени менен кошо келип жүргөн таланттуу адамдарды да, бала­чакам, келиним менен кошо бакты. Ошол мен кыйналып жүргөн учурда менин духумду, жан дүйнөмдү сындырбай сактап калды. Төлөгөн Касымбеков агайга чоң ракмат!..
Андан тышкары моралдык жактан колдоо берген Султан Макешович Орозбеков, Байма Жапаровна Сутеновалар болду. Аларга да ыраазычылыгымды билгизем.
Мен эми маселени кабыргасынан кое турган жерим: Курманбек Салиевич мени тааныбайт эмес, жакшы тааныйт. Жалал­Абадда иштеп турганда казак, кыргыз төкмөлөргө сый көрсөткөн адам деп мойнума алтын чындыр салып, алтын жалатылган ручка берген киши. Ал киши кара башымды эмес, өнөрүмдү баалап берген. Ал кишинин алдына барсам кой деп айтпайт болуш керек. Анткени, ал киши мамлекеттин кызыкчылыгындагы ишти карап отурат да. Кичине эле ден соолугум жакшы болсо абарайын деп отурамын. Менин максатым "Айым айтыштын" босогосу ачылса экен деп тилеп турам… Август айынын аягындагы Президентибиз акындар үчүн койгон кош байгенин баш байгесин жеңип алдым Алланын буйругу менен. Мен үчүн бул чоң сыймык. Ал мени эл алдында көп нерсеге милдеттендирет. Ошондо маданият министрибиз бул чоң иштин башы болсун! ­ деп мени абдан куттуктады. Ага да чоң ракмат!.. Ошол сыйлык мен ойлогон ойлорумдун ишке ашышынын "Алтын дарбазасы" болуп берсин!
­ Каалоо сөздөрүңүз барбы?
­ Калкыбыз аман, каныбыз тагында турса, элибизге ырыс­дөөлөт чалкып турса, бак карап, кыдыр даарып турса Кусейин атабыз айткандай кандын казабынан, каранын дооматынан сактап турса, ушул баштаган жакшы жөрөлгөсүн биздин падышабыз жылдан­жылга күчөтүп, ары көздөй улай берсе, Дастан Сарыгулов баштаган, Садык Шерниязов, Анарбек Усупбаевдер, Садыкбай Турдумамиевдер коштогон, төкмөлүк өнөрдү улантып келген иштерди колдоп берсе, нур үстүнө нур болот эле…
­Куруп берген маегиңизге чоң ракмат! Эл алдында дайыма ырдап жүрө бериңиз?
­ Сиздерге да "Эркин Тоонун" эмгек жамаатына да жакшылыктарды тилеймин!..
Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan