Илимий-практикалык конференция

15 томдон турган кыргыз тарыхы жазылат
20-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинде "Улуттук тарыхтын учурдагы проблемалары" деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага ушул иш-чаранын уюштуруучусу, КРнын Мамлекеттик архивинин башкы директору, кыргыз элине белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев, Жогорку Кеңештин депутаты, тарых илимдеринин доктору Бакыт Бешимов, философия илимдеринин доктору, мекенчи мударис Кусеин Исаев ошондой эле кыргыз элинин тарыхына кызыккан, ал багытта китептерди жазып жүргөн инсандардан белгилүү журналист-тарыхчы Кален Сыдыкова, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов, комуз күүсүнүн чебери Нурак Абдрахманов, тарых изилдөөчүлөр О.Сооронов, Т.Чаргынов, тарых илимдеринин түрдүү тармактары боюнча адис окумуштуулар жана кыргыз элинин тарыхына кызыккан адамдар, журналисттер катышышты.
Илимий-практикалык конференцияны КРнын Мамархивинин кызматкери, кыргыз коомчулугуна белгилүү жазуучу-тарыхчы Байас Турал алып барды. Ал өз сөзүн төмөндөгүчө баштады: "Кыргызстан өзүнчө эгемен мамлекет болгондон бери жыйырма жылга жакындап баратат. Бирок, ушул убакыттын ичинде эмне үчүн өзүбүздүн улуттук тарыхыбыз такталып жазылган жок, эгерде жазылган болсо анын артыкчылыктары, кемчиликтери кайсыл жактарда? Эмне үчүн элдин арасында же интеллигенциянын ичинде дагы ошол суроонун талаптарын канааттандырган деңгээлде иштер жасалган эмес? Бул маселе мамлекет тарабынан өз учурунда мындан 5-10 жыл мурда неге камкордукка алынган жок же болбосо, биздин окумуштуулардын жетишпей жатканынанбы же адис кадрлардын жакшы даярдалбай келгениненби, мүмкүн дагы бир социалдык, экономикалык, саясый себептерден улам болдубу ушуларды билгибиз келди. Анткени бул жалпы элдик, жалпы улуттук маселе болгондуктан, баарбыздын жүрөгүбүздү өйүгөндүктөн көтөрүп чыктык. Балким, тарыхты жазуу маселесине адис тарыхчылардан башка жазуучулардын, журналисттердин ал эле эмес башка дагы кесиптердеги адамдардын киришип кетишкендигинен улам ушундай абалга келдикпи? Алар канчалык деңгээлде тарыхый чындыктар менен иштеп жатышат? Эгерде талапка жооп бербесе, андай маалыматтарды окуган эл кандай абалда калды, улуттук аң-сезим кандай калыптанып жатат деген сыяктуу зор маселелер болууда. Ушул суроолордун тегерегинде сүйлөшөлүк".
Конференциянын алып баруучусу мына ушуга окшогон олуттуу сөздөрдү сүйлөгөндөн кийин алгачкы кепти КРнын Мамлекеттик архив агенттигинин башкы директору Чолпонбек Абыкеевге берди.
Ал эгемендүү кыргыз мамлекетинин талапка жооп бере турган расмий тарыхын жазуу маселеси мындан үч жыл мурда Президент тарабынан көтөрүлүп, каржы жагын мамлекет өзү көтөрүп бере тургандыгы айтылганын эске салды. Азыркы учурда бул маселе илимий жолго түшүп, эми каржы маселесин чечүү жагы калганына токтолуп, Чолпонбек Абыкеев Өкмөткө атайын кайрылуу жасаш керектигин айтты.
Андан кийинки сөз 15 томдон турган кыргыз мамлекетинин тарыхын жазуу боюнча долбоордун жетекчиси, КУУнун биринчи проректору Олжобай Каратаевге берилди. Ал бул 15 томдукту жазуу, жарыкка чыгаруу өлкөбүздөгү ири окуялардан болуп кала тургандыгын белгиледи. Мында 1-9-томдор кыргыз элинин, эң байыркы доорлорунан бүгүнкү күнүнө чейинки мезгилдерди камтырын, калган бөлүктөрү маданият, искусство, элдик ооз эки чыгармачылыкка ж.б. тармактарга арнала тургандыктарын айтты. Бул боюнча республикабыздагы белгилүү окумуштуулар, тарых боюнча адистер тартылып, ар бир томдор боюнча секциялар иштеп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле кыргыз элинин өткөн тарыхын тактоо боюнча Кытай Эл Республикасынын, Монголиянын, Россиянын тиешелүү жерлерине илимий экспедициялар уюштурулары жөнүндө да айтып өттү. Албетте, мындай тарыхты жазууда эл ичинен чыгып, өзүнчө изилдеген тарыхчы эмес инсандардын да эмгектериндеги көңүлгө алчу материалдар эске алынары айтылды.
Окумуштууга конференциянын катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор берилди жана ынанымдуу жооптор алынды.
Андан кийин философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев "Тарых жана улуттук идея" деген темада баяндама жасады.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, тарыхчы Бакыт Бешимов болсо, бул окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү окуялардын эң ириси болуп каларын баса белгиледи. Кыргыз эли өзүнүн 3 миң жылдык тарыхында дүйнөлүк глобалдуу маселелерди чечип келгендигин, бирок эгемендик алгандан бери экономикабызды көтөрүү боюнча ички маселебизди чече албай келгендигибизге өкүндү.
Илимий-практикалык бул конференция өтө жандуу жана кызыктуу суроо-жооптор, пикир алмашуулар менен өттү. Мындай жакшы саамалык Мамлекеттик архивде мындан ары да уланары белгилүү болду. Конференциянын аягында каржы маселесин чечип берүү жагын тездетип берүү боюнча Өкмөткө жана жалпы элге кайрылуу кабыл алынды. Мамлекет мындай демилгени колдоп, өз учурунда чечип берет деген ишеним билдирилди.

Азизбек Чамашев,
"Эркин Тоо".




"Хизб-ут-Тахрирди" ким ойлоп тапкан?
Мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишип, Кыргызстан ­ өнүккөн демократиялык, укуктук, социалдык мамлекет түзүүнү жолун тандады.
Демократиялык жарандык коом түзүүнү максат кылган мамлекет катарында адам укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда толук белгиленишин жана алардын так аткарылышын камсыздоого болгон бардык шарттарды жаратты.
Эгемендикке жетишкенибизден кийин калкыбыздын моралдык жана маданий мурасына, тарыхына, эне тилибизге мамиле түптөн жакшы тарапка өзгөрдү. Биздин мамлекетибизде динге эркиндик берилди.
Республикабыздын Башкы мыйзамы ­ Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" Мыйзамы Кыргыз Республикасынын жарандарынын динге карата мамилесинин аныкталышына же билдирилишине, ага ылайык ишенимине, эч тоскоолдуксуз дин тутууга жана диний ырымжырымдарды аткарууга карата укуктарын, ошондой эле адилеттүүлүктү жана теңчиликти, жарандардын укуктары менен таламдарынын динге болгон мамилесине карабастан корголушун гарантиялады.
Мусулмандар үчүн ар түрдүү адабияттар басылып чыга баштады. Газета, журналдардын беттеринде телевизорлордо ислам дининин билими жетишкен өкүлдөрү өздөрүнүн баяндары жана маектери менен катышууда. Такыбалуу кишилердин жамаат менен ибадат кылуусу үчүн айылдарда жана көчөлөрдө мечиттер курулду. Эгерде Кыргызстанда эгемендүүлүккө чейин бир райондо ашып кетсе экиден мечит болсо, азыркы учурда ар бир айыл жана көчөлөрдө мечиттер бар. Азыркы күндө Чүй облусунда бардыгы болуп 188 мечит, 11 медресе жана 2 ислам университеттери иш­аракеттерин жүргүзүп келүүдө.
Бирок, берилген жеңилдиктерден, мүмкүнчүлүктөрдөн жана шарттардан тилекке каршы кээ бир атуулдар өздөрүнүн жекече кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамда да Ислам дининин таалиминде да көрсөтүлбөгөн агымдарды түзүп, ага жаштарды, Ислам динин эми үйрөнүп, түшүнүп келе жаткан адамдарды тартып, алардын пайдаланып, динди ичек катары колдонуп өздөрүнүн негизги ­ бийликти ээлөө, мамлекет башкаруу максатын амалга ашырууга умтулууда.
Сөз, бул агымдардын бири болгон "Хизб­ут­Тахрир ал­Ислами" партиясы жөнүндө. Алгач бул партия жөнүндө кыскача айта кетсек.
Хизб­ут-Тахрир ал­Ислам арап сөзүнөн алынып, котормосу Ислам боштондук партиясы деген мааниге келет. Бул агымдын башка Ислам агымдарынан айырмасы түздөн­түз үстөмдүк кылууга аракет кылгандыгында жатат.
Бул партиянын негиздөөчүсү Мухаммед Такыйуддин ан­Набхани болуп эсептелет. Ал 1909­жылы азыркы Израил мамлекетинин Хайфа шаарында туулган. Ал аз­Азхар университетин бүтүргөндөн кийин Палестинада мугалимдик жана Кадылык (Дин адамдарынын аймактык башкаруучусу) кызматтарында эмгектенген. Жаш мезгилинен тартып Изаддин ал­Касам (белгилүү дин адамы) менен бирге англиялыктарга жана йахудилерге (еврей) каршы ар кандай каршылыктарды көрсөтүп турган. Ошол учурда ал Ахасан ал­Баннан жетектеген "Ихваны Муслимин" (Мусулман туугандар) деген жамаатка келип кошулат. Бирок бул жамаат саясый максаттарды көздөбөгөндүгүнө байланыштуу көп өтпөй бул жамааттан чыгып кетет.
1950­жылы Александрияда чогулган "Араб тилдүү элдердин улуттук конференциясында" өзүнүн "Рисалату ал­Араб" деген доклады менен чыгып анда арабдардын Ислам динине бекем турууларын жана дүйнө саясатында жандуураак болууларын билдирет.
Бирок бул конференцияда арабдар анын сөзүнө анчалык маани бербеген соң 1953­жылы Иорданияда "Хизб­ут­Тахрир ал­Ислами" партиясын түзөт.
1953­жылы Набхани Иордания өкмөтүнө партиянын курулгандыгын расмий түрдө билдирет. Бирок ошол учурда Иордания армиясынын башында турган англиялык генерал Глубб 1954­жылы анын партиясынын ар түрдүү иш­чараларына тыюу салат. Мунун натыйжасында Ливанга качып кеткен Набхани партиянын мүлкүн өз кызыкчылыгы үчүн колдонду деген күнөө менен 1956­жылы Ливан өкмөтү тарабынан камакка алынат. Ошентип, өмүрүнүн аягына чейин (1977) Бейруттагы камакта калат.
Набханинин өлүмүнөн кийин анын ордуна Абдулкадим Заллум келип, анын иштерин улантат. Бирок көпчүлүк мамлекеттер бул партиянын иш­аракеттеринен дайыма күмөн санап, мамлекетти бөлүп­жарууларынан эсептеген.
Ливандын лидери Каддафи бул партияны Европанын агенти деп күнөөлөп,анын мүчөлөрүн куугунтукка алган. Ошондой эле Иорданияда, Ливанда, Саудиялык Аравияда жана Египетте бул партиянын мүчөлөрү коомду бөлүп­жарууга жана мамлекеттик иштерге кийлигишкенге аракет кылгандыктары үчүн камакка алынган.
Азыркы учурда "Хизб­ут­Тахрир" партиясы эл аралык экстремисттик­террористтик уюму катарына киргизилген.
Жогоруда белгилегендей "Хизб­ут­Тахрир" партиясы өзүнүн максатын дин өнүккөн Саудиялык Аравия, Египет, Иордания жана башка ислам өлкөлөрүндө иш жүзүнө ашыра албагандыктан, ал эми биздин мамлекетибиз эгемендүүлүккө жетишип, жарандарга берилген кеңири эркиндик жана демократиядан пайдалана башташты.
"Хизб­ут­Тахрир" партиясы диний саясый партия, ал өзүнүн алдына төмөнкү максаттарды койгон:
­ тынч, бейпил мамлекеттерде согуш баштоо;
­ мамлекеттин экономикасынын жүрүшүн жолдон чыгаруу;
­ улуттар жана диндер ортосунда кастыкты козутуу;
­ мамлекетке курал­жарак, ок-дары жана наркотик заттарды алып кирүү;
­ мамлекеттин бийлигин ээлеп, башкаруу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан "Хизб­утТахрир" партиясы экстремисттик деп табылган. Бул партиянын аракети улуттук, расалык, диний кастыкты козутууга багытталганына байланыштуу анын иш­ аракетине тыюу салынган.
Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар­намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начарлыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса, Кыргыз Республикасынын Кылмыш­жаза кодексинин 299­беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Бул кылмышты жасаган адамга беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыптан, беш жылга чейинки эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленет.
Азыркы учурда ата­энелер, тарбиялоочулар, мугалимдер, аалымдар, көрөрмандар гана болуп калбашы керек. Перзенттерибизди мамлекетин сүйгөн, анын тынчтыгын, бейпилдигин камсыздоого үйрөтүшүбүз керек. Эч качан диний даваттар бийлик үчүн күрөшкө, саясат, экономика жана мыйзам чыгарууларга аралашышы үчүн туу болушуна жол бербешибиз керек.
А.СӨЛПИЕВ,
Чүй облусунун прокурору, юстициянын 1­класстагы
кеңешчиси.







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan