Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов:
"Манас таалими" коомчулуктун талаптарын аткарууга багытталган"
­ Марат Авалович, 2006­ 2010­жылдарга карата Улуттук "Манас таалими" программасынын алкагында реформалоону жүзөгө ашыруу боюнча кандай иш­чаралар жүргүзүлүп жатат?
­ Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагын 2006­2010­жылдары реформалоо боюнча Улуттук "Манас таалими" программасы 2006­жылдын 16­февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 100 токтому менен бекитилип, саламатыкты сактоо системасында коомчулуктун талаптары эске алынган жаңы багыттарды өнүктүрүүгө арналган.
"Манас таалими" программасынын өзгөчөлүгү Өкмөт менен донордук коомчулуктун өнөктөштүк өз ара иш­аракеттеринин алдындагы мамилелердин негизинде кеңири секторалдык байланыш аркылуу жүзөгө ашыруу болуп саналат. Кеңири секторалдык мамилелер саламаттык сактоо бюджетин гранттык негизде аккумулировалдык каражаттардын эсебинен колдоп турууга, айрым бир иш­аракеттерди параллелдик­каржылоо түрүндө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Донорлор тарабынан 2006­2010­жылдарга карата "Манас таалими" программасын жүзөгө ашыруу үчүн бюджетти кармап турууга багытталуучу негизги сумма 61,2 млн. АКШ долларын түзөт.
Саламаттык сактоону реформалоочу Улуттук "Манас таалими" программасынын негизги максаты болуп калктын саламаттык абалын жакшыртуу.
2005­жылдан тартып республиканын бардык аймактарында саламаттык сактоо тармагындагы минималдык социалдык стандарт болуп эсептелген жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер Программасы (МКП) киргизилген. 2006­жылдан тартып МКП боюнча калкка бекер көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуучулук жардамдардын саны жана түрлөрү кеңейтилип, кошумча төлөмдөн 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу, төрөгөн аялдар, ошондой эле 70 жаш жана андан улуу курактагы пенсионерлер бошотулган.
Социалдык­маанилүү кеселдер менен жабыркаган жарандар үчүн мамлекеттик кепилдик Программасы боюнча дары­дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген түрү киргизилген жана калкка милдеттүү медициналык камсыздандыруу Кошумча программасы боюнча арзандатылган баада көрсөтүлүп келе жаткан дары каражаттарынын тизмеси алда канча кеңейтилген.
Баштапкы саламаттык сактоону чыңдоо иш жүзүнө ашырылууда, 2005­2007­жылдары үй­бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ) баргандардын көлөмү 36%га жогорулаган. Ага бөлүнүп келе жаткан чыгымдардын үлүшү 2004­жылы 2626,4 пайызга, 2007­жылы 39,9 пайызга жогорулаган. Ошондой эле, түздөн­түз стационардагы бейтаптарга жөнөтүлө турган каражаттардын үлүшү 2004­жылдан госпиталдык чыгымдардын 20,4 пайыздан 2004­жылга карата 32,7 пайызга жогорулаган.
Өзгөчө айылдык саламаттык сактоо жаатына көңүл бурулуп, 2006­2008­жылдары 91 фелдшердик­акушердик пункт (ФАП) курулуп, 300дөн ашыгы оңдоп, түзөтүлгөн. Республика боюнча "Манас таалими" программасынын чегинде 2,9 млн. АКШ долларына медициналык жабдуулар сатылып алынган 954 ФАП иш алып барат.
Үй­бүлөлүк медицина жана калкы 25 миң адам болгон аймактык ооруканалардын базасында материалдык­техникалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 11 жалпы дарылоо практика борборлору түзүлгөн. Алар адистештирилген жана стационардык жардам кызматын аткарышат.
2007­2008­жылдарга карата "Манас таалими" программасынын чегинде республиканын саламаттык сактоо мекемелеринин метериалдык­техникалык базасын жакшыртуу максатында 465,0 миң АКШ долларына автоматташтырылган бухгалтердик эсепти киргизүү үчүн компьютердик жабдуулар сатылып алынып, 6,0 млн. АКШ долларына аймактык ооруканалар үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн.
2007­жылы Фонд каражаты эсебинин негизинде бөйрөк терапиясын алмаштыруучу (гемодиализ) жана жүрөккө кечиктирилгис жардамды алып жатышкан оорулуулардын саны көбөйгөн.
Олуттуу өзгөрүүлөрдү саламаттык сактоо тармагы да башынан өткөрүүдө. Мурда саламаттык сактоо жана чыңдоо боюнча өз алдынча бириндеп кеткен мекемелер иш алып барышкан. Алар өз кезегинде коомдук саламаттык сактоо тармагынын алдында турган көйгөйлөрдү толук түрүндө чагылдырып бере алышкан эмес. Мунун өзү саламаттык сактоодогу өтө зарыл болгон алдын алуучу багыттардын зарылчылыгына болгон баанын төмөндөшү, саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөй-лөрдү чечүүдөгү жарандык коомдун, мамлекеттик башкаруунун, массалык маалымат каражаттарынын жана кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволордун активдүүлүгүнүн төмөндүгү менен түшүндүрүлүп келген.
2007­2010­жылдарга карата коомдук саламаттык сактоо кызматын өнүктүрүү Концепциясы бекитилип, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана 2009­2010­жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын чыңдоо боюнча Улуттук программасынын жоболору бекитилген. Мындан сырткары 2007­2011­жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы паразиттүү оорулар менен күрөшүү боюнча максаттуу комплекстик программа бекитилип, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулардын жаралып, жайылып кетүү коркунучуна алдын ала даярдыкты жана ыкчам иш­аракеттерди кабыл алууну камсыз кылуу боюнча иш­чаралар кабыл алынды. "Манас таалими" программасынын чегинде коомдук саламаттык сактоо мекемелерин 1,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка лаборатордук жабдуу, реактив жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылуу пландалууда.
­ Медицина кадрларын кармап калуу максатында түзүлгөн "Дарыгердин депозити" канчалык деңгээлде жемишин бере алды?
­ Аймактардагы адистердин кетишине жана жетишсиздигине байланышкан проблемаларды чечүү үчүн биздин министрлик тарабынан атайын "Дарыгердин депозити" программасы иштелип чыккан.
Аталган программанын негизги максаты ­ алыскы райондордогу саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жогорку окуу жайларынын студенттеринин эсебинен толуктоо болчу, бирок бул маселе өз максатына жеткен жок.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик 2007­жылдын 21­июнунда № 240­ "2006­жылдын 23­майынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде дарыгерлерди бекитүү боюнча иш­чаралар жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыккан. Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынган. Мунун негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине алыскы район жана кичи шаарларда аталган мекемелерде иштеп жатышкан дарыгерлерди кароо­сынакка катыштыруу укугу берилген.
Учурда "Дарыгердин депозити" программасына ар кыл аймактардан 149 дарыгер катышууда. 2008­жылдын октябрында программага клиникалык ординатура жана интернатуранын 11 бүтүрүүчүсү, ошондой эле, алыскы райондордон 17 дарыгер тартылган. Ал эми бүгүнкү күндө 24 дарыгерге 1 жылдык иш үчүн 864000 миң сумма өлчөмүндөгү акча каражаты которулду. Мындан сырткары 12 дарыгерге 2008­жылдын аягына чейин 288000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты которулат.
Бүгүнкү күнү программа саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлерди кармап туруу үчүн гана иштеп жатат.
­ Оорулуулардын өмүрүн сактап калууда орчундуу роль ойногон "Тез жардам" кызматынын абалы кандай?
­ Министрлик тарабынан калкка медициналык жардам көрсөтүүдө алгылыктуу иштерди аткарып жаткан "Тез жардам" кызматына 2003­жылдан бери тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп келет. Көрсөтүлгөн жылы республикадагы "Тез жардам" кызматы толук текшерүүдөн өтүп, материалдары министрликтин коллегиясында каралды. Коллегиянын чечими жана министрликтин буйругу менен алыскы тоолуу айылдардагы элдердин тез жардам кызматын толук пайдалануусуна жетишүү максатында "Тез жардам" кызматы үй­бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилген.
Азыркы убакта республика боюнча "Тез жардам" кызматында 3 (2006­ж ­5) станция (Бишкек, Ош, Нарын шаарларында), 86 (2006­ж. ­ 91) бөлүмдөрү иштешүүдө. "Тез жардам" кызматы 167 врачтык, 424 фельдшердик бригадалар менен толукталган, алардын ичинен 88 адистештирилген врачтык бригадалар. Республика боюнча аты аталган кызмат врачтык кадрлар менен 91,1% жана орто билимдүү кадрлар менен 95,8% толукталган. Адистердин жетишсиздигинен "Тез жардам" кызматы "Дарыгердин депозити" программасына кирип 2006­2007­жылдарда 9 врач, 11 орто билимдүү медицина кызматкерлери менен толукталып олтурат. Ошого карабастан Талас (50%), Ысык­Көл (55,5%) жана Жалал­Абад (69,0%) облустарындагы тез жардам кызматы адистер менен камсыз болуусу төмөн болууда. Улуттук "Манас таалими" программанын алкагында тез жардам кызматы үчүн 2007­2008­жылдары 12 врач жана 119 фельдшер окуу курсунан өткөрүлдү.
Тез жардам кызматынын 1 бригадасын каржылоо үчүн 2005­жылы 80 миң сом бөлүнсө, 2008­жылы бул көрсөткүч 140 миң сомго жетти же 31%га жогорулады.
Тез жардам кызматында республика боюнча 170 унаа иштеп жатат, ал эми толук иштөөчү үчүн 415 унаа керек. Министрлик тарабынан бюджеттин эсебинен 2005­2007­жылдары 130 "Тез жардам" автоунаасы сатылып алынып, биринчи кезекте алыскы тоолуу жана жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга бөлүнүп берилди. Жетишпеген "Тез жардам" автоунаалары Немис өнүктүрүү жана кайра жаратуу Банкынын эсебинен каржыланып жаткан "Ооруканалардын өзгөчө кырдаалдар убагында иштөөсүн жакшыртуу" программанын алкагында толуктоо каралууда. Аталган программанын негизинде өтүп жаткан жылда 40 адис Москва шаарындагы Бүткүл россиялык медицина катастроф "коргоо" борборунда, 60 адис аталган борбордун тренерлеринин жардамы менен Бишкек шаарында адистиктерин жогорулатышты. Ошону менен катар Бишкек, Ош шаарындагы, Ош облусунун аймактык ооруканалары тез жардам көрсөтүү үчүн керектүү заманбап медициналык жабдуулар менен толукталат.
Жол кырсыктан жапа чеккендерге тез жардам уюштуруу максатында Бишкек ­ Ысык­Көл, Бишкек ­ Ош каттамдарда 2006­жылдан баштап алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Бишкек ­ Ысык­Көл каттамындагы Боом капчыгайында уюштурулган медициналык посттун кызматкерлерине эки жылдын ичинде 220дан ашуун жарандарга жардам беришти. Ал эми Бишкек ­ Ош каттамында Суусамыр өрөөнүндө 7 млн. сомдук медициналык посттун курулушу башталуунун алдында турат.
Тез жардам кызматын республика боюнча 2008­2017­жылдарда өнүктүрүү боюнча министрлик тарабынан атайын программа иштелип чыгылып, каржылануусу аныкталып ишке кирди.
­ Марат Авалович, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы төрөт үйлөрүнө, хирургиялык­реанимациялык бөлүмдөрүнүн ишине кедергисин тийгизип жаткан жокпу?
­ Мекемелерди кышкы мезгилге даярдоо максатында министрлик тарабынан саламаттык сактоону реформалоонун Улуттук "Манас таалими" программасынын чегинде төрөт үйлөрү жана облустук бириккен бөлүмдөр менен аймактык ооруканалар үчүн 96,0 миң АКШ долларына 7,9 кВт кубаттуулуктагы 58 генератор сатып алууга тендер өткөрүлгөн. Аларды 2008­жылдын аягына чейин алып келүү каралууда. Мындан сырткары, 54,27 миң АКШ долларына 201 суу жылыткыч сатылып алынып жана орнотулду.
АКШ элчилиги ЮСАИД аркылуу реанимациялык жана операциялык бөлүмдөрдүн ишин камсыз кылуу үчүн кечиктирилгис жардам көрсөтө турган 59 генераторду аймактык жана облустук ооруканалар үчүн сатып алууга жардам көрсөттү.
Япониянын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарына 20 кВт кубаттуулуктагы дизелдик 2 генератор алынды. Алар Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелерине берилди. Мындан сырткары кубаттуулукту кармай турган 300 стабилизатор зарыл шарттарда вакциналарды сактоону камсыз кылуу үчүн берилди.
Ж.ДЫЙКАНОВА,
"Эркин Тоо".




Кыргызстандын 2009-жылдагы бюджети кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы бюджети Жогорку Кеңештин кароосуна, талкуусуна жана жактыруусуна коюлду. Республикалык бюджеттин жалпы көлөмү парламентке сунушталганда депутаттар Өкмөттүн, Финансы министрлигинин республикалык бюджет боюнча жүргүзүп жаткан саясатын бир добуштан колдоп беришти. Буга чейин парламентке сунушталган Кыргыз Республикасынын бюджетинин 2009-жылдагы, ошол эле учурда 2010-2011-жылдардагы долбоорлору биринчи окууда каралып, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуш кылган 283 млн. сом кошумча кирешелер толукталган.
Өткөн жума күнү бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда экинчи окууда каралып, депутаттар үчүнчү окууда кабыл алышты. Республикалык бюджетти карап, талкуулоодо 40 депутат ар түрдүү суроолор менен жана 25 депутат жарыш сөз менен чыгып сүйлөштү. Ошол эле күнү республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү да каралып, киреше бөлүгүнөн кошумча табылган 283 млн. сом чыгаша бөлүгүнүн кээ бир бөлүгүнө таркатылды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 44 млрд. 616 млн. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 48 млрд. 105 млн. сом өлчөмүндө Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Тактап айтканда, 2009-жылдын киреше бөлүгү 2008-жылдын киреше бөлүгүнөн 2 млрд. 518 млн. сомго көп. Салыштыруу үчүн 2008-жылдын киреше бөлүгүн карасак, 42 млрд. 098 млн. сом болгон. Парламенттин депутаттары кабыл алган Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы бюджети өлкөбүздүн приоритеттүү өнүгүшүнүн негизги документи болуп калды.
Бактыяр Оңолкан уулу.




Кыргыз терминологиясы талкууланды
19-декабрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган "Кыргыз терминологиясынын актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Терминология жаатындагы бул конференция алгачкы илимий-практикалык саамалык болуп эсептелинет. КРнын мамлекеттик тилин урматтоого, анын кадыр-баркын көтөрүүгө, тил байлыгын жана тазалыгын сактап калууга, терминология тармагындагы көйгөйлүү маселелер туурасында коомчулуктун ой-пикирин, сунушун угуп, тыянактуу жыйынтык чыгаруу үчүн өткөрүлүп жаткан бул конференцияга КР ЖКнын депутаты И.Жунусов, министрликтердин кызматкерлери, терминология комиссиясынын окумуштуу-илимпоздору ж.б. катышышты.
Илимий-практикалык конференциянын максаты КРда "Мамлекеттик тил мыйзамын" ишке ашыруунун абалынан маалымат берүү, мамлекеттик тилдин беделин көтөрүү, кыргыз терминологиясынын учурдагы олуттуу маселелерин талкуулоо жана жыйынтык чыгаруу, ошондой эле мекеме-уюмдарга, министрликтерге жана алардын кызматкерлерине терминология жаатында жардам берип, аларды колдоо. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тил жана терминология туурасында илимпоздордун докладдары, баяндамалары окулуп, бир нече багыттарда маселелер талкууга алынды. Андан соң катышуучулар секцияларга бөлүнүп, талкуу ишин улантышты. Конференциянын соңунда адаттагыдай эле оюн-зоок программалар коюлду.
Д.Турдугулова,
"Эркин Тоо".






Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan