майда - маани

Коррупционерлердин саны аз эмес
КРнын ИИМнин коррупцияга каршы бөлүмү 2008-жылдын 11 айында коррупцияга байланышкан 684 кылмыш ишинин бетин ачкан. Алардын 159у кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандар, 102си пара алгандар, 128и уурдоо, 29у кызматтык абалды пайдаланууга байланышкан. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандар мамлекетке 102 320 658 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Жалган баалардын бети ачылды
Баш прокуратура Ж.Баласагын атындагы КУУнун кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында кечээ Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген. Иш Кылмыш-жаза кодексине ылайык "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген 304-берененин 2-бөлүгү боюнча жана "Кызматтык алдамчылык" деген 315-берене боюнча козголгон. Басма сөз кызматынын бирдирүүсү боюнча, университеттин кабыл алуу комиссиясы 2007-2008-жылдарда текшерүү баракчаларын жалган жазуу жолу менен бааларды жогорулатып, бир катар абитуриенттерди биринчи курска кабыл алышкан деген айып коюлууда.

Журналисттер кырсыкка учурашты
21-декабрь күнү Ош облусунун Кара -Кулжа районуна Мамлекеттик туризм агенттиги уюштурган Санта Клаустардын жолугушуусуна кетип жаткан микро автобустагы журналисттердин тобу автокырсыкка учурашкан. Агенттиктин билдиргенине караганда микроавтобус Төө-Ашууда бир нече жолу ала салып кеткен. Микро автобустагы журналисттер жабыр тартышкан эмес. Бирок, кырсык туурасында КРнын ИИМи расмий маалымат беришкен эмес. Себеби, жол кырсыгы алардын каттоосунан өтпөптүр.

Бишкекте муниципалдык нан бышыруучу жай ачылат
Борбор калаабызда келерки жылдын январь айында №39 мектептин базасында муниципалдык нан бышыруучу цех ачылат. Бул туурасында кечээ Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Тарбинский билдирди. Анын айтуусу боюнча, нан бышыруучу жабдуулар шаардык администрация тарабынан Түркиядан алынып келинет. Муниципалдык жайда бышырылган нан шаардыктарга арзан баада сатылмакчы.

Тамекинин кесепети
Учурда онкологиялык оорулардын ичинен өпкөнүн рак дарты көп катталууда . Бул дарттын келип чыгышына экологиялык бузулуулар жана тамеки тартуу себепкер болот. Адистер акыркы жылдары өпкө оорусунун жаштар арасында көбөйгөндүгүн билдиришкен. Дүйнө жүзү боюнча өпкөнүн рак оорусу менен жыл сайын 1 млн.250 миңге жакын жаңы оорулуулар катталып, анын ичинен миллионго жакыны каза табат.

Нааразылар көбөйдү
21-декабрь күнү Орусиянын ондогон шаарларында нааразычылык акциялар болуп өттү. Ага чет элдик унааларды өлкөгө алып кирүүдө салынчу бажы салыктарынын көбөйүшү себеп болгон. Көчөгө чыккандар бензиндин баасынын жана турак-жай үчүн төлөнчү акынын кымбатташына да нааразы экендиктерин билдиришкен.

АКШ Ооганстанга кошумча аскерлерин жиберет
АКШ Ооганстандагы аба күчтөрүнө кошумча 2800 аскерин жибере турган болду. Келерки жазга чейин Ооганстанга аба күчтөрүнүн аскерлерин жиберүү маселеси боюнча документке Американын коргоо министри Роберт Гейтс 19-декабрда кол койгон эле. Анын айтымында бул Ооганстанга жибериле турган аскер күчтөрүнүн бир гана бөлүгү. Жай айларына чейин Ооганга дагы 20-30 миңге чейин аскер жиберилиши күтүлүүдө. Вашингтон ага чейин эле 3 миңдей аскерди январда, дагы 2800 кишини келерки жазда ооган жерине жайгаштырмак болуп жатышат. Бул тууралуу Кабулда ишемби күнү америкалык адмирал Майкл Мюллен кабарлаган.

Обама командасын түзүп бүттү
АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама АКШнын жаңы өкмөтүнүн курамын түзүп бүттү. Эң акыркылары болуп өткөн жума күнү эмгек жана транспорт министрлигине дайындала турган талапкерлердин ысымдары аталды. Атап айтсак республикачыл конгрессмен Рей Лахуд транспорт министри, демократиялык партиянын мүчөсү Хилда Солиске эмгек министри болуп дайындалды. Ушуну менен Барак Обама өз өкмөтүндөгү негизги кызмат орундарын толуктап бүттү. Бирок жаңы түзүлгөн өкмөттүн саясатынан бир нече жылдан кийин жыйынтык чыгарын белгилеп өттү.

Оппозиция лагерлери жабылат
Иракта сүргүндө жашаган ирандык оппозициянын лагерлери жабылат. Бул тууралуу Ирак өкмөтүнүн делегациясы билдирүү жасаган. Багдаддын түндүгүндөгү Ашрафтын лагеринде жашагандар башка өлкөлөргө жиберилмекчи. Ирандын Элдик Можахеддер тобунун мүчөлөрү аталган лагерде жыйырма жылдай жашашкан. Аларга тагылган күнөө АКШ жана Европа террордук уюмдарынын тизмесине киргизилгендиги болгон.

Газа сектору менен Израиль тиреши башталды
ИТАР-ТАССтын билдиргенине караганда эки тарап ортосундагы тирешүү 19-декабрда Хамас радикалдык тобу башында турган палестиналык топтор бир тараптуу чечим менен эки тараптын макулдугу менен түзүлгөн тынчтык келишиминен чыгышып, Израиль тарапка 50 ракеталык, минометтук снаряддар менен ок аткандан кийин башталган. Натыйжада Сдеротто бир нече үйлөр талкаланган. Израиль мындай чабуулдан кийин Газа секторуна ок атууга аргасыз болуп, маалыматтарга ылайык бул тирешүүдөн адамдардын өмүрлөрү кыйылган.

Маалымат булактарынан даярдаган
Ж.Кенжетаева, "Эркин Тоо".




Электрондук өкмөткө өтүүнүн жаңы ыкмасы
19-декабрь күнү КРнын Өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун жана ЖКнын вице-спикери Кубанычбек Исабековдун катышуусунда электрондук өкмөткө өтүүнүн алгачкы этабы болгон санариптик кол жазма системасынын ачылышы болуп өттү. Бул системага биринчилерден болуп Өкмөт башчысы катталды. Аталган системага каттоо каалоочулардын гана өз макулдугу менен жүргүзүлөт. Каалоочулар катталган соң маалымат ресурстар агенттигинен атайын флеш карта жана жашыруун ачкычын алышы керек. Ошондой эле жашыруун ачкычты интернетке байланышы бар ар бир компьютерге улап, үйүндө олтуруп алып эле ар бир адамга бекитилип берилген жашыруун номерлерди тергенден кийин каалаган мамлекеттик мекемелерге байланышка чыгып, документтерди жөнөтүп, ал жерден жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Өкмөт башчысынын айтымында кызмат көрсөтүүнүн мындай ыкмасы жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин түздөн-түз катышуусун азайтат. Эң негизгиси, жарандардын убактысын да үнөмдөп, кеңселик каражаттарга кеткен чыгымдарды азайтат. Маалымат ресурстары жана технологиялар агенттигинин билдиргенине караганда бул кызматты пайдаланууну каалаган жарандар тууралуу бардык маалыматтар каттоого алынып, байланышка чыккан жетекчилерге айкын болуп турат. Ал эми кызматтык сумма азырынча чечиле элек. Каалоочулардын саны көбөйүп, кеңири таанымал кызматка айланып баратса, анда 3-4 миң АКШ долларынын тегерегинде болушу мүмкүн. Эгерде, бул кызмат көрсөтүү ыкмасы колдонулууга кирип калса, биринчиден салык төлөөчүлөрдүн, салык жыйноочулардын жана бажы кызматкерлеринин иши жеңилдеп, коррупцияга бөгөт коюлат.
Д.Турдугулова,
"Эркин Тоо".




Мэрия г.Бишкек объявляет конкурс на замещение
вакантных должностей:
- директор Центра образования Октябрьского района;
- заместитель начальника Управления капитального строительства при мэрии города Бишкек.
Общие требования к кандидатам:
Соответствующее высшее образование, стаж работы по
специальности в том числе в городских структурах
и на руководящих должностях.
Для участия в конкурсе необходимо представить следующие документы:
o личное заявление
o листок по учету кадров с фотографией и резюме
o рекомендации с места работы, в т.ч. последнего
o документы, подтверждающие необходимое профессиональное образование, стаж работы и квалификацию (копии документов об образовании, о повышении квалификации)
o оригинал паспорта или документа, удостоверяющего личность.
Необходимые для участия в конкурсе документы должны быть представлены до 15 января 2009 года по адресу: г.Бишкек, пр.Чуй, 166, мэрия города Бишкек, отдел кадров каб.215. Подробная информация о требованиях к кандидатам на сайте мэрии г.Бишкек
E-mail: meria@bishkek.gov.kg
телефон: 61-34-87.
Примечание: Прошедшие 1-й этап конкурса документов будут приглашены на конкурсную комиссию мэрии г.Бишкек для собеседования.







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan