"Ч.Айтматов" кроссворду

Туурасынан:
3. "Кылым карытаар бир күн" романындагы каармандардын бири. 6. "Делбирим" (Кызыл жоолук жалжалым) повестиндеги каармандардын бири. 8. СССРдин эл артисти С.Чокморов "Көк мелжиген тоолордо" (Мен-Тянь-Шань) көркөм фильминде аткарган ролу. 10. Композитор М.Раухвергердин операсы (жазуучунун чыгармасы боюнча). 12. Жазуучунун "Сыпайчы" аңгемесинин каарманы. 14. "Эрте келген турналар" повести: "Уулум … арнаймын". 15. "Жаныбарым Гүлсары" (Гүлсарат) повестиндеги каармандардын бири. 16. "Түнкү сугат" аңгемесиндеги каарман. 18. Жазуучунун 50 жылдык юбилейине карата чыгарылган чыгармалар топтомунун аты. 25. Акын Б.Сарногоев "Чыңгыз жана мен": Чыңгыз кайда, … Париж, Римде. 26. "Асма көпүрө" аңгемесиндеги каармандардын бири. 29. Жазуучунун "Ботогөз булак" аңгемесинин негизинде тартылган көркөм фильмдин аты. 30. Кыргыз адабиятынын Татарстандагы күндөрүндө чыгармачылык жолугушуу өткөргөн ири автомобиль заводунун аты. 31. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз тилинде басылып чыккан мамлекеттин аты. 32. М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында "Кыямат" романын сахнага алып чыккан режиссердун аты. 33. Жазуучунун "Уулу менен жолугушуу" деген аңгемеси боюнча тартылган көркөм телефильм. 34. "Ак кеме" повестинин башкы каарманынын табигый оюнчуктарынын бири: …-Таш. 35. Режиссер Д.Садырбаев тарткан "Махабат баяны" көркөм телефильмде актриса А.Эшимбекова аткарган роль. 37. "Фудзиямадагы кадыр түн" пьесасындагы каармандардын бири. 38. "Кылым карытаар бир күн" романындагы космостук ракетанын аты. 39. Жазуучунун атасынын аты. 42. "Эрте келген турналар" повестиндеги каармандардын бири. 46. "Арман" телефильминдеги каармандардын бири. 49. "Түнкү сугат" аңгемесиндеги каармандардын бири. 50. Ч.Айтматовго "Зайтун бутагы" сыйлыгы тапшырылган шаардын аты. 51. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм фильм тартылган жана тартылып жаткан чет мамлекеттин аты. 52. "Мосфильм" киностудиясында режиссер И.Поплавская тарткан көркөм фильм (жазуучунун чыгармасы боюнча). 53. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча Башкырстандын мамлекеттик драма театрында (Уфа шаары) спектаклдер коюлган.Ошол драма театр алып жүргөн ысым. 54. "Кылым карытаар бир күн" романындагы легенданын башкы каармандарынын бири. 55. "Бетме-бет" повестиндеги каармандардын бири.
Иймегинен:
1. Жазуучу Ч.Айтматов татыктуу болгон илимий наам. 2. "Кыямат" романындагы кейипкердин бири (милиционер). 42. "Ысык-Көл форумунун" мүчөсү. 48. "Ысык-Көл форумунун" мүчөсүнүн аты.

Тигинен:
1. "Биринчи мугалим" жана "Делбирим" повесттеринде кездешүүчү сылык сөз. 2. "Ак кеме" повестинин башкы карманы. 4. "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестиндеги каармандардын бири. 5. "Эрте келген турналар" повестинин кейипкерлеринин бири. 6. Режиссер Б.Шамшиев тарткан "Ак кеме" көркөм фильминде актер Ч.Дубанаев аткарган роль. 7. "Эрте келген турналар" повестинин башкы каарманы минип жүргөн ат. 9. Ч.Айтматов Социалисттик Эмгектин Баатырына (1978-ж.) татыктуу болгон кезде, ага арналып жазылган "Алтын жылдыз" деген ырдын ("Кыргызстан маданияты") авторунун аты. 11. Жазуучуну окуткан мугалимдин аты же болбосо "Эрте келген турналар" повестиндеги кейипкерлердин бири. 13. "Фудзиямадагы кадыр түн" пьесасынын каармандарынын бири: …-Апа. 16. "Кылым карытаар бир күн" романынын каармандарынын бири. 17. "Жаныбарым Гүлсарат" повести, "Ак кеме" көркөм фильми жана "Кылым карытаар бир күн" романы татыктуу болгон сыйлык. 19. "Эрте келген турналар" повестинин башкы каарманы. 20. "Эрте келген турналар" повести татыктуу болгон сыйлык. 21. "Жамийла" повестиндеги каармандардын бири. 22. "Кылым карытаар бир күн" романындагы кейипкерлердин бири. 23. "Жаныбарым Гүлсарат" повестинин башкы каарманы. 24. "Кылым карытаар бир күн" рамонынын башкы каарманы Эдигейдин буурасынын аты. 27. "Бетме-бет" повестиндеги каармандардын бири. 28. Режиссер Т.Океев тарткан "Кызыл алма" көркөм фильминде Темирдин кызынын ролуна тартылган Макекадырованын аты. 36. Алгачкы ирет "Кызыл алма" аңгемеси жарыяланган газета. 40. "Бетме-бет" повестинин каарманы. 41. Жазуучунун "Ак кеме" повестиндеги жомок: "… бала". 43. Автордун "Кыямат" романындагы каармандардын бири. 44. Жазуучунун энесинин аты. 45. "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестиндеги каармандардын бири. 47. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм фильм тарткан кинорежиссерлордун биринин аты.
Түзгөн: Темиркул Эшенкулов.




  Спорт Спорт Спорт

Шериктештиктин Кубогу
КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөрдүн чемпиондорунун футболдук салтка айланган турнири быйыл 17-25-январь күндөрү Москвада өткөрүлөт. Кыргызстандын чемпиону "Дордой ­ Динамо" чүчү кулак кармоодо "Д" тобуна туш келди. Быйыл алар "Интер" (Азербайжан), "Вентспилс" (Латвия), "Интер" (Финляндия) клубдары менен күч сынашат.
"Дордойчулар" быйыл Москвага эртерээк жөнөшөт. Анткени, алар Москванын "Локомотив" клубу менен жолдоштук беттешүү өткөрүүгө ниеттенишүүдө. Анын үстүнө аталган москвалык клуб өздөрүнүн футболдук талаасын "Дордойчуларга" машыгууга берген. Футбол күйөрмандарына белгилүү болгондой быйыл жайында "Локомотив" клубунун жетекчилери Кыргызстанга келишип, Ысык­Көлдө эс алуу базасын курууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп кетишкен. Мына ошол футболдук ымала күчүндө экен. Болгону турнирдин жыйынтыгы натыйжалуу болсун деп күтө туралы.
Деген менен эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) дүйнөлүк рейтингдин декабрь айындагы жыйынтыгын чыгарды. Мурдагы союздук 15 республиканын ичинде Кыргызстан эң акыркы орунда калды. Дүйнөдөгү ФИФАнын курамына кирген 207 команданын ичинде биз 158­орундабыз. Ноябрь айында 154­орунда элек. Алдыңкы сапта Испания, Германия, Голландия, Италия жана Бразилия турат. КМШдан Россия бул тизмеде 9­орунду камсыз кылды. Украина 15­орунда.

"Манчестер Юнайтед" дүйнө чемпиону
Футболдон клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионат Японияда болуп өттү. Финалда Англиянын "МЮ" командасы Эквадордун күчтүү ЛДУ клубун 1:0 эсебинде утуу менен клубдук командалар арасында дүйнө чемпиону болуп калды. 3­орун үчүн Япониянын "Гамба Осако" клубу Азия чөлкөмүнүн чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болуп эсептелет. Өз талаасында Мексиканын "Пачуку" клубу менен ойноп, 1:0 эсебинде утуп алды. Ошентип 21­декабрда Япониянын Йокогама шаарында өткөн финалда Европанын өкүлү "Манчестер Юнайтед" Түштүк Американын ЛДУ клубун утуу менен дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири экендигин дагы бир ирет далилдеп койду.
Бул оюндарды биздин УТРК түз эфир аркылуу көрсөтүп күйөрмандарга кубаныч тартууласа, финалдык оюнду Өзбекстан менен Кыргызстандан барган калыстар тобунун тейлеши биз үчүн жагымдуу көрүнүш болду. Оюндун башкы калысы, быйылкы жылы Өзбекстанда жана Азияда мыкты арбитр деп табылган Равшан Ирматов болсо ага дагы бир өзбекстандык А.Расулов жана биздин жердешибиз Бахадыр Кочкоров экөө жардам беришти.




  Бокс

Владимир Кличко
7-ирет чемпиондугун коргоду
Украиналык профессионал Вл. Кличко супер оор салмакта бүгүнкү күндө эң эле күчтүү боксер экендигин дагы бир жолу тастыктады. Өткөн аптада Германиянын Мангейм шаарында ал америкалык экс­ чемпион Хасим Рахманды утуп, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондугун коргоду. Вл. Кличко быйылкы жылда ушуну менен үчүнчү ирет беттешүү өткөрдү. Февраль айында WBO (бүткүл дүйнөлүк бокс уюму) версиясында чемпион болуп турган россиялык Султан Ибрагимовду утуп, аталган версия боюнча чемпион болсо, июль айында эле IBF жана WBO версиялары боюнча чемпиондугун коргоо үчүн америкалык Тони Томпсон менен чыгып, аны утуп алды. Өткөн аптадагы атаандашы Хасим Рахман учурунда британиялык Леннокс Льюисти нокаутка түшүрө утуп алгандыгы менен бокс күйөрмандарынын эсинде калган. Мына ушул быйылкы үч беттешүүгө токтоло турган болсок, россиялык чемпион С.Ибрагимов 12 раунддун ичинде Вл. Кличкого бир да жолу катуу сокку бере алган эмес же жакшылыктуу ура алган эмес. Июль айындагы беттешүүдө Т.Томпсон 11­раундда нокаутка түшүп утулган. Хасим Рахман болсо беттешүүнүн 6­раундунан соң каршылык көрсөтө албай калган соң рингдеги калыс беттешүүнү токтотуп, жеңишти Вл. Кличкого ыйгарган. Бул болсо 32 жаштагы Владимирдин 7­ирет чемпиондугун коргогондугун билдирет.
Негизи Вл. Кличко Хасим Рахман менен эмес, россиялык чемпиондукка талапкер Александр Поветкин менен чыгуусу керек болчу. Поветкин бутунан жаракат алгандыгына байланыштуу IBF (эл аралык бокс федерациясы) Вл. Кличкого башка талапкер издеп, Х.Рахманга токтолушкан болчу. Эми Владимир уткан соң IBF уюму Поветкин менен 2009­жылдын сентябрь айына чейин беттешүүсү керек экендигин Вл. Кличкого милдеттендирди. Кличколордун кичүүсү болсо ага чейин бир эмес, бир канча беттешүүлөрдү өткөрөөрүн айтып чыкты. Бокс күйөрмандарына маалым болгондой супер оор салмакта WBС (Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши) версиясында Владимирдин агасы Виталий Кличко быйылкы жылы нигериялык Сэм Питерди утуп, дүйнө чемпиону болгон. Эми бир туугандар WBА (Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясында чемпиондукту колго кийиришсе профессионалдык бокста супер оор салмакта бардык абройлуу версиялар боюнча чемпион болушуп тарыхта калышат.
WBА версиясында болсо кечээ эле 21­декабрда Швейцариянын Цюрих шаарында россиялык алп боксер Николай Валуев 46 жаштагы экс­чемпион Эвандер Холивилд менен чыгып, эптеп утуп аталган версияда чемпион болуп калды.
Бир тууган Кличколор болсо азыр ким менен болсо да рингге чыгууга даяр экендиктерин жар салышып турган кездери.






Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan