"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНын ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНын
МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2008-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "секретариат" деген сөз ар түрдүү жөндөмөлөрдө жана сандык формаларда "бөлүм (сектор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 18-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ар бир депутаттык фракция түзүмү жана штаттык саны Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан аныкталган бөлүм (сектор) тарабынан камсыздалат".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 15-декабры, №261.


"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮ
ЖАНА ТОЛУКТОО КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛуУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2008-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти женүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
26-главада:
главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "26 ГЛАВА. СОТ АДИЛЕТТИГИ ИШТЕРИ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШТИН МҮЧӨЛӨРҮН, МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ БОЮНЧА КЕҢЕШТИН ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮН ДАЙЫНДОО";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 172-берене менен толукталсын:
"172-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын Кеңешинин эки мүчөсүн дайындайт.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамына талапкерлер депутаттык фракциялар сунуш кылган депутаттардын ичинен тийиштүү комитет тарабынан сунушталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен эки жылдык мөөнөткө дайындалат.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамына дайындалган депутаттар депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө же бошотуу жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.".
2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 15-декабры, №262.


БАЛДАРДЫ ЭМЧЕК ЭМИЗИП БАГУУНУ КОРГОО ЖАНА БАЛДАРДЫ
ЖАСАЛМА ТАМАКТАНДЫРУУ АЗЫКТАРЫНЫН ЖАНА КАРАЖАТТАРЫНЫН МАРКЕТИНГИН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2008-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзамдын максаты болуп балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жолу менен балдардын, атап айтканда ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын ден-соолугун сактоо саналат.
1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү
Ушул Мыйзам эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, ошондой эле балдарды жасалма тамактандыруу азыктарын жана каражаттарын таратуу жана жайылтуу жагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Баланын укуктары жөнүндө Конвенциядан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана макулдашууларында ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, ошол келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Балдардын тамак-аш аралашмасы - ымыркайларды жана кенже курактагы балдарды тамактандырууга арналган, жаныбар же өсүмдүк тегиндеги өнөр жай өндүрүшүндө жасалган, сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген сүт же сүт сыяктуу тамак-аш азыгы.
Кенже курактагы балдар - он эки айдан эки жашка чейинки курактагы балдар.
Ымыркай - он эки айга чейинки курактагы бөбөк.
Маркетинг - белгилүү бир тамак-аш азыгын жана каражатын жайылтуу, таратуу, сатуу буга коомчулук менен байланышты камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык камсыздоо да кирет.
Материалдар жана жабдуулар - медико-санитардык жардам берүүгө арналган медициналык же бөлөк жабдуулар жана каражаттар, саламаттык сактоо уюмдары жана социалдык камсыздоо мекемелери колдонуучу башка материалдар.
Саламаттык сактоо уюмдары - боюнда бар аялдарга, ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын энелерине медико-санитардык жардам берүү жагында тикелей же кыйыр түрдө иш алып баруучу мамлекеттик, муниципалдык же жеке медициналык мекемелер жана уюмдар. Ушул Мыйзамдын алкагында бул түшүнүк дарыканаларды жана башка фармацевтикалык мекемелерди өзүнө камтыбайт.
Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктар жана каражаттар (мындан ары -белгиленген азыктар):
1) ымыркайлар жана кенже курактагы балдар үчүн балдардын аралашма азыктары;
2) ымыркайларды алты айына чейин тамактандырууга жарамдуу болгон, сатылуучу же кандайдыр бир башка ыкмалар менен берилүүчү ар кандай башка азыктар;
3) кошумча тамактар;
4) эмизүүчү бөтөлкөлөр, упчулар (эмилүүчү идиштер), курук упчулар;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан балдарды жасалма тамактандыруу азыктары катары таанылган, ушул Мыйзамдын колдонулуусуна туура келген башка азыктар.
Белгиленген азыктардын партиялары - жасап-чыгаруучу же таратуучу тарабынан социалдык максаттар үчүн акысыз же арзан баада узак мезгил бою берилип келген белгиленген азыктардын белгилүү бир өлчөмү;
Белгиленген азыктарды жасап чыгаруучу - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн белгиленген азыктарды жасап


ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О ВНЕСЕНИИ ИЗМЕНЕНИЙ В ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"О РЕГЛАМЕНТЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ"
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
31 октября 2008 года
Статья 1. Внести в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" (газета "Эркин Тоо" от 18 января 2005 года № 4-5) следующие изменения:
1. По всему тексту Закона слово "секретариат" в различных падежных и числовых формах заменить словами "отдел (сектор)" в соответствующих падежах и числах.
2. Часть 3 статьи 18 изложить в следующей редакции:
"Каждая депутатская фракция обеспечивается отделом (сектором), структура и штатная численность которого определяются Торага Жогорку Кенеша".
Статья 2. Настоящий Закон вступает в силу со дня официального опубликования.

Президент Кыргызской Республики К. БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 15 декабря 2008 года, №261.


ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О ВНЕСЕНИИ ИЗМЕНЕНИЯ И ДОПОЛНЕНИЯ
В ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ "О РЕГЛАМЕНТЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ"
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
14 ноября 2008 года
Статья 1. Внести в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" (газета "Эркин Тоо" от 18 января 2005 года № 4-5) следующие изменение и дополнение;
в главе 26:
название главы изложить в следующей редакции: "ГЛАВА 26. НАЗНАЧЕНИЕ ЧЛЕНОВ НАЦИОНАЛЬНОГО СОВЕТА ПО ДЕЛАМ ПРАВОСУДИЯ, ЧЛЕНОВ СОВЕТА ПО ГОСУДАРСТВЕННОЙ СЛУЖБЕ И СОВЕТА СЧЕТНОЙ ПАЛАТЫ";
главу дополнить статьей 172 следующего содержания:
"Статья 172. Жогорку Кенеш Кыргызской Республики назначает двух членов Совета Счетной палаты.
Кандидатуры в состав Совета Счетной палаты представляются соответствующим комитетом из числа депутатов, предложенных депутатскими фракциями, и назначаются Жогорку Кенешем тайным голосованием большинством голосов от общего числа депутатов сроком на два года.
Депутаты, назначенные в состав Совета Счетной палаты, могут быть отозваны по решению Жогорку Кенеша, принятому двумя третями голосов от общего числа депутатов.
По вопросу о назначении или освобождении члена Совета Счетной палаты Жогорку Кенеш принимает постановление".
Статья 2. Настоящий Закон вступает в силу с момента подписания.

Президент Кыргызской Республики К. БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 15 декабря 2008 года, №262.


ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О ЗАЩИТЕ ГРУДНОГО ВСКАРМЛИВАНИЯ ДЕТЕЙ И РЕГУЛИРОВАНИИ
МАРКЕТИНГА ПРОДУКТОВ И СРЕДСТВ ДЛЯ
ИСКУССТВЕННОГО ПИТАНИЯ ДЕТЕЙ
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
30 октября 2008 года
Целью настоящего Закона является охрана здоровья детей, в частности младенцев и детей младшего возраста, путем защиты и пропаганды грудного вскармливания детей, регулирования маркетинга продуктов и средств для искусственного питания детей.
ГЛАВА 1. ОБЩИЕ ПОЛОЖЕНИЯ
Статья 1. Сфера действия настоящего Закона
Настоящий Закон регулирует отношения между государственными органами, органами местного самоуправления, юридическими лицами и гражданами в области защиты и пропаганды грудного вскармливания, а также распространения и продвижения продуктов и средств для искусственного питания детей.
Статья 2. Законодательство Кыргызской Республики о защите грудного вскармливания детей и регулировании маркетинга продуктов и средств для искусственного питания детей
Законодательство Кыргызской Республики в области защиты и пропаганды грудного вскармливания детей состоит из настоящего Закона, Конвенции о правах ребенка и других нормативных правовых актов Кыргызской Республики.
Если международными договорами и соглашениями Кыргызской Республики установлены иные правила, чем те, которые предусмотрены настоящим Законом, то применяются правила таких договоров и соглашений.
Статья 3. Основные понятия и определения, используемые в настоящем Законе
Детская питательная смесь - продукт для искусственного питания младенцев и детей младшего возраста, молочного или подобного молоку животного или растительного происхождения, изготовленный промышленным способом в соответствии с требованиями, установленными законодательством Кыргызской Республики к качеству.
Дети младшего возраста - дети в возрасте от двенадцати месяцев до двух лет.
Младенец - ребенок в возрасте до двенадцати месяцев.
Маркетинг - продвижение, распространение, продажа обозначенных продуктов и средств, включая обеспечение связей с общественностью, а также информационное обеспечение.
Материалы и оборудование - медицинское или иное оборудование, средства для оказания медико-санитарной помощи и иные материалы, используемые организациями здравоохранения и учреждениями социального обеспечения.
Организации здравоохранения - государственные, муниципальные или частные медицинские учреждения или организации, занятые прямо или косвенно оказанием медико-санитарной помощи беременным женщинам, матерям младенцев и детей младшего возраста. В рамках настоящего Закона это понятие не включает аптеки или другие фармацевтические учреждения.
Продукты и средства для искусственного питания детей (далее - обозначенные продукты):
1) детская питательная смесь для младенцев и детей младшего возраста;
2) любой другой продукт, продаваемый или представленный каким-либо другим способом, пригодный для вскармливания младенцев до шести месяцев;
3) прикорм;
4) бутылочки для кормления, соски (рожки), соски-пустышки;
5) любые другие продукты, признанные уполномоченным государственным органом продуктами и средствами для искусственного питания детей, подпадающими под действие настоящего Закона
Партии обозначенных продуктов - определенное количество обозначенных продуктов, предоставляемых производителем или распространителем в течение продолжительного периода времени безвозмездно или по низкой цене для социальных целей.
Производитель обозначенных продуктов - физическое или юридическое лицо, занимающееся произ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan