email • архив • редакция   




Урматтуу окурмандар!
2009-жылдын 1-жарым жылдыгына "Эркин Тоо" гезитине республикабыздын бардык почта түйүндөрүндө жазылуу жүрүп жатат.
Жазылуу баасы (почта кызматын кошкондо):
Бишкек шаары боюнча: 1 айга - 108 сом 64 т.
6 айга - 651 сом 84 т.
Республика боюнча:
1 айга - 116 сом 40 т.
6 айга - 698 сом 40 т.
ИНДЕКС - 68451




  майда - маани

Орус драма театрына Айтматовдун ысымы расмий ыйгарылат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин атайын Жарлыгына ылайык бүгүн Бишкек шаарындагы Мамлекеттик улуттук Орус драма театрына Чыңгыз Айтматовдун ысымы расмий түрдө ыйгарылмакчы. Театрдын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда иш чарага КРнын Маданият жана маалымат министри Султан Раев баш болгон бир топ көрүнүктүү маданий кызматкерлер катышышат.

Курулуш иштеринин ыргагы басаңдоодо
Кечээ КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров "Кабар" агенттигинде финансылык кризистин кесепеттеринен учурда өлкөдөгү курулуш иштеринин ыргагы байкалаарлык басаңдап жаткандыгын билдирди. Мындай ыргак курулуштун бардык түрүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошого карабастан быйыл ири инфраструктуралык долбоорлорго 3,4 млрд. сом капиталдык салым өздөштүрүлгөн.

Мунара Сыдыкованын алтын медалы
Кара-Балта шаарынын тургуну, кара-балталык "Барс" спорттук клубунун спортчусу Мунара Сыдыкова Ташкент шаарында өткөн каратэ -до боюнча Азия чемпионатында 15-16 жаштагы 45 кг салмактагы оюнчулар арасында жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду. Бул маалыматты каратэ боюнча Улуттук федерациянын аткаруучу директору Сагынбек Кылычев "Кабар" агенттигине билдирген. Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 17 байгелүү орундарга ээ болушуп, өзгөчө сыймыкка татып кайтышты,- дейт Сагынбек Кылычев.