Жол оңолсо жашоо оңолот
Ош ­ Баткен ­ Исфана автожолдор башкарма-лыгынын начальниги Темирбаев Каныбек Токтосунович менен маек
­ Каныбек Токтосунович, Баткен облусунун аймагында жол маселеси өтө оор экени белгилүү. Жолдорду учур талабына ылайык оңдоо үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?
­ Чындыгында Баткен облусунун аймагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири жол болуп эсептелет. Ошондуктан, республикабыздын эң алыскы аймагындагы облустун жолун оңдоону урматтуу Президентибиз Бакиев Курманбек Салиевич өзү көзөмөлгө алып, мамлекеттик деңгээлде колдоолорду көрсөтүп жатат. Өткөн жылы 2006­жылга караганда мамлекеттик бюджеттен каражат 9 эсеге көп бөлүндү, башкача айтканда 165 миллиондон ашык сумманы түздү. Анын ичинен мааниси чоң Лейлек районунун аймагындагы Максат­Жаштык жолу курулуп, пайдаланууга берилди. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Бүргөндү­ Пүлгөн жолун куруу боюнча да бир топ иштер аткарылды. Бул жолду курууга Баткен облусунун жалпы элинин демилгеси күчтүү болду. Жол алгач ашар ыкмасы менен курула баштап, республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнүп, 49 километр жол курулуп бүтүп, эми эки жылдан бери Баткен, Лейлек райондорун жана Сүлүктү шаарынын эли Сох анклавына кирбестен өлкөбүздүн башка аймактары менен катташканга шарт түзүлдү. Быйылкы жылы бул жолду асфальттоого республикалык бюджеттен 100 млн. сом каражат бөлүнүп, учурда асфальт төшөө иштери болуп жатат. Андан сырткары Баткен району менен Кадам­Жай районунун чектешкен аймагынан өткөн чоң Сох дарыясына көпүрө курулду. Бул көпүрөнүн бүтүшү менен коңшу Өзбекстанга кирбей, түз Кыргызстандын аймагынан жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эл мурдагыдай Өзбекстандын чек ара, бажы постторуна кабылып, канчалаган түйшүктөрдү тартып келишсе, эми андай көйгөйлөрдөн арылышты.
­ Тажикстандын аймагынан өткөн жолдор бар эле, бул багытта дагы кандай иштер аткарылууда?
­ Коңшулаш Тажикстандын Сурх жана Чорку айылдарын айланып өтүүчү автомобиль жолун куруу үчүн Еврокомиссия 6,5 миллион евро бөлүүгө чечим кабыл алган. Быйыл жалпы узундугу 23,5 км болгон бул чоң жолдун курулушу башталып, бир топ иштер аткарылган. Кудай буюрса, бул жолдун курулушу аякташы менен Баткен менен Лейлектин, Сүлүктүнүн ортосундагы проблема болуп келген анклавы аркылуу өтүүчү жолдун кереги жок болуп калат. Арийне, ушул объекттердин бүтүшү менен Баткен областы толук транспорттук көз карандысыздыкка жетишип, бул республикабыз үчүн саясый да, тарыхый да мааниси бар маселе деп ойлойм. Буюрса, Бишкек ­ Ош жолунун уландысы болгон Ош ­ Ноокат ­ Баткен ­ Исфана автожолунун долбоорун келерки жылдан баштап ишке ашыра баштайбыз. Бул максатта Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен республиканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган банктан 20 млн. долларлык грант маселесин чечкени белгилүү.
­ Сиз жетектеген башкармалыктын карамагында канча чакырым автожолдор бар?
­ Бүгүнкү күндө Ош ­ Баткен ­ Исфана автожолдор башкармалыгынын карамагында № 5 Баткен жол чарба мекемеси, № 13 Лейлек жол чарба мекемеси жана № 46 Кадам­Жай чарба мекемелери бар. Жалпысынан биздин башкармалыкка 1201 чакырым аралыктагы жолдорду көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Анын ичинен 33 чакырым эл аралык маанидеги жолдор болуп эсептелет, ал эми 138 чакырым аралыктагы жолдор мамлекеттик маанидеги, андан тышкары 730 чакырым жергиликтүү маанидеги жолдор болуп эсептелет. Бул жолдорду техникалык категорияларга бөлүп карасак, 179 чакырым жол III категориядагы, 547 чакырым аралыктагы жолубуз IV категориядагы, ал эми 474 чакырымды түзгөн V категориядагы жолдорубуз бар.
­ Үстүбүздөгү жылдын 9 айында сиздердин башкармалык тарабынан белгиленген план­тапшырмалар аткарылдыбы?
­ Албетте, биздин башкармалыктын карамагындагы мекемелерде иштеген жумушчулар өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарышып, белгиленген план­тапшырмаларды ашыгы менен аткарууга бардык аракеттерди көрүштү. Эгерде фактыларга кайрыла турган болсок, 2008­жылдын 9 айында жалпысынан 75638,8 миң сомдук жумуш аткаруу белгиленсе, биздин жумушчулардын астейдил аракетинин натыйжасында 81229,5 миң сомго жеткирип жумуш аткарып, белгиленген план­тапшырманы 107 пайызга аткарууга жетишти. Же болбосо 2007­жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аткарылган иштин көлөмү 155 пайызга жогорулаган. Белгилей кетүүчү нерсе, анын ичинен 11366,3 миң сомдук капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп, 22950,5 миң сомдук облустун аймагындагы жолдордо орто ремонт иштери жүргүзүлүп, ал эми 6889,4 миң сомдук чуңкурларды жамоо иштери аткарылды.
­ Учурда Баткен облусунун аймагында жолдорду, көпүрөлөрдү кайсыл курулуш ишканалары куруп жатат?
­ Жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга биздин башкармалыктын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу башка курулуш ишканаларына тендер өткөрүп, анын негизинде курууга уруксат берилет. Учурда облусубуздун аймагында бир топ курулуш ишканалары жолдорду асфальттап, көпүрөлөрдү куруп жатышат. Мисалы, Пүлгөн ­ Бүргөндү ­ Баткен жолунун Сох дарыясындагы көпүрөнү Жалал­Абад курулуш башкармалыгы куруп, 59091,5 миң сомдук жумуш аткарышты. Ал эми Лейлек районунун аймагындагы Максат ­Жаштык жолун курууну жана Ош ­ Баткен ­ Исфана автожолунун 314­315 км, 320­321 км аралыктагы жолго асфальт төшөлүп, 8801 миң сомдук жумуш бүткөрүлгөн. Ошондой эле "Манас" акционердик коому Ош ­ Исфана автожолунун 220­222,1 км аралыгына асфальт төшөп, 10270,7 миң сомдук иштер жасалган. Андан сырткары "Байзаман" ЖЧК тарабынан да 2762,4 миң сомдук курулуш иштери аткарылган. Биз аталган ишканалардын бүткөргөн иштеринин сапаттуулугуна чоң маани беребиз.
­ Сиздердин башкармалыктын техникалык базасы кандай, жаңы техникалар келип жатабы?
­ Ош ­ Баткен ­ Исфана автожолдор башкармалыгында азыр 80ге жакын жол курууга зарыл болгон техникалар бар. Алардын ичинен 29у жүк ташуучу автоунаалар, 51и ар кандай маркадагы тракторлор. Тилекке каршы, бул техникалардын көпчүлүгү эскирип, кызмат көрсөтүү мөөнөтүн аяктаган техникалар. Алар бат­бат бузулгандыктан, өндүрүмдүү иштөөсү камсыз болбой жатат. Акыркы жылдары Транспорт жана коммуникациялар министри Сулайманов Нурлан Чолпонкуловичтин түздөн­ түз көмөгү менен биздин башкармалыкка бир нече жаңы техникалар берилди. Ошого карабастан автогрейдерлердин 71%ы, бульдозерлордун 86%ы, эксковаторлордун 66%ы, тракторлордун 77%ы, ал эми жүк ташуучу унаалардын 80%ы эски экени биздин ишибизге өз кедергисин тийгизип жатат. Үстүбүздөгү жылы техникаларды оңдоого 1,675 миң сом каражат жумшалды.
- Жолдорду ремонттоого каражат жетиштүү деңгээлде бөлүнүп жатабы?
­ Бүгүнкү күндө жетиштүү деп айтсак болот. Мындан 2­3 жыл мурда жолдорду оңдоого каражат аз каралса, эми жылдан жылга каражат арбын бөлүнүп, өз убагында берилип, бир топ иштер аткарылууда. Быйылкы жылы эле биздин облустун аймагындагы жолдорду оңдоого 186 млн. сом каралып, белгиленген график боюнча акчалар бөлүнүп жатат. Бул каражатка 70 километр бүдүрлүү жол оңдолуп, 6 километр асфальт, 10 километр гравит төшөлөт жана Бешбала айылынын жанына жаңы көпүрө бүткөрүү каралган.
­ Жумушчулардын эмгек акылары өз убагында берилип жатабы?
­ Ооба, азыр жумушчуларыбыз ай сайын эмгек акыларын кечиктирбей алышат. Мындан 1­2 жыл мурда абал бир топ оор болуп, жумушчулар айлыктарын 3­4 ай албай, жумуштан кеткендер көбөйгөн экен. Азыр ишканабыз экономикалык жактан жакшы абалда десек болот. Учурда биздин башкармалыкта жалпысынан 162 адам эмгектенүүдө. Быйылкы жылы эле 28 адамды жумушка алдык. Жумушчулардын социалдык маселесине да өзгөчө маани берилип, колдоолор көрсөтүлүүдө. Эң жакшы иштеген жумушчуларга ай сайын сыйлыктар берилет. Ошондой эле жумушчулардын өндүрүмдүү иштөөсүнө зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жамаатымды жана жалпы эле элибизди келе жаткан жаңы жыл майрамы менен чын ыкластан куттуктайм. Жаңы жыл ар бир үй­бүлө үчүн ийгиликти алып келген ак жолтой жыл болсун, өлкөбүздө бейпилдик болушуна тилектешмин.

Маектешкен
А.ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan