22-декабрь - Энергетиктердин күнү

Кыргызстан энергетикалык кубаттуу өлкөгө айланат
Азыр энергетика маселеси коомчулуктун көңүлүнүн борборунда. Энергетиканын бүгүнкү абалы кандай, эртеңи эмне болот деген суроолорду багып мен да Нарын дарыясын бойлоп, энергия чыгарган ишканаларга сапар алдым.
Үмүт чачкан куш кабар
Менин суроолорума жооп кылып, үмүт байлаган алгачкы жагымдуу куш кабар Кара-Көл шаарынын жогору жагындагы Кара-Суу суусунун жээгине курулуп, ишке киргизилгени жаткан 80 киловаттык "Капчыгай" кичи ГЭСи болду. Адегенде 40 киловатт, андан кийин дагы 40 киловатт менен ишке киргизиле турган бул кичи ГЭС ошол жерде жашаган тейлөөчү жайларды толук камсыз кылат экен. Энергетиктердин майрамына карата жагымдуу алгачкы кабарыбызды ушундан баштайлы,-деди Кара-Көл шаарынын мэри Толкунбек Молдомуров.
Булактан дайра курулат, демекчи жакында кичи,чакан ГЭСтердин саны арбып, Кыргызстан күчтүү энергетикалык мамлекет болоруна үмүт байлап жашап туралы.

Чакан ГЭСтин курулушу башталды
Каракөл шаарынын мэри Толкунбек Молдомуров андан кийин Кара-Көл шаарынын экинчи башында "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому тарабынан курула баштаган курулушка алып келди.
- Кыргызстанда чакан ГЭСтер учурунда көп эле болгон, бирок ири ГЭСтер курулганда аларга көңүл бурулбай , талкаланып жок болгон. Биз азыр аны кайра колго алып жатабыз. Кыргызстандын жери кудай берген сонун жерлер. Мына ушул Кара-Суу суусунан 12 мВт электр энергиясын ала турган чакан ГЭС курса болот деп эсептешкен. Биз долбоорду кайра 18 мВтга ылайыктап өзгөрттүк. Анткени бизге жаратылыш өзү жардам берип жатат,-дейт ГЭСтин негизги курулуш иштери боюнча жетекчиси Анарбек Мамытов. Ал эми бул ГЭСтен чыккан энергия кышында Кара-Көл элинин, ал эми жайында Токтогул районунун жашоочуларын жарык менен камсыз кыла алат.
ГЭСтин жолун тегиздеп, пайдубалын ырастоо иштери жүрүп жатыптыр. Онго жакын техника иштеп жаткан экен. Башкы инженер Алымбек Турдубаев бул чакан ГЭСти 2009-жылдын 22-декабрына чейин бүтүрөбүз деп максат кылганын билдирди.

Ири ГЭСтердин иштери
Нарын суусун бойлото жайгашкан Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтеринде иш ыргагы жакшы эле жүрүп жатат. Республиканын түштүгүндөгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары ушул ГЭСтердин энергия булактарынан алат. Жалал-Абад облусу болгону электр энергиянын 10 пайызын гана пайдаланат.
Токтогул ГЭСтери каскады "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун эң ири ишканаларынын бири.Токтогул ГЭСи 33 жылдан бери, Күрп-Сай ГЭСи 27 жылдан ашуун убакыттан бери республикабызды электр энергиясы менен камсыз кылып келе жатат. Коңшулаш Казакстан, Өзбекстандан тышкары Россия Федерациясына да электр энергиясын экспортко берип келген. Экспорттолгон электр энергиясынын эсебинен Россия Федерациясы электр жабдуулары менен, Өзбекстан, Казакстан көмүр,газ жана күйүүчү май менен эсептешкен.
Кургакчылыкка байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2008-жылдын 10-декабрында 8 814,0 млрд. м3 түзгөн, ал эми өткөн жылдын бул датасында 12 057,75 млрд. м3 суу болгон.
ГЭСте иштегендер мындай кыйын шартта электр энергиясын иштеп чыгаруу чоң жоопкерчиликти талап кыларын айтышты. Анткени, агрегаттар чектелген суу басымынан төмөнкү басымда иштетилип электр жабдуулары, тетиктери вибрацияга дуушар болуп жатыптыр. Бул көрүнүш жабдуулардын иштен чыгуусуна, ремонтторду нормативтик иштөө мөөнөтүнөн мурда тез-тез өткөрүүгө алып келет экен.
Быйылкы жылдын 11 айынын ичинде Токтогул ГЭСтери каскады 6 млрд. квт.сааттан ашык электр энергиясын өндүрүп чыгарды, мунун ичинде Токтогул ГЭСи 3 млрд. квт.сааттан ашуун, Күрп-Сай ГЭСи 2 млрд.квт.сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарган. Албетте, бул мурунку жылга салыштырмалуу 1,5 эсе аз. Себеби эле суунун аздыгы.
Ал эми бардык өндүрүлгөн электр энергиясынын товардык продукциясынын акчалай көлөмү 1776,3 млн. сомду түзгөн.
Ишкананын директору Б.Нурбаевдин айтымында Токтогул, Курпсай ГЭСтеринин жабдууларын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жалпысынан 109,7 млн. сом акчалай каражат сарпталган.
"Токтогул ГЭСтери Каскадынын эмгек жааматында тажрыйбалуу адистер иштеп жатат. Улуу муундагы адистер өз тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүдө", - дейт Б.Нурбаев.
Энергетик Салимбай Турсунбаев: -Табигаттагы кургакчылыктын таасири таамай тийип , суунун азайышы биздин өндүрүштүн ишине чоң тоскоолдук болсо да учурдун талабына жооп берүүгө, элибизди жылуулукта, жарыксыз калтырбоо үчүн аракет кылып жатабыз,-дейт.
Жыл өткөн сайын кадрлардын иштен тынымсыз бошоп кетип жатышын алдын алып ар түрдүү курстарга жөнөтүп, билимдерин жогорулатып жатышканын билдик. Б.Нурбаевдин айтымында 126 инженер, 75 жумушчу өз кесиптерин тереңдетип жогорулатуучу курстардан окуган, 4 адис Кыргыз Республикасынан сырткары жактан окуп келген.
Токтогул ГЭСтери каскадынын курамына Токтогул ГЭС, Күрп-Сай ГЭС, Жылуулук энергиясы жана коммуналдык тейлөө ишканасы, Автоунаалар ишканасы, Куралдуу күзөт бөлүмү кирет.
Токтогул ГЭСтери каскадынын капиталдык курулуш, өндүрүштүк курулуш базасы тарабынан жаңылоо, реконструкциялоо, модернизациялоо жана жаңы курулуш иштерин жүргүзүүдө алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Б.Нурбаевдин айтымында Кара-Көл шаарында чала бүтүп токтоп калган көп кабаттуу 55 батирлүү үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Эмгекчилердин муктаждыгын канааттандыруу максатында көп кабаттуу 195 батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатат. Ал 2009-жылы пайдаланууга берилет экен.
Б.Нурбаев ТГЭСКнын башкармалыгында курулган галерея да бүтүп майрам алдында пайдаланууга берилип жаткандыгын кабарлады.

Камбар-Ата - кылым курулушу
Андан кийин кылым курулуш деп аталган Камбар-Ата ГЭСине сапарыбыз уланып, бир күн ал жерде болдум. Тээ союздун мезгилиндегидей кызуу иш жүрүп жатыптыр. Ар кимиси өзүнүн иши менен алек. Кире бериштеги көзөмөлдөө бөлүгүнөн уруксат алып, ишкананын конторуна баш бакканда ар жумада өткөрүлүп туруучу өндүрүштүк проблемаларды талкуулоочу жыйын болуп жаткан экен. Кирип бир аз баам салып отурдум. Акционердик коомдун жетекчиси Альберт Абазбеков ишканадагы жетекчи, адистерди топтоп алып, аткарылган иштер жана аткарыла турган иштер тууралуу талкуулап жатышыптыр. Ар тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн проблемаларын ортого салып аткарган иштерин айтып, маселе жеринде чечилип жатты.
Негизги жабдуулар башкармасынын башчысы Осмон Качкынбаев бизди 7ден ашык ишкана, 3500-4000дей адам күнү-түнү иштеп жаткан Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна алып барды. Жер алдындагы жумуштар дээрлик соңуна чыгып, суу келүүчү туннель ачылыптыр. А дегенде тоонун башына чыгып, сөөктөн өтүп аркыраган суукту капарга албай, болуп жаткан курулуштун масштабына суктана, таң кала карап турдук. Ушундай чоң курулуш Кыргызстанда өз күчүбүз менен курулуп жатканына сыймыктандык. Оппозиция оозун куу чөп менен аарчып, көздөрүн май басып жатканына таң каласың.
Суу топтогуч аянтта тынымсыз иш жүрүп жатыптыр. Бул жерге топтолгон суу айланып ток чыгаруучу агрегатка түшүүчү агымы күч суу тоо астынан тешип жасалган үч туннель аркылуу келет экен.
Ал жерде келечекте 70 миллион кубометр суу турат экен. Килейген жүк машиналары ары-бери каттап, ширетүүчүлөр, монтаждоочулар, башка да адистер, жумушчулар бири-бири менен сүйлөшүп алганга чоло жок иштеп жатышыптыр.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери боюнча 70 миң тоннадан ашуун бетон төшөлүп, арматуралык монолиттик плиталар орнотулган. Суу кабыл алуучу В1,2,3 туннелдеринин курулуш иштери жүрүүдө.
Буюрса, 2009-жылдын 22-декбарына маңдайдагы кичи тоону аттырып, кулатып сууну тосуп, алдыга койгон максат - биринчи агрегатты ишке беребиз,-деди Осмон Качкынбаев. Цемент Канттан, арматура, темирлер Россиядагы заводдордун өзүнөн түз алынат экен. Материал, каражат боюнча азырынча олуттуу проблема жок экендигин айтышты.
О. Качкынбаев кай жерде эмне жумуш болуп жатканын, ГЭСтин өзгөчөлүгү, жумушчулардын кайратман иши тууралуу кеңири баян куруп жатты. Ал өзү Россиянын ГЭСтеринин курулуштарында иштеп келген мыкты адистерден, ошондуктан бул долбоордун майда-чүйдөсүн тим эле куюлуштура түшүндүрүп жатты.

Эл Баатыры эмгектенген бригада
Анан тоонун бери жагына өтүп, станциянын имараты курулуп жаткан жерге келдик. Айтылуу Кыргыз Республикасынын Баатыры, энергокуруучулар бригадасынын бригадири Курманбек Арыковдун тобу ушул жерде иштейт экен. Алар агрегаттын блогунун негизин куюп жатышыптыр. Буюрса, дал ошолор даярдап жаткан жерге жакында Россиядан алып келинген агрегат орнотулат. Демек, алардын иши жооптуу.
Чогуу иштегендердин айтымында Кыргыз Эл Баатыры Курманбек Арыков өтө жөнөкөй, бирок мээнеткеч.
К.Арыков Эл Баатыры болгондон кийин курулуштар токтоп калганда Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу боюнча маселени бир канча жыл мурда көтөрүп, Өкмөт башчысына, тиешелүү министрликке коюп келген. Аны жакшы билгендер жөнөкөй көрүнгөнү менен өжөр, чечкиндүү экенин айтышты. "Баатырдык наамды алып коюп, унчукпай жүрө бербей, ошол Баатырдык наамды берген эл үчүн бир пайдалуу иш жасаш керек" деген принцип менен жашайт. Бул жолу баатыр менен кездеше алган жокмун. Ал Бишкекке директорлор Кеңешинин мүчөсү катары чакырылып кетиптир.
О. Качкынбаевдин айтымында, станциянын имаратын курууда 17 кран, ар кайсы типтеги 50 автоунаалар тынымсыз иштеп жатышат. Вахта сайын 1800 адам жумушка келет, баары болуп курулуш ишине 4 миңдей киши тартылган. Себеби, курулушту камсыз кылуучу ишканалар да бар. Мисалы, саатына бирөө 70, экинчиси 50 кубометрден ашык продукция чыгарган эки бетон заводу иштеп жатат, башка да базалар бар. Эгер үч агрегаттын баары ишке кирсе, ар бир агрегат 120 мегаватт кубаттуулукта болгондо, демек 360 мегаватт электр энергиясын берип турат. Андан тышкары, айтып өткөндөй 70 миллиондон ашык кубометр суу кармалып турат. Кийин Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, анын кубаттуулугу 1800 мегаваттан ашык болот. Бул Борбордук Азиядагы эң күчтүү энергетикалык жабдуу болмокчу.
Азыркы курулушка "Нарынгидроэнергострой" АКсы буюртма берген менен бул ишке өзү да түздөн-түз катышып жатат. Анын негизги жабдуулар башкармасы, Механизация жана унаа башкармасы, Жер асты жана тоону ачык иштетүү башкармасы негизги иштерди жасап жатышат.
Андан тышкары, курулушка "Гидромонтаж" ЖЧКсы, "Сууэнергокурулуш", "Суукурулуш", "Ортоазиялык электромонтаж" (ЭСАМ), "Атайынсууэлектромонтаж" сыяктуу ишканалар катышууда. Алардын ар биринин атайын иши, жоопкерчилиги бар.
Акционердик коомдун жетекчиси Альберт Абазбеков Россиядан алып келинген агрегатты бул жакка алып келүү боюнча даярдык иштери болуп жатканын, бул иште жардам берген "Манас" аэропортуна ыраазы экенин билдирди. Анын айтымында, ГЭСти куруу иши пландуу мөөнөтүндө бүтөт.
Ошентип энергетиканын тагдырына байланышкан ишкана, курулуштарда болуп, өз көзүм менен күбө болуп кайттым. Келечекте кичи чакан ГЭСтер ишке кирип Кыргызстанды тейлеп, ал эми ири ГЭСтердин чыгарган энергиясы экспорттолуп турса, мамлекетибиз кубаттуу энергетика өлкөсү болооруна толук ишеним пайда болду.
Орозалы Карасартов,
Жалал-Абад областы.


Камбар-Атада иш өз ыргагында жүрүүдө
Аба ырайынын сууп, кыш түшүп калганына карабастан Камбар­Ата­2 ГЭСинде курулуш иштери өз ыргагында жүрүүдө. Бул туурасында "Нарынгидроэнергострой" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Кубан Жакыпов билдирди.
Анын сөзү боюнча азыркы учурда бардык негизги курулуштарда, б.а. станция имаратын, суу кабыл алуучу жана берүүчү жайда, туннелдерде жана Камбар­Ата­1 ГЭСине карай автожолдо курулуш­монтаждоо иштери жүрүүдө. Бардык негизги курулуштарда, эки нөөмөттө иштөөчү курулуш аянттарын жер алдындагы туннель курулушун энергия жана суу менен камсыздоо иштери калыбына келтирилген. Башка объекттерден жүк көтөрүүчү механизмдер, кран жана автотранспортторду алып келүү аяктады. Курулуш аянтына курулушчулардын алдына коюлган милдеттерди аткарууга керектүү көп сандагы чакан жана оор, мобилдүү техникалар коюлган. Жумушчулар үчүн күнү­түнү тамак уюштурулган, жатакана жана иш ордуна жеткирүү камсыз кылынган", ­ дейт К.Жакыпов.
Ошондой эле ал курулуш иши башталган 2007­жылдын ноябрь айынан 2008­жылдын ноябрына чейин ГЭС курууда 68 миң 949 куб/м бетон куюлуп, 111 миң 082 куб/м топурак казылып алынып, 55 миң 927 куб/м топурак тегизделип төгүлгөн, 627,3 тонна металл конструкциялары чогултулуп, 195 тонна металл конструкциялар монтаждалган, 1 миң 770 кв/м аянт цементтелген. ГЭСтин бир катар негизги курулуштарын тургузуу толук аяктаган.
Б.Султанбекова






Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan