Улуттук коопсуздук кызматы 90 жашта

Өлкө коопсуздугу ишенимдүү колдордо
Кечээ Кыргызстандын Коопсуздук органдары 90 жылдык юбилейин белгилешти. Бул салтанатка байланышкан жыйын Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, ага өлкө башчысы К.Бакиев катышып, сөз сүйлөдү.
Улуттун коопсуздугун камсыз кылуу менен кызыкчылыктарын коргогон органдын пайда болгонуна кылымга жакын убакыт болгонун белгилөө менен "Чекисттердин көптөгөн муундары өлкөнүн калыптануу мезгилинде, согуштун каардуу кезинде жана тынчтык убагында мамлекеттин коопсуздугун татыктуу камсыздап, Ата Мекенди коргоп келишти. Бул күнү улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине ак ниет менен өтөгөн кызматтары үчүн ыраазычылык билдиргим келет",-деп айтты Президент.
К.Бакиев ошондой эле акыркы мезгилде болуп жаткан окуялар мамлекеттин бекем болушун, улуттун коопсуздугу ишенимдүү камсыздалышы керектигин көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, эл аралык терроризм менен диний экстремизмдин ишмердигинен келип жаткан сырткы коркунучтар барган сайын өсүп жатканын айтты.
"Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча системалык иш алпаруу дагы маанилүү орунда турат. Мындай маселелердин үстүндө иштөөдө ийгиликке жетишээриңерге ишенем. Бизде жогорку даражадагы мыкты адистер бар. Бүгүнкү күнү эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматтарында акыйкаттык, чынчылдык жана эр жүрөктүүлүк менен жарандардын укугун жана эркиндигин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жашоосундагы негизги максат болгон жаш кызматкерлер иштешет",-деди өлкө башчысы.
Президент өз кезегинде мамлекет жетекчилиги Улуттук коопсуздук комитетинин материалдык-техникалык жана кадрдык потенциалын бекемдөө, аскер кызматкерлеринин социалдык жана укуктук корголуусун жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшаарын белгиледи. "Ушул жылы күч структураларында эмгектенген кызматкерлерди акчалай камсыздоо жогорулатылды, жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча да чаралар көрүлдү, каза болгон аскер кызматкерлеринин, ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мындан ары да укук коргоо органдарын колдой бере тургандыгыбызга баарыңарды ишендирип кетем",-деп билдирди К.Бакиев.
Андан ары Президент азыркы шартта бийликтин бардык бутактарынын жана бүткүл элдин жалпы аракети укуктук жана демократиялык мамлекетти куруу үчүн багытталганын белгиледи. "Көрүлүп жаткан чараларга жараша өлкөнүн стабилдүүлүгү камсыздалып турат. Ал эми стабилдүүлүктүн орноп турушуна улуттук коопсуздук органдарынын эмгеги зор. КМШ, ШКУ, ЖККУ сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен бирдиктүү аракеттерди тереңдетүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Терроризм, наркотрафик сыяктанган дүйнөлүк маанидеги коркунучтарга каршы күрөшүү жалпы аракет көрүүнүн аркасында гана ийгилигин берет",- деген сөзүн айтты мамлекет башчысы.
К.Бакиев улуттук коопсуздук кызматкерлери өздөрүнүн мыкты даярдыктарын дагы жогорулатуу менен Кыргызстандын коопсуздугу үчүн кам көрүшүп, элдин ишенимин акташаарын айтты. "Мен Президент жана Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы катары жана өлкөнүн Өкмөтү чекисттерди жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин татыктуу социалдык шарттар жана айлык акылар менен камсыз кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Анткени кылмыштуулукка каршы күрөшкө өздөрүн арнап койгон жана өмүрлөрү ар дайым коркунучта турган адамдар социалдык жактан корголуш керек. Жана биз бул үчүн колдон келгенин жасайбыз",-деди К.Бакиев.
Сөзүнүн акырында Президент үлгүлүү кызматы менен айырмаланган Улуттук коопсуздук кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу жыйындын соңунда майрамдык концерт тартууланды.
Ж.Эргешбаева,
"Эркин Тоо".




КРСУ - академиялык тазалыктын үлгүсү
17-декабрь күнү өлкө башчысы Курманбек Бакиев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз-Россия Славян университетинин 15 жылдык юбилейине катышты.
Алгач мамлекет башчысы филармониянын фойесинде уюштурулган КРСУнун ишмердүүлүгүнө арналган көргөзмөнү көрүп чыкты.
Андан соң университеттин тарыхы, учурдагысы, келечеги туурасындагы он мүнөттүк тасма көрсөтүлдү. Студенттердин куйкум сөздөрү менен жаштык жигерлерине баа берген Президент катышуучулардын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүнүн башында студенттик курактын сонун кез экендигин айтып, ошол убактагы мезгилди бир эскерип өттү. К.Бакиев КРСУну 15 жылдык юбилейи менен куттуктап, бул мезгил ичинде аталган ЖОЖ өлкөдөгү алдыңкы университеттердин бири, өзүнчө символ, постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер аралык уникалдуу ЖОЖ болуп калганын белгиледи. "Славян университети өзгөчө миссияны аткарат. Бул-Кыргызстандагы лидер ЖОЖдордун бири. Ал жаңы муунга улуу орус маданиятын жана адабиятын жеткирүүчү рухий борбор, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достуктун жана үзгүлтүксүз тарыхый-маданий байланыштардын өзүнчө символу болуп саналат",- деп белгиледи өлкө башчысы.
Өлкөдөгү билим берүүнүн келечегине токтолуу менен Президент билим берүү системасын өркүндөтүү республиканы жалпы жонунан өнүктүрүүгө алып бараарын белгиледи. "Ошондуктан университетке өзгөчө миссия жүктөлөт. Университет билим берүүчү гана мекеме болбостон, илим изилдөөчү, аналитикалык, маданий жана идеологиялык да борбор болушу керек",- деди К.Бакиев.
Андан ары Президент билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.
Биринчи. Баштапкы билим берүүдөн тартып, ЖОЖдон кийинки билимге чейинки бирдиктүү билим берүү системасын куруу керек. Бул үчүн бардык билим берүү стандарттарынын улануучулугуна, окутуунун бардык процессинин макулдашуусуна жетишүү зарыл. Мектепке чейинки, мектептеги, ЖОЖдогу, ЖОЖдон кийинки билим берүүнүн үзгүлтүксүз байланышынын так системасы болушу зарыл.
Экинчи. Атайын окуу жайларынын системасын кайра куруу, жөндөмдүү жаштарды таап, таланттардын ачылышына шарт түзүп, аларды колдоо зарыл.
Үчүнчү. Жогорку технологиялардын доорунда билим бат эскирет, ошондуктан университеттерде ар кандай курактагы кишилер билим алуучу борборлор болушу керек. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу системасын кайра жаратуу керек.
Төртүнчү. Дүйнөлүк билим берүү процессине андан ары интеграцияланышып, билим берүү сапатынын эларалык стандарттарын киргизүү зарыл. Мында минималдык стандарт катуу сакталууга тийиш.
Бешинчи. Билим берүүнүн милдети өлкөнүн келечектеги образына жараша аныкталуусу керек. Негизги максат-атаандашууга жөндөмдүү студенттер, атаандашууга жөндөмдүү университеттер.
Мамлекет башчысы ЖОЖдор бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу проблемасын чечүүгө активдүү катышуусу керектигин белгиледи. Президент ошондой эле билим берүү системасында коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн зарылдыгына басым жасады. "Академиялык тазалык-бул жөн гана сөз эмес. Ал студенттерди тарбиялоодо негиз болууга тийиш. Окутуучу жогорку моралдык стандарттарды алып жүргөн адам болуусу керек. ЖОЖдор мектептер менен бирдикте жаштардын адилет жана демократиялуу ой жүгүртүүсүн калыптандырып жана өнүктүрүүгө тийиш. Бул жагынан алганда КРСУ эң татыктуу үлгү боло алат",- деп белгиледи К.Бакиев.
Жолугушуунун акырында Президент Кыргыз-Россия Славян университетинин калыптануусуна жана өнүгүүсүнө салмактуу салым кошкон университет өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чара КРСУнун студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.
Ж.Эргешбаева,
"Эркин Тоо".




Сыйлык-сыймык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен көп
жылдык педагогикалык иши, жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн:
"Данакер" ордени менен сыйланды:
Зарифьян Анэс Гургенович- медицина факультетинин деканы, профессор.
"Даңк" медалы менен сыйланышты:
Кумскова Наиля Хасанова- экономикалык теория кафедрасынын башчысы, профессор, Орусбаев Абдыкадыр- гуманитардык факультеттин деканы, профессор.
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген
кызматкер" деген ардактуу наам берилди:
Бектенова Дамира Чотуевнага- финансы жана кредит кафедрасынын башчысы, профессор, Гайдамако Виктор Корнеевичке- экономика факультетинин деканы, доцент.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:
Чернецова Галина Степановна- өзүнчө хирургиялык сабактар кафедрасынын башчысы, доцент.





"Себат" билим данын себет
17-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды мырзаны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө О.Инанды мамлекет башчысына мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында,16 жыл аралыгында "Себат" 6 миң бүтүрүүчүгө турмуштук жолдомо берди. Азыркы учурда бул жерде 7 527 окуучу билим алышууда. Алардын ичинен 1925 окуучу "Ататүрк -Алатоо" эл аралык университетинде окушат. Келечекте бул көрсөткүчтү 5000ге жеткирүү пландаштырылууда.
Жыл сайын "Себаттан" билим алуу үчүн 50 миңден ашуун адам конкурстук тандоого катышып, алардан бир миңи гана кабыл алынат.
Окуучулардын контингенти көп улуттуу, 75%ы кыргыздар, 13%ы орустар, 6%ы өзбектер, 1%ы башка улуттардын өкүлдөрү.
"Себат" иштей баштагандан бери мекеменин окуучулары ар кандай эл аралык олимпиадаларга катышып, 14 алтын, 34 күмүш, 51 коло медалдарын жеңип алышты.
Президент Курманбек Бакиев "Себаттын" ишмердүүлүгүнө оң баа берип, мекеме республикадагы билим берүү системасын өнүктүрүүгө салмактуу салым кошуп жаткандыгын белгиледи. "Мен сиздерден өлкөнүн алыскы райондорунда мектептерди ачууну суранаар элем, анткени, шаарларда окутуунун сапаты кыйла жогору, ошондуктан, айыл жерлеринде окутуунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү керек. Ошондой эле окуучулар арасында диний экстремизмди жайылтууга жол бербөөгө багытталган тарбиялык иштерге өзгөчө көңүл буруу зарыл",- деп белгиледи К.Бакиев.




Канттан кем болбойбуз
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Группа "Альянс" ААКнын президенти Муса Бажаевди кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле Премьер-министр Игорь Чудинов, Чүй областынын губернатору Кубанычбек Сыйданов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Муса Бажаев мамлекет башчысына кант кызылчасын иштетүүчү "Кайыңда кант" жана "Кошой кант" заводдорунун эмне себептен иштебей тургандыгынын себептери жөнүндө маалымат берди. Жакын арада заводдор калыбына келтирилип, толук көлөмдө иштей баштаарын убада кылды.
М.Бажаев мамлекеттин бизнесмендерди, ишкерлерди активдүү колдой баштаганы инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырганын белгиледи.
Курманбек Бакиев завод ээлери өздөрүнө алган милдеттердин баары аткарылышын талап кылды. "Мамлекет ишкерлерди колдоого багытталган чаралардын баарын көрүп жатат. Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн НДС жана киреше салыгы толук алынып салынды. Ошондуктан, бизнесмендер да өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарууга тийиш",- деди К.Бакиев.


2008-жылдын декабрындагы жана 2009-жылдын январындагы дем алыш жана иш күндөрдү которуштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому
Дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2009-жылдын 2-январындагы иш күн 2008-жылдын 27-декабрына, 2009-жылдын 5 жана 6-январындагы иш күндөр тиешелүү түрдө 2009-жылдын 10 жана 17-январына которулсун.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр И.Чудинов
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 18-декабры,№696.






Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan