"Олуттуу өзгөрүүлөрдү саламаттыкты сактоо тармагы да башынан өткөрүүдө" Марат Авалович, 2006 2010жылдарга карата Улуттук "Манас таалими" программасынын алкагында реформалоону жүзөгө ашыруу боюнча кандай ишчаралар жүргүзүлүп жатат? Саламаттык сактоо тармагын 20062010жылдарга карата реформалоо боюнча Улуттук "Манас таалими" программасы 2006жылдын 16февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 100токтому менен бекитилип, саламатыкты сактоо системасындагы жетишилген ийгилик жана туруктуулукту бекитүүгө коомчулуктун талаптары эске алынган жаңы багыттарды өнүктүрүүгө багытталган. "Манас таалими" программасынын өзгөчөлүгү Өкмөт менен донордук коомчулуктун өнөктөштүк өз ара ишаракеттеринин алдындагы мамилелердин негизинде кеңири секторалдык байланыш аркылуу жүзөгө ашыруу болуп саналат. Кеңири секторалдык мамилелер саламаттык сактоо бюджетин гранттык негизде аккумулировалдык каражаттардын эсебинен колдоп турууга, айрым бир ишаракеттерди параллелдиккаржылоо түрүндө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Донорлор тарабынан 20062010жылдарга карата "Манас таалими" программасын жүзөгө ашыруу үчүн бюджетти кармап турууга багытталуучу негизги сумма 61,2 млн. АКШ долларын түзөт. Саламаттык сактоону реформалоочу Улуттук "Манас таалими" программасынын негизги максаты болуп калктын саламаттык абалын жакшыртуу. 2005жылдан тартып республиканын бардык аймактарында саламаттык сактоо тармагындагы минималдык социалдык стандарт болуп эсептелген жарандарды медициналыксанитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер Программасы (МКП) киргизилген. 2006жылдан тартып МКП боюнча калкка бекер көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуучулук жардамдардын саны жана түрлөрү кеңейтилип, кошумча төлөмдөн 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу, төрөгөн аялдар, ошондой эле 70 жаш жана андан улуу курактагы пенсионерлер бошотулган. Социалдыкмаанилүү кеселдер менен жабыркаган жарандар үчүн мамлекеттик кепилдик Программасы боюнча дарыдармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген түрү киргизилген жана калкка милдеттүү медициналык камсыздандыруу Кошумча программасы боюнча арзандатылган баада көрсөтүлүп келе жаткан дары каражаттарынын тизмеси алда канча кеңейтилген. Баштапкы саламаттык сактоону чыңдоо иш жүзүнө ашырылууда, 20052007жылдары үйбүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮДТ) баргандардын көлөмү 36%га жогорулаган. Ага бөлүнүп келе жаткан чыгымдардын үлүшү 2004жылы 2626,4 пайызга, 2007жылы 39,9 пайызга жогорулаган. Ошондой эле, түздөнтүз стационалдардагы бейтаптарга жөнөтүлө турган каражаттардын үлүшү 2004жылдан госпиталдык чыгымдардын 20,4 пайыздан 2004жылга карата 32,7 пайызга жогорулаган. Өзгөчө айылдык саламаттык сактоо жаатына көңүл бурулуп, 20062008жылдары 91 фелдшердикакушердик пункт (ФАП) курулуп, 300дөн ашыгы оңдоп түзөтүлгөн. Республика боюнча "Манас таалими" программасынын чегинде 2,9 млн. АКШ долларына медициналык жабдуулар сатылып алынган 954 ФАП иш алып барат. Үйбүлөлүк медицина жана калкы 25 миң адам болгон аймактык ооруканалардын базасында материалдыктехникалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 11 жалпы дарылоо практика Борборлору түзүлгөн. Алар адистештирилген жана стационардык жардам кызматын аткарышат. 20072008жылдарга карата "Манас таалими" программасынын чегинде респуликанын саламаттык сактоо мекемелеринин метериалдыктехникалык базасын жакшыртуу максатында 465,0 миң АКШ долларына автоматташтырылган бухгалтердик эсепти киргизүү үчүн компьютердик жабдуулар сатылып алынып, 6,0 млн. АКШ долларына аймактык ооруканалар үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. 2007жылы Фонд каражаты эсебинин негизинде бөйрөк терапиясын алмаштыруучу (гемодиализ) жана жүрөккө кечиктирилгис жардамды алып жатышкан оорулуулардын саны көбөйгөн. Олуттуу өзгөрүүлөрдү саламаттык сактоо тармагы да башынан өткөрүүдө. Мурда саламаттык сактоо жана чыңдоо боюнча өз алдынча бириндеп кеткен мекемелер иш алып барышкан. Алар өз кезегинде коомдук саламаттык сактоо тармагынын алдында турган көйгөйлөрдү толук түрүндө чагылдырып бере алышкан эмес. Мунун өзү саламаттык сактоодогу өтө зарыл болгон алдын алуучу багыттардын зарылчылыгына болгон баанын төмөндөшү, саламаттык сактоо жаатындагы проблемаларды чечүүдөгү жарандык коомдун, мамлекеттик башкаруунун, массалык маалымат каражаттарынын жана кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволуктардын активдүүлүгүнүн төмөндүгү менен түшүндүрүлүп келген. 20072010жылдарга карата коомдук саламаттык сактоо кызматын өнүктүрүү Концепциясы бекитилип, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана 20092010жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын чыңдоо боюнча Улуттук программасынын жоболору бекитилген. Мындан сырткары 20072011жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы паразиттүү оорулар менен күрөшүү боюнча Максаттуу комплекстик программа бекитилип, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулардын жаралып, жайылып кетүү коркунучуна алдын ала даярдыкты жана ыкчам ишаракеттерди кабыл алууну камсыз кылуу боюнча ишчаралар кабыл алынды. "Манас таалими" программасынын чегинде коомдук саламаттык сактоо мекемелерин 1,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатка лаборатордук жабдуу, реактив жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылуу пландалууда. Медициналык кадрларды кармап калуу максатында түзүлгөн "Дарыгердин депозити" канчалык деңгэлде жемишин бере алды? Аймактардагы адистердин кетишине жана жетишсиздигине байланышкан проблемаларды чечүү үчүн биздин министрлик тарабынан атайын "Дарыгердин депозити" программасы иштелип чыккан. Аталган программанын негизги максаты алыскы райондордогу саламаттык сактоо мекемелерин медициналык жогорку окуу жайларынын студенттеринин эсебинен толуктоо болчу, бирок бул маселе өз максатына жеткен жок. Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик 2007жылдын 21июнунда № 240 "2006жылдын 23майынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде дарыгерлерди бекитүү боюнча ишчаралар жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыккан. Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынган. Мунун негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине алыскы район жана кичи шаарларда аталган мекемелерде иштеп жатышкан дарыгерлерди кароосынакка катыштыруу укугу берилген. Учурда "Дарыгердин депозити" программасына ар кыл аймактардан 149 дарыгер катышууда. 2008жылдын октябрында программага клиникалык ординатура жана интернатуранын 11 бүтүрүүчүсү, ошондой эле, алыскы райондордон 17 дарыгер тартылган. Ал эми бүгүнкү күндө 24 дарыгерге 1 жылдык иш үчүн 864000 миң сумма өлчөмүндөгү акча каражаты которулду. Мындан сырткары 12 дарыгерге 2008жылдын аягына чейин 288000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты которулат. Бүгүнкү күнү программа саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлерди кармап туруу үчүн гана иштеп жатат. Оорулуулардын өмүрүн сактап калууда орчундуу роль ойногон "Тез жардам" кызматынын абалы кандай? Министрлик тарабынан калкка медициналык жардам көрсөтүүдө алгылыктуу иштерди аткарып жаткан "Тез жардам" кызматына 2003жылдан бери тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп келет. Көрсөтүлгөн жылы республикадагы "Тез жардам" кызматы толук текшерүүдөн өтүп, материалдары министрликтин коллегиясына каралды. Коллегиянын чечими жана министрликтин буйругу менен алыскы тоолуу айылдардагы элдердин тез жардам кызматын толук пайдалануусуна жетишүү максатында "Тез жардам" кызматы үйбүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилген. Азыркы убакта республика боюнча "Тез жардам" кызматында 3 (2006ж 5) станция (Бишкек, Ош, Нарын шаарларында), 86 (2006ж. 91) бөлүмдөрү иштешүүдө. "Тез жардам" кызматы 167 врачтык, 424 фельдшердик бригадалар менен толукталган, алардын ичинен 88 адистештирилген врачтык бригадалар. Республика боюнча аты аталган кызмат врачтык кадрлар менен 91,1% жана орто билимдүү кадрлар менен 95,8% толукталган. Адистердин жетишсиздигинен "Тез жардам" кызматы "Дарыгердин депозити" программасына кирип 20062007жылдарда 9 врач, 11 орто билимдүү медицина кызматкерлери менен толукталып олтурат. Ошого карабастан Талас (50%), ЫсыкКөл (55,5%) жана ЖалалАбад (69,0%) облустарындагы тез жардам кызматы адистер менен камсыз болуусу төмөн болууда. Улуттук "Манас таалими" программанын алкагында тез жардам кызматы үчүн 20072008жылдары 12 врач жана 119 фельдшер окуу курсунан өткөрүлдү. Тез жардам кызматынын 1 бригадасын каржылоо үчүн 2005жылы 80 миң сом бөлүнсө, 2008жылы бул көрсөткүч 140 миң сомго жетти, же 31%га жогорулады. Тез жардам кызматында республика боюнча 170 унаа иштеп жатат, ал эми толук иштөөчү үчүн 415 унаа керек. Министрлик тарабынан бюджеттин эсебинен 200507жылдары 130 "Тез жардам" автоунаасы сатылып алынып, биринчи кезекте алыскы тоолуу жана жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактарга бөлүнүп берилди. Жетишпеген "Тез жардам" автоунаалары Немис өнүктүрүү жана кайра жаратуу Банкынын эсебинен каржыланып жаткан "Ооруканалардын өзгөчө кырдаалдар убагында иштөөсүн жакшыртуу" программанын алкагында толуктоо каралууда. Аталган программанын негизинде өтүп жаткан жылда 40 адис Москва шаарындагы Бүткүлроссиялык медицина катастроф "Коргоо" борборунда, 60 адис аталган борбордун тренерлеринин жардамы менен Бишкек шаарында адистиктерин жогорулатышты. Ошону менен катар Бишкек, Ош шаарындагы, Ош облусунун аймактык ооруканалары тез жардам көрсөтүү үчүн керектүү заманбап медициналык жабдуулар менен толукталат. Жол кырсыктан жапа чеккендерге тез жардам уюштуруу максатында Бишкек ЫсыкКөл, Бишкек Ош каттамдарда 2006жылдан баштап алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Бишкек ЫсыкКөл каттамындагы Боом капчыгайында уюштурулган медициналык постун кызматкерлерине эки жылдын ичинде 220дан ашуун жарандарга жардам беришти. Ал эми Бишкек Ош каттамында Суусамыр өрөөнүндө 7 млн. сомдук медициналык постун курулушу башталуунун алдында турат. Тез жардам кызматын республика боюнча 20082017жылдарда өнүктүрүү боюнча министрлик тарабынан атайын программа иштелип чыгылып, каржылануусу аныкталып ишке кирди. Марат Авалович, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы төрөт үйлөрүнө, хирургиялыкреанимациялык бөлүмдөрүнүн ишине ккедергисин тийгизип жаткан жокпу? Мекемелерди кышкы мезгилге даярдоо максатында министрлик тарабынан саламаттык сактоону реформалоонун Улуттук "Манас таалими" программасынын чегинде төрөт үйлөрү жана облустук бириккен бөлүмдөр менен аймактык ооруканалар үчүн 96,0 миң АКШ долларына 7,9 кВт кубаттуулуктагы 58 генератор сатып алууга тендер өткөрүлгөн. Аларды 2008жылдын аягына чейин алып келүү каралууда. Мындан сырткары, 54,27 миң АКШ долларына 201 суу жылыткыч сатылып алынып жана орнотулду. АКШ элчилиги ЮСАИД аркылуу реанимациялык жана операциялык бөлүмдөрдүн ишин камсыз кылуу үчүн кечиктирилгис жардам көрсөтө турган 59 генераторду аймактык жана облустук ооруканалар үчүн сатып алууга жардам көрсөттү. Япониянын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарына 20 кВт кубаттуулуктагы 2 дизелдик генератор алынды. Алар Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелерине берилди. Мындан сырткары кубаттуулукту кармай турган 300 стабилизатор зарыл шарттарда вакциналарды сактоону камсыз кылуу үчүн берилди. Ж.ДЫЙКАНОВА, "Эркин Тоо". |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|