Айылдардын ажары ачылууда
Өзгөн районундагы Дөң­Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Адамбек Түркбаев менен маек
Адамбек Түркбаев 1967­жылы Өзгөн районунун Чынбай айылында төрөлгөн. 1984­1991­жылдары КМУУнун экономика факультетинде билим алып, жогорку билимге ээ болгон. Эмгек жолун 1991­1992­жылдары Өзгөн районундагы КЗОСС чарбасында кассир, бухгалтер болуп баштаган. 1992­1994­жылдары "Баба­ Дыйкан" айыл чарба бирикмесинде экономист, башкы экономист, ал эми 1994­1995­жылдары Баш­Дөбө агрардык жер реформасы айылдык комитетинин төрагасынын орун басары, 1995­1996­жылдары болсо Дөң­Булак агрардык жер реформа айылдык комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет. 1999­жылы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис болуп иштеп, ошол жылдары ноябрь айында Дөң­Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланат. Белгилей кетүүчү нерсе А.Түркбаевди айыл өкмөтүнүн эли үч жолу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлашкан. Себеби, А.Түркбаев жетектеген жылдары социалдык­экономикалык өнүгүү жагынан уюшулган мелдеште райондогу 19 айыл өкмөттүн ичинен 6 жолу 1­орунду, облустагы 92 айыл өкмөттүн ичинен 2 жолу 2­орунду, 1 жолу 1­орунду жеңип алып, республикадагы алдыңкы айыл өкмөтүнүн көрсөткүчүнө жетишкен. Бир нече жолу райондук, облустук, республикалык Ардак грамоталар, дипломдорго ээ болуп, 2 жеңил автомашина менен сыйланган.
­ Адамбек Түркбаевич, сиз жетектеген Дөң­Булак айыл өкмөтү Өзгөн районундагы эң ири айыл өкмөтү болгондуктан социалдык маселелерди чечүү жагынан, кышка карата даярдыктар боюнча жыл башынан бери кандай иштер аткарылды?
­ Чындыгында биздин айыл өкмөтү абдан чоң, 14 миң 135 адам жашайт. Ал эми Өзгөн шаарында жашап туруп, жер үлүшү бар адамдарды кошкондо жалпысынан 21 миң адамдын жер үлүштөрү бар. Учурда айыл өкмөтүбүздүн аймагында 13 айыл жайгашкан. Беш орто мектеп, эки клуб, эки мончо, эки спорт аянтчасы, 11 соода түйүнү, 3 коомдук ишкана жайгашкан. Бүгүнкү күндө Президентибиз тарабынан коюлуп жаткан талаптарга ылайык 2008­2009­жылкы кыш мезгилин жакшы өткөрүү боюнча бир топ иштер аткарылды. Социалдык объектилерге 167 тонна көмүр түшүрүп, отун менен да толук камсыз кылганбыз. Биз кыш мезгилинде мектептерди электр энергиясына көз каранды болуудан толук арылттык десек болот. Быйылкы жылы эле мектептерди кышка карата даярдоо максатында 170 миң сом акчаны айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп бердик. Ошондой эле мектептердин ар бирине музыкалык аппараттарды алып бердик. Себеби, мектептерде ар кандай маданий иш­чараларды, көркөм чыгармачылыктарды өткөрүүдө музыкалык аппараттар өтө зарыл болгондуктан, мына ушул муктаждыктарды дагы чечүүгө жетиштик. Мындан сырткары Президентибиздин мектептерди компьютер менен камсыз болсун деген тапшырмасын аткарып, биз өзүбүздүн айыл өкмөттүн күчү менен бардык мектептерди акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен жабдып, компьютердик класстарды ачып бердик. Андан сырткары 1­4­класстын окуучуларына ысык тамак уюштуруу боюнча да бир топ иштер аткарылган.
­ Айыл өкмөттүн экономикалык жактан бакубат болушу үчүн инвестиция тартуу жаатында аткарылган иштерге да токтоло кетсеңиз?
­ Элеттеги көйгөйлүү маселелерди чечүүдө, экономикалык жактан өнүгүүдө инвестициянын тийгизген таасири чоң. Андыктан биздин кызматкерлер, айылыбыздын аймагындагы мекеме­уюмдар ар кандай багыттагы долбоорлорду жазып, гранттарды утуп, инвестиция тартуу боюнча да бир топ иштер аткарылууда. Айрыкча АРИС, ЮСАИД, Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен тыгыз байланышта иштешип, көптөгөн долбоорлорду иш жүзүнө ашырдык. Тактап айтканда быйыл ЮСАИД тарабынан 1 млн. сомго окуу китептери алынды. Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен эки мектептин жылытуу системасы орнотулду. Эки айылга 20 км. суу түтүктөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, кошумча 4 км. жерге суу түтүктөрү тартылган инвестициянын эсебинен айылдарга кошумча 5 трансформатор коюлуп, эки спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Жалпысынан акыркы жылдары эле биздин айыл өкмөтүнүн аймагына 25 млн. сомдук чет элдик инвестиция тарттык. Инвестицияга өзгөчө маани берип, чет элдик уюмдар менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз.
­ Айыл өкмөтүнүн бюджетинин көлөмүн көбөйтүү боюнча кандай иштер аткарылууда?
­ Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин көлөмүн көбөйтүү боюнча да иштиктүү аракеттер көрүлүп, жыл өткөн сайын бюджеттин көлөмү көбөйүүдө. Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражат көбөйгөнүнө байланыштуу, социалдык объектилерди курууга, оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Орточо жыл сайын жергиликтүү бюджетке 500 миң сомдон ашык каражат түшүп жатат. Жалпысынан бир жылдык бюджетибиздин көлөмү 4,5 млн. сомго барабар.
­ Дөң­Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элди таза суу менен камсыздоо багытында кандай иштер аткарылууда?
­ Биздеги эң ири айылдар болгон Өзгөрүш, Чынбай айылдарындагы суу түтүктөрүн чет элдик инвестициянын жардамы аркылуу толугу менен капиталдык ремонттон өткөрдүк. Кошумча суу түтүктөрү орнотулуп, элди үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылып жатабыз. Быйылкы жылы да бир нече айылдарга таза суу жеткирүү боюнча белгиленген иш­чаралар бар, аны аткарууга астейдил аракеттерди көрөбүз. Таза суу менен элди камсыздоо биздеги эң орчундуу маселелердин бири.
­ Чакан жана орто ишкердиктин элет жеринде өнүгүүсүнө кандай колдоолор көрсөтүлүп жатат?
­ Өзгөндөгү пиво чыгаруучу завод биздин айыл өкмөттүн аймагында жайгашкандыктан, аны жеке ишкерлердин аракети менен толук реконструкциядан өткөрүп, учурда такай иштеп жатат. Андан тышкары эки ун чыгаруучу чакан завод курулуп, бул ишканалар толук кубаттуулукта иштөөдө. Ошондой эле май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканабыз да жакшы темп менен иштеп, элди тейлеп жатат. Бүгүнкү күндө жашылча­жемишти кайра иштетүүчү ишкананы куруу иштери жүргүзүлүүдө. Биз ишкердик менен алектенген бардык атуулдарга ыңгайлуу шарт түзүп, колдоолорду көрсөтүп жатабыз.
­ Өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн сатып өткөрүү маселеси кандай чечилүүдө?
­ Бизде негизинен айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Быйыл 800 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери өстүрүлүп, ар гектарынан орточо 40 центнерден түшүм алып, 3 миң 200 тонна дан өндүрүлдү. Быйыл 900 гектар аянтка күздүк сээп, сугарып койдук. Өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетип, даяр продукция түрүндө Өзгөн базарында дыйкандарыбыз өздөрү сатышат. Өндүрүлгөн азык­түлүктүн сапаты жакшы болгондуктан сатып өткөрүүдө кыйынчылыктар жок. Райондо жаңы ачылган "Дыйкан" базарында биздин айыл өкмөтүнүн дыйкандары өстүргөн продукцияларын сатуу үчүн шарттар түзүлгөн.

Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".




Баткен облусундагы "Сүлүктүкөмүр" акционердик коомунун башкы директору Назаров Раимбек Набиевич менен маек
Көмүр казып алуу көбөйдү
­ Раимбек Набиевич, сиз жетектеп жаткан "Сүлүктүкөмүр" ачык акционердик коому көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча кандай аракеттерди көрүп жатат?
­ Баарыбызга маалым болгондой быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу, электр энергиясын үнөмдөөгө өзгөчө маани берилди. Электр энергия жетиштүү болбогондон кийин, элдердин, мекеме­ишканалардын кыш мезгилине карата көмүрдү камдоо кескин түрдө жогорулап кетти. Быйылкы жылы көптөгөн социалдык мекемелер мурда электр энергиясы менен жылытылып келсе, эми аларды көмүр менен жылытууга өткөрүлгөнүнө байланыштуу көмүргө суроо­талап өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулаган. Ошондуктан биздин "Сүлүктүкөмүр" акционердик коомунун азамат кенчилери эки эселенген кайрат менен иштешип, көмүр казуунун көлөмүн көбөйтүүгө бардык аракеттерди көрүп жатышат. Тагыраак айтканда, Лейлек, Баткен райондорунда жана Сүлүктү шаарынын жашоочуларын, мекеме­ишканаларды 90­95 пайыз көмүр менен камсыз кылдык. Кээ бир мекеме­уюмдарга азыр кошумча көмүр жеткирип берилүүдө. Өткөн 10 айда белгиленген план­тапшырманы толугу менен аткарууга жетиштик. Быйылкы жылда белгиленген планды толугу менен аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар.
­ Быйылкы жылга канча тонна көмүр өндүрүү каралган?
­ Биздин ишкана быйылкы жылы 62 миң тонна көмүр казып алууну максат кылган. Азыр кенчилерибиз күнү­түнү менен иштеп көмүр казуунун көлөмүн көбөйтүп жатышат.
­ Жаңы көмүр кендерин ачууга да көңүл бурулуп жатабы?
­ Ооба, Сүлүктү шаарынын аймагында көмүрдүн көп жылдык запасы арбын болгондуктан, жаңы кендерди ачууга астейдил аракеттер көрүлүүдө. Быйылкы жылы 4 жаңы көмүр кенин ачууга аракеттер көрүлүп, учурда 2 көмүр кенинен көмүр казып алынууда. Ал эми эки көмүр кенин казып алууга даярдыктар көрүлүп жатат.
­ Казып алынган көмүрлөрдү айылдарга жеткирүүдө техникалар жетиштүүбү?
­ Чындыгында техникалар жетишсиз. Казып алынган көмүрдү өз убагында айыл өкмөттөргө жеткирүүдө бир топ проблемалар бар. Өзүбүздүн ишкананын карамагындагы техникалар эскирип, кызмат көрсөтүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу бат­бат бузулуп ишибизге терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле жер астынан сууну сыртка соруп чыгаруучу жабдуулар жана жер астынан көмүрдү сыртка ташуучу техникалар эскиргендиктен запастык тетиктерин Россиядан алып келүүгө туура келүүдө. Эми ишканабызга көмүр ташуучу автоунааларды сатып алууга аракет кылып жатабыз. Негизинен техникалык базабызды жаңылоо зарыл. Азыр 15ке жакын автоунааларыбыз бар.
­ "Сүлүктүкөмүр" ачык акционердик коому мамлекетке ири өлчөмдө карызы бар эле, азыр абалы кандай?
­ Ырас, мындан 3­4 жыл мурда ишкананын экономикалык абалы өтө оор эле. Буюрса, азыр ишканабыздын абалы жакшы. Мамлекеттик карыздардан акырындап кутулуп, жумушчулардын эмгек акысын өз убагында берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Салыкка, социалдык фондуга болгон карыздардан акырындап кутулуп, эми өз убагында төлөөгө өттүк. Кенчилердин эмгек акыларын жогорулатып, социалдык колдоолор да көрсөтүлүп жатат. Ар бир кызматкерибиздин үйүнө 3 тоннадан көмүрдү арзандатылган баада жеткирип бердик. Профсоюз комитети тарабынан да колдоого муктаж болгон кенчилерге материалдык жардам берилүүдө. Кенчилер кийим­кече, баш кийим жана башка зарыл болгон нерселер менен камсыз болушкан. Ошондой эле ысык тамак­аш, сүт берилүүдө. Кенчилердин ден соолугуна да чоң маани берилип, эс алуу мезгилинде курортторго жөнөтүлөт.
­ Сиздер негизинен Баткен облусунун аймагындагы мектептерди, саламаттыкты сактоочу мекемелерди, социалдык мекемелердин дээрлик бардыгын көмүр менен камсыз кылат экенсиздер, ошол жеткирилген көмүрдүн акысын өндүрүү маселеси кандай чечилүүдө?
­ Чындыгында 2­3 жыл мурда өлкөбүздүн экономикасы бир топ оор болгондугуна байланыштуу, социалдык мекемелерге берилген көмүрдүн акысын өндүрүү тозоктун тозогу эле. Анын натыйжасында акча жоктугунан ишканабыздын кышка даярдыгы начар болуп, көмүр казып алуунун көлөмү да аз эле. Азыр, мамлекетибизде акча болгонуна байланыштуу, социалдык мекемелерге акча бөлүнүп, алар көмүрдүн акысына акчаны төлөп, биздин ишкананын туруктуу иштөөсүнө өз таасирин тийгизүүдө. Улам мезгил өткөн сайын, мындай көйгөйдөн арылып бара жатабыз. Мен ойлойм бул дагы Президентибиздин жүргүзгөн саясатынын туура багытта бара жатканынан, экономикабызда жакшы көрсөткүчтөр жаралып, республикалык бюджетибиздин киреше бөлүгү улам көбөйүп жатканынан кабар берет.
- Көмүр казып алууда жардыруучу заттар өтө зарыл эмеспи. Бул маселени кандай чечип жатасыздар?
­ Кыргызстандан жардыруучу заттар чыкпаганына байланыштуу, Кытайдан, Россиядан алууга туура келет. Ошондой эле коңшулаш Тажикстан менен келишим бар, ошонун негизинде жардыруучу заттарды алып турабыз. Карагайлардын, металлдардын көпчүлүгүн Россиядан алабыз. Биздин тапкан кирешенин көпчүлүк бөлүгү жардыргыч заттарды, карагай, темир металлдарды сатып алууга кетет. Ишканабыздын жумушчулары канчалык экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, элдин көмүргө болгон муктаждыгын чечүүгө бардык аракеттерди көрө беришет.
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan