Ак шайы жоолук алымкан
(Башталышы
өткөн сандарда)

"Ак бакай" кимдин күүсү?
Эфир толкунунда болобу, теле берүүлөрдөн болобу же сахнада болобу "Ак бакай" деген күү Корголдун "Ак бакайы" деп чертилип жүрөт. Бул күү чындыгында Таштанкул Бөрүбаевдин чыгарган "Токтогулдун антологиясы" деген акындын күүлөрү боюнча пластинкалар топтомунда Токтогулдун "Алымкан" деген күүсү деп жазылып жүрөт. Тыңшап көрсөң Болуш Матазимов кооздоп иштеп чыккан Корголдун "Ак бакайын" угасың. Абдылас Малдыбаев ырдап жүргөн Токтогулдун "Күлгүн жашы" да ушул обон менен ырдалат. Ал кандайча Коргол Досуевге таандык болуп калды экен?.. Бул да Алымканга барып такалган окуя. Эмесе ошол кичинекей "Ак бакай" тарыхына токтоло кетели…
***
Белгилүү комузчу Мыктыбек Үмөталиев комузчу Нурак Абдыракмановго Коргол айтып берген эле деп минтип айтып берген экен:
Аксыдан чыккан Субан бий Токтогул кембагал, бою кодоо деп Алымканды күйөөгө берип жиберген. Алымкан бир ооз Токтогулду тоотуп "Жакшы кал" дебей кеткен үчүн Токтогул "Алымкан" аттуу ага арналган ырын ырдоону биротоло токтотуп койгон учурда,
­ Ээ булбулум! Ушул ырыңыздын обону өчүп кетпесин, мен "Ак бакай" деген ырымды ушул обонуңузга салып ырдап жүрөйүн, сиз уруксат берсеңиз? ­ деген. Мына ошондон кийин "Алымкан" аттуу ырдын обону Корголго өтүп, аны кийинчерээк Болуш аба тарыхын билбестен туруп радиого жаздырып жиберген "Ак бакай" күүсү аталып кетиптир.
***
Кыргыз калкынан, канынан жаралган улуу инсан аялзатынын акылман өкүлдөрүнүн бири, көп перзенттин энеси, эл айтымында улуу акын Токтогул Сатылгановдун алгачкы балалык жакшы көрүүсүнө татып, бул дүйнөдөн өткөн Субан бийдин сулуу кызы Алымкандын калк арасында айтылып жүргөн тарых­таржымалы менин иликтөөмдө мына ушундай экен…
Эл арасында дагы да болсо, бул инсан жөнүндө так билген адамдар бар чыгаар… Балким бул макалага үн кошоор…

Коргол черткен
"Ак бакай" кимдин күүсү?..
Чынында да биз, ар дайым эфирден угуп жүргөн "Ак бакай" аттуу кооз кайрыктарга бай комуз күүсү кимдики?.. Аны ким чыгарып, ушул күнгө ким жеткирди экен?.. Кыргыздын бир күүсүн изилдеп, тарыхын тактоого биз үчүн мынчалык эмне зарыл болду?.. Бул күү нечен жылдардан бери эфирден берилбей же чыгармачыл концерттерде болсун "Болуш Мадазимов, Корголдун Ак бакайы" же кимдир бирөө чертсе деле "Корголдун "Ак бакайын" чертет" деген кулактандыруулар айтылып жүрөт. Ушул туурабы?.. Кеп чынына келип, чыныгы фактыларга таянсак, бул күү Коргол Досуевге таандык эмес, улуу акын, улуу комузчу Токтогулдуку экен. Маркум залкар комузчу Болуш Мадазимовдун тирүү кезинде деле, азыр деле күүнүн автору Коргол болуп айтылып келүүдө жана тарыхка да ошентип жазыла турган болуп калды. Же Болуш абабыз көзүнүн тирүү кезинде "Бул Токтогулдун күүсү", ­ деп айтып кетпеди.
Эгер "Ак бакай" Токтогулдун чыгарган күүсү болсо кандайча Коргол Досуевдин күүсү аталып чертилип калган?.. Же Коргол ал күүнү Токтогулдан уурдап алып, өз атын жаздырып койгонбу?.. Же айрым бир күү изилдөөчүлөр кимге таандык экенин тактай албай Корголго ыйгарып коюшканбы?.. Мен бул күүнү биринчи жолу 1976­жылдын январь айында Ош шаарындагы бир чоң жыйындагы чоң концертте Болуш абанын аткаруусунда уктум. Андан кийинчерээк ал радиодон бериле баштады. Мен деле көпчүлүктүн катарында Коргол атанын күүсү экен деп жүргөмүн. Бирок, биз ойлогондой ал күүнү эч ким уурдап да албаптыр. Бурмаланып да жазылбаптыр. Анын өзүнчө узун сабак тарыхы бар экен…
Мындан 8 жыл илгери мен ушул кооз күүнү өзүмчө үйрөнүп жатып эки кайрыктан турган бир жерин такыр эле өзүндөй келтире албай коюп жана башка күүлөрдөн деле үйрөнүп алсам деген жакшы ниет менен залкар комузчу Нурак Абдыракманов агага барып калып "Ак бакай" Токтогулдун күүсү экенин биринчи жолу ошол кишиден уктум. Көрсө, күүнүн Коргол ырчыныкы болуп аталып калышы мындайча болуптур.
Бул окуяны Н.Абдыракмановго бирге иштешип жүргөн убакта комузчу Мыктыбек Үмөталиев айтып бериптир.
Токтогул жаш кезинде атактуу Жеңижок, Ниязаалылар менен ырчылык өнөрдү аркалап, Аксыда жүрүп ошол жерлик Алымкан аттуу байдын кызын жактырып, ал кыз да Токтогулга көңүлү түшүп, экөө турмуш курмак болуп убадалашып жүргөндө кыздын атасы Токтогулду кедей жана бою кодоо деп тоготпой, кызын бир байдын инисине күйөөгө берип жиберет. Алымкан да эптеп эбин таап келип "Кош бол, Токо! Тагдыр ушул экен, кетип жатам дегенге же жакын жеңелери аркылуу Токтогулду жакшы кал!" дегенге жарабай, кудалашкан жерине шаан­ шөкөт менен кете берет. Ууз сүйүүсүнөн ажыраган Токтогулду оор кайгы, ачуу муң басат. Өзгөчө Алымкандын коштошпой кетиши аны мүңкүрөтөт. Ошол кездердин биринде өзүнүн шакирттери Жолой менен Коргол анын Алымканга чыгарган ырын ырдап калышат. Коштошпой кеткен Алымкандан чындап көңүлү калган Токтогул алардын мындан ары ал ырды ырдоосуна катуу тыюу салат. Экинчи ырдаганыңарды уксам силерден кол үзөмүн дейт. Ошондо шакирти Коргол: "Болуптур, булбулум! Сиз айтканды аткаралы. Бирок да ушундай жакшы ырдын күүсү (обону) эл оозунда ырдалбай калабы?.. Уруксат берсеңиз менин "Ак бакай" аттуу ырыма обон кылып ырдап жүрөйүн", ­ деп суранат. Токтогул макул болот. Коргол ар дайым өз устатын атынан айтпай "Булбулум" деп кайрылчу экен.
Айлар, жылдар өтүп Токтогул баралына келип, чыгармачылык жактан толуп­ташып, кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна белгилүү болуп, атагы таш жарып турган мезгил келет. "Токтогул", "Токтогул" аталып сый менен урматтын ээси болуп оозунан алтын шекер ырлар куюлуп, баягы кедей аты унутулуп журт үстүндө кадырлуу жүрүп калган учурлардын биринде Аксыдагы бир атактуунун чоң тою өтүп жаткан жерде, бир топ келин­кесектин коштоосунда ошол тойго Алымкан да жасалгалуу ат минип келе жаткан болот.
Алымкан келатат! Алымкан! ­ дешип тойдогу жүздөгөн эл дүрбөй түшөт. Алымканды көргөн Жолой менен Коргол бир чети Токтогулдун ат кашкасындай уруулай журтка таанымал болуп калганына сыймыктана, экинчиден, бир ооз коштошконго жарабай кеткен Алымканга ызаланышып, Токтогулду көрсөтүү максатында: "Ырда Токо, Алымканды ырда", ­ дешет. Бирок, Токтогул ырдабай ат үстүндө ойлуу тура берет. Мына ошондо, Алымкан жакындай ат бастырып келе баштаганда чыдамы кете баштаган Коргол ырчы:
­ Ырда, Токо! Ырда! ­ деп кыйкырып жибергенде тээ качанкы бир кездеги жаштык махабатын эстеп, жетпей калган максатына буулугуп турган Токтогул:
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күн оору, бир күн соо…
Алымкан азабың тартсам
билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдууга салбай
кыйын иш!..
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай
кыйын иш!..
Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сар­санаа кылат жоругуң,
Көк кештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен "Жаш кыял"
Тыңдасаң боло, Алымкан,
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло Алымкан!
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло Алымкан!. . ­ деп обон созо мукам үн салат. Жардап турган эл Токтогулдун бул өксүккө толгон ырын шыпшына, ичинен үшкүрө угуп турушкан дейт.
Коргол Акбакай жана Калыбай…
Мынчалык болуп калды Алымканга байланышкан тагдыр же Токтогул ырчы жактырып, ээрчитип жүргөн шакирттеринин бири кайтпас акын Корголдун арзуусуна татыган Акбакай сулуу жөнүндө да азыноолак сөз кылып кетпесек болбос…
***
Мыктыбек Үмөталиевдин Нурак Абдыракмановго айтып берген Акбакай тууралуу маалыматына кайрылсак:
Корголдун жакын туугандарынын бири Калыбай аттуу киши ошол чөлкөмдүн болушу болгон болот. Ал кырк жашында он жетидеги Айымкан аттуу кызды үчүнчү аялдыкка алат. Коргол кедейликтин дартынан үйлөнө албай, ошол болуш тууганынын коюн кайтырап, ошол үйдө жашап жүрөт. Бойдок жүргөн жаш улан Айымканды көргөн сайын жүрөгү жактырып, бирок да болуштун каарынан коркуп сөз айтарга дарманы жок жүргөн кезинде, короо четинде кой кайтарып жаткан түндөрдүн биринде үйдө кожоюну жок Айымканды боз үйдүн бир жылчыгынан караса, төшөктүн аягынан чыгып калган бутунун согончокторуна түндүктөн түшкөн айдын нуру ансыз деле аппак буттарын ого бетер агарта көргөзүп уландын делебесин козгойт. Мына ошондон тарта келинге болгон ашыктык оту күчөп, ак шыйрагын жылкынын ак бакайына салыштыра "Ак бакай" деп салыштырмалуу ат коюп, ага арнап көптөгөн куплет ырларды чыгарып ырдап жүрөт.
Ошол учурдагы дагы бир толукшуган жайдын толук күндөрүндө тууганы Калыбай Пишпекке топко кетет (топ ­ эскиче жыйналыш ­ Ө.М.). Калыбай "коомдук" иштер менен жүргөн күндөрдүн, асмандагы ай толгон сонун түндөрдүн биринде шок Коргол короо четинде ак келинди эстеп, уктай албай, баягы боз үйдүн ачылып калган жеринен жеңесин караса, Ак бакайы эле эмес, көкүрөк­көөдөнү бүт ачылып түндүктөн түшкөн ай жарыгы Периште сындуу көрсөтүп турган дейт. Жеңесинин ак денеси менен айжамал көкүрөгүндөгү күйүтүн тээп чыдатпай боз үйдүн түбүндө туруп:
Аа, билегиңдин ай актыгы ай,
Аа, билериктин ай аздыгы ай!
Сага буюруп койгон турбайбы,
Ошол, камандай,
Калыбай жоондун ай жаздыгы ай!
Аа, курбу го, курбу оо курбуңдан,
Аа, куюлуп а түшкөн оо
мурдуңдан.
Аа, өрдөктөй болгон мойнуңдан,
Өзгөгө сени бергенче,
Ак бакай өлүгүм оо чыксын оо
койнуңдан!
Көздөрүңдү карасам,
Көктөгү Чолпон оо жылдыздай.
Көркөмүңө оо карасам,
Көктөн бир түшкөн оо нур кыздай,
Колуңду артып мойнума,
Ак бакай,
Көлкүп бир жатсам койнуңда!
­ деп боздоп ырдап жибергенде Айымкан боор ооруп, эшигин ачып сыртка чыгып сүйлөшүп, таң атаарга жеткирбей, элден эбин таап жашырып киргизип, Коргол курбусуна жаштык махабатынын алгачкы бир түнүн арнаган экен…
Азырынча Ак бакай ­ Айымкан жөнүндөгү биз билген таржымал ушул гана. "Ак бакай" күүсү ­ Токомдун Алымкан ырынын обону гана болуптур…
Белгилүү журналист Таштанкул Бөрүбаев түзүп чыгарган "Токтогулдун антологиясы" аттуу 1990­жылы Ташкент шаарындагы молдо Тойчу Ташмухаммедов атындагы грампластинкалар заводунан чыгарылган грампластинкалар жыйнагында да азыркы "АК БАКАЙ" деп чертилип жүргөн күү Токтогулдун "Алымкан" деген күүсү деп жазылып жүрөт. Абдылас Малдыбаев Токтогулдун сөзүнө жазылган "Күлгүн жаш" аттуу ыр да мына ушул белгилүү обончу, комузчу Бектемир Эгинчиев да "Алымкан" деген ыр чыгарып, аны өткөн кылымдагы кыргыздын белгилүү ырчысы өмүр бою ырдап өткөн. Ал согуш талааларында жана Москва Кремлиндеги кыргыз декадасында (1958) да ырдалып, москвалыктар Мыскал эже үчүн ордуларынан тура калышып, көпкө чейин кол чаап турушкан экен. Бул туурасында ал декадага катышкан адамдар ушу кезге чейин сыймыктанып айтып жүрүшөт.
Асанбек Стамов агайдын Алымкан жана Токтогул жөнүндө айткандары
Мен Алымкан эжебиздин Аксы жергесинде жашап жаткан небере уулу Жамшитбек Тазабеков аксакалды издеп жөнөөр алдында Кыргыз Эл жазуучусу Асанбек Стамов агайга жолугуп:
­ Асанбек ага! Токтогул ашык болгон Алымканды бул жашоодо болгон эмес, ал жөн эле учурундагы идеологияга байланыштуу Жоомарт ойлоп тапкан нерсе же болбосо, бул кашкарлык келин болгон.
Кашкардын тоосу кайрылыш ­ деп Токтогул акын өзү ырдап жатпайбы? ­ деп жазып чыгышыптыр. Ушул эки ача маселеге сиздин жеке көз карашыңыз кандай? Мен ушул маселени иликтегени эртең Аксынын Малгалды айылында жашаган Алымкандын урпактарына жолукканы аттанып жатам, ­ дедим.
­ Мен Аксы жерине көп ирет келип жүрөм. Алымкан болгон, ал тарыхый атак алган инсан… Анын урпактары азыр Аксы жергесинде толтура жашашат. Болгондо да Токтогул буга өтө ашык болгон кыз. Ал бийдин кызы болгон, экөөнү баш коштурбай күйөөгө аткарып жиберишкен. Экөө арманда калышкан. Токтогул ага ашык болгон убагында бир аял алып коюп, ал аялы өлүп калган болот. Алымкан ошончолук сулуу болсо, тектүү жердин, бийдин кызы болсо, бир аял алган кишиге береби күйөөгө тийе элек кызын?.. Кызын бербей коюунун да бир түбү, себеби бар да… Болбосо, ошол учурда атактары таш жарып турган ошол жерлик Ниязаалы комузчу менен бир жүргөн, Жеңижок акын менен бир жүргөн улуу акынга кызын бермек да алар. Токтогулду жөн эле кемсинтип чанышкан эмес. А киносунда аны кичине саясатташтырып койгон.
Ал эми "Кашкардын тоосу кайрылыш" деген ыр саптар ­ ал Токтогулдун жөн эле уйкаштык үчүн колдонгон кадимки колдонулуп жүрүүчү ыр саптары… Сен Аксыны аралап, анын урпактарын изде… табасың… мен ишиңе ийгилик каалайм! ­ деди. Ушундай эле каалоосун профессор Абдрахман Мавлянов да айтып, мени Малгалдыга узатып койду. Малгалдыда өмүр сүрүп жаткан Алымкандын небереси Жамшитбек карыянын чоң энеси тууралуу айтып берген кызыктуу аңгемесин газетабыздын өткөн сандарынан окуп билдиңиздер…
Мына ушул Асанбек агайдын толуктоосунан кийин Алымканды ата­энеси жөн­жай эле кембагал, жардысың деп ата­энеси Токтогулга бербей коюптур деген бурмалап жазууларды токтотсок жакшы болоор эле деп ойлойм…
Чындыгында эле мурун аял алган Токтогулга Субан бий али күйөөгө чыга элек алмончоктой, ансыз да эл оозуна илинип калган кызын бермек беле?..
***
Кыргыз калкынын канынан жаралган тарыхый улуу инсан, аял затынын акылман өкүлдөрүнүн бири, көп перзенттин энеси, эл айтымында улуу акын Токтогул Сатылгановдун жакшы көрүүсүнө татыган, учурунда калыстык менен эл башкарып, аты калган аксылык Субан бийдин сулуу кызы Алымкан жөнүндөгү калк арасында айтылып, жазмакерлер арасында ар түрдүүчө жазылып жүргөн тарых­таржымалы менен аздыр­көптүр иликтеп байкоомдо азырынча ушундай экен…
Эл ичинде дагы да болсо Алымкан жөнүндө так билген адамдар бар чыгаар… Балким бул макалага толуктоолор берип үн кошоор…
***
Алымкандын так өмүрүн анын небереси Жамшитбек карыядан угуп, жазып келүү үчүн Аксы жерине барып келүүмдү материалдык жактан толук каржылап жана шыкак берген Бишкек финансы экономикалык академиясынын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, өзү курулуш инженери болсо да кыргыздын маданиятын, адабиятын, анын ар кайсыл учурдагы улуу устаттарын өтө жогору баалаган Асанбай Жусупбеков аганын 40 жыл бою чогулткан Жеңижоктун чоң көлөмдүү китебин жарыкка чыгарып берген Мавлянов Абдрахман Суванкуловичке өзүмдүн жана "Эркин Тоо" газетасынын окурмандарынын атынан чоң ракмат айтып, иштерине ийгилик каалап кетким келет…










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan