Айтматов ааламы
Чыңгыз Айтматовдун үзөңгүлөш досу, сырдашы, үй-бүлөлүк катышта жүргөн белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовду сөзгө тартып, анын 80 жашка чыгып жаткан юбилейлик күнүнө карата Ч.Айтматов жөнүндө аңгеме-дүкөн курган элек.

- Биз эми кантип Айтматовду өлбөс кылып даңктап, атын татыктуу алып кете алабыз?
- Бөкөнбаев көчөсүнө "Акаевдин китепканасы" деген имарат салынган. Каттын текстин мен жазып, кыргыздын аксакалдары, акын жазуучулары биригип, кол коюп Президентке жолдодук, ушул китепкананы "Айтматов борбору" кылалы деп. Ошол жерге Айтматовдун музейи, фонду, китепканасы кирет. Эгер берилсе ал жерде Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо, аны көбөйтүү, элге таратуу, сактоо иштери болмок да, бир корпусу илимий иштерди жүргүзүүгө ылайыктуу болмок. Кандидат, докторлор ошол жерде иштеп, илимин жазса болот. Дүйнө жүзүнөн келген туристтер көрсө да жарашат. Ал имараттын 200гө жакын бөлмөлөрү болуп, архитектуранын эң кооз үлгүлөрү менен, асыл таштар, алтын жалатылып салынган экен. Ошонун алдына Айтматовдун эстелигин куруп, айлана тегерегин жашылдандырып, көрктөндүрүш керек. Эми ушуну аты-жыты жок бир киши ээлеп алууга мүмкүнбү? Ал кыргыз элинин акчасына салынды да. Эгер бул имаратты Айтматовдун борбору кылбасак, өтө уят иш болот. Андан сырткары өзү жашаган Тынчтык проспектисине Айтматовдун аты берилиш керек. Президенттин Жарлыгы менен 12-декабрда борборубуздагы эмен паркына, Орус драм театрына Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Ал эми өзү жашаган үйдү сөзсүз үй-музей кылыш керек. Музей кылыш үчүн анын үй-бүлөсү ал жерден чыгыш керек да. Үй-бүлөсү кичинекей болсо да мейли деп үйүнүн жанындагы бош жаткан төрт бөлмө имаратты сурашса бербей жатышыптыр, бирок эми ал чечилет го. Шаар жетекчиси ошол үйдү музей кылып, тегерегин жашылдандырып, туристтер келе турган жайга айландырышы керек.
- Чыңгыз Айтматов ырдап, бийлеп, анекдот айтчу беле?
- Ырдачу да, комуз, пианино чертчү да, анекдот айтчу да эмес. Тамаша, оюн-шоок, юморго дээрлик жок болчу. Бир-эки эле анекдоту бар болчу, ошону айтып эле күлүп калчу. Компьютерди да, машина айдаганды да билчү эмес. Айтайын дегеним, бул киши майда-чүйдө үчүн эмес, чоң, түбөлүктүү, глобалдуу, философиялык, даанышман, улук ойлор үчүн жаралган киши экен. Мына ушуга өмүрүн арнады, башкага майдаланган жок. Бу кишиге асылгандар абдан көп болду. Өзүн мындан өйдө сезген жазуучулар болду, азыр да бар. Ошолор "бул кыргыз жазуучусу эмес, орус жазуучусу, арабызга кошпош керек, чыгармалары кыргыздын жашоо-турмушуна жат, кыргыз үчүн күйбөйт, кыргызга эч нерсе кылган жок, чыгармаларын тигинден-мындан көчүрүп алды, бул жөн эле журналист" - деп тынбай жазып дарбазасына илип, папкасына сала коюп жатышты окусун деп. Айтматов ошолордун бирөөсүнө да жооп берген жок. Себеби ал өзүнүн бийиктигин билчү, аларга жооп берип, ылдый түшкөндө болбой калмак.
Эми мындан ары Айтматовго эч ким тийише албайт, анткени өзү жок. Чыгармаларына да тийише алышпайт, анткени ал дүйнөгө тараган, аскадай болуп бийик турат. Эми ал тынч жатат го.
Орусча жазып калганынын да бир себеби көралбастардан улам болгон. Анын алгачкы эки күчтүү чыгармасы "Бетме-бет" менен "Жамийласы" кыргызча жазылган. Ошондон ал балээге калды. Кыргыздын аксакал жазуучулары тебелеп, экөө тең жарабаган чыгарма, Ысмайыл "чыккынчы", "дезертир", Жамийла болсо "шуркуя" деп чыгышты. Мындай жазуучуну жок кылыш керек дегенге чейин барышкан. Чыгармаларын эч ким кабыл албай койгон. Айласы кеткенде "Жамийла" чыгармасын орусча кайра жазып, Луи Арагонго окутуп, анан чыгармалары элге тарап кетти. Ошондон кийин кыргызча жазбай койду. Көңүлү калган окшойт. Мына эми орусча жазып жатат деп да күнөөлөп жүрүштү. Ал жазган орусча чыгармаларды кийин Ашым Жакыпбеков, Мырзаян Төлөмүшов, Аман Токтогулов, Абибилла Пазылов сыяктуу мыкты патриот жигиттер, стилисттер кыргызчага татыктуу которуп келишти. Мен айткам, эгер Айтматов чыгармаларын орусча эле эмес, англисче, немисче да жаза алса, орусчадан да мыкты чыкмак. Бирок аларда кыргыздын духу, руху, жашоо-турмушу чагылмак да. Мына мисал үчүн айтайын, Казакстандын атактуу акыны Олжас Сулейменов казакча бир сөз билбейт, ырларын бүт орусча жазат. Бирок аны казактар даңктап көтөрүп жүрүшпөйбү. Ушуга салыштырмалуу бизде көп түшүнбөстүктөр болду, бирок эми анын баарына чекит коюлду.
Маектешкен
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".





Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,-
Канткенде адам уулу адам болот?
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген ушул талаш,-
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коет,-
Канткенде адам уулу адам болот?
("Фудзиямада кадыр түн")

Өзбек эли Чыңгыз Айтматовду түбөлүккө унутпайт
Кыргыз Эл Баатыры, дүйнөлүк деңгээлдеги залкар жазуучу, улуу гуманист, жалпы Жер планетасынын жараны, XX­XХI кылымдын ойчул­философу, чебер дипломат, тынчтык үчүн талыкпас күрөшүүчү, бүткүл адамзат даанышманы Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндө буга чейин көп жазылды, дагы далай айтылар сөздөр али алдыда. Анткени, гений жазуучунун көзү өткөндөн кийинки өлбөстүккө карай кеткен жолдогу өмүрү эми гана башталды. Арийне, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган бир канча китептер чыгып кетти. Эми эфирден берилген телеберүүлөр, радиоуктуруулар, газетага, журналдардын беттерине чыккан макалалар, көркөм публицистикалар, эскерүүлөр, маектер жөнүндө айтсак, эсеп жетпейт. Мындан ары да дайым илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, нечендеген көркөм тасмалар тартылып, улуу жазуучуга арналган миңдеген повесть, романдар жаралаар. Көркөм адабияттын туу чокусуна чыккан жазуучу Чыңгыз абабыз буга татыктуу.
Ал бир гана кыргыз элинин уулу болбостон жалпы түркий тилинде сүйлөгөн тили­дили тектеш, маданияты окшош боордош элдердин да сыймыктанаар Чолпон жылдыздай жанып турган медери болуп калды. Маселен, Дүйшөндүн образы Октябрь революциясынан кийинки кыргыз элинин кат сабатын жоюудагы биринчи мугалим катары берилсе, ал эми Чыңгыз Айтматовдун өзү бардык нерсеси аралаш ургаалдуу, удургуган бороондой боло өнүгүп бараткан цивилизациялуу замандагы (ХХ кылымдын бүтүшү менен XXI кылымдын башталышында жашап жаткан)адамзаттын көңүлүн экология, гуманизм, тынчтыкта жанаша жашоо ж.б. орчундуу маселелерге бурган Биринчи мугалим болуп калды.
Ошондуктан мындай улуу адамга арналган китептер дүйнө жүзү боюнча тынымсыз чыга бермекчи. Алардын бири катары боордош Өзбек Республикасынын борбору Ташкент шаарындагы "Noshir" басмаканасынан чыккан "Чыңгыз Айтматов навечно в сердцах узбекистанцев" деген аталыштагы эскерүү китебин айтсак болот. Бул китепти чыгаруу долбоорунун автору жана түзүүчүсү, философия илиминин кандидаты Туланбай Курбанов экен. Түзүүчүнүн баш сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Өзбек Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаровдун "Чингиз Айтматов ­ посол мира и дружбы" деген макаласы берилген. Мында залкар жазуучунун улуу жазуучулуктан башка дагы элчилик иштеги үзүрлүү эмгеги терең анализделип берилген. Ошондой эле Швейцария конфедерациясынын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Петер Буркхарддын "Чингиз Айтматов ­ золотой мост между западом и востоком" деген эскерүү макаласында да оригиналдуу ойлор айтылган.
Андан ары Чыңгыз Айтматовдун "На траверзе Амира Темура" деген көлөмдүү макаласына орун берилген. Бул макалада Амир Темир көргөндүн феномени жазуучу тарабынан жогорку деңгээлде ачылган.
Кыскасы, өзбек элинин алдыңкы саптагы интеллигенттеринен болушкан профессор Акмал Саидов, академик Саид Шермухамедов, филология илиминин доктору Гузал Абдуллаева баштаган бир топ инсандардын эскерүү макалалары, айрым журналисттердин маектери берилген. Жыйнакта илимий, философиялык, коомдук­саясый, адабий мааниден алганда, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көп кырдуу талантын, жогоруда айтылгандай бүткүл дүйнөгө таандык көркөм сөз чебери, рухий устат экенин ачып берүүгө аракет жасалган. Ошондой эле Ч.Айтматовдун Өзбекстанга ар түрдүү мезгилде барган кездеги жолугушуулары, аңгемелешүүлөрү тууралуу да кызыктуу маалыматтар камтылган. Бул боюнча Өзбек Республикасынын Президенти Ислам Каримов менен жолугушкан түстүү сүрөттөрдөн баштап, дагы кызыктуу көз ирмемдер жөнүндө көптөгөн сүрөттөр да орун алган.
Чыңгыз Айтматов жөнүндө өзбек туугандар даярдаган ушул китеп аркылуу окурмандар, көркөм сөз өнөрүнө кызыккан адамдар, философия илимине кызыккан инсандар, жогорку окуу жайларында гуманитардык багытта окуп жаткан студенттер жана аспиранттар үчүн бир топ жаңы маалыматтарды алууга боло тургандыгы көрүнүп турат.
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".




Ч.Айтматовду балдар да сүйүшөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-январындагы №53 Жарлыгына ылайык үстүбүздөгү жыл Ч.Айтматовдун жылы деп жарыяланган эле. Бул боюнча Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата атайын иш планын иштеп чыгып, аны иш жүзүнө ащырууда бир топ иштерди жасады. Жыл бою шаардын бардык билим берүү мекемелери бекитилген пландын негизинде иш чараларды өткөрүшкөн. Алсак, мектептер жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин тарбиялануучулары менен окуучуларынын арасында Ч. Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган "Жаш артист", "Ч.Айтматов бурчу" илимий-изилдөө, дил баян жазуу боюнча кароо-сынактар өтүп, анын жыйынтыгы жыл бою чыгарылып турган. Мына ошол аткарылган иш чаралардын жыйынтыктоо аземи 15-декабрда №69 окуу тарбия комплексинде болуп өттү. Аземде бала бакчалар менен мектептер арасында уюштурулган "Ч. Айтматов бурчу" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, залкар таланттын китеп көргөзмөсү ачылып, "Жаш артист" илимий-изилдөө, мыкты дил маек жазган окуучуларды, жеңүүчүлөрдү грамота менен сыйлоо салтанаты болду. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган ыр кечеде Айтматовдун чыгармаларынан алынган үзүндүлөр, монологдор чеберчилик менен аткарылып, жагымдуу обондор жаңырды. Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча №69,88,1,82,64,50,81-мектептин окуучулары "Жаш артис" долбоорунун кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү деп табылып, "Ч.Айтматов бурчу" сынагын №74,86,38,31,20,46-мектептер жана №1,79,5-бала бакчалары жеңип алышты. Ч.Атматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча илимий-изилдөө долбоорунун кароо-сынагында №31, 67, 51, 44,68-мектептин окуучулары жеңүүчү болуп табылышты. Уюштуруучулардын айтымында бул кароо-сынакты № 31 мектептин 3-классынын окуучусу эң мыкты деп табылган. Анткени, ал окуучу жазуучунун ата-тегин изилдеген дил баян жазган. Окуучулары менен сыймыктанган мугалимдер иш чарага арналган дил баяндардын көбүнчө сүйүү, Ата-Мекенди сүйүү жөнүндө жазылгандыгын айтышып, жазуучу ооруп жүргөндө окуучулардын жараткандан анын өмүрүн тилеп жазган дил баяндардын көп жаралгандыгын белгилеп өтүштү. Ч.Айтматов жылын жыйынтыктоо аземине борборубуздун мугалимдери, окуучуларынан сырткары адабият чөйрөсүндө төбөсү көрүнгөн кадырлуу коноктор да катышышты.
Ж.КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркин Тоо".









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan