Коллективдүү коопсуздук келишими уюму жаңы барагын ачты
9­10­декабрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышты.

Ага ОДКБнын Башкы катчысы Николай Бордюжа баш болгон бардык ОДКБга катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары катышты. Жыйындын жүрүшүндө "Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун өнүгүү багыттары жана коллективдүү коопсуздук системасын түзүү маселесинде КМШ жана Евразиялык экономикалык шериктештик ортосундагы функцияларды чектөө" жөнүндөгү күн тартибинин негизги маселеси боюнча ОДКБнын Башкы катчысы Н.Бордюжа маалымат берди. Ошондой эле ар кандай коркунучтарга каршы туруу боюнча ОДКБнын уюштуруучулук механизмдерин түзүүгө байланышкан маселелер талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө "Коллективдүү регионалдык антитеррористтик күчтөрдү" жана "Чукул аракеттенүүдөгү коллективдүү күчтөрдү", ошондой эле атайын кызматтардын, ички иштер министрликтеринин, чек ара, бажы кызматы жана маалымат коопсуздугу боюнча жетекчилеринин жыйынын уюштуруу сунуш кылынды.
Өзгөчө көңүл ОДКБнын секретариатына караштуу Ар кандай коркунучтарга каршы турууну координациялоо боюнча борборду түзүүгө бөлүндү. Бул Борбордо мыйзамсыз баңги зат жүгүртүүгө, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, мыйзамсыз миграцияга каршы туруу, маалыматтык коопсуздук, чек ара коопсуздугу жана бажы көзөмөлү, өзгөчө кырдаалдар, кырдаалдык аналитикалык борбор багытындагы иштер жүргүзүлүүсү болжолдонууда.
Мындан тышкары жыйындын катышуучулары өз ара практикалык байланыш механизмдерин түзүү маселесин карашты. Көптөгөн маселелердин ишке ашырылышын мамлекеттер аралык атайын программалар аркылуу, анын ичинде ОДКБ өлкөлөрүнүн Ооганстан менен чек арасын чыңдоо, мыйзамсыз баңги зат жүгүртүүгө каршы туруу боюнча комплекстүү чараларга жана өзгөчө кырдаалдарга карата аракеттенүүнүн комплекстүү потенциалын түзүү менен ишке ашырылуусу белгиленди.
Жыйындын соңунда анын катышуучулары ОДКБга катышуучу өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын 2008­жылдын 10­декабрындагы төмөндөгү билдирүүсүн кабыл алышты:
"ОДКБга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынынын катышуучулары 2008­жылдын 5­сентябрындагы ОДКБнын коллективдүү коопсуздук кеңешинин Москвадагы сессиясынын Декларациясынын жоболорун жетекчиликке алуу менен Евро­Атлантика бирдиктүү жана ишенимдүү коллективдүү коопсуздук системасын түзүүгө мүмкүндүк берген Россия Федерациясынын Европалык коопсуздук боюнча юридикалык милдеттендирүүчү Келишимди түзүү боюнча демилгесин колдоону ырастайт. Ошондой эле ОДКБ өлкөлөрү бул документти иштеп чыгуунун зарылдыгынан улам бардык өлкөлөрдүн жана евро­атлантикалык мейкиндикте иштеп жаткан эл аралык уюмдардын бирдей укукта катышуусу менен ОБСЕнин алкагында КМШ, ОДКБ, Европалык союз жана НАТО сыяктуу уюмдардын катышуусунда коопсуздуктун келечектеги архитектурасы талкууланууга тийиш болгон панъевропалык саммитти өткөрүү жөнүндө россиялык­франциялык демилгени жактырат.
Пресс­конференция учурунда Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаров берилген суроолорго жооп берип, Ысык­Көлдө ОДКБ өлкөлөрүнүн жаштарынын патриоттук жана аскердик­спорттук уюмдарынын эл аралык жолугушууларын өткөрүүнүн маанисине жогору баасын берди. Мындан тышкары ал Президент К.Бакиев тарабынан Ысык­Көлдө ОДКБнын эл аралык өспүрүмдөр борборун түзүүнү колдоосун билдирди.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Еревандан кайтып келгенден кийин болуп өткөн кеңешменин жыйытыктары боюнча Президентке маалымдады. Президент К.Бакиев ОДКБнын коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин отурумун бардык позициялары боюнча колдой тургандыгын билдирди.
Б.Турдалиева,
"Эркин Тоо".




БИШКЕК ШААРЫНДА 2008-ЖЫЛДЫН 12-АВГУСТУНДА КОЛ КОЮЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ ТАРАЗ-ТАЛАС-СУУСАМЫР АВТОЖОЛУН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО ДОЛБООРУН КАРЖЫЛООГО КАТЫШУУ (II ФАЗА) ЖӨНҮНДӨ КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУНУ РАТИФИКАЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

2008-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо долбоорун каржылоого катышуу (II фаза) жөнүндө кредиттик Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Ислам өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 1-декабры, №252.


БИШКЕК ШААРЫНДА 2008-ЖЫЛДЫН 24-НОЯБРЫнДА КОЛ КОЮЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН
ОРТОСУНДАГЫ "КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН ДЕҢГЭЭЛИНДЕ
ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ-КОШУМЧА"
GRANT NUMBER 0122-KGZ (SF) ДОЛБООРУ БОЮНЧА ГРАНТТЫК
МАКУЛДАШУУНУ РАТИФИКАЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

2008-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү-Кошумча" GRANT NUMBER 0122-KGZ (SF) долбоору боюнча Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 10-декабры, №254.


"КАЛКТЫ ЖАНА АЙМАКТАРДЫ ТАБИГЫЙ ЖАНА ТЕХНОГЕНДИК МҮНӨЗДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН КОРГОО ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

2008-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. "Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 5, 270-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын бешинчи абзацындагы "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кеңешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 10-декабры, №255.






ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О РАТИФИКАЦИИ КРЕДИТНОГО СОГЛАШЕНИЯ МЕЖДУ
ПРАВИТЕЛЬСТВОМ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ И ИСЛАМСКИМ
БАНКОМ РАЗВИТИЯ ОБ УЧАСТИИ В ФИНАНСИРОВАНИИ ПРОЕКТА
РЕАБИЛИТАЦИИ АВТОДОРОГИ ТАРАЗ - ТАЛАС - СУУСАМЫР (ФАЗА II),
ПОДПИСАННОГО 12 АВГУСТА 2008 ГОДа В ГОРОДЕ БИШКЕК

Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
14 ноября 2008 года

Статья 1. Ратифицировать Кредитное соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Исламским банком развития об участии в финансировании проекта реабилитации автодороги Тараз - Талас - Суусамыр (Фаза II), подписанное 12 августа 2008 года в городе Бишкек.
Статья 2. Министерству иностранных дел Кыргызской Республики совместно с Министерством финансов Кыргызской Республики в установленном порядке уведомить Исламский банк развития о выполнении Кыргызской Республикой внутригосударственных процедур, необходимых для вступления в силу вышеуказанного Соглашения.
Статья 3. Настоящий Закон вступает в силу со дня подписания.

Президент Кыргызской Республики К. БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 1 декабря 2008 года, №252.


ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О РАТИФИКАЦИИ ГРАНТОВОГО СОГЛАШЕНИЯ ПО ПРОЕКТУ
"ПРЕДОСТАВЛЕНИЕ ИНФРАСТРУКТУРНЫХ УСЛУГ НА УРОВНЕ НАСЕЛЕННЫХ ПУНКТОВ - ДОПОЛНИТЕЛЬНЫЙ"
GRANT NUMBER 0122 - KGZ (SF) МЕЖДУ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКОЙ И АЗИАТСКИМ БАНКОМ РАЗВИТИЯ, ПОДПИСАННОГО 24 НОЯБРЯ 2008 ГОДА В ГОРОДЕ БИШКЕК

Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
4 декабря 2008 года

Статья 1. Ратифицировать Грантовое соглашение по проекту "Предрставление инфраструктурных услуг на уровне населенных пунктов - Дополнительный" GRANT NUMBER 0122-KGZ (SF) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития, подписанное 24 ноября 2008 года в городе Бишкек.
Статья 2. Настоящий Закон вступает в силу со дня подписания.

Президент Кыргызской Республики К. БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 10 декабря 2008 года, №254.


ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
О ВНЕСЕНИИ ИЗМЕНЕНИЯ В ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
"О ЗАЩИТЕ НАСЕЛЕНИЯ И ТЕРРИТОРИЙ ОТ ЧРЕЗВЫЧАЙНЫХ
СИТУАЦИЙ ПРИРОДНОГО И ТЕХНОГЕННОГО ХАРАКТЕРА"

Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
13 ноября 2008 года

Статья 1. Внести в Закон Кыргызской Республики "О защите населения и территорий от чрезвычайных ситуаций природного и техногенного характера" (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 2000 г., № 5, ст. 270) следующее изменение:
в абзаце пятом статьи 8 слова "Законодательное собрание Жогорку Кенеша" заменить словами "Жогорку Кенеш".
Статья 2. Настоящий Закон вступает в силу со дня официального опубликования.

Президент Кыргызской Республики К. БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 10 декабря 2008 года, №255.







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan