Игорь Чудиновдун Москвадагы жолугушуулары
12-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык шериктештиктин мамлекеттер аралык кеңешинин Өкмөт башчыларынын жыйыны болуп, ага Премьер-министр И.Чудинов катышты.
Өкмөт башчыларынын жыйынынын алдында премьер-министр И.Чудинов бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алгач Кыргызстандын Өкмөт башчысы Россиянын энергетика министри С.Шматко менен жолугушту. Сергей Шматко Кыргыз-Россиялык соода экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жогоруда аталган комиссиянын алкагында мурда кол коюлган келишим жана макулдашуулардын көбүрөөк натыйжалуулугуна жетишүү жана эки тараптуу мамилелердин андан ары өнүгүүсүнө байланышкан маселелер талкууланды.
Андан соң Премьер-министр И.Чудинов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн орун басары -финансы министри А.Кудрин менен жолугушту. Анда дүйнөлүк финансы рыногундагы азыркы абал, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу ж.б. маселелер жөнүндө пикир алышышты.
12-декабрда Москва шаарында Евразия экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин Өкмөт башчыларынын кезектеги ХХ жыйыны өз ишин аяктады. Саммиттин жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары көп багыттуу кызматташтык жана Евразиялык экономикалык шериктештик алкагында интеграцияга байланыштуу бир катар документтерге кол коюшту.
Саммит аяктагандан кийин Игорь Чудинов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы В. Путин менен жолугушуп, анда эки тараптуу мамилелердин кеңири алкагындагы маселелер туурасында сөз жүрдү.
Алгач И.Чудинов Кыргызстандын Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Россия тараптан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын айтты. "Биздин 16-сентябрдагы акыркы жолугушуубуздан бери эки тараптуу экономикалык мамилелердин өнүгүшү үчүн көп нерселер жасалганын белгилөөгө болот. Биздин эки өлкөнүн электрэнергетика тармагындагы кызматташтык боюнча биз россиялык тарапка Сары-Жаз дарыясында бул маселеде чоң тажрыйбага ээ "Гидро ОГК" компаниясы тарабынан ГЭС каскадынын техникалык тапшырмасы жана жайгаштыруу боюнча ишти аткаруу жана техника-экономикалык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маселени кароону сунуш кылат элек",-деди И.Чудинов.
Өз ара ишеним жана түшүнүшүү менен өткөн жолугушууда ошондой эле уран жана башка калдыктар сакталган жайларды реабилитациялоо, Россияда кыргыз мигранттарынын абалы жана ал жакта мындан ары калуу шарттары сыяктуу жана башка маселелер да талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Игорь Чудинов 2008-жылы октябрда Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аскердик -техникалык кызматташтык боюнча Биргелешкен комиссиянын жетинчи жыйынынын ишине жогору баасын берди.
Жолугушуунун соңунда Премьер-министр Игор Чудинов Россиянын Өкмөт башчысына өз ара кызыктырган маселелер боюнча кеңири пикир алышууга мүмкүнчүлүк берген жолугушуу үчүн ыраазылыгын айтып, болуп өткөн жолугушуу кыргыз-россиялык мамилелердин чыңдалышына кызмат кыларына ишенимин билдирди.
Премьер-министр И.Чудинов өзүнүн Москвада болуусунун соңунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары И.Сечин менен да жолугушуп, анда өз ара кызыктырган эки тараптуу мамилелер талкууланды.

Б.Турдалиева, "Эркин Тоо".




Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешин түзүү боюнча уюштуруу комитети Коомдук ордо кеңешине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 1-декабрындагы №426 "Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешин түзүү боюнча уюштуруу комитети Коомдук ордо кеңешине саясый партиялардан, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынан (союздарынан), бизнес-ассоциациялардан, Кыргызстан калкы Ассамблеясынан, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан, чыгармачыл союздардан, жаштар уюмдарынан, райондордун жана облустук шаарлардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү жамааттарынан Жобого ылайык талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт.
Талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби жана талаптары, ошондой эле тийиштүү документтерди тариздөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңеши жөнүндө Жободо баяндалган.
Талапкерлер боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жиберилет.
Сунуштарды берүү мөөнөтү 2009-жылдын 12-январына чейин.
Кошумча маалымат үчүн 63-86-71 телефондоруна жана jamshitova@mail.gov.kg электрондук дарегине кайрылуу керек.





Жумушсуздук дүйнөлүк көйгөйгө айланууда
Дүйнөлүк экономикалык кризис Орусияны да чулгап келатат. Финансылык кыйынчылыктын сазына түшкөн көптөгөн мекеме, ишканалар кызматкерлеринин санын кыскартуунун үстүндө. Ал жактагы жумушсуздардын санынын көбөйүүсү чет жерден барып нанын таап жеп жаткан эмгек мигранттарды өз үйлөрүнө кайтууга аргасыз кылууда. Россия премьер-министри Владимир Путин 10-декабрда 2009-жылы РФга эмгек мигранттарын тартуу квотасын азайтууга уруксат берүүчү токтомго кол койду. Ага ылайык эми Россиядагы эмгек мигранттарынын саны 50 пайызга кыскарышы күтүлөт. Бул чечим албетте кыргыз мигранттарына да өз таасирин тийгизет. Акыркы маалыматтар боюнча учурда Россияда 253 миң кыргызстандыктар эмгектенип жүрүшөт. Алардын ичинен 167 миңи орус жарандыгына ээ болушкан. Бирок жарандыкты алуу - бул жумуш менен камсыз болуу кепилдигин бере албастыгы айдан ачык. Биздеги тиешелүү тармактар жумушсуз калган мигранттар кайра жабалактап кайтып келишсе Өкмөт иш менен камсыз кыла алабы деген суроонун үстүндө баш оорутууда. Кыргызстандын миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова маселени жеринде сүйлөшүү үчүн Москвага барып келди. Кандай жаңылык менен келгенин азырынча билдире элек.


Өзүбүздө жумушсуздардын саны 269 миң адамды түзөт. Бул цифра жалпы эмгекке жарамдуу калктын 11 пайызы жумушсуз дегенди түшүндүрөт. Ишсиз жүргөндөрдүн эң көбү Баткен облусунда катталган. Биздин өлкөдө да финансылык кризиске байланыштуу жабылып жаткан ишканалар бар. Мисалы, Казакстандагы ипотекалык кризистин айынан курулуш төмөндөп, цемент, шиферге болгон талаптардын азайышынан Канттагы цемент-шифер заводу жабылып, анда эмгектенген жумушчулар иштеринен белгисиз мөөнөткө дейре бошотулушкан. Аларга мамлекет тарабынан эч кандай жардамдар каралган эмес. Ошондуктан депутаттардын өкмөттү, тиешелүү тармак жетекчилигин антикризистик программасы жок деп айыптап жаткандыктары туура сын болду. Ошол эле убакта Кыргызстанда акча жасап жаткан башка улуттун өкүлдөрү да миңдеп саналат. Аларды өлкөдөн чыгарып жиберүү өлкөлөр аралык мамилелерге туура келбейт.
Белгилүү болгондой, эмгек мигранттарынын көпчүлүгү Россиянын борбору Москвага топтолушкан. 2008-жыл үчүн Москвада эмгек мигранттардын саны визалык режимди карманган өлкөлөрдөн 105 миңди, ал эми визасыз катташкан өлкөлөрдөн 195 миң адамды түзгөн. Антсе да 2007-жылдын аягында Москва шаарынын өзүндө эле 1,7 миллион эмгек мигранты каттоодо турган. Ал эми өздөрүндөгү жумушсуздардын саны ноябрдын аягында бүткүл өлкө боюнча расмий катталганы 1,29 миллионду көргөзгөн. Азыр орус өкмөтү дүйнөлүк финансылык кризис шартында биринчи кезекте иш берүүчүнүн да, жумушчунун да кызыкчылыктарына жооп бербеген учурдагы квота берүүнүн механизмин өзгөртүү менен миграциялык абалды оңойбуз дешүүдө. Бул демек, Россияга жалаң гана талапка жооп берген, керектүү адистер жөнөп калат дегендик.
А экономисттердин айтуусунда азыр Россияда 12 миллиондун тегерегиндеги мигрант эмгектенип жүрүшөт. Алардын ичинен 1 миллиону гана атайын уруксат менен иштесе, калган 11 миллион мигрант мыйзамсыз жүрөт. Үстүбүздөгү жылы Россиядан мыйзамсыз жүргөн мигранттардын 4379у өз мекендерине жөнөтүлгөн.
Ошентип мигранттардын саны боюнча Россия АКШдан кийин экинчи орунду ээлейт экен (АКШда четтен барып жан баккандардын саны 38,4 миллион адамды түзөт). 2007-жылдын жыйынтыгы Россияда эмгектенген четэлдиктер өз өлкөлөрүнө11,4 миллиард доллар которушкандыгын көргөзүп, мигранттардын бул өлкөнүн экономикасына ченемсиз салым кошуп жатканын күбөлөндүрүүдө.
Россия өкмөтү гастарбайтерлерди тартуунун бекитилген квотасын азайтуу сунушун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине тапшырган. Аталган министрлик жетекчиси Татьяна Голикова Россияда массалык иштен бошотуулар болбойт деген менен иштеп жаткан россиялык кызматкерлердин 10 пайызы кризистин айынан жумуштан кетишээрин билдирди. Анын сөзү боюнча 1-октябрдан тартып эле пландык жана массалык жумуштан кетирүүнүн жумалык мониторингин жүргүзүү киргизилген. Сентябрь айында иш берүүчүлөрдүн 36 пайызы штаттарын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн айтып келишсе, ноябрь айында өз кубаттуулуктарына ишене албагандардын көлөмү 61 пайызга чыккан. Голикова жаңы жылга чейин ири секторлордо массалык иштен бошотуу болбойт деп ишендирди. Эгер кызматкерлерди кыскартуу жүрө турган болсо, эки ай мурун эскертилээрин да белгилеген "Ведомости" гезитине берген маегинде.
Россияда октябрдын башынан бери 29,7 миң адам иштен айдалган. Бирок анын 40 пайызы кайра жумушка орношкон. Бул өлкөдө жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун көлөмүн жаңы жылдан тарта 4900 рублга көтөрүүнү пландаштырып атышат.
Баамчылдар Россияда массалык жумуштан кетирүү жүрө турган болсо, бул биринчи кезекте металлургия менен машина куруу тармагына келип тиет дешүүдө. Ал эми бул тармактарда айлык акы көлөмү жогорку деңгээлде. Андыктан 4900 рубль орточо эмгек акынын 30 пайызына да жетпей калат.
Учурда Россия бийлиги жумушунан кол жууган кызматкерлерди жол куруу боюнча коомдук ишке тартууну карап жатышат. Россия транспорт министрлиги биринчи кезекте жумушсуздук көбүрөөк катталган аймактарда жумуш орундарын түзүүнү карап, министрлик бюджетинен кыска мөөнөттө субсидияларды алып, региондорго бөлүштүрүүгө уруксат берген мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Өкмөт менен Мамдумадан сурап жатат. Өкмөт да жөн жатпай миллиарддаган каражатын жумушсуздукту кыскартууга карай бөлгөнү турат. Кыргызстанда жумушсуздук маселеси өтө орчундуу байкалбай турган менен эртеңки күндүн чоң маселесине айланышы мүмкүн. Кыргыз Өкмөтү да бул боюнча чараларды көрүп, массалык жумушсуздукту болтурбоонун жолун издебесе Россияда коңгуроо кагып жатышкандай социалдык оор жагдай менен кылмыштуулуктун өсүшүнө жеткириши мүмкүн.
Азыртан эле россиялыктар өздөрүндөгү болуп өткөн кылмыштардын көпчүлүгүнө гастарбайтерлердин тиешелүүлүгүн айтып чыгышууда. "Ишсиз калган мигранттар үйлөрүнө жете албай же акчасыз барганга уяты жол бербей кылмыш жолуна оңой эле барышууда. Уурдап, тоноп, адам өмүрүнө залака келтиргенге дейре жеткиришүүдө",-деп билдиришүүдө орусиялык укук коргоочулар.
Учурда гастарбайтерлердин 6,5 миллионго жакыны курулуш ишинде иштешет. Глобалдык кризистин айынан алардын 1,5 миллиону гана өз орундарын сактап калышпаса, калганы жумушсуздардын катарын толукташаарын айтышууда, экономисттер. "Дагы 1 миллиону башка жумуш таап же өз убагында мекенине кайтып кете алышат. Бирок эң жок дегенде 4 миллион мигрант көчөдө- мыйзам четинде жана коомдон сырт калып калат, мындай көрүнүш ири шаарларда кылмыштуулуктун көбөйүшүнө алып келет",-дешет эксперттер.
Биз Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын амандыгын тилейли. Акчасыз келишсе да алтын баштары аман болсо кандай кризис болбосун жеңип чыгабыз.
Жаркынай Эргешбаева,
"Эркин Тоо".







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan