Айтматов ааламдан өчпөйт
12-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, дүйнөгө таанымал инсан Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. Бул күнү эртең мененден тартып, эл "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чогула баштады. Саат 9.30да КРнын Президенти Курманбек Бакиев баш болгон өкүлдөр келип, "Ата-Бейитке" жана Ч. Айтматовдун кабырына гүл коюшту. Гүл көтөрүп келген элдердин аягы үзүлбөй биринин артынан бири зымырап, машиналар тынымсыз келип жатты. Гүл чамбарлар коюлуп бүткөн соң Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы маркумдун арбагына куран окуду.
Куран окулган соң, Президент мемориалдык музейдин комплексин көрүп чыкты.
Иш-чарага катышкан ЖМК өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекет башчысы азыркы доордун көрүнүктүү жазуучусунун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. "Бүгүн кыргыз элинин даңктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун юбилейи. Биз бул күндү Чыңгыз Төрөкулович менен чогуу салтанаттуу түрдө, кубанычтуу маанайда майрамдайбыз деп ойлогон элек. Бирок, жазмыштын буйругу башкача болду. Биз доорубуздун улуу инсанынан ажырап, орду толгус жоготууга учурадык",- деди К.Бакиев.
Президент Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу жыл бир инсанга арналганын белгиледи."Чынгыз Айтматов мындай урмат-сыйга татыктуу. Анын чыгармачылыгы дүйнөлүк маданияттагы өзүнчө эле доор, ал эми жазуучу өзү болсо кыргыз элинин рухий тиреги болуп калды. Сиздер менен биз аны менен замандаш болуу бактысына туш келдик. Биздин ыйык милдетибиз - Айтматов тарабынан анын өлбөс-өчпөс чыгармаларында даңазаланган адамгерчилик жана кең пейилдүүлүк, сулуулукту, аруулукту жана түбөлүктүү сүйүүнүн бийик идеалдарын өсүп келаткан жаш муунга жеткирүү" деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде күмбөз куруу боюнча Жарлыкка кол коюлганын маалымдады. Андан тышкары, баш калаабыздын борборунда улуу жазуучуга эстелик тургузулат.
Айтматовдун ысымы шаардын чок ортосунда жайгашкан Эмен багына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрына ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштарга берилчү сыйлыгы Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы болуп кайра аталат. "Чыңгыз Айтматовдун ысымы жана жаркын элеси анын талантына таазим эткен миллиондогон кишилердин жүрөгүндө, ар бирибиздин жан дүйнөбүздө, аны тарбиялап-өстүргөн кыргыз элинин эсинде түбөлүккө жашай берет" деди Президент К.Бакиев
Ата-Бейит мемориалдык комлексинде Айтматовдун 80 жылдык мааракесин эскерүү иш чарасына өлкө башчысы менен бирге КРнын мамкатчысы Нур уулу Досбол, Президенттин администрация башчысы М.Садыркулов, КРнын биринчи вице-премьер-министри И.Айдаралиев, вице-премьер министр Э. Ибраимова, Маданият жана маалымат министри С.Раев, Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеев, Чүй облусунун губернатору К.Сыйданов жана Аламүдүн районунун акими Т.Биримкуловдор катышты.
К.Бакиров,
"Эркин Тоо".




Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин ата­мекендик жана дүйнөлүк адабиятты жана көркөм өнөрдү жана маданиятты өнүктүрүү ишине сиңирген эмгегин жана көрүнүктүү салымын таанып жана анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
­ бир айлык мөөнөттө "Ата­Бейит" Мемориалдык комплексинде Ч.Т.Айтматовдун күмбөзүн түзүүгө конкурс жарыяласын жана аны куруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын;
­ үч айлык мөөнөттө Бишкек шаарында Ч.Т.Айтматовдун эстелигин түзүүгө конкурс жарыяласын жана аны орнотуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын;
­ жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктарын тийиштүү номинацияларды сактап калуу менен Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыктары деп өзгөртүп атасын;
­ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук орус драма театрына Чыңгыз Айтматовдун ысмын берсин;
­ Кыргыз­Түрк "Манас" университетинин анын кампусуна Ч.Т.Айтматовдун ысмын берүү жөнүндөгү сунушун кабыл алсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
­ Бишкек шаарындагы Эмен паркын Чыңгыз Айтматов атындагы парк деп өзгөртүп атасын.
3. Мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республиканын мекемелер жана уюмдары Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени карашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн ченемдик укуктук документтерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008­жылдын 10­декабры.




Жыл жыйынтыктоо мезгили келди
Кечээ15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Администрация жетекчиси Медет Садыркулов баштаган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары менен салттуу жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы өтүп бараткан жылдын жыйынтыктарын чыгаруу жөнүндөгү маселеге токтолуп, мамлекеттик структуралардын баары бул багытта тиешелүү иш жүргүзүүсү керектигин белгиледи.
Президент ошондой эле алдыдагы жаңы жыл каникулу күндөрүндө шаардык транспорт инфраструктурасынын, шаардыктарды тейлөө кызматтарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуунун зарылдыгына көңүлдү бурду.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле уюштуруучулук жана күндөлүк мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.




Кыргыз Республикасынын Президентинин
Буйругу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38­беренесине ылайык:
1. Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2008­жылдын 19­декабрына дайындалсын.
2. Нарын шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Ботобеков Уран Токтоназарович дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаардык кеңеши менен бирдикте Нарын шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 15­декабры.




Банк системасы экономикада чечүүчү мааниге ээ
Кечээ Президент Курманбек Бакиев Өкмөт үйүндө республиканын банк секторунун өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйынды ачып, мамлекет башчысы жолугушуунун максаты дүйнөдөгү азыркы жеңил эмес финансылык кырдаалга байланышкан банк системасынын курч маселелерин талкуулоо экендигин айтты. "Ушул күнгө чейин биздин финансы системабыздын дүйнөлүк системага багытталуусунун төмөндүгүнөн жана биз жүргүзүп жаткан салмактанган жана анын эстүү саясаттан улам банк системасынын туруктуулугун кармап турууга мүмкүн болууда. Бирок, бул бейкапар болууга негиз болбошу керек. Биз азыркы окуяларга сергек баа берип жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденциясын, анын биздин өлкөгө таасирин болжолдоп турууга тийишпиз", ­ деп айтты К.Бакиев.
"Дүйнөлүк рыноктогу азыркы абал кризистик абал токтой электигин күбөлөндүрүүдө. Азыркы жөнөкөй эмес шарттарда өнөктөш өлкөлөрдө кредиттөөнүн темпи төмөндөдү. Окуянын мындай өнүгүшү кошумча экономикалык чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын талап кылууда", ­ деп айтты Президент.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бирдей маанидеги эки милдетти чечүү керек: бир жагынан күч­аракет экономикалык өсүштү колдоого, экинчи жагынан банк системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталышын белгиледи. "Биз өзүбүзгө макулдашылган жоопкерчиликти алуу менен дүйнөлүк финансылык кризистин терс таасиринен банк системасын коргоонун иштиктүү механизмдерин коомго сунуш кылуубуз", ­ деп айтып, Курманбек Бакиев жыйындын катышуучуларына банк секторундагы азыркы абал жана банк системасынын туруктуулугун сактоо үчүн зарыл чараларды талкуулоону сунуш кылды.
Андан соң Улуттук банктын төрагасы М.Алапаевдин республиканын банк секторундагы азыркы абал жана Улуттук банк тарабынан бул чөйрөгө дүйнөлүк финансылык кризистин мүмкүн болуучу терс кесепеттерин азайтуу максатында жүргүзүлүп жаткан чаралар туурасындагы доклады угулду.
Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, ЖАК "Азия Банкынын" төрагасы Таалайбек Джуматаев, ААК "АйылБанкынын" төрайымы Мария Таранчиева, ААК "АзияУниверсалБанктын" төрагасы Нурдин Абдразаковдор сөз сүйлөштү.
Мамлекет башчысы жумушчу кеңешменин жыйынтыгын чыгарып, азыркы шарттарда өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн банктардын ролу жана мааниси чечүүчү болуп баратканын белгиледи. Президент мүмкүн болуучу кыйынчылыктар жана коркунучтарга карата чараларды иштеп чыгууда Өкмөт, Улуттук банк жана банк коомчулугу өз ара тыгыз байланышта иштөөсүн белгилеп, негизги алты башкы милдеттерге көңүлдү бурду.
Биринчиси, банк системасынын ликвиддүүлүгүнүн деңгээлин кармоо үчүн мүмкүн болгондордун баарын жасоо шарт. Банк системасы бүтүндөй экономика үчүн коркунуч түзбөөсү керек. Мамлекет башчысы Улуттук банктын төрагасы А.Алапаевдин Улуттук банк алдында атайын банктарды рефинансылоо фондун түзүү жөнүндөгү сунушун колдоду.
Экинчиси, банктарга карата калктын ишеними өзгөчө маанилүү болуп саналат. Анын ичинде банктардын аманатчыларынын өзүлөрүнүн каражаттарынын корголуусуна ишеними болууга тийиш. Мамлекет башчысы кепилденген депозиттердин өлчөмүн 100 миң сомго чейин көбөйтүү сунушун колдоду жана бул маселе максималдуу түрдө кыска мөөнөттө чечилиши керек.
Үчүнчүсү, Өкмөт жана Улуттук банк банк секторуна тышкы инвестиция тартуу боюнча ишти улантуусу зарыл. Өкмөт жана коммерциялык банк бизнес үчүн кредиттик линия берүүчү эл аралык финансы институттары менен жандуу байланышта иштөөсү керек. Коммерциялык банктар бүт өлкө боюнча өз кызмат көрсөтүүсүнүн алгылыктуу жана ийкемдүү шарттарын сунуш кылуу менен банк инфраструктурасын кеңейтүүсү зарыл.
Төртүнчүсү, ички ресурстарды кошумча мобилизациялоо боюнча ишти улантуу керек. Бул маселенин чечилишинин бири накталай эмес эсептешүүгө өтүүнү тездетүү болуп саналат. Мамлекет накталай эмес эсептешүү боюнча эсептешүү системасын киргизүү боюнча программа кабыл алган жана ишке ашырууда.
Бешинчиси, мамлекет азыркы абалды эске алуу жана анын олуттуулугун билүү менен банк системасына зарыл колдоо жана жардам берүүгө даяр. Бирок, банк коомчулугу да бүгүнкү кырдаалга жараша аракеттерди көрүүгө жана жүргүзүлүп жаткан банк саясатына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тийиш.
Президент банк коомчулугун ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн кредиттөөдө пайыз саясатын өзгөртүүгө чакырды.
Алтынчысы, мурда алдыга коюлган милдет, тактап айтканда банктарды андан ары капитализациялоо зарылчылыгы актуалдуу бойдон калууда. Азыркы шарттарда бул оңой эмес. Бирок, жалпы банктардын туруктуулугун көтөрүү, анын ичинде тышкы кесепеттерден да бул кадамдарга баруу керек.
Мамлекет башчысы Улуттук банкка бул милдеттерге көңүл бөлүүнү жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды.
Б.ТУРДАЛИЕВА,
"Эркин Тоо".








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan