Өмүрү тарыхка айланган инсан
Учурунда өз эмгеги менен жалпы өрөөнгө белгилүү болгон Осмонкулов Биримкул Талас районунун Кырк-Казык айылында Осмонкул аттуу колу ачык бардар адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Осмонкул атабыз акылмандуулук кылып Совет бийлиги келгенде өзүндө болгон мүлкүн өткөрүп берип "Кырк-Казык" колхозунун негиздөөчүсү болгон дешет. Биримкул акебиз 1927-жылы туулган. Акебизди сөзгө тартсак өткөндөрдү эстеп, кепти мындайча баштады:
-"Согуштун учурунда бала кезимде "Кырк-Казык" колхозунда араба тартып иш баштагам, андан кийин кампачы болуп иштедим. Тогузунчу классты айылдан бүттүк. Ал мезгилде Талас өрөөнү боюнча орто мектеп жок болчу. Онунчу классты Фрунзеден бүтүрөсүңөр деп "бешинчи" мектепке Таластан балдарды чогултуп алып келишкен. Келсек орун калбай калыптыр. Бир жума Билим берүү министрлигинде жашадык, ошол учурда ал азыркы "Кыргыз Туусунун" имаратында эле. Анан бир күнү Таласта бир орто мектеп ачылат, таластыктар "онунчуну" ошол жерден бүтүрөсүңөр деп жарыя кылышты. Көрсө, өрөөндүн ортосу деп азыркы "Миң Булак" айылынын жанында Чалдовар интернатын ачышыптыр. Ошол жерде окуп калдык. Базар күндөрү кырк чакырым аралыктагы айылга жөө басып кетчүбүз.

Ошентип орто билим алып 1949-жылы Айыл чарба институтунун ветеринария факультетине тапшырып, студент болуп калдым. Ошол учурда бардык жаштар билимге умтулуп, орусча жакшы билбесе да укканын, окуганын жаттап, бири-бирине жардам берип, тырышып окуганбыз. Жердешчилик деген жок, бир тең мамиледе элек. Улууларыбыздын арасында согуштан келгендер да бар эле. Мени менен окугандардын арасында Дорохов Николай, Шаршекеев Дүйшебай-согуштун ардагерлери болчу. Кийин Дүйшекем көп жыл бою Айыл чарба министрлигинде ветеринария башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жүрдү, Дүйшеев Арстанбек-жооптуу кызматтарда жүрүп, Кыргызстандын өкмөтүн башкарды, Каниметов Абдырай "Госпландын" төрагасынын биринчи орун басарына чейин жетип иштеди. Кандай сонун адамдар эле. Кадимки "Кутузов" атка конгон Базарбаев Кадыракун дагы менин курсташым болот. Чыңгыз Айтматов болсо Жамбулдан зоовет техникумду бүтүрүп, бизде зоофакультетте окуп калды. Экөөбүз 1949-жылы таанышканбыз. Кийин депутат болгондо сегиз жыл чогуу Москвага барып жүрдүк.
Биримкул аке 1954-жылы институтту бүтүрүп келгенден кийин беш жыл Долоно ветучастогун башкарып жүрдү. Анан бир жыл Талас райондук ветлечебницада ветврач болуп иштеп, 1960-жылы партиянын райондук комитетине арыз жазып, начар чарбаны көтөрөбүз деп Акматбек Нуржанов экөө Ленин колхозуна бири башкарма, бири башкы ветврач болуп дайындалышат. Ушул чарбада Осмонкулов Биримкул акебиз 1992-жылга чейин эмгектенди. Экөө тең илгери койгон максатына жетишип, чарбаны "миллионер" атка кондуруп, Союзга таанытышты. Раматылык Акыштын (Акматбек Нуржанов) ысымы азыр өзү башкарган чарбага жана айыл өкмөтүнө коюлган.
Биримкул акебизди Талас эли СССР Жогорку Кеңешинен удаа эки чакырымына депутаттыкка шайлады. Илгери Көк-Ойдун тушунда Талас дарыясынан өтчү бир көпүрөсү бар эле. Депутат учурунда элдин таламын орундатып, Кырк-Казык айылынын тушуна, азыркы Манас ордого өтчү көпүрөнүн салынышын көзөмөлгө алып, Биримкул аке салдырган дешет. Үзүрлүү эмгеги менен мекендин ветеринария тармагынын даңктуу санжырасында алтын тамгалар менен жазылып, 1974-жылы "Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ветеринардык врач" деген наам ыйгарылды.
Убагында иш тажрыйбасы СССР ВДНХсынын "Ветеринария" павильонунда чагылдырылып бир алтын, эки күмүш медалдарына татыган. "Койдун көк мээ ылаңын айыктыруу" китепчесинин автору. Ал бул ылаңдан айыктыруунун өз жолун, ыкмасын иштеп чыгып, аны кесиптештерине үйрөтүү боюнча өрөөндүн, республиканын чарбаларында тажрыйбасын жайылткан.
Биримкул Осмонкулов республикада "Дарылоо санитардык пункттардын" (ЛСП деп коюшчу) негиздөөчүсү, Орто Азия менен Казакстандан, ал тургай Монголиядан адистер келип, өнөр сырын үйрөнүп кетишкен.
Советтер Союзунун тарыхында ветврачтардан депутат шайланган бирөө эле болуптур-ушул Биримкул акебиз. 1966-жылы май, июнь айында Советтер Союзунун алты белгилүү адамдан турган өкмөттүк делегациясынын мүчөсү болуп Монголияга барып, Монгол элдик революциясынын 45 жылдыгына арналган мааракесине катышып келген.
Союз күчүнө кирип, өткөн кылымдын 70-жылдарынан тарта элдин турмушу кадимкидей оңолуп, эл эртеңкисинин камын ойлоп кабатыр болбой күжүлдөп эле эмгек менен алышып калган. Ошондо кара малды мындай кой, жалаң жандыктын башы биздин эле республикабызда 12 млн.го жетип, малдын башы боюнча Орусия, Казакстандан кийинки 3-орунда турчу. Малга кишидей эле камкордук көрүлүп, бышкан кыштан миңдеген короо-сарайлар салынып, алыскы жайлоо-тоолорго электр энергиясы жеткирилген. Ал эми ошол Биримкул башкы ветврач, кадимки Акматбек Нуржанов башкарма болуп жетектеген "Ленин" атындагы колхоздо эле койдун саны 105 миңге жеткен. Демек, 60ка жакын бардык шарты бар короо-сарай салынган. Чарбанын малы жайкысын Суусамырда, кышкысын айтылуу Кең-Колдо болоор эле. Мал көп, жайыт жетишпейт. Кышкысын колду карайт. Канча деген мээнет кетти. Акматбектин акылгөйлүгүнөн, Биримкулдун билимдүүлүгүнөн улам эки жетекчи эгиз козудай бирге жүрүштү, эмгек кылып бирге күлүштү.
Акматбек Нуржановдун активдерин кантип иштеткени тууралуу аңыз кептерди анын өзү тууралуу сөз кылганда айталы. Албетте, чарбанын экономикасын күчтөөдө жетекчинин орду айныгыс факт. Ошентсе да анын шакирти, жанкурбусу, керек болсо бирден-бир оюн тең бөлгөн кеңешчиси Биримкул Осмонкулов болгон.
Биримкул акем өмүрлүк жары Моңолбай кызы Жибек апа экөө кудайга шүгүр 60 жылдан ашуун бирге өмүр сүрүшүп, 8 баланы тарбиялап өстүрүштү. Азыр 50дөн ашуун небере-чөбөрөлөрү бар. Ошолордун ысык чайын ичип, кадыры өткөн кадырман адамыбыз Биримкул акем бүгүн 80ден ашты.
Ардактуу аксакалыбыз жалпы журттун көркү болуп, балдарынын сый-урматын көрө берсин демекчибиз.

Нурслан Акматов.




Ак алтындын кадыры түштү
(Башталышы 1-бетте)
Дүйнөлүк рынокто да химиялык булага кызыгуу көп болгондуктан, өнүккөн өлкөлөрдүн баары азыр химиялык жол менен була өндүрүүгө өтүп алышты. Учурунда пахтаны эң көп өндүрүп, кайра иштеткен Кытай өздүк наркы арзан химиялык буланы иштетип жатышат. 2006-жылы дүйнө жүзү боюнча 26 миллион тонна пахта өндүрүлсө химиялык була 41 миллион тонна өндүрүлгөн.
Пахтанын баасын туруктуу кармап туруу үчүн биринчи кезекте өлкөбүздө пахтаны кайра иштеткен өндүрүш ишканаларыбыз республика боюнча өндүрүлгөн пахтанын жок дегенде 50 пайызын кайра иштетиши керек дешет адистер. Бирок, бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан пахтага болгон сырткы баага көз карандыбыз.
Пахта биздин өлкөдө 2 облуста гана өстүрүлөт. Атап айтканда Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондору, Жалал-Абад облусунун 4 району. Ошондуктан пахта өндүрүү биздин өлкө үчүн негизги саясат эмес. Бирок, эгер анын өндүрүмдүүлүгү жакшырып, баасы көтөрүлсө, ошол 6 райондун экономикалык абалы жакшырмак. Экинчиден, пахтадан өндүрүлгөн буладан, экологиялык жактан таза кийимдерди кийип калмакпыз.
Ж.КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркин Тоо".




Кыргыз Республикасынын ИИМине караштуу Региондор аралык башкармалыгынын начальниги Болот Исакович Суваналиев менен маек
Аз убакытта көп кылмыштын бети ачылды
Суваналиев Болот Исакович, милициянын подполковниги. Ички иштер органдарында 1989­жылдан тартып, Кыргыз ССРинин ИИМинде ОМОНдун милиционери катары кызмат өтөй баштаган. Россия Федерациясынын ИИМинин Омски жогорку милиция мектебин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана АКНнын оперативдик­начальниктик кызмат орундарында, б.а. АКНнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмдүн начальниги, Кыргыз Республикасынын ИИМдин транспорт ИИБнын начальнигинин орун басары, КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулук боюнча региондор аралык башкармалыктын начальниги болуп эмгектенген. Бүгүнкү күндө КР ИИМдин Региондор аралык башкармалыгынын (РАБ) начальниги.


­ Болот Исакович, сиз жетектеген Ички иштер министрлигине караштуу Региондор аралык башкармалыгынын милдеттерине кыскача токтоло кетсеңиз?
­ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Региондор аралык башкармалыгы 2008­жылдын июль айында түзүлгөн. Бул башкармалыктын негизги милдеттерине төмөндөгүлөр кирет. Биринчиден, уюмдашкан кылмыштуулук менен бир багыттуу күрөштү уюштуруу, уюмдашкан кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүү багыты боюнча аймактык ички иштер органдарынын иштеринин өз ара байланыштарын координациялоону жүзөгө ашырат. Ошондой эле уюмдашкан кылмыш топторунун, алардын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз, укукка каршы жасаган кылмыш иштерин жана уюмдашкан кылмыш топторунун эл аралык, регионалдык байланыштары менен жүргүзгөн мыйзамсыз кылмыш иштеринин бетин ачуу менен күрөшүү милдеттерин аткарат. Мындан сырткары мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттин кызыкчылыгына зыян алып келүүчү коррупция көрүнүштөрүн кармоо жана болтурбоо, бул кылмыш иштери боюнча козголгон жана тергелип жаткан кылмыштар боюнча аныкталган материалдык зыяндарды толук калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзөт. Ошондой эле КР ИИМдин Региондор аралык башкармалыгы баңги заттары боюнча мыйзамсыз кылмыш иштерин жүргүзгөндөрдү, региондор аралык жана эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топторду, эл аралык баңги транзитине, региондор аралык мүнөзгө ээ кылмыш топтору уюштурган коомдук мааниге ээ, айрыкча татаал, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөөнү уюштурат.
­ Региондор аралык башкармалыктын уюшулганына аз эле убакыт болгон экен. Кандай кылмыштардын бетин ачууга үлгүрдүңүздөр?
­ Жогоруда мен айтып өткөн кылмыштар боюнча иш алып баруу менен РАБ бүгүнкү күнгө чейин 80 ар түрдүү кылмыштардын бетин ачты. Анын ичинде уюмдашкан кылмыштуулуктун багыты боюнча 30 кылмыш аныкталып, кармалды.
(1 киши өлтүрүү фактысы, 1 кишини өлтүрүүгө аракет жасоо фактысы, 5 пара алуу фактысы, 3 ок­дарыны мыйзамсыз сактоо фактысы, 2 мыйзамсыз эркинен ажыратуу фактысы, 1 зордуктоо, 1 карактоо, 1 уурдоо, 1 экстремизм ж.б. фактылар).
Коррупция менен күрөшүү боюнча бардыгы болуп 55 кылмыш аныкталган. Андагы келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион 58 миң сомду түзгөн (7 мамлекеттик кызмат адамдарынын пара алуу фактысы, 18 кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу фактылары, 9 мүлктү ээлеп алуу фактылары ж.б.). Баңги заттар менен бизнес жасоо багытында 15 кылмыш кармалган, анын ичинен 6 фактыны баңги заттарын сатуу, 5 притон кармоо фактысы, 3 баңги заттарын мыйзамсыз сактоо фактысы жана баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз эгүү фактысы кармалган. Мыйзамсыз сатуудан 810 килограмм баңги каражаттары кармалса, анын ичинен 4 килограммы героин, эки килограммына жакыны гашиш болгон.
­ Сиздердин башкармалыкка ишиңиздердин натыйжалуу болуусу үчүн ИИМ тарабынан кандай камкордуктар көрүлүүдө?
­ Министрлик тарабынан биздин алдыбызга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүү иш­чаралары көрүлүүдө. Биздин башкармалык ачылгандан бери 3 кызмат машинасы, 3 персоналдык компьютерлер бардык комплектиси менен бөлүнүп берилди. Азыркы күндө РАБдын кызматкерлеринин негизги аракети оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, уюмдашкан кылмыш топторунун лидерлери жана мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштардын бетин ачууга, уюмдашкан кылмыш топторунун кылмыш жолу менен тапкан кирешелеринин булактарын жана легалдаштыруу механизмин ачууга, ошондой эле нарко кылмыштардын бетин ачуу жана баңги заттарынын героин жана апийим сыяктуу мыйзамсыз айлантуудагы оор түрлөрүнүн ири партияларын кармоого багытталган. Ошону менен бирге жетекчилик тарабынан башкармалыктын кызматкерлеринин эмгектик жана кызматтык тартипти сактоону камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Маектешкен А.АБИЛОВ,
"Эркин Тоо".










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan