email • архив • редакция   



Ак алтындын кадыры түштү
Дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча алдыңкы орундарда турган Кытай, АКШ, Индия, Пакистан, Өзбекстан, Түркия сыяктуу өлкөлөр бүгүнкү күндө айыл чарба өсүмдүгүнүн бул түрүн мурункудай өндүрүшпөй калышты. Жасалма буладан (синтетика) тигилген кийимдер дүйнөнү каптаганы ак алтындын кадырын түшүрдү. Пахтаны өстүрүп өндүрүүгө кеткен чыгым дыйкандардын мээнетин актабай, пахталарын арзан баада сатып, кабыргалары кайышып турган чак. Анүстүнө акыркы жылдары айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бул түрүн өндүрүү жакшы жолго коюлбай жатат. Мисалы, быйыл өлкө боюнча пахта былтыркы жылга салыштырмалуу 200 гектарга аз себилген. Себеби, 2007-жылы пахтанын баасы өтө төмөн болуп дыйкандардын кызуугуусу жоголуп, экпей коюшкан. Былтыр 34,8 миң гектар аянтка пахта эгилсе, быйыл 32,8 миң гектарга гана эгилген. Бирок, КРнын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Сагынбаев Аскарбектин билдиргенине караганда быйыл пахтанын түшүмдүүлүгү жакшы болгон. Бункердик салмак менен эсептегенде 98 миң тонна пахта алынган. Биздин пахта буласын өндүрүүчү кайра иштетүүчү ишкана комбинаттарыбыз болгону 5000 тоннага чейин пахта буласын алып кайра иштетишет. Ал эми калган пахтабыздын 90 пайызы экспорттолот. Демек, биз пахтаны өндүрүүдө 90 пайыз сырткы рынокко көз карандыбыз. Дүйнөдө пахтанын баасын аныктап турган бир нече чоң базарлар бар. Андай базарлардын бизге жакыны Москвада жайгашкан. Ал базарда бүткүл Борбордук Азиянын пахталары сатылып, баалары аныкталат. Акыркы маалыматтарга ылайык Москванын пахта базарында пахтанын 1 тоннасына болгон баа 7-сентябрда 1850 доллар, 24-сентябрда 1822 доллар, 7-октябрда 1730 доллар, 1584 доллар, 18-ноябрда 1575 доллар болгон. 3 ай ичинде пахтага болгон баа өтө түшүп кеткен. Мисалы, бизде чийки пахтаны тере башташканда 1 кг пахтанын баасы 22-24 сом болсо, азыр ал 18-20 сомго чейин төмөндөгөн. Пахтанын баасынын туруктуу болбой жатышы биздин эле эмес, дүйнөнүн пахтакерлери үчүн да ыңгайсыз абалды жаратууда. Андыктан келээрки жылы пахта аянттары дагы кыскарышы мүмкүн дешет дыйкандар менен айыл чарба адистери. Мындай тенденциянын жыл өткөн сайын күчөшү жогоруда белгиленгендей кийим-кече, кездемелердин баары химиялык буланын кошулмасынан жасалып жаткандыгынан.
(Уландысы 11-бетте)















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan