Президент өргөөсүндө

Кыргыз телекөрсөтүүсү чечкиндүү секирик жасоосу зарыл
9-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Улуттук телекөрсөтүүнүн 50 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышты.
Куттуктоо сөзүнүн башында мамлекет башчысы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн түзүлүү тарыхы жөнүндө кыскача айтып, анын өнүгүүсүнүн негизги учурларына токтолду. "Анын тарыхы республикабыздын бутка туруп, калыптанышынын летописи болуп саналат. Бул юбилей өз өлкөсүнүн тарыхын билген жана сүйгөн, атамекендик маданий мурас менен сыймыктанган кишилердин баары үчүн майрам", - деди Курманбек Бакиев.
Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүндө эфирде көрүнбөгөн, бирок көрсөтүүлөрдү обого чыгарууда баалуу кызматты аркалаган режиссер, үн режиссер, байланыш инженери, сүрөтчү, оператор, редактор, администратор, монтажер, костюмер-гример жана башка көптөгөн техникалык кызматкерлердин эмгегине жогору баасын берди. Азыркы дүйнөдө телекөрсөтүү жаңы техникалык жетишкендиктерди өзүнө сиңирүү менен сапаттык жактан олуттуу өзгөрүүгө учурап жаткандыгын белгилеп, Президент кыргыз телекөрсөтүүсүнүн өз ишмердүүлүгүн жакшыртуу жагынан чечкиндүү секирик жасоого чакырды. "Сиздердин чыгарган продукция тек гана техникалык жактан мыкты болуп чектелбестен, интеллектуалдык өзгөрүүлөргө да муктаж деп эсептейм. Ушул багытта сиздер ийгиликтерге жетишесиздер деп мен терең ишенем", ­ деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы Улуттук телеканал өзүнүн даңктуу салттарын мындан ары да улантып, классикалык жана элдик музыканы, искусствонун башка түрлөрүн пропагандалоого, жаш муунду адептик жактан тарбиялоого таасир этүүчү агартуучулук программаларга басым жасаарына ишенгендигин билдирди. "Улуттук канал экономикада жетишилген ийгиликтерге өзүнүн өзгөчө салымын кошууда. Ошондуктан, анын кеңири аудиториясы мындан ары да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн дагы да тереңдетип, кеңейтип чагылдырууну күтөт",- деп белгиледи К.Бакиев.
Президент андан тышкары сергек жашоо образын, кыргыз спортсмендеринин жетишкендиктерин даңктоо аркылуу спорт менен машыгууну кеңири пропагандалоого чакырды. "Биздин коомдун негизги жетишкендиги - улуттар аралык ынтымакты сактоодо жана чыңдоодо кыргыз телекөрсөтүүсүнүн ролун өзгөчө белгилеп коюу керек. Телеканалдын ишмердүүлүгү мындан ары да берекелүү кыргыз жеринде жашаган улуттардын арасындагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн чыңдалуусуна көмөк көргөзөт деп ишенем ",- деди мамлекет башчысы.
"Азыркы дүйнөдө телекөрсөтүүнүн ролу баа жеткис. Адамдын дүйнөгө болгон көз карашынын калыптанышына таасир этүүчү кубаттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болуу менен ал коомдук пикирди жаратууда, жаш муундарды адептик жактан тарбиялоодо, жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңктоодо маанилүү ролду ойнойт. Мен мындай жооптуу социалдык миссияны аткарууда сиздерге чоң ийгиликтерди каалайм", ­ деди К.Бакиев.
Сөзүнүн соңунда Президент Улуттук телевидениенин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы ошондой эле Улуттук телерадиокорпорацияга 4 жаңы автомашинаны тартуу кылды.
Салтанаттуу жыйын майрамдык концерт менен аяктады.

Аймактарды өнүктүрүү алдыдагы албан милдет
10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев областтык мамлекеттик администрациялардын жетекчилерин- Талас областынын губернатору Бейшен Болотбековду, Ысык-Көл областынын губернатору Кыдыкбек Исаевди, Нарын областынын губернатору Өмүрбек Субаналиевди, Чүй областынын губернатору Кубанычбек Сыйдановду, Баткен областынын губернатору Маратбек Жумабековду, Жалал-Абад областынын губернатору Кошбай Масировду, Ош областынын губернатору Аалы Карашевди, ошондой эле Ош шаарынын мэри Жумадил Исаковду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда губернаторлор жана мэр мамлекет башчысына региондордун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, ошондой эле аларды андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө маалымат беришти.
Президент Курманбек Бакиев губернаторлор менен акимдердин жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташуусунун, ошондой эле коюлган милдеттерди аткарууда көбүрөөк демилге көрсөтүүсүнүн зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Президент 2009-жылда региондорду өнүктүрүү маселеси мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болоорун белгиледи.

Ак өргөлүү болушту
10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев республиканын илим жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерине муниципалдык квартираларды алууга сертификаттарды тапшырды.
Муниципалдык үйдөн квартира алууга сертификаттарды Кыргыз ССРинин Эл артисти Марлен Темирбеков, Илимдер академиясынын академиги, илимдин эмгек сиңирген ишмери, медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулова, "Кыргызфильмфондунун" директору Азима Абдимомунова, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солист-комузчусу Самарбүбү Токтахунова, жазуучу, акын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Асек Урманбетов, профессор, КР Эл артисти Эркин Касымовдор алышты.
Президент өз сөзүндө келээрки 2009-жылда курулуш индустриясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулаарына басым жасап, жарандардын бардык категориялары үчүн турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо боюнча иштер такай жүргүзүлөөрүн айтты. "Бүгүн мен областтардын губернаторлору, Ош шаарынын мэри менен жолугушуп, алардын алдына курулуш чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча тиешелүү милдеттерди койдум. Курулуш чөйрөсү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп калат",- деди К.Бакиев.

Динге эмес, динге жамынгандардын терс ишине бөгөт коюлсун
Кечээ Өкмөт үйүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев республиканын күч структураларынын жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө маалымат угулду. ИИМдин маалыматына караганда, республика боюнча ИИМдин атайын каттоосунда 8 уюшкан кылмыштуу топ бар болчу, анын алтоо таратылып, жок кылынды. Ички иштер органдары тарабынан 420 даана ок атуучу куралдар тартып алынган. Уюшулган кылмыштуу топтор тарабынан жасалган 6 баңгизат кылмышынын бети ачылды.
Жолугушууда ошондой эле диний экстремизмге байланыштуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугуна өзгөчө олуттуу коопсуздук туудурган - бул диний экстремизм экени айтылды. Алсак, УКМК органдары тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын 30 ячейкасы ашкереленди. Республиканын ички иштер органдары тарабынан 2008-жылдын 11 айында 94 диний экстремизмди таратуу фактыларынын бети ачылды. Бул фактылар боюнча 121 киши кармалып, 39 кылмыш иши козголду, 4957 даана диний-экстремисттик адабияттар жана продукция тартып алынды. Быйыл баары болуп КРнын Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча (диний каршылаштыкты жаратуу) 65 адам, анын ичинде 2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокат окуясы боюнча 32 адам жоопко тартылды. Ошондой эле УКМК органдары тарабынан 41 адамга расмий эскертүү берилди.
Президент Курманбек Бакиев экстремисттердин өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө жасаган аракетине каршы туруунун маанилүүлүгүн айтып, жаштарды мыйзамга каршы иштерге азгырылып кетүүсүнөн сактоо зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысынын пикиринде бул багыттагы ишмердүүлүктүн негизги натыйжасы-коомчулукта экстремизмдин, расалык жана диний каршылаштыктын ар кандай көрүнүштөрүн кабыл албоо кырдаалын түзүү болууга тийиш. Бул болсо өлкөдө Кыргыз Республикасынын калкына жат, чочун идеялардын таралышына, кыртыш түзүлүүсүнө бөгөт болот. Мамлекет башчысы белгилегендей динге каршы күрөшпөстөн, динге жамынып алып өзүнүн мыйзамга жатпаган иши менен коомго, мамлекетке гана эмес, диндин өзүнө да зыян келтирип жаткан кишилерге жана уюмдарга каршы күрөшүү керек.
Ошондой эле жолугушууда чегара жана миграциялык маселелер да талкууланды.

Президент Талантбек Батыралиевди кабыл алды
Кечээ КРнын Президенти Курманбек Бакиев Сани Конукоглы атындагы медициналык борбордун директору (Газиантеп шаары, Түркия Республикасы) Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Өлкө башчысы Т.Батыралиевди "КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамын алгандыгы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын саламаттыкты сактоо системасын мындан ары өркүндөтүү темасында кеңири сөз болду.

Мамлекеттик кызматта маанисиз иш болбойт
Шейшемби күнү Президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн Эл аралык экинчи илимий-практикалык форумуна катышты.
Форумдун катышуучуларын куттуктап, мамлекет башчысы анын темасынын актуалдуулугун белгиледи, регионалдык саясат маселелери дайыма мамлекеттин көңүл борборунда болуп келгенин жана мындан ары да боло берээрин айтты.
Президент жергиликтүү бийлик органдары жарандар менен тыгыз иштешип, алардын көйгөйлөрүн чечип, ошол эле учурда ар бир регионду, областты, айылды өнүктүрүү боюнча приоритеттер жөнүндө унутпоосу керектигин айтты. Андан ары Курманбек Бакиев бул багыттарда аткарылган иштер жөнүндө айтып, "өткөн жылы биринчи форумда мен мыйзамдарды өнүктүрүү боюнча жасалууга тийиш болгон иштер, бул ишке Башкаруу академиясын потенциалы менен кошо тартуу зарылдыгы жөнүндө айткан элем. Бир жылдын ичинде кыйла иштер аткарылды десек болот. " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамдын жаңы редакциясы ишке киргизилди. Жакын арада "Мамлекеттик кызмат" жөнүндөгү жаңы Мыйзамдын долбоору парламенттин кароосуна жиберилет",- деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы ошондой эле өзүнүн элге Кайрылуусунда башкаруунун азыркы системасы натыйжасыз болуп, мамлекеттик аппараттын структурасынын, иш принциптеринин натыйжасыздыгынан реформага сарпталчу убакыттык жана ресурстук чыгымдар өсүп жаткандыгы жөнүндө айткандыгын эске салды. "Буга жол берүүгө болбойт. Өзгөчө азыр. Бул же тигил реформага жумшалган чыгымдар объективдүү жана өзүн актагандай болушу керек",- деди мамлекет башчысы.
Ошол эле учурда Өкмөт мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мындан ары кыскартууга болбой тургандыгын түшүнүүгө тийиш. "Тескерисинче, областка же районго жараша кошумча штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн, бирок кыскартуу жөнүндө эмес", ­ деди Президент.
Президент андан тышкары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштөөсү үчүн прогноздоо жана моделдештирүү технологиясын иштеп чыгып, мамлекеттик кызматка, кадрдык ишти жакшыртууга, мамлекеттик кызматкерлердин эмгегине адилеттүү акы төлөөгө, аларды окутууга жана кайра даярдоого байланыштуу айрым маселелерди кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. "Бул өтө маанилүү. Чиновник мыкты менеджер, башкаруучу болуп, экономиканы жана финансыны билип, бирок өз өлкөсүнүн патриоту болбосо ал ким үчүн иштеп, кимдин саясатын пропагандалайт? Ошондуктан, мунун баары комплексте болушу керек", ­ деди Курманбек Бакиев.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент жергиликтүү башкаруучуларга конкреттүү милдет-ишкерлердин, инвесторлордун ишкердик активдүүлүгүн стимулдаштыруу, ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү милдетин койду. "Бизнесмендер жана ишкерлер сиздердин райондо жана областтарда өздөрүн эркин, ыңгайлуу сезгендей болсун. Сиздер алардын ишине көмөктөшүп, жардам берүүңөр керек. Биздин ишибиздин түпкү максаты колдо бар социалдык жыргалчылыктарды элге тартуулап гана тим болбостон, биздин жарандардын турмушунда дагы да жогорку социалдык стандарттарга жетишүү болууга тийиш",- деп белгиледи Президент.

Б.Турдалиева,
Ж.Дыйканова,
"Эркин Тоо".