Курманжан Датканын доору
Кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүндө жаңылык жаралды деп айтсак болот. Анткени, жакынкы күндөрдө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн мыкты полотнолорунун катары дагы бир сүрөт менен толуктады. Ал белгилүү сүрөтчү Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Үсөн Сарыбаевдин тарыхый көркөм сүрөт чыгармасы. Сүрөт кендирге май боек менен тартылган. Көлөмү 100x130 см. Анда Ош облусунун Мады айылынын түштүк тарабында Курманжан Датканын генерал Скобелев менен тынчтык келишимге кол коюу үчүн жолугушууга келген учуру чагылдырылат. Бул чыгарма сүрөт искуство таануучулар тарбынан Токтогул сыйлыгына да көрсөтүлүптүр. Ошондуктан полотно жөнүндө көбүрөөк маалымат алалы деп чыгарманын автору Үсөн Сарыбаевдин өзүнө кайрылганбыз.

- Үсөн агай, бул сүрөттү тартууда сөзсүз тарыхка кайрылууга туура келгендир?
- Курманжан Датка жөнүндө тарыхый маалыматтарды көп окудум. "Курманжан Датка" фондунун төрайымы менен да бул тууралуу көп сүйлөштүк, ошо киши да көп тарыхый так маалыматтарды айтып берди. Тарыхый чыгарма жаратууда тарыхты так билбесең полотно жакшы чыкпай калат да.
- Эмне үчүн ушул эпизодду тандап алдыңыз?
- Биринчиден, Скобелев менен Курманжан Датканын элдин тынчтыгы үчүн түзүлгөн келишиминин тарыхый мааниси зор болгон. Экинчиден, генерал Скобелев тынчтык келишимин түзүп жаткан соң Датканы Европа маданияты менен тосуп алайын деп, жерге килем салдырып күткөндө Курманжан Датка килемге ат менен бастырып келген экен. Бул тарыхый маалымат. Ошондо генерал Скобелев таарынып, "Сизге сый көрсөтсөм эмне үчүн сиз атчан бастырып келесиз",- дегенде, Датка "Кыргыз энесин жөө бастырган эмес",- деп жооп кайтарыптыр. Генерал мындай жоопту уккандан кийин унчуга албай эле келишимге кол коюшуп, ошондон тарта тынчтык заман башталган экен. Тарыхта ал кездерде азыркы Ош Орто Азиянын билим ордосу болуп мечит, медреселер көп салынган делет. Мен ошол маалыматка басым жасап, сүрөткө медреселерди көп түшүрдүм. Ал эми тарыхый окуя болгон Мады айылынан Сулайман Тоо жакшы көрүнбөйт бирок, мен тоо шаңкайып турсун деп аны бир аз чоңойтуп койгом.
- Сүрөттү канчага баалап жатасыз?
- Искусство таануучулардын айтымында эл аралык баада 4-5 миң доллар болот. Г.Айтиев атындагы музейге көргөзмөгө койдум эле эл артисти Шамшыбек Өтөбаев көрүп мага бериңиз дегенинен ошол кишиге 500 доларга саттым. Азыр ал бул полотнону өзүнүн атынан Г.Айтиев музейине белекке тартуулаганы турат.
- Канча убакытта тартып бүттүңүз?
- 10 жылдын ичинде. Сүрөттү тартып жаткан учурда өнөрканама улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов келип, "Бүтүр, абдан жакшы тартылып жатыптыр",-деп жакшы баасын берип кетти эле. Бирок, тилекке каршы ал киши сүрөттүн толук бүткөнүн көрбөй калды.
- Чыгармаңыз Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөн турбайбы?
- Азыр бул маселе каралып жатат.
- Маегиңизге ракмат сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Маектешкен Ж.Кенжетаева,
"Эркин Тоо".




Аял шумкар
(Сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин "Курманжан" полотносуна ой)
Окшотуп ак периште
келбетине,
Окшотуп аппак мончок
берметине.
Ажары Ай-Күн сымал нурун
төгөт,
Алайы, айкөл кыргыз жергесине.

Келбети кеменгердин ак
алтындай,
Сүрүнө куш суктанат адам
тургай.
Сыйынып сымбатына сүйлөй
албай,
Кашымда канкор турат жан
алгычтай.

Мингени келишимдүү ак боз
тулпар,
Ээрде Алай кушу, аял шумкар!
Илбирси кыргызымдын
Курманжан ал,
Ишине миң, сандаган адам
куштар.

Бийлетип төбөлдөрдүн
төрөлөрүн,
Билдирип канга элдин
бөлөнгөнүн.
Ханыша-баамдасам,-деген
сымал.
"Кан ичкич!.. деп алдыма
чөгөлөгүн!"

Басынбай, баркын сактап
аттан түшпөй,
Элдешүү андан башка максат
күтпөй.
Сыпайы, сыйың менен кет
дегенсийт,
Жүйөлүү оюн айтып аппак
сүттөй.
Өмүркул Кулумбаев,
акын, Ат-башы району.





"КАНЫКЕЙГЕ"
жазылууга чакырабыз
Урматтуу замандаш!
Сизди "Ааламдын нуру аялзат" деген ураан менен айына бир жолу чыгуучу, Кыргызстандын аялдарына жана кыз-келиндерине арналган "Каныкей" аталышындагы заманбап журналга жазылууга чакырабыз.
"КАНЫКЕЙ" - журналы көптөгөн окурмандардын жана жарнактык өнөктөрдүн өтүнүчү боюнча кыргыз жана орус тилинде чыгууда.
Журнал беттеринде: "Аруу сезим", "Энелерден сыр сандык", "Ашкана ажары", "Керегем сага айтам...", "Автоледи", "Кыз бурак", "Табигат белеги" сыяктуу рубрикалар орун алган.
2009-жылга "Каныкей" журналына жазылуу жүрүп жатат.
Жазылуу республикабыздын почта түйүндөрүндө жүргүзүлөт.
Жазылуу индекси: 77319.
Жарым жылга -Бишкек шаарында - 315 сом , облустарда - 321 сом.
Редакциянын телефондору: (0312) 93-68-09, 62-75-91, (0555) 92-45-01.
Электрондук почта: kanykeymagazine@mail.ru
Аталган журналга жазылуу аркылуу кошкон салымыңыз, жалпы аялзатына болгон колдооңуз болсун.
"КАНЫКЕЙ" журналынын жамааты.


lУлуу жазуучунун
80 жылдыгына
Мырзалы Чыңгыз Айтматовдун рухуна кудайы өткөрдү
Көчөдөн Курман айт күнү жолугуп калды. Эски таанышпыз. Ош шаарынын батыш жагындагы же Араван районуна кеткен жолдун боюндагы айылдардын биринде жашайт. Мугалим болуп иштейт. Ал абалды сурашкан соң, дароо эле даттангандай айтып кирди.
- Чыңгыз агабыз дүйнөдөн өткөндө мен Оштогу "Кымызкана" ашканасында кой союп, кудайы өткөрдүм. Чакыргандарымдын баары эле келди.
Мен Мырзалы Исаковду көп жылдардан (СССР убагынан) бери билемин. Облустук гезиттин редакциясында иштеп жүргөнүмдө макала жазып келчү. Жолдо баратып, ойго малына түштүм. "Кызык жигит тура. Улуу жазуучунун залкардыгын, бийик чыгармачылыгын, улуу сүрөткердигин өтө урматтаган жигит тура. Ушундай тартыштык заманда улуу жазуучунун рухуна кудайы өткөргөндүгү биринчиден, диний көз караштан алганда мусулманчылыктын эң жогорку деңгээли, экинчиден, Мырзалынын адамгерчилик сапатынын бийиктиги эмеспи! Улуу жазуучунун сөөгү Ата-Бейитке коюлуп жатса, а Мырзалынын ордолуу Ошто кудайы өткөргөнү таң каларлык! Өзү мугалим болуп иштесе, алган маянасы деле жарытылуу болсо…" Ушундай ойго туна түштүм. Бирок Мырзалыга ичимден ыраазы болуп, "адамгерчилигиң, мусулманчылыгың арта берсин!" - дедим жадымда.
Токтобай Сулайманов,
жазуучу.











??.??